Германиянын жаңы канцлери Шолстун командасы жана анын максаттары

Сүрөттүн булагы, POOL/GETTY IMAGES
Германиянын жаңы канцлери Олаф Шолc кызматына киришти
Германиянын жаңы канцлери Олаф Шолc кызматына киришти. Ал акыркы үч жылы бери Ангела Меркелдин орун басары болуп иштеп келаткан. Ал Германиядагы жалпы шайлоодо жеңип чыккан. Германиялыктарга Кристмас майрамына жаңы өкмөт түзүлөт деп убада кылынган эле. Берлиндин борборунда дарактарда майрамдык жарыктар жымыңдап баштаганда, ал убада аткарылды.
Учурда үч партия коалициялык келишимди бекитти. Бул айырмачылыктары айкын саясий топ шаршемби күнү ант берди. Жыйынтыгында Ангела Меркелдин саясий доору Социал-Демократ Олаф Шолстун жаңы дооруна расмий түрдө жол бошотту.
Алар эми билек түрүп ишке киришүүгө аргасыз болушат, анткени азыр Германия коронавирустун агрессивдүү төртүнчү толкунунун кучагында жана коомдук жашоого олуттуу чектөөлөр киргизилип жаткан убак.
Коалицияга кирген үч партиянын саясий позициялары жана көз караштары айырмаланат. Алардын биринчи кезекте өкмөттү түзүүгө макул болгондугун айрымдар өзүнчө бир керемет деп эсептешет.
Ошентип бир нече айга созулган кызуу сүйлөшүүлөрдөн кийин үч партиянын мүчөлөрү коалициялык келишимди көпчүлүк добуш менен колдошту.
Дүйшөмбү күнү Жашылдар эң акыркы болуп колдоп, Германиянын парламенти Шолс мырзага шаршемби күнү кезектеги канцлер болуп шайланышына жол ачты.
Коалицияны биримдикте кармап туруу дайыма эле оңой боло бербейт жана алардын “жаңы Германия” боюнча пландары кымбатка турчу максаттар. Кээ бир эксперттер, мунун баарына коалиция кантип каражат тапканы жатканына таң беришет.
Бийликке кимдер келди?
Сүрөттүн булагы, Reuters
Олаф Шолс бир кезде "Шолсомат" (Scholzomaton) деген лакап атка ээ болгон - бирок ал өзүнүн эски роботту эске салган технократтык имиджин артка калтырып, Жашылдар жана бизнеске ынак Эркин Демократтар менен башкаруу келишимин түзүүгө жетишкен.
Гамбургдун мурдагы мэри, 63 жаштагы Шолс Меркел айымга атаандаш болуп келген Социал-Демократиялык партиясынан (SPD) талапкер болгонуна карабастан, анын 16 жылдык башкаруу жолун улантууга убада берди.
Олаф Шолс: Көптөр Шолс мырзанын мүнөзү жана стили боюнча Ангела Меркелге абдан окшош болгондуктан социал-демократтар шайлоодо жеңип чыкты деп эсептешет. Мурдагы финансы министр Шолстун репутациясы оор басырыктуу, токтоо, акылдуу жана этият киши катары сыпатталат. Ал пандемиянын мурунку толкундарында каражат таба алганы үчүн немис коомчулугунун колдоосуна ээ болгон.
Анналена Баербок: Жашылдардын атынан канцлердикке талапкер болгон. Германиянын мурдагы тышкы саясатын көп колдобой турганы, ачык сүйлөгөн тышкы иштер министри болот деп болжонот. Ал чынында кандай күчкө ээ болоору азырынча белгисиз. Ангела Меркел айымдын тушунда тышкы саясаттын көбүн эсе канцлердин кеңсесинде жүргүзүлчү.
Роберт Хабек: Баербок айым менен бирге Жашылдарды жетектеген, эми экономика менен климатты коргоону айкалыштырат делинген супер министрликти жетектейт.
Кристиан Линднер: Финансы министри катары казынаны жана бийликтин көп бөлүгүн Эркин Демократтардын лидери кармайт. Белгилей кетчү нерсе, коалициялык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, шайлоодо үчүнчү орунду ээлегенине карабастан, анын партиясы бир топ ийгиликтерге жетишти. Башкаларды, мисалы, экологияны коргоого багытталган улуттук автожолдордогу ылдамдыкты чектөө жана сунушталып жаткан байлык салыгын алып салуу боюнча планынан баш тартууга мажбурлады.
