Талибандан, эми Кытайдан дагы корккон афган уйгурлары

Жоел Гунтер, BBC News

Мазари-Шарифтеги соодагер. Шаарда уйгурлардын чакан жамааты жашайт

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мазари-Шарифтеги соодагер. Шаарда уйгурлардын чакан жамааты жашайт

Мурдараак ушул аптада Талибан Афганистандагы бийликти басып алгандан кийинки чуу тарап калганда, түндүктө жайгашкан Мазари-Шариф шаарындагы бир үйдө чакан топ чогулду. Коноктор ашыкча көңүл бурдурбаш үчүн билгизбей, бирден-экиден келип жатышты.

Алар шаардагы уйгур жамаатынын аксакалдары болчу. Аларга дагы үй-бүлө мүчөлөрү менен Скайп (Skype) аркылуу башка шаарлардан кошулгандар болду. Үйдүн ичин коркунуч элеп турду. Алар сөз кылган тема бирөө эле болчу - качуу.

Орто курактагы эркек киши жардам суроо үчүн Түркиядагы активисттерге чала баштады. Бирөө жооп берген жок. Башкасы жооп берип, аларга колунан келген баарын жасарын, бирок азыр көп деле жардам бере албасын айтты.

Топтолгондор ал кишиден башкаларга да чалышын айтышкан менен, эч кандай жакшы жаңылык болгон жок. Соңунда, караңгы киргенден кийин, коноктор кандай келген болсо ошондой этияттанып, ого беш бетер ындыны өчкөн бойдон тарап кетишти.

“Азыр бизге жардам бере турган эч ким жок”, - деди алардын бири Би-Би-Сиге жолугушуудан кийин. “Биз коркуп турабыз. Баары коркуп турат”.

Миллиондогон башка афгандардай эле өлкөдөгү уйгурлар бул аптада ойгонгондо, Талибандын башкаруусундагы жаңы жашоо башталгандай болду. Башка афгандардай эле уйгурлар Талибандын тушунда жашоонун начарлашынан коркушат. Бирок алар корккон дагы бир нерсе бар - Кытайдын таасиринин күчөшү.

Кытайда 12 миллиондой уйгур бар. Алар негизинен түндүк-батыштагы Шиңжаң облусунда турушат. 2017-жылдан бери алар менен бирге башка мусулман азчылыктар дагы мамлекеттин массалык камоолоруна, көзөмөлүнө, мажбурлап иштетүүсүнө тушугуп келишет. Айрым маалыматтар боюнча, стерилдештирүүгө, кыйноого жана зордуктоолорго да кабылышкан. Кытай Шиңжаңдагы адам укуктарынын бузулушун үзгүлтүксүз четке кагып, ал эми лагерлер экстремизм менен күрөшүүгө багытталган кесиптик борборлор экенин айтып келет.

Афганистандагы 2 миңдей уйгурдун көпчүлүгүнүн ата-энеси ондогон жылдар мурда Кытайдан качып келген. Бирок алардын ооган паспортунда “уйгур” же “кытай качкыны” деп жазылган. Алар АКШ кеткенден кийинки боштукту Кытай келип толтура турган болсо, анда биз куугунтукка кабылабыз деп коркуп жатышат.

“Бул Афганистандагы уйгурлар үчүн эң чоң коркунуч”, - дейт Кабулда жашаган 50 жаштардагы уйгур киши. Ал Талибан бийликке келгенден бери үй-бүлөсү көчөгө чыга элек экенин айтат. “Биздин кыймыл-аракетибизди көзөмөлдөшү үчүн Кытайга талибдер жардам берет, же бизди камап Кытайга өткөрүп берет деп коркуп жатабыз”, - дейт ал.

Би-Би-Си байланышкан Афганистандагы бардык уйгурлар Талибан бийликти басып алгандан бери үйлөрүндө жашынып жатканын, кээде гана телефон аркылуу байланышка чыгышарын айтышты.

“Биз азыр өлүк адамдардай жашап жатабыз”, - дейт Кабулда жашаган дагы бир уйгур киши. “Сыртка чыккандан дагы аябай коркобуз”.

Мазари-Шарифтеги үй-бүлөнүн атасы үйүндө жубайы, балдары жана туугандары менен жашынып жатканын мындайча сүрөттөдү:

“Үйдөн чыкпай отурганыбызга 10 күн болду. Паспортторубузга уйгур экенибиз ачык эле жазылып турат”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытайдын Шиңжаң аймагындагы имарат уйгурларды тарбиялоо лагерлери катары колдонулганы айтылууда

Алардын Кытайдан коркконунун жөнү бар. Анткени Кытай акыркы жылдары өз чек арасынын сыртындагы уйгурлардын дагы оозун жабуу сыяктуу агрессивдүү тактикаларды колдонуу менен кысымга ала баштаган. Же болбосо айрым учурларда аларды кармап Шинжаңга кайтарышкан. "Уйгур адамдардын укуктары" долбоору июнь айында жарыялаган маалыматтар боюнча, 1997-жылдан бери жок эле дегенде 395 уйгур депортацияланып, эктрадицияланып же болбосо өткөрүлүп алынган. Бирок чыныгы көрсөткүчөтөр мындан да көбүрөөк болушу ыктымал.

“Кытай Борбор Азия мамлекеттери менен жакын дипломатиялык мамилелерге мамилелерди күтүп алды. Натыйжада, ал өлкөлөрдөгү уйгурлар жергиликтүү полиция же кытай агенттери тарабынан көзмөлгө алынууда”, - дейт Канададагы белгилүү уйгур активисти Мехмет Тохти. “Кытай менен жакын дипломатиялык байланыштар уйгурларды куугунтуктоо менен аяктаган мисалдарды билебиз”.

