Украинадагы согуш: Херсон жана Запорожьенин партизандары каршылык көрсөтүүнү символуна айланды

Олег Черныш, Би-Би-Си Украина

Украинчил күчтөр партизандык күрөш режимине өттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Украинчил күчтөр партизандык күрөш режимине өттү

24-июнда таңгамал орус аскерлери басып алган Херсондо орусиячыл “аскердик жарандык администрациясынын” аткаминери Дмитрий Савлученконун унаасы жардырылганы белгилүү болду. РИА Новости жана ТАСС басылмаларынын маалыматы боюнча, Савлученко ордунда каза тапты.

Ал эми буга чейин, 18-июнда, орус аскерлери колдогон оккупациялык администрациянын башка аткаминери Евгений Соболев отурган унаа жардырылган. Жергиликтүү тургундар жардырууну украиналык партизандар жасаган деп эсептешет.

Бул алардын Орусия менен кызматташкандарга каршы жалгыз чарасы эмес. Украинанын түштүгү кантип партизандык кыймылдын борбору болуп калды?

Орус аскерлери Украинанын түштүгүндөгү көпчүлүк аймактарды бир-эки аптада эле басып алышкан. Бул февралдын аягы, марттын башына туура келет. Херсон, Бердянск жана Мелитополь, айрым аймактарды кошпогондо, олуттуу каршылык көрсөткөн жок.

Украинчил жергиликтүү тургундардын көбү бир заматта оккупацияланган аймакта болуп калып, Киев көзөмөлдөгөн коопсуз аймактарга чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

Басып алынган шаарларда жума сайын өтүүчү патриоттук митингдердин мезгили тез эле өтүп кетти: орус аскерлери жергиликтүү тургундар менен мамилени орой, күч менен куруу натыйжалуу болот деген тыянакка келишкен. Активисттер, журналисттер, АТОнун катышуучулары жана коомдук ишмерлер кармалып, камакка алына баштады.

Буга жооп катары украинчил күчтөр партизандык күрөш режимине өттү. Коллаборанттар - Херсон жана Запорожье облустарына орустар менен кызматташууга баргандар - негизги бутага айланды.

“Херсондун өч алуучулары”

Жаңы Каховканын (Новая Каховка) тургуну Евгений Соболевдин карьерасына суктанса болот. 2018-жылы ал 32 жашында ички кызматтын капитаны болуп туруп, өлкөдөгү эң ири түрмөлөрдүн бирин - Херсондогу №90 Түндүк түзөтүү колониясын жетектей баштаган.

Бир катар сөгүштөр жана кызматтан алуу жөнүндө буйруктарга карабастан, ал кыска тыныгуулар менен 2022-жылдын башына чейин кызматында калды.

Январдын аягында ал Херсон шаарынын мэри Игорь Колыхаев жана облус башчысы Геннадий Лагута менен жолугушуп, сүрөткө түшүп жүргөн, ал эми бир жарым айдан кийин алар фронттун эки башка тарабында болуп калышты.

Колыхаев менен Лагута орус аскерлеринен облус борборунан качууга аргасыз болушкан, ал эми жергиликтүү колониянын башчысы орус бийлиги менен кызматташууга макул болгон.

Сүрөттүн булагы, "ПВК №90"

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Геннадий Лагута жана Евгений Соболев, 25-январь 2022-жыл

Украин бийлигинин айтымында, Соболев орус аскерлерине колониянын аймагында тамак-аш кампасы, фельдшердик-акушердик пункт жана эс алуу борборун ачууга уруксат берген. Ал эми камактагыларды мекеменин жетекчилиги орусиялык аскер техникасын оңдоого мажбурлаган. Ошондой эле ал Орусиянын күч органдарына башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен байланышууга активдүү көмөктөшкөн.

Соболев аткарган иши үчүн орус администрациясынан Жаза аткаруу кызматынын облустук башкармалыгынын жетекчиси кызматын алган.

18-июнда эртең менен Херсондун борборундагы унаа токтотуучу жайда Соболевдин унаасы жардырылган. Жардыруучу зат даракка орнотулуп, машине өтүп баратканда жарылган.

Орусиянны мамлекеттик ЖМКларынын кабарлашынча, түрмө сакчысы аман калган, бирок оор жаракаттар менен ооруканага жаткырылган. Би-Би-Синин Украинадагы кабарчылары Соболев менен байланыша алган жок: анын телефону "зонанын чегинен тышкары". Ошондой эле соцтармактарга акыркы жолу 17-июнда кирген өндүү.

Херсон облустук аскер администрациясынын башчысынын кеңешчиси Сергей Хлань Соболевдин унаасын жардырууну украиналык партизандар Украинанын куралдуу күчтөрү менен биргеликте жасаган иш деп эсептейт. Ал жабырлануучунун өзүн "жогорку деңгээлдеги коллаборант" деп атады.

Сүрөттүн булагы, СУСПІЛЬНЕ.ХЕРСОН

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Евгений Соболевдин жардырылган унаасы, 18-июнь 2022-жыл

Алгачкы айларда херсондуктар өздөрүнүн каршылыгын башкача көрсөтүшчү, деп эстейт Хлань.

"Башында адамдар жөн эле украинчил митингдерге чыгып, желектерди илип жатышкан - каршылык көрсөтүү кыймылы ушундай болчу. Эми болсо кыймыл уюшкан тартипте иштей баштады, аны Украинанын Куралдуу күчтөрү координациялайт", - деди ал Би-Би-Синин украин кызматына.

Анын айтымында, херсондуктар орус аскердеринин жайгашкан жери, ок-дары кампалары, кыймылы жана алар менен кызматташкан жергиликтүү аткаминерлер тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрүнө активдүү маалымдайт.

Ал мындай кызматташтыктын акыркы жыйынтыктарынын бири катары 14-июнда Новая Каховкадагы орусиялык ок-дары кампасыын жарылуусун келтирди. Дагы бир мисал - июнь айынын башында Херсондо партизандар төрт орус офицери отурган аскердик унааны жардырып жиберишкени сөз болууда.

Би-Би-Си бул маалыматтарды орусиялык расмий булактардан ырастай алган жок.

Акыркы жаңылыктардан - 22-июнда эртең менен Херсон облусундагы Чернобаевканын башчысы Юрий Турулевдин өмүрүнө кол салуу. Жарылуу аткаминер унаасында көчөдө баратканда болгон.

Турулев баары тирүү экенин, жардыруунун кесепетинен унаа гана жабыркаганын билдирди. Турулев сыныктардан жараат алып, жеңил контузия болгон - бул тууралуу ал “Вести Крым” телеканалынын эфиринде билдирди.

Украин аскерлери менен макулдашылган дагы бир партизандык жорук - Херсондун бардык жерине коркутууларды камтыган баракчаларды чаптоо. Сергей Хландын айтымында, мындай акциялар орус аскерлеринин жана алардын шериктеринин моралдык абалына олуттуу таасирин тийгизет. Акыркы жолу ал 12-июнда, Орусиянын күнү белгиленип жатканда жасалган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Партизандар менен атайын кызматтын оккупацияланган аймактагы ийгиликтери тыгыз координация менен түшүндүрүлөт

Мелитополдук феномен

Согушка чейин Запорожье облусунун түштүгүндөгү Мелитополь шаары ар бир жайда украин алчасынын борбору болгону менен гана белгилүү болгон. Калаадагы эки негизги атактуу жайлар - аскердик аэродром жана аскер бөлүгү.

Жергиликтүү тургундар Би-Би-Сиге билдиришкендей, бул аскер бөлүгүнүн жоокерлери орустар келгенге бир-эки саат калганда эвакуацияланганга жетишкен, ошондуктан орус аскерлери Мелитополду дээрлик урушсуз басып алышкан.

Бирок шаардын айланасындагы ондогон километрге созулган аймак украиналык партизандык кыймылдын чыныгы очогу болуп калды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орус аскерлери Мелитополдун борборунда

Жадагалса чет элдик аналитикалык борборлор согуштук карталарда Мелитополдун аймагын “орус аскерлери кырдаалды толук көзөмөлдөбөгөн жана каршылык көрсөтүү кыймылы өтө активдүү болгон аймак” катары белгилешет.

Ал эми америкалык Согушту изилдөө институту өз баяндамаларында украиналык партизандардын массалык иш-аракеттеринен улам Орусия өлкөнүн түштүгүн басып алганы менен аны кошуп алуу боюнча бардык пландарын ишке ашыра албай жатканын бир нече жолу эскерткен.

Акыркы эки айдын ичинде украин күчтөрү бул жерде бир нече диверсия жасай алды. 29-майда жана 12-июнда Мелитополдун борборунда оккупациялык бийликтин өкүлдөрүнүн имараттарынын жанында жарылуулар болду. Ал эми 18-майда орус аскерлеринин бронепоезди жана темир жол линиялары бузулганы белгилүү болду.

Орусия туткунунан кийин шаардан чыгып кетүүгө аргасыз болгон Мелитополдун мэри Иван Федоров акыркы 8 жылда шаарда украинчил актив түзүлгөнүн айтат.

"Алар түшүнүп туруп мындай каршылык көрсөтүүгө барганы алардын орус оккупациясынын астында жашоону каалабагандыгын көрсөтөт. Албетте, бул биздин коомчулуктун ынтымагына, атайын кызматтардын да, каршылык көрсөтүүчү күчтөрдүн да, коомдук кыймылдын да биригишине таасирин тийгизет", - деп түшүндүрдү ал Би-Би-Синин украин кызматына.

