Нобель медалын сатып $103 миллион топтогон журналист

Дмитрий Муратов

Сүрөттүн булагы, KENA BETANCUR/AFP

Россиялык журналист өзүнүн Нобель тынчтык сыйлыгынын медалын аукциондон сатып, украин качкындары үчүн жүз миллион доллардан ашык каражат топтоду. Бийликке көз каранды эмес газета ачып, Россиянын өкмөтүн көп сындап келген журналист сөз эркиндигин сактоого кошкон салымы үчүн өткөн жылы эл аралык абройлуу сыйлыкка татыктуу болгон.

Ушул жылдын башында Украинадагы конфликт жөнүндө өкмөттүн көрсөтмөсүнөн сырткары бир нерсе жазып кабарлоо кылмыш болуп калганда Дмитрий Муратов өзүнүн газетасын жабууга аргасыз болду.

Өткөн жылы октябрда Нобелдин тынчтык сыйлыгын алгандан кийин ал 550 миң доллар сыйлык акчасын кайрымдуулукка жумшады, бирок андан кийин аукциондон сыйлыгынын өзүн дагы сатууну чечти.

23 карат алтындан турган медалды сатуу онлайн түрүндө 1-июнда балдарды коргоонун эл аралык күнүндө башталган, ал эми кечээки күнгө карата баасы жарым миллион долларга араң чыккан болчу.

Бирок андан кийин 103 миллион доллардан ашык каражат чогулду. Эми мунун баары Украинадагы согуштун айынан качкын болгон балдарга жумшоо үчүн ЮНИСЕФке берилет.

Аукциондун алдында Муратов бул чечимин Россия басып киргенден кийин үй-жайын таштап качкан миллиондогон украиндер менен "тилектештик актысы" экенин билдирди.

Ал ошондой эле башкаларды жеке сувенирлерин сатып, кризистен чыгууга жардам берүүгө чакырды жана өзүнүн медалынын көчүрмөсүн шоколад түрүндө сактап койгонун айтты. (КС)