“Эгер оору жайыла берсе, Бишкекти 15-20 күнгө жабууну сунуштайбыз”

Бишкек, блокпост

Эпидемиологиялык кырдаал начарлап жатканы менен кыргыз өкмөтү кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүүгө батынбай турат. Коронавируска каршы ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт карантинге кайтпоо үчүн колунан келген аракетин көрөрүн айтты.

Өлкөдө COVID-19 вирусу жуккан жарандар көбөйүп, кайрадан чектөө киргизүү зарылдыгы жөнүндө талкуулар күчөп жатат.

“Бул өтө орчундуу суроо. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги алдында чогулуш өтүп, өзгөчө абал киргизиштин кажети жок деп, бирок бир канча тапшырмалар берилди. Мамлекеттик органдарда көп учур катталып жаткандыктан кызматкерлерди аралыктан иштетүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталууда. Жергиликтүү администрация, мэрияларга базар, соода түйүндөрү, эл көп барчу жерлерде көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды. Эл арасында тушүндүрүү иштерин күчөтүү керек”, - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бүгүнкү басма сөз жыйынында.

Соңку суткада коронавирустун жаңы 250 учуру катталды. Күн сайын өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны өсүп, ооруканаларга киши батпай жатат. ПЦР тести таза чыгып, бирок вирустун белгилери бар жарандар көбөйүүдө. Мындай бейтаптар Воронцовка айылындагы Курортология институтуна жана Бишкектеги №1 ооруканага да кабыл алына баштады.

Абалы оорлошуп жаткан Бишкекте мэрия болбой эле чектөөлөргө баруу зарылчылыгын айтууда.

Борбордо дем алыш күндөрү коомдук транспорт токтотулуп, ал эми дүйшөмбү күндөрү базарларды жууп-тазалоо иштерине жабылып жатат. “Эгер оору жайыла бере турган болсо анда биз борбордук штабга Бишкекти 15-20 күнгө жапканга сунуш беришибиз мүмкүн. Бул биздин укугубуз. Себеби, биз шаардыктардын ден-соолугун, өмүрүн ойлошубуз керек”, -деди бейшембиде мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев.

Анын бул билдирүүсү коомдук сайттардагы талкууларга жем таштады. Чабал медициналык инфраструктура, дарыгерлердин жетишиздигин эске алып, оорунун жайылышы көзөмөлдөн чыгып кетпеши үчүн чектөөлөрдү киргизүүнү колдогон пикирлер болууда.

Ошол эле убакта колунда жок кембагал катмар күнүмдүк кирешесинен ажырап, кыйналып калат деген коркунуч бар. Ишкерлер да экономика экинчи жолу туташ карантинди көтөрө албашын эскертишүүдө.

“Карантин учурунда ишкерлердин көбү банкрот болду, кээ бирлери жумуш орундарын кыскартып, канчалаган жарандар жумушсуз калды. Экинчи ирээт андай карантинди көтөрө албайбыз го дейм. Кыргызстанда калктын көбү күнүмдүк тапкан кирешеси менен гана жашайт. Алар күнүмдүк тамак-аш, квартирага акчасы жок калып жатат. Биринчи карантинде үмүттөнгөнбүз биздин мамлекет атайын чараларды көрүп, ооруканаларды курушат, жабдык, дары-дармек алып жетишип калат деп. Бирок андай болбоду”,- деди ишкер айым Айнура Сагынбаева.

Катаал карантин чаралары алынып, экономика жанданганына бир эле айдан ашты. Кайрадан чектөөлөр киргизилсе, социалдык чыңалуу күчөшү мүмкүндүгү да айтылууда. Бирок ошол эле убакта өкмөт адам өмүрүн тобокелчиликке салуу жоопкерчилигинен да чочулап тургандай.