Израил Газадагы аба соккуларын күчөттү

Израилдин армиясы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Израилдин армиясы Газадагы аскердик аракеттерин күчөттү. Ал тапта палестиналык куралчан топтор бешинчи күн катары менен Израилди көздөй ракеталарын учурууда.

Израилдин армиясы жума күнү таңга маал аскердик операцияларга жөө аскерлер дагы тартылганын маалымдады. Бирок аскерлер Газага кирип барган эмес.

Газадагы Би-Би-Синин кабарчысы аймак түнү менен бутага алынганын кабарлады. Израил операциясына кемелерди, аскердик учак менен тик учактарды тартты.

Израилдин шаарларында болсо жөөт менен арабдардын ортосундагы кагылышуулар уланып жатат. Айрым саясатчылар өлкө жарандык согуштун алдында турарын айтууда.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Израилдин Ашкелон шаарына Газадан атылган бир нече ракета түштү

Коргоо министри Бенни Гантц ички башаламандыкты басуу үчүн кошумча коопсуздук күчтөр тартылганын маалымдады. Төрт жүздөн ашуун киши камакка алынды.

Израилдин премьер-министри Нетаньяху Газадагы куралчан топторго каршы соккулар уланарын, Газаны башкарган “Хамас” тобу эссеси менен жооп берерин айтты. “Хамас” тобунун басма сөз катчысы болсо Израил аймакка жөө аскерлерин жөнөтсө, “олуттуу сабак” аларын эскертти.

Учурда Израил Газа менен чектеш аймакка аскерлерин топтоп жатат. Жума күнү Израилдин армиясы запастагы жети миң аскерин кызмат өтөөгө чакырды. Ошондой эле чек ара тилкесине танк сыяктуу оор техникалар дагы топтолууда. Ага карабастан, Израилдин армиясы Газага жөө аскерлерди жөнөтүү боюнча чечим кабыл алына элек экенин айтты.

Эки тарап дүйшөмбү күндөн бери тирешип, Бириккен Улуттар Уюму толук кандуу согуш тутанып кетиши мүмкүн экенин эскертти. Мындай масштабдагы тирешүү 2014-жылдан бери орун ала элек болчу. Анда Израилдин армиясы Газадан атылган ракеталарга жооп кылып, аймакта аскердик операция өткөргөн.

Соңку тирешүү Иерусалимдеги ыйык саналган Ал-Акса мечитине кирүүгө чектөөлөр киргизилгендиктен жана соттун бир нече палестиналыкты үйүнөн чыгаруу чечиминен кийин чыкты. Буга жооп кылып палестиналык куралчан топтор Израилди көздөй ракета аткан.