Коалициянын алдындагы маселелер
Сүрөттүн булагы, EPA
Шолс мырзанын коалициялык өкмөтү болуп көрбөгөндөй ийгиликтүү биримдик болуп калгандай. Алар коалицияны бириктирип турган нерсе, Германияны модернизациялоого болгон чечкиндүүлүк, ошону менен бирге өлкө үчүн кымбат болгон стабилдүүлүктү сактоо экенин билдиришти.
Бул өкмөт үчүн токтоосуз көңул буруучу көйгөйлөр:
- Коронавирус - Германия коркунучтуу төртүнчү толкундун кучагында жана калкка милдеттүү эмдөөнү киргизүүнү карап жатат
- Орусиянын Украинага басып кирүү коркунучу
- Ангела Меркел саясатка караганда соодага артычылык берген деп айыпталган. Шолстун командасы Германиянын бизнесине экономикалык соккуга кабылышы мүмкүн экенине карабастан, Москва менен Пекинге катуураак мамиле кылары күтүлүүдө.
Ушундан улам Вашингтон менен мамиле жакшырышы мүмкүн жана бул Олаф Шолстун жаңыдан түзүлгөн коалициясынын приоритети болору жарыяланган.
Климаттын өзгөрүшүнө көңүл буруу
Сүрөттүн булагы, EPA
Жаңы өкмөт климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү приоритет кылган адилеттүү, либералдуу Германияны каалайт.
Үч багыттуу пландын алкагында:
Мурда айтылгандай 2038-жылга эмес, 2030-жылга чейин эле көмүрдү колдонууну жокко чыгарууга аракет кылат
2030-жылга карата жаңылануучу энергия булактары өлкөнүн электр энергиясынын 80% камсыз кылышы керек
2030-жылга Германиянын жолдорунда 15 миллион электр унааларынын пайда болуусун каалайт.
Андан сырткары маанилүү жана кенен социалдык сунуштар да бар, мисалы, жөлөкпулду оңой алуу жана минималдуу эмгек акыны саатына 12 еврого чейин жогорулатуу.
Каннабис жана шайлоо курагы
Бирок коалиция сунуш кылган, мисалы, кара куурайды мыйзамдаштыруу же дарыгерлерге аборт кызматтарын жарнамалоого тыюу салган эски мыйзамды жоюу тууралуу пландарына шайлоочулар ар кандай пикирде.
Добуш берүү жашын 18ден 16га түшүрүү планы да коомчулуктун пикирин өзүнө бура албады окшойт. Сурамжылоого катышкан респонденттердин 30%ы гана идеяны жактырган.
Дагы бир сунуш, өлкө ичинде да, чет өлкөдө да талаш-тартыштарды жаратышы мүмкүн. Аталган үч партия Германиянын иммиграция системасын толугу менен кайра карап чыгууну, ошондой эле Евробиримдиктин башпаанек берүү саясатын реформалоону каалашат.
Жаңы өкмөт Германиядан башпаанек издеген адамдардын укуктарын жакшыртуу жана чет элдиктердин жарандык алуусун жеңилдетүү аркылуу иммиграцияны кубаттоону каалайт.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Франция менен тилектештик
Франция менен бирге Шолс мырза Евробиримдиктин 750 миллиард евролук пандемиядан кийин калыбына келтирүү фондунун башкы архитектору болгон.
Ангела Меркелдин Франция менен жакын мамиледе болгон доорунан кийин Шолс мырзанын франц-германдык тилектештикти сактоо эмгеги да анын пайдасына иштейт.
Франциянын финансы министри Брюно Ле Мэр аны Франция менен тилектештиги үчүн гана эмес, коронавирустан оор абалга түшкөн алты бейтапты аба аркылуу Кильдеги ооруканага жеткирген анын бир тууганы доктор Йенс Шолс үчүн да мактады. Бул немис өкмөтү тарабынан төлөнгөн, адам өмүрүн сактап калууга арналган кымбат баалуу миссия болгон.
"Ошондуктан, Олаф, буга чейин кылган бардык иштериңиз үчүн рахмат. Ага кошумча агаңызга да рахмат. Шолс үй-бүлөсү бул чынында эле улуу немис үй-бүлөсү", - деди Ле Мэр мырза.