Экономика: жаңы бийликтин алдындагы оор сыноо

Кыргыз экономикасы төмөндөөдө

Кыргызстан Орусиядан Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду  аркылуу 100 миллион АКШ доллар насыя сурап жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакпаевдин Москвага болгон иш-сапарында маалым болду.

Ошондой эле кыргыз өкмөтү пандемия менен күрөшүү үчүн Эл аралык валюта фонду, Дүйнөлүк банк өңдүү эл аралык каржы институттарынан дагы жардам сурады.

Министр Руслан Казакпаев орусиялык “Коммерсант” басылмасына билдиргендей, жыл соңуна барып Кыргызстандын бюджет дефицити 400 миллион АКШ долларына жетиши мүмкүн.

Ошондуктан кыргыз өкмөтү жеңилдетилген шартта насыя сурап, анын биринчи траншы өлкөдө өтүүчү президенттик шайлоолорго чейин которулуп калса деген үмүттө.

“Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондусунун Кыргызстанга 100 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлүү тууралуу чечими бар, андан эч ким кайткан жок. Бирок аны ишке ашыруу мөөнөтүн фонддун өзү менен такташ керек”, -деди жолугушуулардын жыйынтыгында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орус дипломаты кыргызстандык журналисттердин кредит тууралуу суроосунан буйтап, акчалар качан которула башталары белгисиз болуп калды.

Буга чейин Кремль Кыргызстанда абал турукташмайынча, каржылык жардамын токтоторун жар салып, Казакпаевдин бул сапарынын негизги максаты бул маселеде Орусияны ийитип келүү эле.

Бүгүн Евробиримдик Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн бере турган алты миллион еврону парламенттик шайлоолор өткөнгө чейин токтото турарын билдирди. Бул каражат өлкөдөгү санариптештирүү иштерине жумшалмак.

Пандемия алкымдап, кыргыз  экономикасы жыл соңуна барып 6% төмөндөрү айтылып жатат. Мигранттарда Кыргызстанга болгон акча которуулары дээрлик 8% түштү. Доллардын сомго карата наркы 81 сомго чыгып, өлкөдө азык-түлүк кымбаттап жатат.

“Беш литрлик суу майлар кымбаттады, жок дегенде сексен сомдон кошулду. Доллардын көтөрүлүшү дейт, чек ара жабык дейт, эми ар кандай себептерин айтып жатышат.  Биз үстүнө беш-он сом эле кошобуз. Андан ашыкча деле кошо албайбыз. Өзүбүздөн чыккан кумшекер деле кымбаттап жатат”, -дешет соодагерлер.

Президенттин милдетин аткарып, өкмөттү да өзү жетектеп жаткан Садыр Жапаров буга чейин экономикага байланыштуу бир гана кайрылуу менен чыкты.

Жапаров мурда-кийин мамлекеттик кызматта иштеп, эсепсиз байыгандарга, салыктан качкан ишкерлерге  бир айлык экономикалык амнистия жарыялап, аны менен бюджетти толтуруп, тышкы карыздан кутулуп, көмүскө экономика маселесин чечсе болорун айткан.

“Экономикага байланыштуу мен өз оюмду айттым. Коррупция жок өлкөдө сөзсүз экономика көтөрүлөт. Менчик чөнтөккө түшүп аткан акчалар мамлекеттин чөнтөгүнө түшө баштайт. Бул жакынкы бир айда өз жыйынтыгын берет. Анан көрөсүздөр”, -деген эле Жапаров “Аль-Жазира” телеканалынын экономика тууралуу суроосуна жооп берип жатып.

Жаңы бийлик алдында мындан тышкары кышка даярдык, инвестициялык климатты жакшыртуу милдети турат.

6-октябрдагы окуялардан кийин жер-жерлердеги тоо-кен иштетүүчү кампанияларга чабуул жасалып, талап-тоноо аракеттери болду.

Кумтөрдөн кийинки эле Таластагы ири Жерүй алтын кенин иштетип жаткан компания ишмердигин убактылуу токтотконго аргасыз болуп, мындай көрүнүштөр Кара-Кече көмүр кенинде, Ала-Букадагы алтын кенинде да орун алды.

Бул окуялардан кийин бизнес ассоциациялары инвесторлор менен үзгүлтүккө учураган келишимдерден улам эле Кыргызстан кеминде 104 миллион доллар кирешеден кур калганын эсептеп чыгышты.

Буга чейинки өкмөт курамында иштеген вице-премьер Эркин Асрандиев  2021-жылга карата пенсия-пособие өңдүү социалдык төлөмдөр үчүн бюджетте акча каралганын жана ал жетиштүү экенин айткан.

Ал тапта кийинки жылы тышкы карыздарды төлөө убактысы да келип, жаңы бийлик үчүн алдыда оңой эмес сыноолор турат. EKa