“118ге эки күн катары менен чалдым”: Бишкекте абал оорлошо баштады

Бишкекте абал оорлошо баштады

Коронавирус күч алып, өзгөчө Бишкекте абал оорлошо баштады. Борбордо тез жардам унаалары жетишсиз болуп, кошумча мобилдик топторго муктаждык бар экени ачык айтылды.

Соңку суткада өлкөдө вирустун жаңы 207 учуру катталып, бир адам каза тапты. “Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынан Ош облустук ооруканасында 1972-жылы туулган бир жаран каза болду. Жалпысынан республика боюнча бул илдеттен көз жумган ушунун менен 42 учур катталды. Каза тапкан жарандын туугандарына көңүл айтам, кайрат кылыңыздар”,- деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев.

Ал тапта интернетте коронавирустун белгилери бар бейтаптар 118 номерине байланышка чыга албай жатканына нааразылыктар көп болуп жатат.

“Үч күндөн бери өпкөм ооруп атат, буга чейин өпкөм ооруп көргөн эмес. Чекпейм, ичпейм, сергек жашоодомун. Тамагым ооруду, башым ооруду, өтүп кетет деп жаттым. Не бар не жок деп, өзүмдү обочологонго өттүм, 118ге эки күн катары менен чалдым, бирок ала албадым. Компьютердик томография жасаттым. Эмне оору экенин да билбейм”- дейт Бишкек тургуну Рыскүл.

Коомдук сайттарда абалы оор жарандарга тез жардам келбей, ал эми ооруканалар эчак толуп калганы тууралуу да талкуулар жүрүүдө.

“Азыр ооруканаларда орун жок алган кырдаал түзүлдү. Коронавирустун симптомдору күнүгө көп адамдардын чыгып атат. Баягы боло турган эпидемия эми башталды. Азыр лабораториялар жетишпей атат, бирок күнүгө бул вирус аныкталган адамдар эми 500дөп чыгат деп ойлойм. Төрт-беш күндөн бери оооруканаларда орун жок болсо да, вице-премьер эмне себептен орун бар деп жатат? Балким ага туура эмес маалымат берип жатышабы же элди дүрбөтпөйлү деген саясатпы, билбейм”,- деди Саламаттыкты сактоо минстрлигинин байкоочу кеңешинин мурунку мүчөсү Айбар Султангазиев.

Күн мурун социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөттүн иши тууралуу отчет берип, мындай тынчсызданууларга негиз жок деп ишендирген.

“Бизге бейтапканаларда, обсервацияда орундар жетиштүүбү деген абдан көп суроолор келип жатат. Орундар жетиштүү. Мына азыр жалпы Кыргызстанда 1701 орун бар. Внебольничная пневмония деп коебуз, андай жарандарга 180 орун даярдалган. Мындан сырткары ӨКМ менен Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча орундарды даярдап жатышат”.

Ошентсе да өлкөдө адистер жетишсиз болуп, өкмөт медициналык окуу жайлардын окутуучуларын кошумча ресурс катары тартууга мажбур болуп турган чагы.

Бишкекте эле медиктерден турган мобилдик топтордун саны шардагы жалпы муктаждыктын жарымын гана тейлөөгө жетишип жатат.

Адистер өлкө эпидемиянын биринчи толкунуна да чыга электигин, жакын арада абал мындан да оорлошу мүмкүн экенин эскертүүдө. (EKa)