Дүйнөнүн "көзүрү" эсептелген G7 деген эмне?

G7 саммити

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Украина президенти Владимир Зеленский G7 саммитине видео байланыш аркылуу катышты

Дүйнөдөгү эң бай делген 7 өлкөнүн лидери Германияда чогулуп, Орусиянын Украинага кол салуусуна каршы кандай чараларды кабыл алуу керектигин талкуулашты. 

Украинанын президенти Владимир Зеленский алдыңкы жети өлкөнүн саммитине видео байланыш аркылуу катышып, Украинага көбүрөөк курал зарыл экенин жана кышка чейин согушту бүтүрүү керектигин айтты.

“Чоң жетилик” деген эмне?

“Алдыңкы жетилик” же G7 – жети өлкөдөн турган топ катары да белгилүү. 

Ал глобалдык соода жүгүртүүдө жана эл аралык финансылык түзүмүндө басымдуулук кылган дүйнөдөгү алдыңкы жети өлкөнүн уюму. 

Ага: Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония, Британия жана Кошмо Штаттары кирет. 

Бир жыл ичинде ошол жети өлкөнүн министрлери жана расмийлери жыйынга чогулуп, келишимдерди түзүп, дүйнөлүк окуяларга байланыштуу биргелешкен билдирүүлөрдү жасашат. 

2022-жылы “Алдыңкы жетилик” каерде чогулду?

Уюмда төрагалык кылуу 2022-жылы январда Германияга өткөндүктөн, үч күнгө созулган жылдык саммит Германияда өттү. Ал 26-июнда башталып, 28-июнда аяктады. 

“Чоң жетиликтин” 48-саммити Бавариядагы Альп тоолорунда жайгашкан Эльмау сепилинде өткөн.

Ага Евробиримдик мүчөбү?

Евробиримдик “Алдыңкы жетиликке” мүчө болгон эмес. Ошондой болсо да, уюмдун жылдык саммитине катышып турат. 

Европалык Кеңешинин президенти жана Европалык Комиссиянын президенти ага конок катары чакырылат. 

Ошол себептен, көп учурда алардын чогуу түшкөн сүрөттөрүнөн тогуз лидерди көрөсүз. Аларды “үй-бүлөлүк сүрөт” деп да аташат. 

Эмне үчүн аны мурда “Алдыңкы сегиздик” деп аташкан?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

7-май 2007-жыл. Британиянын премьери Тони Блэр, Италиянын премьери Романо Проди, Орусиянын президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Николя Саркози, Германиянын канцлери Ангела Меркель, АКШ президенти Жорж Буш, Канаданын премьери Стивен Харпер, Жапониянын премьери Шинзо Абэ жана Евробиримдиктин президенти Мануэль Баросо Германиянын Хайлигендамм шаарында.

Ага 1998-жылы Орусия кошулгандыктан, “Алдыкы сегиз” өлкө кирген уюм болчу, бирок Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин уюмдан чыгарылган. 

Кытай өнүккөн экономикасы жана калкынын көптүгүнө карабай, эч качан уюмга мүчө болгон эмес. 

Өлкөнүн байлыгын адам башына бөлүп эсептегенде Кытайдын байлыгы азыраак болгондуктан, анын экономикасы “алдыңкы жети” өлкөнүкүндөй өнүккөн эмес.

“Чоң жетилик” Украина боюнча кандай иштерди алып барууда?

“Чоң жетиликке” кирген уюмдар буга чейин Орусияга каршы бир катар олуттуу санкцияларды кабыл алышты. 

Алар Орусияны эл аралык соода жүгүртүүдөн жана глобалдык финансылык түзүмдөн четтетишип, жеке тараптардын активдерин тоңдурушкан. 

Мындан сырткары, НАТО коопсуздук альянсына мүчө алдыңкы жети өлкө Украинага курал-жарак жана башка аскердик каражаттарды беришти.

Алдыңкы жети өлкө дагы кандай иштерди алып барат?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

G7 өлкөлөрүнүн лидерлери НАТОнун саммитинде. 24-март 2022-жыл

Өз экономикасына зыян келишине карабай, уюмга кирген өлкөлөрдүн лидерлери, Орусияга каршы олуттуу кадамдарга барууга даярбы деген суроо туулат. 

Башкача айтканда, орус мунайы жана газын импорттоого биротоло чектөө киргизеби деген бир маселе турат. 

АКШ Орусиядан мунай жана газ импорттоого тыюу салса, Британия ушул жылдын аягына барып андан акырындап баш тартарын билдирди. 

Украин лидерлери, “алдыңкы жетиликке” кирген башка өлкөлөр да ушундай эле кадамга барат деп үмүт кылууда. 

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ошондой болсо да, Евродагы өлкөлөр мунайдын төрттөн бир бөлүгүн жана газдын 40 пайызын Орусиядан алышат. Учурда Евро Биримдик Орусиядан газ импорттоону үчтөн эки бөлүккө кыскартууну макулдашты. 

Буга чейин Германия карама-каршылык жараткан Түндүк Агым 2 газ кууру боюнча чечимдерди токтотту. Түндүк Агым 2 – Балтика деңизи аркылуу Орусиядан Германияга газ жеткирген долбоор. 

Бирок Украинанын тышкы иштер министри Твиттер аркылуу, уюмга мүчө мамлекеттерди Орусияга каршы дагы чара көрүүгө үндөп, “согушту каржылоону жана орус энергиясы үчүн төлөмдөрдү токтотууга” чакырууда. 

Анын ордуна, Европа өлкөлөрү АКШдан көбүрөөк суюлтулган газ импорттоо боюнча макулдашууга келип, маселени чечүү жолдору сунушталды. 

“Чоң жетилик” саммити учурунда ошол мүмкүнчүлүк да талкууланды.

“Алдыңкы жетиликтин” кубаты кандай?

Уюм эч кандай мыйзамдарды кабыл ала албайт. Анткени ага өзүнүн демократиялык баалуулуктары бар бир катар өлкөлөр кирет. Бирок, мурда уюм кабыл алган айрым чечимдер дүйнө жүзүнө таасирин тийгизген. 

Мисалы, 2002-жылы безгек жана СПИДге каршы глобалдык фонд түзүп, алдыңкы жети өлкө маанилүү роль ойногон. 

2021-жылы Британияда өткөн саммиттин алдында, “Чоң жетиликтин” каржы министрлери көбүрөөк салык төлөө үчүн курамына бир катар өлкөлөр кирген компанияларды түзүүгө макулдашкан. 

Мындан сырткары, уюм өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жана климаттын өзгөрүшүнө каржылык жардам көрсөткөн. 

Саммит учурунда ири демонстрациялар өтүп турат. Былтыркыдай эле “Алдыңкы жетиликке” каршы демонстранттар быйыл да чогулушту. 

Алардын көпчүлүгү саммит өткөн аймактын түндүгүндөгү Мюнхенде өттү. Мисалы, “Бир” деп аталган жакырчылыкка каршы бейөкмөт уюму, ачкачылык каатчылыгына көңүл бурдуруу үчүн демонстрацияга чыгышкан. (АК)