Коронавирус: ДССУ индиялык штаммды “кооптуу” деп тапты

 Индия вакцина

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өткөн жылы Индияда аныкталган коронавирустун жаңы түрүн “кооптуу” деп тапты

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Индияда аныкталган коронавирустун жаңы түрүн “кооптуу” деп тапты. Өткөн жылы аныкталган мутацияланган вирус отуз мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга жетти.

Изилдөөнүн алдын ала жыйынтыгына ылайык, коронавирустун B.1.617 мутацияланган түрү тезирек жайылат. Бирок окумуштуулар кошумча изилдөө керек экенин айтышууда. ДССУ коронавируска каршы вакцина индиялык штаммга каршы натыйжалуу экенин маалымдады.

Буга чейин британиялык, түштүкафрикалык жана бразилиялык штаммдар дагы кооптуу катары аталган.

Учурда Индиядагы курч абал коронавирустун жаңы түрүнөн улам болуп жатканы изилденүүдө. Эгерде вирус мутацияланып, үч жагдайдын бири катталса (тез жайылуу, вакцинага туруштук берүү, бейтаптар илдетти оор көтөрсө) вирус кооптуу категориясына кирет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Индиянын бийликтеги партиясы коронавируска каршы чабал аракеттери үчүн сынга кабылууда

Дүйшөмбү күнү Индияда 366,161 киши вируска кабылып, 3,754 адам каза тапты. Серепчилер, чыныгы сандар мындан кыйла жогору экенин айтууда.

Буга чейин Индиянын өкмөтү "эки жолу мутацияланган вирустун түрү" өлкөнү оор абалга кептегенин маалымдаган. Абал өтө оор экенине карабай бийлик улуттук локдаун жарыялоодон баш тартты. Анткени экономикалык жоготуудан чочулап жатат. Өткөн жылдагы апрелден июнга чейинки локдаундан улам индиялык экономика 24 пайызга кыскарган. Учурда бир нече штатта гана карантин чектөөлөрү киргизилди.

Учурда премьер-министр Модини жалпы локдаун жарыялоого чакырып жатышат. Ошол эле учурда өлкөнүн бийлиги коронавирус учурунда чоң фестиваль өткөрүүгө уруксат бергени үчүн сынга кабылууда.

Эң оор кырдаал Делиде жаралды. Анткени ооруканаларда бейтаптар кислороддун жетишсиздигинен каза табууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүндө Индиядагы кырдаал коронавирустун кесепети кандай болорун эскертти деп белгиледи.