Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы вакцина алды

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коронавирустан вакцина алууда

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Covid-19га каршы эмдөөдөн өттү. Садыр Жапаров Кыргызстанда вирустун үчүнчү толкуну күчөп, эл арасында вакцинанын пайда, зыяны тууралуу талаштуу талкуулар күчөп турган учурда эмделди. Ал кытай өндүрүшүнөн чыккан Sinopharm вакцинасын сайдырды.

Буга чейин жогорку кыргыз расмийлеринен министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов эмдөөдөн өткөн эле. Жакында эле дин башкармалыгы вакцина алуу диндин эреже талаптарына каршы келбей турганын айтып, муфтий Замир ажы Ракиев дагы вакцина сайдырды. Мындан сырткары бул боюнча атайын фатва дагы чыгарылган.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Муфтий Замир кары Ракиев

Буга чейин президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысы текшерүүдөн өткөн учурда вакцина алууга зарылчылык жок экени белгилүү болду, азырынча вакцина албайт деп келген. Ошондон улам айрым бир интернет колдонуучулар президент өзү баш болуп бул боюнча өрнөк көрсөтсүн, башка бир топ өлкөлөрдө президенттер биринчилерден болуп өздөрү вакцина алышты деп сындап келишкен.

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Маалымат кызматы март айында ушундай билдирүү тараткан эле

Эмдөөдөн өтүү эмне үчүн манилүү?

Вирустарды изилдөө борборунун жетекчиси Зуридин Нурматовдун түшүндүрмөсүн окуңуз.

З. Нурматов: Эң маанилүү жагы бизде эми дагы канча адам вируска кабылышы мүмкүн дегенди жакшылап түшүнүп алуу керек. Аны кантип билебиз? Апрелде жалпы калктын 72%га жакынында бул вируска каршы антитело бар экени аныкталган. Кайра аларды изилдей келгенде алардын 53%га жакыны вирус жугузуп алганын сезбегенин билдик. Ооруганын өздөрү дагы билбей калган. Эми эсептесеңер 28% киши вируска чалдыккан эмес. Жалпы сандын ичинен 28% деген канча болот? Болжолдуу 1 миллион 800 миң киши деп коёлу. Булар вируска кабылып көрө элек. Көбү түшүнбөй жатат да. “Ой, 70%дан ашууну ооруп койгон турбайбы, аз эле калыптыр. Эми биз бет капсыз эле жүрсөк болот экен” деп жаңылып жатышат. Антитела болмоюн ооруй берет. Оорубай калуунун жападан жалгыз жолу - бул вируска каршы эмдөөдөн өтүү. Башка жолу жок.

Вирусологдун маегин толугу менен бул жерден окуңуз:

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Окумуштуулар Covid-19 менен ооруган бейтаптардан организм вируска каршы иштеп чыккан антителонун баш-аягы 250гө жакын түрүн табышкан. Алардын 28и оору менен (вирусту жок кылган) натыйжалуу күрөшкөнү белгилүү болду.

Вакцина алууга кантип даярдык көрүү керек?

Республикалык эмдөө борборунун дарыгери Азим Кыргызбаев бул тууралуу Би-Би-Сиге атайын маек дагы курган.

А. Кыргызбаев: Адам биринчиден психологиялык жактан даярдануусу керек. Азыр көбү эле "Кытайдан келген вакцина экен" деп кооптонуу менен барып жатат. Мындай абалдын өзү эле терс таасирин берет. Мисалы, кан басымы жогорулап же реакция болуп кетиши ыктымал. Ошонун алдын алып, "мага бул вакцина зарыл, зыяны жок" деп оюн калыптандыруусу абзел. Анан эмдөөгө барганда жашырбай баарын айтып бериши керек. Мурда кандай оорулар менен ооруган, келээрден мурун дене табын түшүрүүчү дарыларды ичкенби же жокпу, гормондорго таасир этчү дары ичти беле? Жүрөгү ооруду беле? Ушунун баарын баяндап бергени туура болот. Азыр "менин чаңга аллергиям бар" деп далай киши эмдөөдөн оолактап жатат. 

Маекти толугу менен бул жерден окуңуз:

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп коронавируска каршы эмделген

Аллергия, астмасы барлар вакцина сайдырса болобу?

“Аллергиям бар, эмдөөдөн өтсөм болобу?” деген суроону узаткандар интернетке байма-бай жазып жатканын байкоого болот. Аллергия - бул биздин организмдин кээ бир заттарга карата курч реакциясы. Мындай заттар аллерген деп аталат.Аллергендер аллергиялык реакцияга алып келет. Дене кызарып, кычышып, кээде куску келип, диарея болуп, дем алуу кыйындап же анафилактикалык шок сыяктуу симптомдор пайда болот.

Бул жөнүндө төмөнкү шилтемеден кенен окуңуз:

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Вирус коркунучу жоюла элек

Антидене жок болуп кетеби?

Дүйнөлүк окумуштуулар жаңы коронавирус тууралуу тереңдеп билген сайын Sars-Cov-2 мурдагы вирустардан кескин айырмаланып турганына көзүбүз жетүүдө.Инфекциянын кайра кайталап жугуп жатышы дагы чоң суроолорду пайда кылды. Ошентсе дагы айыгып чыккан бейтапта иммунндук коргоо узакка чейин сакталат деген ишеним бар. Бирок бул азырынча божомол гана. Эпидемия менен күрөшүүдөгү негизги суроолор мурдагыдай эле жоопсуз кала берүүдө.Жарым жыл ичинде Covid-19 илдетинин иммунитети тууралуу окумуштуулар эмнелерди аныктады?

Бейтап айыккандан кийин антитулку канда кала берип, кайра кайталана турган дарттан организмди кайтарууну улантат. Ошондуктан аларды айыгып кеткен бейтаптан бир нече апта, же айдан кийин дагы тапса болот. Инфекция менен кайра бет келгенде алар активдешип, өтө тездик менен жооп кылат. Бирок бул деген киши кайра экинчи жолу илдетти жуктурбайт деген сөз эмес. Иммунндук жооптун күчү дарттын каначалык оор өткөнүнөн көз каранды. Илдеттен канчалык оор өтсө, кайталанган инфекциядан коргоонуу ошончолук күчтүү болот.

Толугу менен бул жерден окусаңыз болот: