Бишкек шаардык кеңешке күрөш күчөдү

Бишкек шаардык кеңеш

Сүрөттүн булагы, Official

Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган күчтөр көбөйүп, БШК мандаттарды тапшырууну кечеңдетип жатат.  Ал тапта  бул шайлоодогу башкы оюнчулар - “Ак-Бата” менен “Эмгек” партиялар ортосунда тиреш күчөдү.

Бир нече партиялардын өкүлдөрү шайлоодо административдик ресурс колдонулду жана добуш сатып алуу жапырт орун алды деп, кайрадан шайлоо өткөрүү талабын коюп жатышат.

Темирлан Султанбеков Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын өкүлү:

“Бишкек шаардык кеңешке өткөн алты партиянын төртөө таза эмес шайлоо деп атышат. Шайлоого катышкан 25 партиянын 22си буга макул. Бул деле бирдемени түшүндүрөт да, андыктан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы буга көңүл бурушу керек”.

Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо 7% босого чектен "Эмгек", "Ак Бата", КЭДП , "Ата Журт Кыргызстан", "Ынтымак" , "Биздин эл" партиялары өткөн.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жеңүүчү партияларга 2-майда мандаттар тапшырышы керек эле.

Бирок БШК 23-апрелде добуштарды сатып алган деген жүйөө менен Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын шайлоодогу жеңишин жокко чыгарды.  Шайлоодон жыдып калган  КЭДП Боршайком үстүнөн сотко кайрылып, териштирүү шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялоого тоскоол болуп келди.

Сүрөттүн булагы, Official

“4-майда Жогорку Сот КЭДП боюнча БШКныкы туура деген чечимин чыгарды, шайлоонун жыйынтыгын жарыялоого эми бизде 14-майга чейин  убакыт бар. Азыр тергөө органдарынан келген материалдарды инвентиризация кылып жатабыз. Ошолорду текшерип бүткөндөн кийин жыйынтык процессине келебиз”, - деди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов Би-Би-Сиге.

Буга чейин шайлоодон өтпөй калган сегиз партия БШК алдына нааразылык акциясына чыгышып, айрымдары ачкачылык жарыяларын да айтышкан.

Шайлоодо маарага экинчи келген “Ак-Бата” партиясы 7-майда билдирүү таратып, “Эмгек” партиясы  шаардагы квартальный жана домкомдорду сатып алып, башка партиялардын агитаторлоруна иштөөгө мүмкүнчүлүк берген жок деп айыптап чыкты.  

“Биз бийликке тырмышпайбыз. Эгер БШК бул партияга карата эч кандай чара көрбөсө, мыйзамсыздыкка каршылык көрсөтүү ирээтинде  мандаттардан баш тартабыз. Бул чечим саясий партия ичинде макулдашылды. Балким, биздин чечимге макул эмес бирин-экин да киши болор.  Бирок биз жалпы чечим менен иш кылабыз. Мындай баш тартуубуздан кийин БШК ойлонушу керек”,-деди Би-Би-Сиге “Ак-Бата” лидери Нариман Түлеев.

Сүрөттүн булагы, Official

Буга жооп кылып “Эмгек” партиясы да ошол эле күнү билдирүү менен чыкты. Партия өзүнүн дарегине айтылган айыптоолорду суу кечпейт деп, шайлоодогу үгүт иштерин мыйзам чегинде жүргүзгөнүн жазды.

Жергиликтүү кеңешке өткөн соңку шайлоолор  менен катар эле Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум да өттү.

Серепчи Айданбек Акмат уулу жаңы Конституция күчүнө кирген азыркы жагдайда кайрадан шайлоо дайындоонун жол-жобосу бүдөмүк болуп жатканын белгиледи.

 “Шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы ушул кезге чейин чыга элек. Интрига, соттошуу, бири-бирине айып тагуу, компроматтарды жарыялоо жүрүп жатат. Мындан улам азыр бир гана жол – кайра шайлоо өткөрүү керек го деп эсептейм. Бирок кайра шайлоо өткөрүүнүн мааниси да бир кызыктай болуп жатат. Күчүнө кирген жаңы Баш мыйзамда эмне айтылат. Ал да белгисиз. Андыктан Конституцияга ылайык, биринчи жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамдары өзгөртүлүп, андан кийин жаңы шайлоолор өтүшү керек”.

Серепчилер бул жолу Бишкек шаардык кеңешке өткөн шайлоолор айыгышкыс күрөш менен коштолуп жатканын, быйыл күздө өтчү парламенттик шайлоого байланыштырып жатышат.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңеш эми 90 гана депутаттан турат, анын бир бөлүгү бир мандаттуу округдан шайланары айтылып жатат.  Мындай күчтүү атаандаштык шартында көпчүлүк партиялар  назарын жергиликтүү кеңештерге бурган шекилдүү. EKa