Кыргыз тилинин мамлекеттик тил болгон тарыхы байыртан башталат

Турдин Усеев, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу,
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Нурдин Усеев, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу, түркологиянын доктору

Кыргыз тили 7-кылымдан тарта мамлекеттик тилдин кызматын аткарып келгени, мамлекеттик башкаруу колдонулган терминдер, таш бетиндеги жазуулардын айырмалары, эмнеге "Байыркы кыргыз жазуусу" термини илимге кирбей калганы жана Сагымбайдын "Манасы" орток кыргыз тилинин кызматын жакшыраак өтөй алмагы тууралуу Би-Би-Сиге "Манас" университетинин окутуучусу, түркологиянын доктору Нурдин Усеев кеңири маек салып берди.

Би-Би-Си: Кыргыз тилинин мамлекеттик тил болуп калганына 30 жылдан ашып калды деп белгилеп жатабыз. Бул биринчи жолу эле ушундай болуп жатабы же кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары тарыхы барбы?

Нурдин Усеев: Бул биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга илимий фактылар деле бар. Кыргыз тили байыртан эле мамлекетти башкаруу, административдик иштерде колдонулуп келген. Так кыргыз тили деген ат менен болбосо деле, жалпы түрк тилдеринин ичинде, орток түрк адабий тили деген ат менен мамлекеттин тили катары колдонулуп келген. Мамлекеттик тил катары эң биринчи колдонулушу 7-кылымга таандык. Кыргыз каганатынын административдик иштери үчүн же мамлекетти башкарууда колдонулган.

Би-Би-Си: Буга кандай мисалдарды келтирсек болот?

Нурдин Усеев: Буга теориялык негиздеме бере турган болсок, мамлекет пайда болгондон кийин анын ишин аткарыш үчүн жазуу керек болот. Жазуу пайда болгондон кийин адабий тил пайда болот. Анын негизги милдети – мамлекеттик институттардын ишин камсыздоо.

Байыркы кыргыз жазуусу деп жүрөбүз, азыр ушундай тренд бар, Орхон-Енисей жазуусу же байыркы түрк руникалык жазуусу деген жазуу кыргыз каганатында ырасмий түрдө колдонулган жазуу болгон. Ошол жазуу кыргыздардын алгачкы мамлекеттик тили болуп эсептелет.

Бул жазуу менен Түштүк Сибирде, Монголияда, Чыгыш Түркестанда, азыркы Кыргызстандын аймагында кыргыздардан калган жазма эстеликтер бар. Аларды карасак, мамлекеттик түшүнүктөрдү чагылдырган терминдерди көрөбүз.

Кытай императоруна кат жазылган деп айтылат, бирок тилекке каршы ал Кытай архивдеринде табылган эмес, балким келечекте табылып калаар.

Сүрөттүн булагы, Nurdin Useev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Барсбек кагандын жазма эстелиги

Би-Би-Си: Мамлекеттик институттарды тейлеш үчүн деп жатпайсызбы, административидик башкаруунун кандай терминдери, наамдар болгон?

Нурдин Усеев: Мисалы, кыргыздардын жети министри, жаңылбасам, он беш акими, төрт катчысы деген сыяктуу нерселер бар деп кытай булактарында жазылып калган.

“Буйрук” деген термин бар, “Күмүл Өге буйругу мен”, - дейт. Күмүл Өге деген кишинин аты. “Өге” – бул премьер министр. “Буйрук” – министр, буйруктарды ишке ашырган киши дегенди билдирет.

Бул жерде бир катар мамлекеттик башкаруу терминдери кытай тилинен алынганын белгилей кетишибиз керек. Эмне үчүн кытай тилинен? Анткени, кыргыздар кытайдын башкаруу системасын колдонууга аракет кылганбыз. “Чикши” деген бар – бир аймактын башкаруучусу. “Чаңшы” деген бар – катчы, кеңсенин башчысы дегенди билдирет.

Ошондо 100 термин болсо, ошонун отузу кытайча. Бул ошол кездеги кыргыз мамлекети Кытайдын мамлекеттик башкаруу өрнөгүн дагы алганга аракет кылган дегенди билдирет.

Сүрөттүн булагы, Nurdin Useev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

“Күмүл Өге буйругу мен” - башкы министрдин жазма эстелиги

Би-Би-Си: Бул элдик санжырада айтылган Алмамбет баатырдын жомогуна үндөшүп кеткендей. Айтып жатпайсызбы Кытай императору менен кат алышкан деп. Булар далилденгенби?