Кытай Талибан менен дагы окшош эле стратегияны колдонуп жаткан болушу мүмкүн. Альянс болуп кетүү ыктымалдыгы төмөн. Талибандын уйгур согушкерлери менен тарыхый байланышы бар. Дал ушул күчтөр Кытайдын коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын айтат. Бирок талибдердин Кытай менен кызматташуу боюнча тарыхы да бар. Кытай менен Афганистандын кыска чек арасы жана супердержаванын технология менен инфраструктура камсыздоо жөндөмү, аналитиктердин айтымында, Талибандын жаңы бийлигин легитимдештирип, уйгурлар менен кандай гана тилектештик болбосун андан ашып өтүшү мүмкүн.

“Кытайдын "Бир алкак - бир жол" долбоору ал кызматташкан өлкөлөргө экономикалык жактан үстөмдүк көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, натыйжада уйгурлар көбүнчөсү жаманатты болуп калып жатышат”, - дейт Брэдли Жардин. Ал Кытайдын чет өлкөлөрдөгү экономикалык жана саясий таасирин изилдеген аналитик. “Талибан Кытайдан экономикалык көмөккө жана керектүү болгон инвестицияга үмүт кылат. Ал эми Афганистандагы уйгурлар, ашыра айтканда, соодалашуу тыйынына айланып калышы мүмкүн”.

Июль айында Кытай Талибандын жогорку мансаптуу делегациясын Тянцзинге чакырып, тышкы иштер министри Ван И аталган топтон “өлкөдөгү тынчтык, мунасага келүү жана реконструкция процессинде маанилүү ролду ойнорун” күтөрүн айткан. Талибдер “ооган жерин Кытайга каршы эч кимге колдонууга жол бербесин” айткан.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кытай тышкы иштер министри Ван И Талибандын лидери Мулла Абдул Гани Барадар менен июлда жолуккан

Афганистандагы уйгурлар бул жолугушуу жөнүндө билишет. Анткени, дипломатиялык мамилелердин өнүгүшү жөнүндөгү маалыматтар өлкөдөгү уйгур жамааттарына кеңири тарап кеткен. Алар Кытайдын чет өлкөдөгү уйгурлардын изине түшкөнү жөнүндө да кабардар.

“Баарыбыз Талибандын Кытай менен мамилеси жөнүндө билебиз. Алар биринчи качып кеткен адамдардын артынан келет деп коркуп жатабыз”, - дейт учруда Мазари-Шарифте жашаган жана Шинжаңда төрөлүп өскөн уйгур аял. “Биз баарыбыз базарга дагы, үйдөн дагы чыкпай калдык”, - дейт ал. “Биз коркуп жашап жатабыз. Бизге жардам керек. Жардам беришиңерди өтүнөбүз”.

Афганистандагы коркунучка кептелген башка топтордон айырмаланып, уйгурлардын шериктеш өлкөлөрү жок. Бул аларды Талибандын бийлигинин астында ого бетер алсыздантат.

“Алар эч кандай мамлекеттик колдоосу жок жамаат”, - дейт Шон Робертс. Ал Жорж Вашингтон университетинин профессору жана “Уйгурларга каршы согуш” китебинин автору. “Алар өз жарандарын же кандайдыр бир этникалык байланышы болгон, мисалы кыргыздарды, казактарды өлкөдөн чыгарып кетип жаткан өлкөлөргө көз салып жатат. Бирок, менин оюмча, уйгурлар аларды коргоп чыккан эч ким жок экенин сезип жатышса керек”.

Уйгурларды чыгарып кетүү боюнча бейөкмөт уюмдар аракет кылып жаткан менен бирок алар башкалардай эле тоскоолдуктарга туш болууда. Түркияда жашаган уйгур качкыны Абдулазиз Насири Би-Би-Сиге айткандай, өлкө ичиндеги уйгурлардын жардамы менен адамдардын тизмесин түзүп, АКШ, Британия жана Түркиядагы мамлекеттик кызматкерлерге уйгур топтору аркылуу берген. “Биз аларды чыгарып кетүү үчүн колдон келгендин баарын кылып жатабыз”, - дейт Насири.

Бирок Кабулдан 550 километр аралыктагы Мазари-Шарифтен чыгарып кетүү дээрлик мүмкүн эместей. Ал тургай бир үй-бүлөгө борбор шаардан учуп кетүүгө орундар берилген чакта деле машина менен эки күн жол жүрүүгө жана талибдердин көзөмөл бекеттери аркылуу өтүүгө туура келет. Мындай жерлерде алар өздөрүнүн паспортторун көрсөтүшү керек.

“Мусулман катары үмүтсүздүк - шайтандын иши деген сөзүбүз бар”, - дейт бир үй-бүлөнүн атасы. “Бирок Афганистанда төрөлүп өскөндөн бери менин эсимде калганы - бул согуш. Биринин артынан экинчи уланып, согуш 40 жылга созулду”, - дейт ал. “Мен өзүм үчүн көп деле тынчсызданбай калдым. Балдарым, айрыкча кыздарым үчүн кабатыр болом. Алар билим алышып, дарыгер болушат деп үмүт кылчумун”.

Анын үй-бүлөсүндө эч ким Кытайга барып көргөн эмес. Алар тарбиялоочу лагерлер жана Шиңжаңдагы кыйноолор болушу мүмкүн экени жөнүндө окушкан. Үй-бүлөнүн атасы Талибандын бийлигинин астында жашоо үчүн кооптонот, себеби баары анын эсинде. “Бирок биз Кытайдан көбүрөөк коркобуз, себеби анын кандай экенин элестете албайбыз”. (EA)