Ө. Абдырахман: менчиктештирүүдө Грузиянын тажрыйбасына көңүл буралы

Өмүрбек Абдырахман

Сүрөттүн булагы, Social Media

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик ишканалар келечекте менчиккке өткөрүлөт деп жарыялагандан тарта түрдүү талкуулар күчөдү. Бирок бул иштер качан жана кантип жүргүзүлөрү тууралуу маалымат жок.

Кыргызстандыктардын көбү 1990-жылдардагы менчиктештирүү жараянын эстеп, өкмөттөн ачык-айкындуулукту талап кылуда. Би-Би-Си менчиктештирүү жараяны боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманды кепке тартты.

Ө. Абдырахман: Эгер демократиялык мамлекет, рыноктук экономика курабыз десек - мамлекеттин менчигин минимум кылышыбыз керек. Бизде мамлекттик менчиктеги ишканалардын дээрлик бардыгы банкроттун алдында турат. Мына азыр бизде дефицит деген барбы? Жок. Эмне үчүн? Анткени барын менчик ишканалар камсыздап жатат. Бир жерге барам десе, транспорттон маселе барбы? Жок. Сатып алайын десең тамак-аштан тартыштык барбы? Жок. Бишкектеги курулуштарды ким куруп жатат? Менчик куруп жатат. Ошондуктан биз менчикти жакшы көрүшүбүз керек.

Ошол эле учурда эки нерсени түшүнүшүбүз керек. Бул стратегиялык обьекттер жана жөн эле катардагы обьектилер. Катардагы обьекттин барын менчикке бериш керек. Ал эми стратегиялык обьект боюнча этият болушубуз зарыл. Аны сатпаш керек. Аларды сатпай туруп эле башкаруу системасына берген оң. Мисалы аэропорт, биз эч качан аны оңдой албайбыз. Бизде аны кыла турган кадр дагы жок. Мамлекет дагы ал жерге реформа кылганга мүмкүндүк бербейт. Ошондуктан мүмкүн болсо, биз аэропорттун башкаруусун мыкты компанияга беришибиз керек.

Сүрөттүн булагы, airport.kg

Грузияда чоң реформалар жүргөндө эң эле таамай бир сөз айтылды эле. Алар: “Биз уятыбыздан башканын барын саттык” деген. Өзүңөр карап көргүлө. “Кыргызтелеком” канчалаган кредиттерди алып, пайдасы жок. Чоңдор жейт, өздөрү жейт. “Кыргызкөмүрдү” да эффективдүү иштете албайбыз. Бир жагына эксковаторду коюп кой, бир жагына капчыгыңдын оозун ачып кой. Ал жерде эч кыйынчылык жок. Эптеп-септеп күн көрүп жатат. “Кыргызалтынды” карагыла. Эгер биз өнүгөбүз десек ошолорду ачык аукционго коюп, шек санагандардын барын катыштырып, керек болсо онлайн кылып, бары ишенгидей кылып сатуу керек. Эгер кайра эле олигархтар, чиновниктер сатып алса анда эл нааразы болот.

Би-Би-Си: СССР ыдыраган соң азыркы КМШ өлкөлөрүндө менчиктештирүү башталды. Алардын арасынан кайсыл өлкөдө менчиктештирүү жараяны ийгиликтүү болду?

Ө. Абдырахман: Биз Грузиянын тажрыйбасын алсак жакшы болот. Мен Грузияга биринчи жолу барганымда көп кабаттуу үйлөрдү терезесинен кадимкидей эле мештин кернейлерин чыгарып койгонун көргөм. Көрүп алып аябай таң калгам. Бул жылуулугу, электр кубаты жетпегендиктен улам айла жоктон кылгандары. Кийин барсам, анын бири жок. Саакашвили “биз энерго секторду үч компанияга бердик. Анын ичинде Орусиянын компаниясы, Чехтердин жана Грузиянын өзүнүн компаниясы бар” деп айтты. Ошону менен бул тармактагы көйгөй чечилиптир. Конкурс ачык өткөндүктөн согушуп жатканына карабай, Орусиянын компаниясына бериптир. Кийин согуш болуп, Орусия Тбилисиге 60 км жакындап басып киргенде дагы Орусиянын компаниясы Тбилисинин светин өчүргөн жок. Эгер өчүрө турган болсо кубалап чыкмак экен. Экинчиден, өчүрө турган болсо башка булакка которуп коймок. Анын бары каралган дейт грузиялыктар. Бизде болсо энергетикабыз бир жагынан өнүкпөй калды. Экинчи жагынан мамлекттин туура эмес саясатынан, коррупциядан улам сазга батты. Энегетика стратегиялык мааниге ээ. Аны менчиктештирүүдө этият болуу керек.

Би-Би-Си: Өнүккөн өлкөлөрдөгү менчик укугу тууралуу да кеп кылсак.

Ө. Абдырахман: Европада мамлекеттик менчик деген негизинен болгон эмес. Темир жол же башкаларды мамлекет курган. Бирок анын барын мамлекет менчиктеп алган эмес. Америкада болсо мамлекеттин менчиги же ишканасы дегендин бирин да көргөн жокмун. Чоң компаниялары дагы, учак чыгарган “Airbus” дагы менчик. Себеби менчик натыйжалуу иштейт. Ал жерде коррупция деген болбойт. Кадр деп тууган, досту албайт. Эң мыктысын тандап туруп алат. Дагы бир өтө маанилүү жагы менчикке эркиндик берүү керек. Бизде болсо коррупция, бюрократия. Ошону менен тушалып, чырмалып тура берет. Мисалы, менин алма багымда эле канча маселе бар? Жашап, алма бакты караш үчүн там салсаң уруксат бербейт, тракторго дагы бир керектүү шайманын жасап чыгып иштетейин десең, ага да уруксат бербейт. Муздаткыч керек, аны салайын десең анысына дагы уруксат жок. Анан кантип өнүгөт?