Украинадагы согушта НАТОнун ролу кандай?

Фин жана дүйнөлүк медиалар, фин президенти Саули Нийнистё, бүгүн Финляндиянын НАТОго кирүү ниетин расмий жарыялашын күтүп жатышат.

Финдерге туташ мындай жарыяны Швеция да кылмакчы.

НАТО

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Борис Жонсон эгер Швеция менен Финляндия кол салууга тушукса Британия колдоо көрсөтөт деп билдирди. Бул эки өлкө тең НАТОго кошулууга ниеттенип, жакын арада чечим чыкканы жатат.

АКШ дагы бул эки өлкөнүн НАТОго кошулуу маселеси бир жаңсыл чечилмейинче колдоо көрсөтөрүн айтты.

Ушу тапта НАТОгө мүчө өлкөлөр Украинага Россиянын баскынчылыгына каршы күрөшкө деп миллиарддаган долларга курал-жарак ташып жаткан чагы.

НАТО кандай уюм?

НАТО – бул 1949-жылы 12 өлкөнүн макулдугу менен түптөлгөн Түндүк атлантикалык келишим уюму. Ал негизделгенден баштап ага АКШ, Британия, Канада жана Франция баштаган өлкөлөр мүчө болуп келе жатат.

Бул уюмдун алкагында мамлекеттер эгер сырттан куралдуу кол салуу уюштурулса, бири-бирине жардамга келүүнү макулдашышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Учурда НАТОго дүйнөнүн 30 өлкөсү мүчө

НАТОнун баштапкы максаты Европадагы согуштан кийин орус экспансия коркунучуна каршы туруу болгон.

Буга жооп кылып Советтик Россия коммунисттик маанацдагы Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн турган Варшава келишими деген өзүнүн аскердик союзун түптөгөн.

1991-жылы Советтер союзу ураганда Варшава келишимине мүчө өлкөлөр НАТОго мүчөлүккө өтүшкөн.

Швеция менен Финляндия НАТОго ылдам киреби?

Reuters агенттиги аты аталбаган дипломаттарга таянып, буга чейин бир нече жолу айтылгандай, Финляндия жана Швеция НАТОго ылдам кабыл алынаарын тастыктады.

Эки өлкө тең мурдатан бери альянс менен тыгыз кызматташып келет жана анын эрежелерин кабыл алууга көп убакыт керектелбейт.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, эгер Швеция менен Финляндия бул тууралуу арыз жазышса, ал уюм тарабынан кубатталат жана кошулуу процесси өтө тез убакытта ишке ашат, деп билдирди.

Сөзболуп жаткан эки өлкө көптөн бери аскердик бейтараптуулык саясатын жүргүзүп келишет.

Эгер алар НАТОго кошула турган болсо, уюмга мүчө өлкөлөр саны 32 жетет.

Финляндия Россия менен чектешет. Чек ара аймагы 1 миң 340 километрди түзөт. Россиягы буга чейин эгер Финляндия менен Швеция НАТОго кошула турган болсо, «аскердик-техникалык жооп аларын» эскерткен.

Бирок АКШнын Коргоонуу министрлигинин өкүлдөрү Москванын Украинага басып кириши

 «чоң стратегиялык ката» болгонун, эми ал барып НАТОнун кеңейишине алып келерин айтып жатышат.

Эмнеге НАТО Украинага аскерлерин алып кирбейт?

Украина НАТОго мүчө эмес, андыктан уюм аны коргоого ала алууга милдеттүү эмес.

НАТО өлкөлөрү эгер алар өз аскерлерин Украинага киргизсе, бул Россия менен Батыш ортосунда чоң жаңжалга башат болуп калат деп кооптонуп жатышат.

НАТО  «Украинаны колдоо үчүн болгон аракетин жасарын» айтып жатат,  бирок ошол эле убакта согуш Укрианадан тыш жайылып кетпешине дагы көзөмөл кылышы керек.

Украинанын асманында учууга чек киргизүү дагы ушундай көз караштан мүмкүн болбой жатат.

Бирок НАТО Украина менен чектеш Словакия, Венгрия, Болгария жана Румынияда жаңы төрт көп улуттуу согуштук топторду түптөлүп жатышын кубаттады.

