“Шамбала” тасмасы элге көрсөтүлдү

Шамбала
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Тасманын режиссёру Артыкпай Сүйүндуков жана Бекейдин ролун аткарган Таалайкан Абазова менен Шамбаланын образын жараткан Артур Аманалиев

Кечээ, 26-августта режиссёр Артыкпай Сүйүндуковдун “Шамбала” тасмасынын бет ачары болуп өттү.

Иш-чара Кыргыстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, ага маданият өкүлдөрүнөн тышкары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева, маданият министри Кайрат Иманалиев жана башка өкмөт мүчөлөрү катышты.

“Шамбала” тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган. Фильмдин режиссёру Артыкпай Сүйүндуков учурунда Айтматовдун өзүнөн бул тасманы жаратууга уруксаат алып, сценарийдин үстүнөн 25 жылдан ашык иштегенин айтып келет.

Тасма 16-сентябрдан тарта кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. (MD)

Кабулдагы жардыруудан жүздөн ашык адам курман болду

Кабул аба майданынын жанындагы жардыруулардан курман болгондор жүздөн ашты, 140 жарадар. Жоопкерчиликти радикал исламчылар алды. Бул жөнүндө ""Уолл-стрит джорнэл" газетасы билдирди.

 

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Америкалык аскерлердин ичинен 13 адам курман болду, дагы он сегизи жарадар.

Биринчи жардыруу аба майданынын кире беришинде качкындар жык-жыйма топтолгон жерде болду. Экинчиси америкалык аскерлер адамдарды аба майданына ташып жаткан «Барон» отелинин жанында жарылды.

Дүйнөлүк агенттиктер жергиликтүү булактарга шилтеме берип кабарлап жаткандай, биринчи бомбаны аба майданынын дарбазасынын түбүндө топтолгондордун арасынан бир жанкечти жасады. Жардыруудан кийин жанкечтинин шериги адамдарды карай ок жаадырды.

Жардыруулар үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун бир канатынын согушкерлери алды.

Батыш өлкөлөрү өздөрүнүн жарандарын жана чогуу иштешкен афгандарды Кабулдун аба майданы аркылуу эвакуация кылып жатышкан. Бейшембиде бул жакта террордук чабуул болору эскертилген эле.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг террордук коркунучтарга карабай, союздаш өлкөлөр эвакуация иштерин улантышы керек деп билдирди. (КС)