Алтын базары кандай иштейт? Негизги оюнчулар. “Кумтөр” алтыны Лондондон бөлөк базар таба алабы?

Элмурат Аширалиев, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Алтын куймасы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Лондондогу баалуу металлдар базар бирикмеси (LBMA) 17-сентябрда “Кыргызалтын” ишканасын өзүнүн алтын иштетүүчүлөр тизмесинен чыгарды. Натыйжада, Кыргызстанда өндүрүлгөн баалуу металлдын Лондондогу алтын базарга кирүүсүнө бөгөт коюлду. Материалда дүйнөдөгү алтын экономикасы тууралуу баяндайбыз.

Дүйнөдө кандай алтын базарлары бар?

Лондондо сатуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраса да, Кыргызстан алтынын Кытай, Индия жана Жакынкы Чыгышта сата алары айтылууда. Соодагерлер, эгер кыргыз алтыны Лондондо таанылбаса, эл аралык базарда ал арзан бааланарын эскертип жатышат.

Дүйнөдө жалпы эң ири алты алтын базары бар экени айтылат. Алардын эң эле чоңу Британиянын борбору Лондондо жайгашкан. Тарыхый жактан алганда бул базар алтын соодасынын борбору болуп келген жана дүйнөдө жүргүзүлгөн алтын соодасынын 70% камтыйт.

Эл аралык алтын базарларда баалуу металл чекене эмес дүңүнөн сатылат. Ушунусу менен ал салттуу базарлардан айырмаланат.

Андан кийинки орунда АКШ менен Кытайдагы базарлар турат. Ал эми Бириккен Араб Эмиратындагы, Индия, Швейцария жана Гонконгдогу алтын базарлар көлөмү жагынан аз болсо да, аймактагы талаптарды канааттандырууда жана соода борбору катары өзгөчө мааниге ээ.

Дүйнөлүк алтын соодасынын 90 пайыздан ашууну жогоруда аталган эл аралык базарларда жүргүзүлөт.

Дүйнөдө канча алтын бар?

Алтындын тарыхында кайталангыс бир өзгөчөлүк бар. Биринчиден, байыртадан бери казылып алынган алтын бүгүнкү күнү дээрлик толугу менен колубузда. Анын жалпы көлөмү 200 миң тоннадай жана үчтөн экиси соңку кылымда өндүрүлгөн. Экинчиден, алтынды каалаганча кайра колдонууга жана иштетүүгө болот.

“Дүйнөлүк алтын кеңеши” уюмунун 2020-жылдагы маалыматына ылайык, казылып алынган алтындын көпчүлүк бөлүгү, тактап айтканда 93 миң тоннадан ашыгы (46,3%) зер буюмдарында колдонулган.

44 миң тоннадан ашыгы (22%) куйма жана тыйын формасында (анын ичинде биржаларда) жана 34 миң тоннадан ашыгы (17%) борбордук банктарда сакталат. Ал эми башка максаттарда колдонулган алтындын болжолдуу көлөмү 29 миң тоннаны (14,6%) түзөт.

Ошондой эле, казылып алына элек алтындын кору 53 миң тоннадай экени айтылат. Ал эми алтын базарынын жалпы баасы 9 триллион АКШ долларынан ашат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Алтын: казуудан базарга чейинки жол

Алтын казуу иштери кен жайгашкан өлкөнүн бийлиги уруксат бергенден кийин гана башталат. Алтын жердин астынан же ачык карьерлерден казылып алынат.

Адатта жерди казып алышып, алтынды эритип бөлүп алуу үчүн химиялык процесстен өткөрүлөт. Андан соң алтын куймалары даяр болот.

Бирок куймалар таза алтын эмес, анын курамында болжолдуу 85% алтын болот. Ал эми калган бөлүгүн күмүш жана башка аралашмалар түзөт. Ошондуктан кийинки кадам — таза алтынды бөлүп алуу.

Тазалоо процессинен кийин куйманын курамы 99,5% таза алтынга айланат. Андан соң алтынды куйма түрдүү калыптарында банктардан же куймаларды соодалагандардан сатып алса болот. Тоголок уютулган алтын зер жана электроника буюмдарын жасоодо пайдаланылат.