Бул аймакта НАТОнун таасирин дагы арттырмакчы.

Россия эмнеге НАТОго каршы?

НАТО Украинага 2008-жылы эле уюмга кошуулууга сунушун берген. 2014-жылы Крым аннексияланып, Украина НАТОго чындап жүзүн бура баштаган.

Бирок мүчөлүккө өтүү Россиянын буга каршылыгынан улам ишке ашпай келди.

Россия Украинага кол саларда НАТОго бул өлкөнү мүчөлүккө алба деген талап коюп, бирок уюм аны четке каккан.

Кремль Чыгыш Европа өлкөлөрүн НАТО мүчөлүккө алуу менен Россиянын саясий таасир этүү аймагына кирип жатат деп эсептейт. Эгер Украина НАТОго мүчө болсо, НАТО анын короосуна кирип келгендей эле болот деп кабылдап жатат.

Украин президенти Зеленский Украина азыркы маалда НАТОго мүчө боло албашын кабыл алды.

 «Украина НАТОнун мүчөсү эмес экени анык болуп калды. Биз ушуну түшүнбөй жатабыз», -деди ал.

Британия жана башка өлкөлөр Украинага кандай курал-жарак берди?

Согуш башталган күндөрү НАТО өлкөлөрү коргоонуу курал-жарактарын Украинага чектеп жөнөтүп жатышты.  

Британия украин тарапка миңдеген танкка каршы NLAW ракеталарын жана Starstreak зениттик ракеталарын жөнөткөн.

АКШ Javelin жана Stinger ракеталарын берди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Батыш өлкөлөрү Украинага башында коргоонуу куралдарынан танкка каршы ракеталарды гана берип жатты

Словакия өзүнүн абадан коргоону С-300 системасын берди, бул жабдык 400 километр алыстыкта учактарды жок кыла алат. АКШ менен Түркия ракета менен куралданган учкучсуз пилоттарду жөнөтүштү.

НАТОго мүчө бир нече өлкөлөр соңку күндөрү курал-жарактарды көбүрөөк берип, алыска иштечү артиллерия өңдүү татаал түзүлүштө жабдыктарды да берип жатат. Бул Украинага орус армиясын контрчабуул кылууга жардам берет. Мындан тышкары аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтүү тууралуу да демилгелер болуп жатат.

АКШ тик учак, артиллерия жана бронетранспорт  берип жатат.

Британия Украинага кошумча 300 миллион фунтр стерлинг берип, дагы бронетехника, радиоэлпектр күрөшү үчүн каражаттарды, артиллерияга каршы радиолокациялык системаларды жана түнкүсүн көрүүгө мүмкүндүк берген жабдыктарды берип жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Франция Украинага алыскы аралыкка иштей турган артиллерия ташыган өлкөлөр катарына кирет

Чехия Т-72 жана БТР танктарын берди

Австралия бронетехника жөнөтүүдө

Канада  артиллерия ташыды

Франция менен Нидерланды өзү жүрө турган артиллерия

Германия зениттик танктарды берип жатат

Евробиримдик Украинага 450 миллион евро бөлүп, ал аскердик колдоо багытында берилип жатат. Бул ЕБдин согуш болуп жаткан аймакка курал ташыган биринчи учуру.

Чыгыш Европада НАТОнун канча аскери бар?

НАТОнун буга чейин эле түндүктөгу Балтика деңизинен чыгыштагы Румынияга чейин аскерлери болуп келген.

Ал аскерлер 2014-жылы Крым Россия тарабынан аннексияланганда жайгаштырылган. Бул Россия кокусунан кол салып калса деген чара болчу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

НАТО Чыгыш Европада аскердик коргоонуусун күчөттү

Учурда НАТО Украина жана Россия менен чектешкен өлкөлөргө 40 миңге жакын аскерин жөнөттү.  

Абадан коргоону жабдыктары даярдыккакелтирилип, аскердик кемелер, анын ичинде куралдуу кемелер деңизде күзөтүн жүргүзүүдө.

АКШ НАТОго мүчө Эстония, Латвия, Литва,Польша жана Румынияга кошумча күч жөнөтүп жатат. (EK)