Ал оккупацияланган аймактагы ийгиликтерди атайын кызмат жана партизандардын ортосундагы тыгыз координация менен түшүндүрөт. Эң ири ийгиликтердин бири - 28-апрелде Акимовка айылына жакын жердеги темир жол көпүрөсүнүн жардырылышы.

Орустар бул жол аркылуу аннексияланган Крымдан Донбасстагы фронтко ок-дарыларды жана техникаларды ташып келишкен.

“Биринчиден, эң негизгиси партизандар орустардын аракетин [Донбасстагы] салгылашуудан буруп, аларды Мелитополь шаарында диверсанттарды издөөгө өткөрүштү”, - деп түшүндүрөт Федоров. Бул аракеттин канчалык маанилүүлугун айгинелейт.

Экинчиден, украиндер орус аскерлеринин жеткирүүсүн токтотуп, алардын логистикасын бузууга жетишти.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мелитополдун мэри Иван Фёдоров аймактагы каршылык көрсөтүү кыймылын жергиликтүүлөрдүн украинчил позициясы менен байланыштырат

Украинчил күчтөрдүн ийгиликтүү операциялары орустардын кыжырын келтирди. Мелитополь шаарынын мэринин айтымында, орусиялык күч органдары диверсанттарды издөөдө украинчил позициянын карманган жарандарды жапырт түрдө кармай башташты.

Азыр мындай камалгандардын саны 500дөн ашты, дейт Иван Федоров.

Уюшкан партизандар

Мелитополдогу көпүрөнү жардыруу операциясы дагы эмнеси менен көрүнүктүү? Украинанын атайын кызматы алгачкы жолу оккупацияланган аймактагы саботаж үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алды.

2016-жылы түзүлгөн аскерлердин жаңы түрү - атайын операциялык күчтөр (АОК) түштүктөгү бул маанилүү инфраструктуралык объекти талкалаганын моюндаган.

"Кыйратылган көпүрө - Украинанын АОК каршылык көрсөтүү кыймылы тобунун ишинин натыйжасы", - деп айтылат атайын операциялык күчтөрдүн жетекчилигинин билдирүүсүндө.

"Каршылык көрсөтүү кыймылы" түшүнүгү Украинанын мыйзамдарында быйыл гана пайда болду. Буга чейин оккупацияланган аймактарда партизандардын ишмердүүлүгүнүн так мыйзамдык негиздери болгон эмес, ал эми жарандар тобокелчиликке карабастан Украинанын атайын кызматы менен кызматташкан.

Бул жылы Жогорку Рада алардын ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырды. Каршылык көрсөтүү кыймылы үчүн азыр атайын операциялык күчтөрдүн жетекчилиги гана жооптуу. Эми алар оккупацияланган аймактарга өз агенттерин киргизип, алардын жашыруун ишмердүүлүгүн уюштурууда, ошондой эле курал-жарак жана ок-дарылар менен камсыздоодо.

Луганск облусунун партизандык ячейкасынын мурдагы башчысы Владимир Жемчугов украиналык диверсанттар ийгиликтүү операциялардын көбүн АОК менен макулдашып аткарышат деп түшүндүрөт.

Ал өзү 2014-2015-жылдары оор жарадар болуп, туткунга түшкөнгө чейин Луганск облусунун оккупацияланган аймагында темир жол инфраструктурасында ондон ашык жардырууларды жасай алган. Ал 2016-жылдын күзүндө бошотулган. Жемчуговго мекенинде Украинанын баатыры деген наам берилген.

Сүрөттүн булагы, FACEBOOK ВОЛОДИМИР ЖЕМЧУГОВ

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Владимир Жемчугов

"Партизандык каршылык көрсөтүү кыймылы шарттуу түрдө 60% жана 40%га бөлүнөт. Анын басымдуу бөлүгүн Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн атайын операциялык күчтөрү уюштурган спецназчылардын иши, ал эми 40%ын украинчил жергиликтүү калктын аракеттери түзөт", - деп айтып берди ал бул иш-аракеттердин өзгөчөлүктөрү жөнүндө Би-Би-Си украин кызматына.

Жергиликтүү калктын өз алдынча иш-аракеттери коллаборанттардын үйлөрүн өрттөп, куралчан орус аскерлерине бычак менен кол салууда көрүнөт. Партизандардын бул аракеттери эмоционалдык маңызда, алар коркутууга жана орус аскерлерине терс мамилесин көрсөтүүгө багытталган.

Партизандык кыймылды жок кылуу максатында орусиялыктар массалык камалоолорду уюштурушат.

“Мен орус атайын кызматы партизандык ячейкаларды же алардын жетекчилерин [Украинанын түштүгүндө] тапканы боюнча көп мисалдарды билем, - дейт Владимир Жемчугов. - Алардын баары куралдуу каршылык көрсөтүшкөн, тилекке каршы, көбү курал менен өлүшкөн. Бирок алардын эч кимиси багынган жок”. (ЕВ)