Соль-Илецкидеги кыргыздар: 36 күн көчөдө жашоо кандай?

Казакстан карантинге жабылгандыктан Соль-Илецкиде чек арада калган кыргыздар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Казакстан карантинге жабылгандыктан Соль-Илецкиде чек арада калган кыргыздар

Казак-орус чек арасында ара жолдо калган кыргыздар курсак тойгузуу үчүн жалданып иштеп жатышат. Алды 36 күндөн бери көчөдө жашап жаткан 150дөй жарандын маселеси чечилген жок.

Соль-Илецкидеги чек арада кыргыздардын лагери пайда болду десе болот. Ошол жерде тамак бышырып, ар ким тапкан жеринде уктап жатышат. Шарт болсо жуунуп, болбосо, жарандардын бири айтканына караганда селсаяктай болуп калышты.

Эң алды 16-мартта Казакстан аркылуу Кыргызстанга өтүп кетүү үчүн ошол жердеги чек арага келген.

Толкун 15-апрелде депутаттар парламентте бакылдап мигранттардын таламын талашкандан кийин, бийлик жол ачканы калды деп Москвадан чыгып алган.

Келип чек арадагы кыргыздардын “лагерине” кошулду. “Аргасыздар шаар аралап жумуш издеп кетүүдө. Курулуштарга, күнөсканаларга жалданып иштеп, биртке акча таап келишет. Айрымдар ушул жерде вагондорго жүк жүктөлгөндө аны ташып иштеп жатат”, - деген Толкундун сөзүнөн Би-Би-Си бир апта мурда кабар алганга салыштырмалуу алар айла жоктон абалга ыңгайлаша баштагандай туюлду.

“Бир күндө бир жолу ортодон акча чогултуп, кезек менен казан асабыз, түшкү тамакты уюштурабыз. Консул аркылуу Кыргызстан 90 миң сом жардам берген экен, ал түгөндү. Эртең мененки жана кечки тамакты ар ким өзү таба алса таап жейт, акчасы жок болсо, “кечирип кой” болууда”, - деп сөзүн улады Толкун.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстанга өтөм деп жолдо калган кыргыздардын түшкү тамагы

Айтымында, бир казак боордош кафесинин экинчи кабатын берип, ошол жерде түнөп жатышат. Кээ бирлери азыр иштебей турган сулуулук салонунда. Ал эми батпагандар унааларында түнөп жатканын айтты. Арасында эки-үч балалуу үй-бүлө бар.

Атын атагысы келбеген башка бир маектешибиз жууна албай, кийимдерин жууй албай кыйналышканын айтты. Ал мурдараак келгендердин абалы “селсаяктыкынан айырмаланбай” калганын кошумчалады.

Бийликтен суранышат

Толкун кыргыз жарандарынан башкалар өтүп жатканына ичибиз күйөт дейт.

“Тажикстандын, Өзбекстандын жарандары, унаалары тоскоолдуксуз өтүп жатат. Кантип өтөсүңөр десек, биз билбейбиз жогору жактагылар чечип койгон дешет. Биздин болсо сүйлөшкөн эч кимибиз жок”, - деди ал. Кыргыздар Казакстандан суранып болсо да, кур дегенде жарым күнгө чек араны ачып берсе, келип алгандар өтүп кетет элек дешет.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ким тапкан жеринде баш калкалап жатат

Өздөрүнөн бийлик кооптонуп жатат деп ойлогон жарандар үч күндө бир медкызматкерлер келип, текшерүүгө алып жатканын кошумчалашты. Кыргызстанга келсе катуу карантин чараларына даярдыгын белгилешти.

Өкмөттүн жообу

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев жогорудагы Кыргызстандын атуулдарын алып келүү боюнча Казакстан менен сүйлөшүп жатышканын айтты.

“Транзит мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал жерде 60-70 машинада 150 чамалуу жаран бар. Эл аралык миграция уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгү алардын тамак-ашы үчүн акчалай жардам бөлүп берди”, - деди Би-Би-Сиге Дыйканбаев.

Парламенттин 15-апрелдеги жыйынында депутаттар өкмөткө мигранттарды алып келүүгө бир апта убакыт берген.

“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Казакстан менен сүйлөшүүлөр оор жүрүп жатканын айтты.

“Бүгүн Орусиядагы жарандарга Каржы министрлигинен акча бөлүү чечими чыкты. Ошондон Соль-Илецкидегилерге көмөк көрсөтүлөт деп ойлойм. Карантиндин бүтүшүнө бир аз калды. Ошого чейин жардамдашып турсак, алардын өтүү учуру да келет”, - дейт Молдокматов.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жарандар 15-апрелде чек ара ачылат деп күтүп жатышкан

Кайткысы келгендер көп

Новосибирскте калып кеткендер да ары же бери боло элек. 20-мартта Новосибирсктеги каттам токтотулганда 150 чамалуу киши ара жолдо калган эле.

Жеңиш Молдокматов “ал жерде абал чынында оор, 300дөй мекендешибиз бар, жарымы хостелде, калгандары батирлерде” деди.

Бир апта мурда эле өкмөт өкүлдөрү аларды алып келгени жатканын айткан. “Замандаштын” маалыматына караганда 26-мартта Дубайдагы жарандар транзиттик учак менен учушат.

Орусияда миллион чамалуу кыргыз болсо, келем дегендер абдан көп дейт Молдокматов. Ал мекендештерге карантинди ошол жактан өткөрүүнү сунуштайт.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айрымдар машинада жатышат

“Көп мекендештерге кайрылат элем, эгер мүмкүнчүлүк болсо, Орусияда калган жакшы. Себеби, карантин бүтөт, ошондо Орусияга кайтып баруу оор болуп калат. Карантин бүткөндө ал жерде жумуш абдан көп болот. Анткени көп мамлекеттер жарандарын чыгарып кеткендиктен жумуш орундары арбын. Бул биздин кеңешибиз”, - деди Молдокматов.

Ал Арменияда, Азербайжанда, Италияда келем деп кайрылгандар арбын экенин кошумчалады. Айтымында, Италияда 25 чакты үй-бүлө өтө оор абалда турат. “Замандаш” партиясы өкмөт менен парламентке бул жарандарга жеринде каражат менен жардам берүүнү сунуштап жатат.

Молдокматов берген маалыматка ылайык, 24-апрелге Стамбул-Бишкек чартердик каттамы коюлуп жатат. Анда 200гө жакын кыргызстандык келет. Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов четтен жарандар агылып кирсе обсервация жайлары даяр экенин, ага мейманканалар каралганын Би-Би-Сиге маегинде билдирген.

Ал эми чек арада, Соль-Илецкиде калган кыргыздар “чыдамыбыз түгөндү, ага карабай үмүт үзбөйбүз, мамлекет бизди таштабайт чыгаар” дешти.

Казакстан 16-мартта чек араларын жаап, өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартты.