Талибандын сырдуу өкүлү акыры жүзүн ачты

Жорж Райт, Би-Би-Си жаңылыктар кызматы

Забихулла Мужахид тарыхый басма сөз жыйынында суроолорго жооп берди

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Забихулла Мужахид тарыхый басма сөз жыйынында суроолорго жооп берди

Талибан бийликке келгенден кийинки алгачкы басма сөз жыйынын шейшемби күнү өткөрдү. Анда көбүнчө уюмдун өкүлү Забихулла Мужахид сүйлөдү.

Мужахид тарыхый басма сөз жыйынында журналисттердин ар түрдүү суроолоруна жооп берди. Ал өз сөзүндө аялдардын укуктары “ислам мыйзамдарынын чектеринде” сыйланарын билдирди.

Көпчүлүк журналисттер үчүн дагы бир бөтөнчөлүк байкалып турду: кабарчылар биринчи жолу алардын бетин көрө алышты. Көп жылдар бою ал телефондун аркы жагынан гана сүйлөп, көмүскөдө иш жүргүзүп келаткан болчу.

Би-Би-Синин журналисти Ялда Хаким он жылдан бери сүйлөшүп келаткан кишинин жүзүн көргөнүнө “аң-таң” болуп калганын айтат. Мужахид эң биринчи аял журналисттин суроосуна жооп берген.

Талибандын өкүлү элдештиргиси келген үн менен дагы бир кабарчыга жооп берип жатып “Биз эч кандай ички жана сырткы душманды каалабайбыз” деди.

“Тексттердин айрымдары өтө катуу исламий тексттер болчу. Кээ бириңер ‘Бул киши америкалыктардын канын ичет, ал ооган өкмөтүндөгүлөрдүн баарынын канын төгөт’ деп ойлошуңар мүмкүн. Бирок ал бүгүн ошол жерде отуруп, эч кимден өч алуу болбосун айтып жатат”, - дейт журналист Хаким.

“Көп жылдар бою ал жаналгычтай болуп билдирүүлөрдү жиберчү. Азыр эми тынчтыкты сүйүүчү болуп калдыбы? Муну кабыл алуу оор”.

Чын-чынында Мужахид отурган орун жакында эле Дава Хан Менапалга таандык болчу. Афганистандын медиа жана маалымат борборунун директору Менапалды ушул айдын башында Талибандын согушкерлери өлтүрүп кетишкен.

Ошол кезде Мужахид аталган окуя үчүн жоопкерчиликти алып, Менапал “атайын кол салуу учурунда өлтүрүлгөнүн” айткан.

Башка көптөгөн журналисттер Мужахидди көргөнү жөнүндө Твиттерге жазып жатышты. Алардын арасында Би-Би-Синин ардагер журналисти Жон Симпсон дагы бар. Симпсон Мужахидди “салыштырмалуу орточо, жагымдуу киши” деп атады.

Бирок көп жылдардан бери жүзү көрүнбөгөн өкүлдүн бирден көп инсан болушу мүмкүн экени жөнүндө жоромолдор болгон.

Би-Би-Синин эл аралык журналисти Лиз Дюсеттин айтымында, коомдук желе пайда болгонго чейин эле бул талкуулар эбак жүргөн. Ал учурда кабарчылар аны менен стационардык телефондор аркылуу байланышчу.

Айрымдарына шейшемби күнкү басма сөз жыйынында сүйлөгөн киши өтө эле жаш көрүнгөн. Ушунча жылдардан бери суроолорго жооп берип жүргөн киши экени кызыгуу жараткан.

“Көп жылдан бери анын ысымы ойдон чыгарылган жана көптөгөн ‘Забихуллалар’ орун алмашып иштеген деген жоромолдор болгон. Азыр албетте биз баарыбыз бул ОШОЛ Забихулла Мужахид экенин кабыл алып жатабыз. Балким ал болбошу мүмкүнбү?”, - дейт Дюсет.

Мужахид деген бир инсанбы же жокпу, журналист Хаким анын шейшемби күнү айткандары канчалык салмактуу туюлса да сөздөрүнө этияттык менен мамиле кылган.

“Тынчсыздануу жараткан нерсе шариат мыйзамдары болчу. Аны укканда аркам чымырап чыкты. Азырга чейин алар шариат мыйзамдары кандай болорун түшүндүрө элек”, - дейт Хаким.

“Бул Талибандын өзгөчөлүгү: алар өзгөрүлмө, азгырат, туура сөздөрдү колдонгонду билишет, бирок сен аларга ишенишиң керекпи же жокпу эч качан билбейсиң. Көптөгөн сырлар бар... бирок биз алардын чындыгында ким экенин билебизби?” (EA)