Талибан БУУда сүйлөгүсү келет, баңгизаттарды Индияга ташуу күчөдү, Йемендеги кризис

22-сентябрга карата дүйнөдөгү жана жергиликтүү кабарларга назар салыңыз.

Афганистандан баңгизаттарды Индияга ташуу аракеттери күчөдү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Афганистандагы Гилмен провинциясындагы апийим талаасы

Афганистанда “Талибан” бийликке келгенден кийин эл аралык баңги соодасынын синдикаттары баңгизаттарды Индияга ташый баштады. Бул жөнүндө шаршембиде “Хиндустан таймс” гезити жазды.

«Индиянын Гуджарат штатынын портунан ушул аптада Афганистандан келген 3 миң тонна героин кармалды. Бул талибдердин героин өндүрүүчүлөргө катаң жазалоочу чараларынан корккон наркомафиянын баңгизаттардын запастарынан арылып жатканын көрсөтөт”,-деп жазган газета.

Бул фактылар Афганистандан Индияга Иран аркылуу деңиз жолдору менен баңгизаттарды ташуу аракеттери күчөп жатканын күбөлөйт.

“Жакын арада афган баңгизаттарынын жаңы партиясы да колго түшөт деп ойлойбуз. Афганистандан баңги ташуунун күчөгөнүнөн улам Индиянын коопсуздугуна коркунуч өсүп жатат”,-деген атайын кызматтардын өкүлдөрү.

Августта бийликке келгенде «Талибандын» өкүлү Забихулла Муджахид талибдер Афганистандын баңгизаттардын чордонуна айланып кетишине жол беришпейт деп билдирген.

Афганистанда баңгизаттарды өндүрүү 80-жылдары жайылып баштаган. 1999-жылы БУУнун Коопсуздук Кеңеши талибдер көзөмөлдөгөн аймакта баңгизаттардын өндүрүшү абдан көбөйүп кеткени тууралуу резолция кабыл алган.

БУУнун маалыматы боюнча Афганистанда 2020-жылы 6,3 миң тонна (дүйнөлүк өндүрүштүн 85%) апийим жыйналган. Эксперттердин баамында “Талибандын” кирешесинин 80% жакыны баңгизаттарды сатуудан алынат. (КС)

Талибан БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгүсү келет

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Талибандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки БУУга дүйшөмбү күнү өтүнүчүн кат аркылуу жолдоду

Ушул аптада Нью-Йоркто өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында талибдер дүйнө лидерлеринин алдында сүйлөө өтүнүчүн билдиришти.

Аталган кыймылдын тышкы иштер министри дүйшөмбү күнү өтүнүчүн кат аркылуу билдирген. Талибандын өтүнүчү боюнча БУУнун комитети чечим чыгармакчы.

Ошондой эле, Талибан өзүнүн Дохада жашап иштеген өкүлү Сухаил Шахинди Афганистандын БУУдагы элчи кызматына көрсөткөн.

Талибдер бир ай мурда Афганистандын бийлигин басып алышкан болчу. Алар бийликтен кулатылган президенттин мурдагы элчисин тааныбасын айтышкан.

БУУнун өкүлүнүн айтымында, талибдердин жогорку деңгээлдеги талкууга катышуу өтүнүчү ыйгарым укуктарды текшерүү комитети тарабынан каралууда. Аталган комитеттин тогуз мүчөсү бар жана ага АКШ, Кытай жана Орусия дагы кирет.

Бирок алардын Башкы ассамблея кийинки дүйшөмбүдө бүткөнгө чейин жолугушуу ыктымалдыгы төмөн. Ага чейин, БУУнун эрежеси боюнча, Гулам Исазай Афганистандын бул дүйнөлүк уюмундагы өкүлү бойдон кала берет.

Ал 27-сентябрда, жолугушуунун акыркы күнүндө, сөз сүйлөөсү күтүлүүдө. Бирок Талибандын айтымында, Гулам Исазайдын миссиясы “Афганистандын миссиясын билдирбейт”.

Талибдер 15-августта Афганистандын борбору Кабулга кирип барганда Ашраф Гани заматта өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери ал Бириккен Араб Эмираттарында баш калка алып жашап жатат. (EA)

Йемендеги кризис БУУда көтөрүлөт

Сүрөттүн булагы, EPA

БУУнун Башкы ассамблеясында Йемендеги кырдаал боюнча маселе көтөрүлөт. Жарандык согуштун кесепетин тартып жаткан Йемендеги жай тургундарга жардам берүү убадалары аткарылбай жатканы тууралуу Ассамблея мүчөлөрү маселе көтөрүүдө.

Oxfam йемендиктердин 1% гана коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн билдирди. Ал эми Эл аралык кризистик борбор Йеменге делген жардамдын 50% гана чогулганын айтты.

Йеменде жарандык согуш болуп жатканына сегиз жылга таяп, йемендиктердин 70% эл аралык жардамга муктаж. Бирок Эл аралык кризистик борбор сырттан келчү жардам жергиликтүү элдин муктаждыктарын жаба албай жатарын айтат.

Ансыз деле чабал болуп келген саламаттыкты сактоо тармагын коронавирус биротоло талкалады. Oxfam билдиргендей, жергиликтүү калктын 99% эмдөөдөн өтпөй, соңку айда өлүм-житим беш эсеге өскөн.

Кедей өлкөлөргө вакцина бөлүштүрүү COVAX глобалдуу альянсы убадалаган вакцина көлөмүнүн 12% гана Йеменге жеткире алды.

Oxfamдын Йемендеги директору Мухсин Сиддикей Британия жана Германияны вакцина технологияларын биргелешип иштеп чыгуу сунуштарын четке кагып жатат деп күнөөлөдү. Себеби, мындай шартта дүйнөдөгү жакыр өлкөлөргө вакцина жеткиликсиз болууда. (EK)

Садыр Жапаров: бир жыл ичинде коомдун ишеничине ээ боло алдык

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында видеокайрылуу жасады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясында 21-сентябрь күнү сөз сүйлөдү.

“Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт. Бул биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы”, - деди Жапаров видеокайрылуусунда.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын азыркы тарыхынын жаңы этабы башталган белгилүү октябрь окуяларына бир жыл толорун эске салды.

Ал бир жыл ичинде мамлекет коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жетишкенин жана коомдун ишеничине ээ боло алганын айтты.

Ошондой эле, президент ноябрда өтчү парламенттик шайлоого БУУга мүчө өлкөлөрдү жана эл аралык уюмдарды өз байкоочуларын жиберүүгө чакырды. (MD)