Коронавирус: экинчи толкунга даярбызбы?

6-августка карата өлкөдө коронавирустан тогуз адам көз жумуп, дагы жүздөгөнү (549) илдетти жаңы жуктурду. Өлүм-житим азайып, коомчулукта дүрбөлөң басаңдаганы менен вирустун жайылышы токтой элек.

Өткөн оор күндөрдө ыктыярчылар алдыңкы тилкеде болуп, алардын ишине дүйнө коомчулугу дагы жогорку баа берди. Ал түгүл, ыктыярчылар өлкө президентине оору менен мамлекет деңгээлинде кандай күрөшүү сунуштарын да беришти.

Эльдар Шабданов мындан эки жума мурун ыктыярчылар курамында президенттин кабылдоосунда болгон.

“Ыктыярчылар кырктан ашык суроо менен кайрылган. Ошолор боюнча иш жүрүп жатыптыр.  Биз көтөргөн кээ бир маселелер бүтүптүр. Мисалы, Аза күтүү күнүн жарыялоону сунуштаганбыз, аны кылышты, дагы көп маселелер жабылыптыр. Айрымдары саясий, юридикалык себептер менен жабыла элек экен.  Сүйүндүргөнү, элдин, ыктыярчылардын алдында бийликтин отчет бере баштаганы. Кайтарым байланыш болуп атат”, -деди ал.

Июль айы Кыргызстанда коронавирус кулачын кенен жайып, бейтаптардытейлөөгө өкмөттүн күчү жетпей калды.

Өлкө андагы кризистен ыктыярчылардын жардамы менен гана чыкты. Өз-өзүнчө топ болуп  мобилдеше калган жаштар ооруканаларга дары-дармек, коргоонучу каражат ташып, дем алганы оорлошуп калган бейтаптарга кычкылтек концентраты менен жардамга келип жатты.

Жада калса коронавирус менен күнү-түнү тынбай күрөшүп жаткан дарыгерлерге да тамак ташышты.

“Силердин кылып аткан иштериңер мамлекеттик бийликте иштеп жаткан органдарга дагы, ал жакта иштеп жаткан кызматкерлерге дагы өзүнүн ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылганга түрткү болуп атат. Биздин мамлекеттин жетишкендиги жарандык коомубуз өнүккөн. Фучиктеги бейтапкана тууралуу айттыңар, кээ бир ооруканада отургуч деп жатасыңар, ушундай элементарлуу нерселерди кылып коюу акимдин, ошол жердеги бийликтин иши эле да. Эми андай ишти координация кылып турсаңар, чогуу иштейли, мен да жардам берейин”,- деген эле Сооронбай Жээнбеков.

Ал аңгыча бүгүн президент айтып аткан Бишкектеги Фучик көчөсүндөгү №1 бейтапкананын башчысы Жусуп Бошкоев иштен алынды. Ыктыярчы Абдурахманхаджи Муртазалиев өлкө башчысына даттанып, бул ооруканага берилген вирустан коргоочу N95 (FFP3) беткаптары кызыл зонада иштеген дарыгерлер берилбей жатканы тууралуу айткан эле.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул ишти атайы иликтөөгө алып, Бошкоевди иштен алуу чечимине келишкен.

Азыр өлкөдө салыштырмалуу түрдө мурдагыдай курч кырдаал жок. Бирок оорунун мизи кайтты дегенге болбойт, адистер вирустун экинчи толкунуна камдануу керектигин айтып жатышат. Анда дагы өкмөт ыктыярчыларга үмүт артпас бекен?

“Менеджменттен кабары жок, уюштуруу жагынан тажрыйбалары жок адамдар мамлекеттик бийликке келип атты. 30 жылдан бери бийликтеги алсыздыкты ушул кризис даана көрсөттү. Өкмөт мамлекеттик органдардан дагы адамдарды ошол ыктыярчыларга кошуп жөнөтсө болмок. Бизде 36 мамлекеттик мекеме бар. Аларда аппаратта орточо 80-120 кишиден иштешет, ошондон бирден эле киши чыгарса кандай болмок”, -деди серепчи Алмаз Тажыбай.

Шейшембиде президенттин аппаратынын өкүлү Алмаз Кененбаев ыктыярчылар айткан көйгөйлөрдүн 70% чечилди деп билдирди.

Ооруканалардагы бош орундар тууралуу map.covid.kg маалыматтык ресурс иштелип чыкты. Азырынча ал Бишкек, Чүйдө гана тажрыйбаланып жатканы менен бүт өлкө боюнча ооруканаларды камтуу аракети болуп атат.

Сырттан келген жардамдын дайыны ачык болуу үчүн Каржы министрлигинде дары, беткаптардын керектелиши боюнча отчет жарыяланып жатат.  Бейтапканалар оңдолуп, жаңы үч оорукана салынып жатат.

Бирок бул даярдыктарды сыноочу мезгил дале алдыда. Учурда сасык тумоо сезону жакындаган сайын, дүйнөнүн булуң бурчундагы мамлекеттер даярдык чараларын күчөтүүдө.

Күз айы жакындаган сайын, сасык тумоо менен гриппке кабылган кишилердин саны өсөрү талашсыз. Эксперттердин айтымында, респиратордук инфекциялардын же өпкөнү сезгенткен оорулардын үч же төрт башка түрү бар. Симптомдору бүт окшош. Демек, аларды аныктоочу тесттер так болушу керек. Ошондо гана кайсынысы коронавирус, кайсынысы башка инфекция экенин билип, дарыгерлер туура чечим кабыл алат. Ал эми Кыргызстандын лабораториялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатында даярдыктар тууралуу азырынча сөз боло элек. EKa