АКШ Украинага дагы миллиард долларлык курал берет. Киев эмнелерди алат?

Жапырт сокку ура турган ракеталык түзүм

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жапырт сокку ура турган ракеталык түзүм

АКШ жана Британия Украинага өтө таамай тийчү HIMARS ракеталык түзүмдөрүн убада кылды же бир бөлүгүн берди. Учурда аларды колдонууну үйрөтүп жатат. Украиналыктардын айтымында, мындай куралдан бир нече эле эмес, жүздөп керек.

АКШнын жетекчилиги шаршембиде дагы миллиард долларлык курал-жаракты Украинага бере турганын билдирди. Баасы жагынан рекорддук көрсөткүчкө жеткен бул жолку жардамга негизинен гаубицалар, ок-дары жана ракеталык түзүмдөр кирет.

Бул жолку жардам жөнүндө украин президенти менен телефон аркылуу учкай сүйлөшкөн соң АКШ президенти Байден өзү жарыя кылды.

“АКШ Украинага жардам катары дагы бир миллиард бөлгөнүн, анын ичинде артиллериялык курал, жээк күзөт кызматынын каражаттары, ок-дары жана алдыңкы ракеталык системалар бар. Мунун баары Донбастагы коргонуу операцияларында украиналыктарга керек деп президент Зеленскийге кабарладым”,- деп жазылды Байдендин билдирүүсүндө.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Буга чейин Британия дагы жапырт сокку ура турган оор куралынан Украинага берээрин билдирген

Байден аскердик жардамдан сырткары дагы 225 млн долллар Украинанын жашоочуларына гуманитардык көмөк көрсөтүү үчүн бериле турганын кошумчалады. Анын айтымына караганда, каражат дары-дармек, таза суу, азык-түлүк, качкындар үчүн баш калка жана муктаждарга жөлөк пул үчүн берилет.

Бул жалпысынан өлчөмү жагынан буга чейин болуп көрбөгөндөй жардам болуп калды. АКШ парламенти Украинага жардам катары буга чейинки жардамдарга дагы май айында макулдугун берген.

Жардамдын жаңы топтому жөнүндө Байденге чейин бир нече саат мурун Брюсселде украин кризисин талкуулап жаткан жыйында АКШнын коргоо министри Ллойд Остин айткан эле. “Биз бир топ ишти жасадык, бирок убакытты текке кетиргенге болбойт. Бүгүн биз украин куралдуу күчтөрүнө жардам көрсөтүүнү кайрадан жандандырабыз”, - деген эле Ллойд Остин.

Сүрөттүн булагы, Alamy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Украин тарап куралды кенен берүүнү суранып келе жатат

Кандай курал-жарак, канча өлчөмдө берилет?

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Украинадагы кыйроолордон бир көрүнүш

Пентагон шаршембиде жаңы жардамдын топтомуна эмнелер кире тургандыгын пресс-релизде тизмектеди. Алар:

  • 18-155-мм чиркегичи менен гаубица;
  • ага ылайык 36 миң снаряд;
  • белгисиз санда HIMARS ракеталык түзүмү;
  • бузулган машиналарды эвакуациялаганга сооттолгон 4 техника;
  • тетиктер жана “башка жабдыктар”.

Батыш маалымат каражаттарынын жазганына караганда, “жана башка жабдуудлар” дегенге негизинен билдирүулөрду чечмелей турган радиопередатчиктер жана түнкүсүн көрсөтө турган жабдуулар болушу мүмкүн.

Мындан сырткары, тастыкталбаган маалыматтарга караганда, АКШ менен Британия Украинага кемелерге каршы “Гарпун” ракеталарын бериши ыктымал. Ал негизинен жерге орнотулат.

Америка Киевге берген жардамдын бул жолку траншы рекорддук ченде болду. Буга чейин марттагы жардамдын көлөмү 800 млн долларды чапчыган эле.

Украин куралдуу күчтөрүндө “Гарпун” ракетасын коё бере турган түзүм бар. Анын чыныда Киевге түз тапшырбастан Даниянын ортомчулугу аркылуу беришкен. Британиянын коргоо министри Бен Уоллес шаршембиде норвегиялык кесиптеши менен жолукканда, Украинага Британиянын жапырт сокку ура турган системасын берүү жакында иш жүзүнө ашарын билдирди.

Мында болгону мындай куралдын үч даансы жөнүндө сөз болуп жатыша ыктымал. Бирок бул сандар азырынча тастыктала элек. АКШ азырынча украин куралдуу кучтөрүнө жапырт сокку ура турган Himaris системасынан төрттү бергени расмий айтылууда.

Уоллес Британия Украинага бергени жаткан “Гарпун” ракеталары тууралуу да белгилеп өттү. Ал бул ракеталардын британиялык үлгүсү АКШныкынан бир аз айырмалана турганын, алар негизинен кемге орнотуларын эске алып, алар америкалык системаларга туура келер келбесин текшерүү керектигин айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Орусия тараптын дагы жоготуулары чоң экени айтылууда. Бирок аны Москва тастыктай элек

Курал жеткирүү кечеңдеди жана аз санда…

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ангелла Меркел жакында эле маек куруп, анда Орусия, Путин, Украинадагы согуш тууралуу кенен жооп берди

Украина соңку бир нече апта бою согуштун азыркы фазасына батыштын куралынын бериле турган көлөмү украинанын муктаждыгына туура келбей турганын билдирип келе жатат. Орусия артиллерия жагынан бир нече эселеп артыкчылык кылып, украин күчтөрү ээлеген позицияларды оңой эле снаряд жана ракеталар менен “көмүп” салууда.

Украин президенитин кеңсесинен Михаил Подоляк эки күн мурун “согушка чекит коюп, Орусияны украинанын аймагынан сүрүп салуу үчүн украин армиясына 1000 гаубица, жапырт сокуку урчу 300 система, 500 танк, сооттолгон техникадан 2000 даана жана 1000 дрон керектигин” жазган эле.

Украин тарап 15-16-июнда Брюсселде украин кризиси боюнча өтүп жаткан 50 мамлекттин катышуусундагы жолугушуунун жыйынтыгына бел байлап турат. АКШнын коргооо министри Ллойд Остин ошол жерде сөз сүйлөгөн эле.

 Бул топтун биринчи жыйыны Американын Германиядагы Рамштайн базасында өткөн эле. Михаил Подоляк Брюсселдеги жыйынга келгендерге дагы бир жолу Твиттер аркылуу кайрылды.

“Артиллерияны салыштыра келгенде кээ бир жерде 10го бир туура келип жатат. Фронттун линиясы 1000 кмден ашык. Мен күн сайын биздин коргоочулардан “Биз туруштук беребиз, турабыз, курал качан келээрин эле айтып койгулачы” деген билдирүүлөрдү алып жатам. Брюссель чечимиңиздерди күтөбүз”, - деп жазды Подоляк.