Нурдин Усеев: Мунун баары “Манас” эпосунда айтылат да. Ли-Лин жөнүндө айтылат эмеспи, Кытайдын колго түшүп калган генералын кызматка алып, кийин ал мамлекеттин башкаруучусу деңгээлине чейин жеткендиги тууралуу.

Кытай императорунун каты сакталып калган. “Сиз бул катыңызда ушундай-ушундай айттыңыз” - деп жазылат. Демек кыргыздардын кат жазганы далилденген, белгилүү, бирок толук сакталбай калган.

Би-Би-Си: Кыргыз тилинин ошол доордогу мамлекеттик тил катары жашоосу канчалык узак болгон?

Нурдин Усеев: Жазма эстеликтерде бир канча муундун өмүр баяны айтылат. Мисалы, ыраматылык Васильев деген окумуштуу жазма эстеликтерди изилдеп отуруп небереси, чөбөрөсү, атасы, баласы экенин далилдегенге аракет кылган.

Болжол мен бул жазуу, бул тил 7-кылымдан 9-кылымга чейин, 200 жылдай убакыт колдонулган.

Сүрөттүн булагы, Nurdin Useev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Байыркы кыргыз баатыры

"Байыркы кыргыз жазуусу" илимий терминге айланбай калганы

Би-Би-Си: Андан кийинки тагдыры кандай болду?

Нурдин Усеев: Бир нерсени айта кетейин, байыркы түрк руникалык жазуусу деп атпайбызбы, бул жазуу ошол кездеги бардык түрк элдерине орток болгон. Бул Түргөш мамлекетинде – азыркы Кыргызстандын аймагы, Кыргыз каганатында, Түрк каганатында, анан Уйгур каганатында колдонулган.

Бирок Кыргыз каганаты колдонгон жазуунун айырмачылыктары болгон. Көк Түрк каганаты колдонгон Орхон жазма эстеликтеринде 38 тамга болсо, бизде 47 тамга болгон.

Тилде дагы бир аз айырмачылыктар бар. Орток түрк адабий тилинде “бен” деп айтса, кыргыздарда “мен” дейт. Сингармонизм болгон. Сингармонизм – бул жазма эстеликтерди бизге таандык кылып турган эң негизги нерсе.

Ошол эле учурда, кытай жазма булактарында булардын жазуусу менен тили уйгурлардыкына окшош деп айтылат. Бул “Син Таңшу” деген булакта айтылат. Бирок кыргыздардын тилинде жана жазуусунда айырмачылык бар.

Би-Би-Си: Сергей Малов “Орхон-Енисей жазуулары” деген терминди башында “Байыркы кыргыз жазуулары” деп атоону сунуштаган экен деген пикириңизди чечмелей кетсеңиз.

Нурдин Усеев: Илимде бир жазуу табылганда ал кайсы элге таандык экени белгисиз болсо, аны табылган аймактагы суунун, көлдүн аты менен атайт. Енисейдин жээгинде табылган үчүн - Енисей жазма эстеликтери, Орхон дарыясынын жээгинде табылган үчүн – Орхон жазма эстеликтери деп айтылган.

Андан кийин бул түрк элдерине таандык экени белгилүү болду да. Сергей Ефимович Малов 1947-жылы келип кол жазмасын биздин илимдер академиясына берген экен. Ал кол жазмада “Древняя кыргызская письменность” деп жазыптыр. Бирок биздин кыргыздар ал мезгилде советтик идеологиядан коркконбу же эмне кылышкан, - “Жок, бул биздин жазуу эмес. Биздин жазуу 1924-жылы пайда болгон”, -деп каршы чыгышкан.

Кийин бул кол жазманы 1952-ж. Москвада жарыялаган. Баягы “Древняя кыргызская письменность” деп даярдалган кол жазманы “Енисейская письменность тюрков” деп чыгарган.

Эгер ошондо биздин окумуштуулар көрөгөчтүк кылып китепти чыгарып жибергенде, енисей жазма эстеликтери азыр кыргыз жазма эстеликтери катары белгилүү болуп калмак илимде.

Сүрөттүн булагы, КР УИА

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Малов С. Е. "Древняя киргизская писменность" кол жазмасы, 1947-ж.

Кыргыз санжырасындагы отуз уул кайдан келген?

Би-Би-Си: Азыркы Кыргызстандын аймагында табылган таш жазма эстеликтери менен Енисейдеги жазма эстеликтердин айырмасы барбы?

