Партиялардын саясий рейтинги талаш жаратты

Шайлоо 2020

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Үгүт өнөктүгү ортолоп, шайлоо алдындагы элдин маанайы ар тараптан иликтенүүдө. Саясий партиялардын рейтинги шайлоонун тикелей катышуучулар эле эмес, ММК, жарандык уюмдардын бутасына болуп турат.

Бүгүн “Общее дело”бейөкмөт уюму кезектеги сурамжылоосун жарыялады. Ага удаа эле Турсунбек Акун баштаган бир катар жергиликтуү саясатчылар “мындай сурамжылоолордун жыйынтыгын тааныбоого” үндөп, “бул эл аралык уюмдардын өлкөнүн ички ишине кийлигишүүсүнө жатат” деп сындап чыгышты.

“Общее дело” коомдук фонду уюштурган сурамжылоого ылайык, респонденттердин дээрлик 60% кайсы партияга добуш берери тууралуу бир чечимге келе элек. 14% “баарына каршы” добушун берем дешүүдө. Мындай маанай өзгөчө Бишкек шаарында байкалат.

Кайсы партияга добуш бергени жатканын сурамжылоого катышкандардын 15% гана ачык атаган. Андагы жоопторго ылайык, эл оозуна алынып жаткан үч негизги партия: “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” жана “Ата Мекен” болду.

Сүрөттүн булагы, Official

Сурамжылоо 21-августтан 4-сентябрга чейин убакытта телефон менен жүргүзүлдү.

“Эгер эртең парламенттик шайлоо болсо, кайсы партияга добуш берет элеңиз?”,- деген суроого сурамжылоого катышкан 1202 адамдын ичинен 58% “жооп берүүдөн кыйналып турам” дешти. 15% кайсы партияга добуш берерин билишет”, -деди фондунун пресс-офис өкүлү Нураим Манапбаева.

Ушул эле фонддун июнь айындагы сурамжылоосунда шайлоочулардын 82% кайсы партияга артыкчылык берерин билбей жатканын айтышкан. “Эгер эртең парламенттик шайлоо болсо, кайсы партияга добуш берет элеңиз?”,- деген суроого эң көп  КСДП, РАЖ, “Ата-Мекен” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары аталган. 

Бирок эми саясий рейтинги жогору партиялардын катарына КСДП кирип калганы жергиликтүү айрым саясатчыларды териктирип жатат.

Сүрөттүн булагы, Google

“Эл аралык уюмдардын каржылоосунда сурамжылоо жүргүзүшүптүр. Таң калычтуусу, анда азыр дайыны жок, лидери турмөдөгү КСДП партиясы биринчи орунда экен. Эми буга ким ишенет? Ошондой реалдуулук барбы? Экинчи орунда “Ата-Журт” экен, бирок кайсы партиялар шайлоого катышат же катышпайт апрелде эле белгилүү болбоду беле. АКШнын институту каржылаганы айтылып жатат. Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамда эл аралык уюмдар шайлоонун алдында кыйыр жана тикелей кийлигишкенге аксы жок деп турат. Бул чагымчылдык болуп жатпайбы”- дейт шайлоо алдында жаңы түзүлгөн Мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.

Мындай айыптоолорго “Общее дело” фонду жооп кайтарып, эл аралык уюмдардын каржылоосу менен коомдук пикирди билүү үчүн сурамжылоо уюштуруу шайлоо мыйзамдарын бузбайт, тескерисинче шайлоого керектүү маалымат берип, көмөк көрсөтүп жатканын билдирди. “Биз жүргүзүп жаткан иш тууралуу ачык-айкын маалымат берүүгө даярбыз”,- деп билдиришти фонддо.

 Шайлоо алдындагы коомдук маанайды жергиликтүү ММКлар да иликтеп жатат. Айталы,  Акипресс маалымат агенттиги да партиялар кадырын иликтеп, сайтында сурамжылоо жүргүзгөн.  Ага ылайык, 16-сентябрга карата эл оозундагы алдыңкы партияларга “Биримдик”, “Кыргызстан”, “Ыйман Нуру”, “Бир Бол” кирди.

Сүрөттүн булагы, Social media

Серепчилер бул жолку парламенттик шайлоодо жарандар кимди шайлайт, кайсы партия жеңип чыгат алдын ала болжоо кыйын болуп турганын айтышууда. Коронавирус пандемиясындагы жоготуулар, Жогорку Кеңешке карата ишенимдин кеткендиги шайлоочулардын көп жылдардан бери калыптанган мүнөзүн өзгөрттү деген ишеним бар.

“Туура, партия тандоонун кыска жолу рекламасын, сыртын, баннерлерин эле карап добуш берүү. Бул албетте оңой. Бирок андай жол менен биз партиялардын айырмачылыктарын, жаман-жакшысын ажырата албайбыз. Шайлоочунун милдети – партиялардын талдап, алардын идеялары, талапкерлери менен таанышып,ошонун негизинде шайлоо жарандык укук жана милдет” , -дейт саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

Кыргызстанда шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 16  партия ат салышууда. EKa