Афганистан: Панжшердеги салгылашта талибдердин атактуу командири окко учту

Панжшердеги баш ийбеген күчтөр катуу каршылык көрсөтүүдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Панжшердеги баш ийбеген күчтөр катуу каршылык көрсөтүүдө

“Талибандын” көрүнүктүү командирлеринин бири Мавлави Фасихуддин Панжшердеги согушта өлтүрүлгөнүн Афганистандагы улуттук каршылык фронту “Твиттерде” кабарлады.

Талибдер өз кезегинде бул жөнүндө эчтеке айта элек.

Жекшембиде талибдерге каршы кыймылга жакын бир нече булактар “Интерфакска” Улуттук каршылык фронтунун басма сөз катчысы Фахим Даштинин өлгөнүн билдиришкен эле. Даштини Панжшердеги Даштак районунда талибдер өлтүргөнү айтылууда. Анын кандай шартта курман болгону азыр белгисиз.

Талибдер соңку күндөрү, көп жоготууларга карабай, Панжшерге туш тараптан чабуул коюп баштады. Жүздөгөн согушкерлер, анын ичинде чет элдиктер да бар, өлтүрүлүп, дагы далайы жарадар болуп, туткунга түшкөнү кабарланууда.

Жекшембиде талибдер баш ийбей жаткан провинцияга үч багыттан массивдүү чабуул баштады. Айыгышкан салгылашуулар Шотул уездинде жана Анава, Руха, Париян калктуу пункттарында болуп жатканын эки тарап тең айтууда. (KC)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жекшемби күнкү миссияда 10 J-16 жана төрт Su-30 согуштук учагы, ошондой эле төрт H-6 бомбалоочу жана аскердик кемеге каршы учак болгон

Тайван Кытайдын 19 аскердик учагы аба коргонуу аймагына учуп киргенин айтууда

Тайвандын бийлиги жекшемби күнү Кытайдын аскердик учактары өлкөнүн аба коргонуу аймагына учуп киргенин билдирди.

Коргоо министрлигинен айтышкандай, согуштук жана өзөктүк бомба жардыра алган 19 учагы аба коргонуу аймагы деп аталган зонасына кирген.

Тайбей аралдын жанында бир жылдан ашуун убакыттан бери Кытайдын аба күчтөрү тарабынан бир нече жолу миссиялар ишке ашырылганы боюнча арызданган.

Кытай Тайванды бөлүнгөн облус катары көрсө, Тайван өзүн көз карандысыз өлкө деп эсептейт.

Тайвандын коргоо министринин айтымында, жекшемби күнкү Кытайдын аба күчтөрүнүн иш аракетинде өзөктүк куралдарды ташый алган төрт H-6 бомбалоочу учагы да болгон. Ошондой эле, бир аскердик кемеге каршы учак болгон.

Министрликтен кошумчалагандай, алар кытай учактарын эскертүү үчүн ракеталык жана согуштук учактарды ишке киргизишкен.

Кытай расмий түрдө комментарий бере элек.

Бээжин Тайван тараптан кандайдыр бир жагымсыз комментарий болгон учурда өзүнүн нааразылыгын билдирүү үчүн ушундай миссияларды көп аткарат.

Июнда дагы Кытай Тайвандын аба коргонуу аймагына 18 учакты коё берген.

Соңку миссияга эмне түрткү болгону азырынча белгисиз. (EA)

Ысык-Көлдө ЖККунун "Рубеж-2021" аскердик машыгуусу өтөт

Сүрөттүн булагы, RIA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Рубеж-2021" аскердик машыгуусу өтөт

7-9-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусундагы “Эдельвейс” полигонунда Россия башында турган Жамааттык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун "Рубеж-2021" аскердик машыгуусу өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.  Ага Казакстандан жана Тажистандан да аскерлер катышат. Россиядан 300 аскер жана 60 техника алынып келинери күтүлүүдө.

5-сентябрда  20636 аскердик бөлүгүнө машыгууга келген казак жоокерлерин тосуп алуу салтанаты өттү.

Буга чейин Кыргызстандын Баткен жана Ош облустарындагы тоолуу аймактарда “Түштүк-2021” машыгуулары өткөн эле. Бул аскердик окутуулар Афганистандагы кырдаал курчуп, “Талибан” бийликке келген маалда өтүп жатат.  (EK)