Нурдин Усеев: Ооба, айырмачылыктар бар. 7-8-кылымдарда түргөш деген эл болгон. Бул азыркы огуз элдеринин – түрктөрдүн, азербайжандардын ата-бабалары. Бул жазууну ошолор дагы колдонгон. Таластагы жазма эстеликтердеги жазуулар биз Энесайдагы колдонгон жазуулардан айырмаланып турат. Мисалы “к”, “с” тыбышын билдирген тамгалар айырмаланып турат.

Ошол эле мезгилде, Кыргызтандын территориясында, Ысык-Көлдө бир канча жазма эстеликтер бар. Булар жанындагы Кочкордогу жазма эстеликтерине эмес, бир жарым миң километр алыстыктагы Алтай жазма эстеликтерине окшош. Так ошондой жазуу Алтайда бар, Чыгыш Түркенстанда, анан Монголияда бар. Кыргыз каганаты бул жерди дагы ээлеп турган да, ошондон калган жазуулар.

Бирок мунун баары кыргыздарга таандык эмес. Түргөш каганатынан, Түрк каганатынан, Уйгур каганатынан калган жазуулар бар. 600 чамалуу эстелик болсо, ошонун 300 кыргыздарга таандык. Ушул жерден бир аз мактанып кетсек болот.

Би-Би-Си: Ал жерде азыркы кыргыз санжырасында кездешкен терминдер бар экени айтылат. Мисалы, “отуз уул” – булар кандайча болуп кездешип калат?

Нурдин Усеев: “Отуз оглан” боюнча макалам бар. Талас эстеликтеринин көбү бир кишиге, бир үй-бүлөгө арналган. Ошол жерде “Отуз оглан сагдычылар” деп айтылат. Бир канзаада жана анын отуз оглан сагдычылары. Сагдыч деген сөз кыргыз тилинде сакталган эмес, бирок Түркиялык түрктөрдүн тилинде сакталып калган. Сагдыч деген сөз – күйөө жолдош, жолдош, дос дегенди билдирет.

Кыргыз элинин курамында дагы отуз уулдар деген бар. Окумуштуулардын баары муну кабыл алышат, ошол Талас эстеликтериндеги “отуз оглан” деген коомдук институт кийин кыргыздардын курамына уруу катары кирип кеткен.

Кыргыздар толугу менен Энесайдан келген эмеспиз да, бул жердеги эл менен сиңиштик. Алар биздин курамыбызга кирди. Ошондон улам “отуз уул” келип чыккан.

Эң кызыгы ушул “отуз уул” “Манас” эпосунда гана бар экен. “Манас” 40 чорого чейин 30 жигит ээрчитет.

Сүрөттүн булагы, Nurdin Useev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Таластагы "Отуз оглан" жазма эстелиги

Доор алмашкандагы жоготуулар

Би-Би-Си: Түрк каганатынан кийинки кыргыздардын мамлекеттик тили кандай болуп калды? Караханиддер доорунда жазуу алмашты.

Нурдин Усеев: 840-жылы Кыргыз мамлекети каганаты империя деңгээлине чыкты. Ошол мезгилде Монголиянын аймагында жут болуп, түрк элдери ал жактан көчүп кетишкен. Ошонун натыйжасында Кыргыз каганаты ал жердеги өз жашоосун 920 жылга чейин эле токтоткон. Мамлекет жоголду – жазуу дагы жоголду. Койсарыда табылган таш бар. Ал ташта араб жазуусу дагы, байыркы түрк руникалык жазуусу дагы бар. Демек, бул жакта Карахандар мамлекети курулгандан кийин дагы биртоп учурга чейин эки жазуу бирдей колдонулуп турган деп айтууга негиз бар.

Исламды кабыл алуу менен араб жазуусуна өттүк. Натыйжада биздин тилибиз дагы өзгөрдү. Араб сөздөрүн көп пайдаланган карахан түрк тили пайда болду. Кыргыздар дагы ошону колдонгон.

Би-Би-Си: Бир жазуудан экинчисине өткөндө жоготуулар болот эмеспи. Ошол өтүштө дагы жоготуулар болуп, эски жомоктор, баяндар динге ылайыкташып өзгөргөн деген пикир бар. Ошого кандай карайсыз?

Нурдин Усеев: Ооба, эски салттарды деле жаңы динге ылайыкташтырдык да. Биздин маданий жашообуз дагы ошондой болду. Мисалга айтсак, “Ак санатай менен кара санатай” деген жомок бар. Мунун түпкүрүндө буддизмдеги “Жакшы ойлуу канзаада менен жаман ойлуу канзаада” деген жомок жатат. Кийин бул жомоктон буддизмдин элементтери чыгарылып отуруп, исламга адаптация болгон “Ак санатай менен кара санатай” жомогу пайда болду. Мындан тышкы жашоо эле эмес, ички маданий жашоо жагы адаптация болгонун көрөбүз. Бирок толугу менен жоготулган эмес.

