Татарстан: №175 мектептеги кол салууда каза болгондор жерге берилди

Ыйлап жаткан эки аял

Сүрөттүн булагы, ROMAN KRUCHININ/TASS

Шаршемби күнү Казан шаарындагы №175 мектептеги кол салууда каза болгондор жерге берилди.

19 жаштагы Ильназ Галявиев мектепте ок чыгарып, тогуз адам, анын ичинде 14-15 жаштагы жети окуучу жана 2 мугалим набыт болду. 23 адам жаракат алып, ооруканага кайрылган.

Куралчан мектепке кирип баратып, көчөдөн эле ок чыгарган. Куралдын үнүн уккан 62 жаштагы Мулланур Мустафин көчөгө чыкканда, Галявиев ага ок чыгарган. Мустафиндин башына ок тийгенине карабастан, ал аман калды.

Сүрөттүн булагы, YEGOR ALEYEV/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ильназ Галявиев

Мектептин эшигинин алдында отурган вахтер жашынып, коопсуздук кызматкерлерине байланышканга жетишкен экен. Галявиев окуу жайга кирип, алдынан чыккандарга ок жаадырган. Каза болгондордун көбү 8"А" класстын окуучулары. Эмнеге куралчан ушул класска барганы белгисиз.

Тергөө комитети Галявиев өз колу менен жасаган бомбаны жардырганын дагы айтууда.

Ильназ Галявиевди полиция кызматкерлери камакка алган. Ал дал ушул мектепте мурда окуган эле. Куралчандын колунан мурдагы мугалими Венера Айзатова дагы каза тапты.

Галявиев төрт жыл мурун мектепти жыйынтыктап колледжге өткөн. Бирок бир ай мурун окуудагы кемчиликтери үчүн колледжден чыгарылган экен.

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Татарстанда 12-майда аза күтүү күнү болду

Галявиев куралды мыйзамдуу жол менен 28-апрелде сатып алган. 11-майдагы кол салуунун алдында Галявиев телеграм каналын ачып, бир нече ай мурда “өзүн кудай экенин түшүнүп” жана адамзатты “жек көрөрүн” аңдаганын айткан. Полиция аны камакка алганда дагы, Галявиев дал ушундай сөздөрдү кайталады.

Сот куралчанды тергөө учурунда эки ай камакта кармоону чечти. Соттук угуу учурунда ал “башы катуу ооруп” жатканын айткан. Ага карабастан, Галявиев курал сатылып жатканда, эч кандай психикалык илдеттер байкалган эмес экени айтылат. Ошондой эле анын ден-соолугу чың болгондуктан Галявиевди армияда кызмат өтөөгө дагы жарамдуу экени аныкталды.

Учурда Орусиянын бир нече аймагында Казандагы үрөй учурган окуя кайталанбашы үчүн ар түрдүү чаралар сунушталууда. Мисалы, мектепте интернетке чектөө коюу жана окуу жайларда коопсуздук чараларын күчөтүү аракеттер көрүлүүдө.