Жоламан Шаршенбеков: Олимпиада чемпиону болуу-башкы максатым

Жоламан Шаршенбеков

Саналуу сааттардан кийин Жапониянын борбору Токио шаарында жайкы олимпиадалык оюндардын оту жанып, мелдештер башталат. Мында Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргомокчу. Кыргызстандык спорт күйөрмандардын үмүтүн жандырып турган грек-рим күрөшү боюнча былтыркы жылдын Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, эл аралык спорт чебери Жоламан Шаршенбеков.  Аны менен Кыргызстандын олимпиадалык делегациясынын пресс-атташеси, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов  Би-Би-Си үчүн учкай маектешти.   

- Жоламан мырза, Токио шаарында өтө турчу Олимпиада оюндарына даярдык кандай?

- Даярдыктарыбыз аябай жакшы болуп жатат. Биздин агайларыбыз курама команда менен төртөөбүзгө жардам көрсөтүп жатат десем болот, кудайым буюрса төртөөбүздө тең даярдык жакшы.

- Кайсы жерде төрөлдүңүз? Бир туугандарыңыз спорт менен машыгабы? Грек-рим күрөшүнө келишиңизге кимдер таасир этти?

- Мен Талас облусунда Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында жарык дүйнөгө келгем. Чоң атамдын аталарынын баары балбан болуп, менин атам дагы кыргыз күрөшү менен машыгып жүргөн, жана өзүмдүн бир тууган агаларым дагы күрөш менен машыгып келет. Мен экинчи класста борбор калаабыз Бишкек шаарына келип, грек-рим күрөшүнө үчүнчү класста өзүмдүн машыктыруучум, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат  Махмудов Хаким Махмудовчике үчүнчү класста барып баштагам. Мени атам жана Тынарбек агам алып барган, бүгүнкү күнгө чейин Хаким агайда машыгып келем.

- Тынарбек агаңыз дагы грек-рим күрөшү менен машыгып, байгелүү орундарды ээлеп жүрдү го?

- Ооба, азыркы убакта дагы машыгып жүрөт. Ал бир нече жолку Кыргызстандын чемпиону, Азия чемпионатынын  байге ээси болгон. , Кудайым буюрса “кийинки мелдештерде мындан да көп ийгиликтерди жаратат” деген ойдобуз.

- Алматы шаарында жолдомо алуу мелдеши кандай деңгээлде өттү? Атаандаштарыңыз кандай болду?

- Албетте ар бир атаандаш мен үчүн кыйын, жолдомону мен кыйынчылык менен алдым. Буга чейин көп жолу басып келдик, көп даярдык көрдүк, “көптөгөн курманчылыкты чалдык” десем жаңылышпайм. Даярдыктар кыйынчылык менен келди, бирок кудайым буюрса кыйынчылыктардын үзүрүн көрөбүз деген ишеничтемин, буюрса Токио Олимпиада оюндарында биринчи орун алганга аракет кылабыз.

- Сиздин алгачкы жеңишиңиз эсиңизде калса керек. Эсте каларлык, ак жолтой байге деп кайсыны эсептейсиз?

- Биринчи жолу грек-рим күрөшүнө катышып баштаганымда мелдешке чыгып, үчүнчү орун алгам. Ошол убакыттан баштап, биринчи орундар, ийгиликтердин жолу ачылган, андан кийин 2015-жылы чет өлкөгө чыгып баштадым. Эсимде калган жеңиш –бул 2015-жылы Азия чемпионатына чыгып, Азия чемпиону аталып калганым.

- Дүйнө чемпионаттарында, дүйнө кубогунда байгелүү орундарды ээлеп жүрөсүз, кайсы балбанды өзүңүзгө үлгү тутуп келесиз?

- Биз бала кезибизде өзүбүздөн улуу агаларыбызды көрүп үлгү алганбыз, мисалы үчүн Канат Бегалиев агайыбыз, Жанарбек Кенжеев агабыз, Руслан Түмөнбаев агабыз жана башка ошол убакытта чыгып жүргөн агаларыбызга карап, биз дагы үлгү алып, күрөшүп, “биз дагы Кыргызстандын желегин желбиретип, жер жүзүнө дүңгүрөтөлү” деп тиленгенбиз, ошол тилектерибиз орундалып, бүгүнкү күнү өзүбүз дагы ушул даражага бара жатабыз десем болот.

- Алгачкы ирет ушул Олимпиадалык таймашка катышканы турасыз, ошол таймаштагы негизги атаандаштарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

- Албетте Олимпиада оюндарына жөнөкөй адам барбайт. Ар бир атаандашыма мен даярданып, аны бөлүп карабайм. Кудайым буюрса жеңишке жетемин.

-Рахмат, жакшы маегиңиз үчүн! Олимпидалык оюндарда байгелүү орундарга жетүүңүзгө тилектешпиз.

Шаршенбеков Жоламан Назарбекович 1999-жылдын 29- сентябрында Талас облусунун Манас  районунун Бала-Саруу айылында төрөлгөн. Грек-рим күрөшү менен 3-класстан машыгып келет. 

Бишкек шаарындагы Р. Санатбаев атындагы олимпиадалык резерв балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинде  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыручуусу Махмудов Хаким Махмудовичтин кол алдында машыгат.

Жоламан грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери.

Жетишкендиктери:

-         2015-жылдын уландар арасында Азия Чемпионатында 1-орун;

-         2016-жылдын жаштар арасында Азия Чемпионатында 3-орун;

-         2016-жылдын жаштар арасында Дүйнө Чемпионатында 3- орун;

-         2017-жылдын жаштар арасында Азия Чемпионатында 2-орун;

-         2017-жылдын жаштар арасында Дүйнө Чемпионатында 2- орун;

-         2018-жылдын Азия Чемпионатында 2-орун;

-         2018-жылдын Дүйнө Чемпионатында 2-орун;

-         2019-жылдын 23 жаштагы жаштар арасында Дүйнө Чемпионатында 2-орун;

-         2020 – жылдын Дүйнө Кубогунда 1-орун;

-         2020 – жылдын Азия Чемпионатында 2-орун;

-         2021 – жылдын Азия лицензиялык мелдешинде 1-орун (2021-жылдын Олимпиада оюндарына жолдомо)

Азыркы учурда Жоламан Шаршенбеков Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт Академиясында 4- курсунун студенти.

Эскертүү: Жоламан Шаршенбеков 1-августта  бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 8де 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча күч сынашат.