Сүрөттүн булагы, Nurdin Useev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Чачыкей" жазма эстелиги

Би-Би-Си: Караханийлер дооруна таандык Махмуд Кашгаринин, Жусуп Баласагындын эмгектери бар. Ошол чыгармалардагы айтылган мамлекеттик башкарууга тиешелүү терминдер кийинки кыргыз тилинде сакталып калганбы?

Нурдин Усеев:  Булар кийинки кыргыз тилинде сакталып калган жок. Себеби андан кийин  Чагатайлар мамлекети, Кеңеш доору келди. Көп өзгөрүүлөр болду. Бирок бир кызык жагдай бар, булар фольклордо сакталды. “Манас” эпосунда сакталды.

Бир мисал келтирсек, чалгынчы деген маанидеги жесекчи деген болгон. Диван-лугат ат-Түрктө "йезек" деп турат. “Манас” эпосунда жесекчи деп сакталып калган. Же караханийлер тилинде мүрзө деген маанидеги “барк” деген сөз болгон. “Манас” эпосунда: “киргизем деп барыкка, кабар айтып барбасын, караңгы менен жарыкка”, - деген саптар бар.

Би-Би-Си: Чагатай доорунда кыргыз тили мамлекеттик тил катары колдонулганбы? Иш жүгүртүү тили кандай болгон?

Нурдин Усеев: Бир нерсени эске алышыбыз керек да. Карахан тили деле, чагатай тили деле – бул Орхон-Енисей жазма эстеликтеринин тилинин уландысы. Биз түркологдор ошондой эле карайбыз. Болгону тарыхый доорлорго бөлүп коебуз.

Чагатай тили биздин адабий тилибиз болгон. Орус бийликтерине кат жазып жатабыз, аны чагатайча жазып жатабыз.

Сүрөттүн булагы, Nurdin Useev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кочкордогу жазма эстелик

Сагымбайдын "Манасы" бардык диалектилерди камтыган орток адабий тил боло алмак

Би-Би-Си: Сиздин азыркы кыргыз тилин Сагымбай Орозбаковдун лексиконунун негизинде түзсө туура болмок деген пикириңиз бар.

Нурдин Усеев: Мен азыр деле ошондой пикирдемин. Себеби жазуу тилибиз бар, албетте, чагатай тили. Кыргыз тили оозеки колдонулуп келди да. Бирок жазма адабий тилинен башка адабий тили жок дегенге болбойт. Кыргыздарды бириктирген бир тил сөзсүз болгон. Ал тил кыргыздардын баарына орток тиешелүү болгон чыгарманын тили болот. Европада дагы ушундай болгон. Ошол сыңары “Манас” эпосу бул кыргыздардын баарына орток чыгарма болгон да. Ал кыргыздарды бириктирип турган чыгарма болгон.

Эми Сагымбай Орозбаковдун “Манасын” карасак, ушул тапта диалект катары колдонулган бардык нерселер бар. Талас говорундагы “келатыр, баратыр” деген дагы бар, түштүк диалектилердеги “баласыны, атасыны” деген үчүнчү жактагы “н” деп айтуу дагы бар. Байыркы формалар дагы бар. Лексикасы өтө бай. Ошон үчүн, менин оюмча, “Манас” эпосунун тили адабий тил катары алынганда дагы жакшыраак болмок. Бардык диалектилерди ичине киргизген орток адабий тил болмок.

Сүрөттүн булагы, Теодор Герцен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сагымбай Орозбаков, манасчы

Би-Би-Си: Технологиялар заманында жазуу, сүйлөөдө сөздөр жуурулушуп, кыскарып кетип барат. Ушуну эске алганда, процесс жөнөкөйлөшөбү же жана сиз айткандай Сагымбайдын тилине кайтарабыз десек, анда ал татаалдашуу жагына ооп кетеби?

Нурдин Усеев: Оор суроо. Социолингвистика деген бар... Тил өзү жөнөкөйлөшөт. Археолингвистика - лингвистиканын археологиясы бар.  Ошол боюнча, алгачкы аң-сезимдүү адамдардын тили оор, татаал болгон. Жүрүп отуруп ал жөнөкөйлөшкөн.

Байкасаңар азыркы кыргыз тилинде деле мүчөөлөр азайып, кыскарып кетип баратат. Жазууда үнсүздөрдү гана жазып коюу бар – “клм” деп коет, бул келем дегенди билдирет. Бул жагынан алганда, тилдин экономдоштуруу деген мыйзамы бар.

