Бишкек менен Оштогу ээнбаш курулуштар

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Кыргызстандын мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги расмий уруксаты жок, мыйзамсыз курулуп жаткан 59 объектинин тизмесин жарыялады.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бишкектеги Чуйков 132 дарегинде мыйзамсыз курулуп жаткан он кабаттуу үй. Заказчик дагы, подрядчик дагы "Элит-хаус строй".

Алардын баары көп кабаттуу турак үйлөр. Бишкекте 37, Ошто 18 жана Чүй областында төрт объект.

Расмий маалыматта, уруксат документтери жок курулуш жүрүп жаткан объектилерге мыйзамдуу чечимдерди чыгаруу үчүн тийиштүү органдарга материалдары жиберилгени айтылат.

"Мыйзамсыз курулуш башталган маалда биздин башкармалык тиешелүү чараларды колдонобуз. Эскертүү кагаздарын беребиз, протоколдун негизинде штраф салабыз. Курулуш токтобой турган болсо, электр кубатын өчүрүп, сот органдарына снос кылыш үчүн жөнөтөбүз. Тиешелүү органдар дегенде күч кызматкерлерине жөнөтүлөт. Сотторго, сот аткаруучуларга, прокуратурага. Азыркы учурда биз көп кабаттуу болуп курулуп жаткан 37 объектиге Бишкек шаарынын башкармалыгы чараларды колдонуп, иштерди улантып жатабыз",-деди Би-Би-Сиге Бишкек шаардык курулуш башкармасынын башчысы Иманакун уулу Талант.

Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзүп жаткандардын тизмесинде "Элит-Хаус строй", "Эконом строй", "Аалам-строй", "Аляьнс-курулуш" сыяктуу белгилүү компаниялар бар.

Эми мыйзамга ылайык, тийиштүү долбоору, уруксаты жок курулуштар белгилүү бир мөөнөттө кемчиликтер оңдолбосо, бузулууга тийиш.

2017-жылы Бишкекте мыйзамсыз курулуштар боюнча оперативдүү штаб түзүлүп, 300дөй ээнбаш курулуш аныкталган эле. Алардын канчасы түрттүрүлгөнү жөнүндө так маалымат жок. Бирок Токтогул-Манас көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган жети кабаттуу имараттын бузулганы белгилүү.

Бул жерде долбоору, экспертизасы жок, архитектуралык планды уюштуруу, инженердик-коммуникациялык кагаздары жок курулуштар жөнүндө сөз болуп жатат.

Бирок тийиштүү уруксаты жок курулуштарды баштаганга ким уруксат берген, деги эле долбоору, чиймеси жок да курулуш баштайбы деген суроо келип чыгат.

"Бюрократизмдин көптүгүнөн бир жылдап-эки жылдап документ топтолуп атканынын себебинен кээ бир куруучулар мыйзамсыз баштап, документти кийин бүтүрүп алам деп жүрө берген деп ойлойм. Бирок мыйзамга ылайык, колго уруксат кагазын алгандан кийин тиешелүү органда каттоодон өткөндөн кийин курулуш ишин баштайт деп жазылып турат",-дейт Иманакун уулу Талант.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бишкектин так борборундагы Токтогул-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үй да уруксаты жок курулуп бүткөн.

Бишкекте курулуш бизнеси соңку жылдары дүркүрөп өнүгүп жаткан кези. Көп кабаттуу имараттар, үйлөр бир-эки жылда эле курулуп бүтүп пайдаланууга берилүүдө. Бишкектин чүйгүн жерине салынган көркөмдүү, бардык ыңгайлуулуктары менен салынган көп кабаттуу үйлөр жөнүндө жарнама жайнайт.

Курулуш компанияларында миллиондогон акча жүгүрүп турганы да чын. Алар куруп жаткан үйүн буздуруп салмак беле, мамлекеттик курулушту караган чиновниктердин тилин таап, чөнтөгүнө салып, жан талашат эмеспи. Маянасы аз мамлекеттик курулуш мекемелеринин башчылары буга туруштук бере алабы?

"Каршы турганга алым жетип келген, эрким да жетет,-дейт Иманакун уулу Талант. - Көп объектилерди мен снос кылгам".

Курулуш башкармасы азыркы учурда шаардагы курулуштар жөнүндө маалыматтарды санариптештирүү долбоорун ишке ашырууда. Анда шаардагы мыйзамдуу жана мыйзамсыз курулуштар жөнүндө маалыматтары онлайн жарыяланып, элге жеткиликтүү болмокчу.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Мамкурулуштун кабинеттеринде атайын плакаттар коррупциянын коркунучун эскертип турат.