Алтын жана энергетика

“Дүйнөлүк алтын кеңеши” уюмунун маалыматы боюнча, кен иштеткен компаниялар парник газдарын бөлүп чыгарууну азайтуу үчүн жаңы гибриддик транспорт каражаттарын колдонууга өтүп жатышат. Айталы, айрым компаниялар толугу менен электр транспортторуна өтүү боюнча сыноолорду жүргүзүүдө. Канаданын Борден кени буга мисал боло алат.

Андан тышкары, жергиликтүү электр энергиясына ашыкча күч келтирбөө максатында өзүнө керектүү болгон энергияны айрым компаниялар күндөн же шамалдан өз алдынча өндүрүүгө өтүшкөн.

Алтын иштеткен эң чоң компаниялар

Дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда майда ишканалар алтын өндүрсө дагы базарда ири компаниялар үстөмдүк кылып келет. 2020-жылга карата, АКШдагы Newmont компаниясы 5,88 млн унция (болжолдуу 167 миң тонна) алтын өндүрүп, тизменин сап башына чыккан.

Тизмеде андан кийин Канаданын Barrick Gold компаниясы (4,84 млн унция, 137 миң тонна) менен Орусиянын “Полюсу” (2,87 млн унция, 81 миң тонна) орун алган.

Ал эми Кыргызстандагы эң ири “Кумтөр” кенинен 2020-жылы казылып алынган алтындын көлөмү 556,136 унцияны же болжолдуу 17 тоннаны түзгөн.

Мамлекеттик геология агенттигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 16 компания алтын кенин иштетет. Алардын эң чоңдоруна Ысык-Көлдөгү “Кумтөр” кени, Жалал-Абаддагы “Чаарат” жана Таластагы “Жерүй” кендери кирет. Компанияларга тиешелүү кендердеги алтындын жалпы запасы 500 тоннадан ашат.

Кыргыз алтын базары

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, алтын экспорту Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 9% түзөт. Аталган банктын божомолу боюнча, экономика быйыл 3,8% өсүп, пандемияга чейинки абалына 2023-жылы кайтып келет. 2020-жылы пандемияда экономика 8,6% төмөндөп кеткен болчу.

Алтын казуу иштери адамдардын ден соолугуна жана экологияга зыян келтирүү коркунучунан улам жергиликтүү элдин тынчын алып, нааразычылыгын жаратып келет. Ошого карабастан кен казуу иштери уланууда.

Андан тышкары, айрым алтын кендеринде Кыргызстандын үлүшү азайып кеткени же эч кандай үлүшү жок экени да талаш-тартыштарга жол ачып келет. Мисалы, “Кумтөр” кениндеги Кыргызстандын үлүшү башында 67% түзсө, кийин ал 33% түшкөн. Ал эми “Жерүй” кенинде мамлекеттин үлүшү такыр жок экени айтылат.

Борбор Азия аймагында алтын өндүрүшү боюнча Кыргызстан Өзбекстандан кийинки эле орунда. 2020-жылы Өзбекстанда 66 тонна алтын казылып алынган.

“Кыргызалтын” Лондон базарынан чыгарылганы эмнени билдирет?

Өткөн аптада LBMA Кыргызстандын мамлекеттик “Кыргызалтын” ишканасын өзүнүн алтын иштетүүчүлөр тизмесинен чыгарганын жар салды. Аталган тизме Лондондун алтын базарындагы стандарттарды белгилейт. Ал дүйнөдөгү эң чоң базарлардын бири болуп эсептелет. Сатуучулар жана расмийлер билдиргендей, бул чечим “Кыргызалтынды” Швейцария жана Нью Йорктогу алтын борборлорунан четтетиши ыктымал.

LBMAнын мындай кадамына StoneX Group Inc. соода фирмасынын Лондондогу бөлүмүнүн айыптоосу себеп болгон. Фирманын жүйөсүнө караганда, Кыргызстандын алтын иштетүүчүсү жарым тонна алтын куймасын жеткирген эмес жана кыргыз тарап Канаданын Centerra Gold компаниясына таандык болгон болжолдуу $29 миллионду буруп кеткен.

Кыргыз өкмөтүнүн өкүлүнүн айтымында, “Кыргызалтын” мындай чечимге каршы жана кайрадан мурунку макамын калыбына келтирүү ниетинде. Ал эми Лондон базарына буга чейин киргизилген кыргыз алтыны сатыла берет.