Ошол эле мезгилде, коомдун татаалдашуусу бар. Институттар көбөйүп жатат, илим-билим, адабий чыгармалар көбөйүп жатат.

Бул жагынан алганда, бир эле учурда тил оорлошуп, бир эле учурда жөнөкөйлөшүп жатат.

Би-Би-Си: Демек, жанагы Сагымбайдын тилин алып, кеңейтип колдонуу кыйын иш болот деген ойдосуз.

Нурдин Усеев: Кыйын иш болот. Бирок жасап койсок деле болот.

Теориялык жактан туура болуп жатпайбы. Сагымбай Орозбаков – эмне? – Кыргыз. “Манас” эпосу кыргыздыкы. Демек мунун тили – ошол мезгилдеги кыргыз адабий тили. Муну мен эмес, Бүбүна Орозбаева эже айткан. Макаласы бар – “Язык “Манаса” – литературный язык кыргызов” деген. Ошо жерде, толук кыргызга таандык жазуу пайда болгонго чейин, “Манас” эпосунун тили адабий тилдин кызматын өтөгөн деп айтылат. Демек, “Манас” эпосунун тилин адабий тил катары алып койсок болмок.

Би-Би-Си: Анда Саякбай Каралаевдин “Манасынын” тилин деле алып койсок болбойбу. Же Сагымбай менен Саякбайдын “Манасынын” тилинде айырма барбы?

Нурдин Усеев: Ооба, айырма бар. Сагымбай Орозбаков Саякбай Каралаевге караганда салыштырмалуу эркин мезгилде жашаган. Эпосту изилдеп жаткан учурда ушуну эске алыш керек. Ал кайсы учурда жазылып калганын, манасчы кайсы доордо жашаганын эске алыш керек. Менимче, манасчылардын ичинен эң эркин жашаганы Сагымбай Орозбаков болгон. Ага 23-жылдары (ред. 1923) буйрук келип жатпайбы, Ленинди киргиз деген. Ага чейин өзү каалагандай, өзү билген “Манасты” айтып жаткан. Бешинчи томдон баштап орустарды киргизип баштаган. Ошондон байкайбыз, Сагымбайдын варианты эң эркин жазылган, эң жакшы, идеологиялык курал катары колдонулбаган вариант.  

Азыркы кыргыз тилине эмне жетишпейт?

Би-Би-Си: Адаттагы суроону берели, кыргыз тилинин өнүгүшүнө эмне жетишпей жатат? Акча жетпей дечү элек, акча берилген учур деле болду, ал деле көп жардам бербегендей.

Нурдин Усеев: Бизге текст жетиштпейт. Кыргыз адабияты өтө эле чакан адабият. Калп айткан менен болобу, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын окуйбуз, Алыкул Осмоновдун чыгармаларын окуйбуз. Бүтүндөй бир мамлекетти карасак, жаштар арасында окулуп жаткан 2-3 эле китеп бар. “Сынган кылыч”, “Маркумдар үнү”, “Келкел” сыяктуу. Жаңы чыккан жазуучулардан Арслан Койчиевдин китептери бир аз окулбаса, анчалык көп окулган жазуучу деле жок  да. Текст жок.

Ошондуктан кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн мен эң биринчи котормону коймокмун. Дүйнөлүк классикалык адабият, мурункуларды эле эмес, кийинкилерди которуу. Балдарга арналган тексттерди жазышыбыз керек, которулган тексттерди. Ар кайсы тармакка таандык болгон тексттерди которушубуз керек.

Би-Би-Си: Акыркы сурообуз, кыргыз тилине латын тамгасын колдонсок заманга ылайык болмок деген пикир бар.  Ошого кошуласызбы?

Нурдин Усеев: Толук кошулам. 2-3 жыл мурун бир аз ойлончумун. Кирилица менен көптөгөн эмгектерибиз жазылды, “Манас” эпосубуз жазылды деген сыяктуу нерселер бар болчу. Бирок ошол жазылган тексттерди карап көрүп, аларды окубай калсак, көп нерсени жоготпой турганыбызды түшүндүм. Чын-чынын айтыш керек да эми. Ошол тексттердин 90% идеологияга сугарылган тексттер да.

Кирилица баары бир калат биздин жашообузда. Анткени орус тили ырасмий тил катары сакталып турат. Баары бир орус тилинин таасиринен жүз жылга чейин чыга албайбыз. Ошондуктан жанагы тексттер окулбай калбайт деген коркунуч жок.

Жаныбызда Казакстан өтүү коркпой эле. Биз эмнеден коркобуз, билбейм.