Жо Байдендин президенттик мөөнөтү: Беш чоң көйгөй күтүп турат

Энтони Зуркер, Түндүк Америкадагы кабарчы

Жо Байден

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Мушкер Майк Тайсон “ар бир адамдын оозго жегиче бир шумдук пландары болот” деп айтканында бир жөн бар. Анткени саясатта да дал ушундай.

АКШнын өлкө башчысы Жо Байден президенттик кызматын коронавируска татыктуу туруштук берүү, инфраструктурага инвестициялоо жана коомдук коопсуздук тармактарын кеңейтүү пландары менен баштаган.

Ал соңку бир жарым айын, Тайсон айткандай, оозго жеп өткөрдү.

Байдендин коомдук рейтинги биринчи жолу терс тарапка ооду. Анткени Афганистандан аскерлерди башаламан чыгарып кетүү, инфляциянын өсүшү жана коронавирустун дельта вариантынын жайылышына тынчсыздануу, айрыкча көз карандысыз шайлоочулар арасында, Байден администрациясынын компетенттүүлүгүнө ишенимди азайтты.

Президенттин кээ бир пландары, мисалы, пандемия менен күрөшүү жакшы көрсөткүчтөргө жетсе дагы анын күн тартибиндеги башка пландарынын ишке ашуусу өтө күмөндүү. Анткени демократия үчүн күрөшүү жана республикачылардын жалпы каршылыгы чоң тоскоолдуктарды жаратууда.

Байден Бириккен Улуттар Уюмунун быйылкы Башкы ассамблеясында жетишкендиктер тууралуу кеп кылганда, дүйнө жана эл сөзсүз түрдө анын алдында турган кээ бир чоң кыйынчылыктар тууралуу ойлонот.

Анын чакырыктары саясий кайра жаралуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жаратышы мүмкүн, бирок ошол эле учурда саясий жарга такалуу коркунучу турат.

Байдендин планы “жакшыраагын куруу”

Ушул жылдын башында демократтар Байдендин президенттик мөөнөтүнүн биринчи жарымында мыйзам чыгаруу күн тартибин кабыл алуунун эки фазалуу планын аныкташкан.

Биринчиси, эки тараптуу инфраструктурага чыгымдар пакети. Сенат муну августта кабыл алган жана азыр Өкүлдөр палатасынын кароосунда. Аталган пакет Байдендин планынын экинчи бөлүгү, бала багуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, карыларга кам көрүү, үй-бүлөлүк себептерден улам өргүү, айлана-чөйрө ж.б.у.с. демократиялык приоритеттердин көбүн камтыган миллиарддаган долларлык пландар менен бирге ишке ашырылышы күтүлүп жатат.

Байдендин “жакшыраагын куруу” жана “камкор экономика” көз карашын жактаган сунуштар, быйыл Байдендин администрациясынын “жаса же талкала” максатын түзөт.

Экинчи пакетти Конгресс демократиялык добуштар менен гана беките алат. Бирок сөз болгон мыйзамдын көлөмүн жана масштабын эске алганда, демократтардын макулдугун алуу оор.

Демократиялык партиянын ичиндеги бул пикир келишпестик, балким, учурда АКШнын Сенатында болуп жаткан коомдук чыр менен эң сонун чагылдырылган десек болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сенатор Берни Сандерс Конгресс залында балмуздак жеп жатат

Батыш Виржиниядан келген, таасирдүү центрист Жо Манчин 1,5 триллион доллардан ашкан чыгымдар пакетин колдобой турганын ачык айтты. Көмүр өлкөсүнүн сенатору айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жана салыктын жогорулашы тууралуу тынчсызданып, бул АКШнын дүйнөлүк масштабда атаандаштыгын төмөндөтөт деп кооптонот.

Акыркы он жылда бардык саясатчыларга караганда либералдык төмөнкү класстарды чогултуу үчүн көп иштерди жасаган, Вермонт штатынан келген, президенттикке мурдагы талапкер Берни Сандерс, ал 6 триллион долларлык план боюнча компромисске барганын жана учурда 3,5 триллион доллардан кем эмес сунушту гана кабыл ала турганын айтты.

Ал өзгөчө улгайган адамдар үчүн коомдук саламаттыкты сактоо системасын кеңейтүүгө кызыкдар. Бул популярдуу Medicare программасын бардык америкалыктар үчүн улуттук ден соолукту камсыздандыруу планына айлантуу үчүн бир кадам болушу мүмкүн.

Байден Демократиялык палатадагы ар биринин көңүлүн алышы керек, антпесе да көпчүлүктүн көңүлүн жубатуусу зарыл.

Өкмөттүн ишинин токтошуна жол бербөө үчүн, келерки апталарда бекитилүүгө тийиш болгон кийинки финансылык жылга бюджет жана АКШнын мамлекеттик карызынын чегин кеңейтүү абалды дагы татаалдаштырат. Эгерде алардын биринде кемчилик болсо, бул Байдендин мыйзам чыгаруусуна тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Бойдон алдыруу

АКШнын Жогорку соту кош бойлуулуктун 15-аптасынан кийин бойдон алдырууга тыюу салган. Миссисипи штатынын мыйзамы боюнча, иш сотто каралганда аборт темасы келерки жылы кызуу саясий темага айланышы керек болчу.

Тескерисинче, Техастагы “алты жумалык” тыюу салуу жеке жарандарды укук коргоочу катары колдонуусу баарына убакытты тездетти. Мыйзамдын күчүнө киришине уруксат берүү менен, Жогорку сот аборт жасоо укугун камтыган “Ро Вэйдга каршы” аттуу маанилүү ишти жокко чыгарууга даяр болушу мүмкүн экенин жана штаттардын өз юрисдикцияларында бойдон алдырууну кескин түрдө чектөөгө, ал түгүл тыюу салууга мүмкүндүк бере тургандыгынан кабар берет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ушул айдын башында АКШнын Жогорку сотунун жанында аборт жасоону колдогон жүрүш өттү

Бул перспектива Байденге жана анын партиясына АКШ мамлекеттик деңгээлдеги эрежелердин жана тыюу салуулардын көрпөсү болуп кала электе федералдык мыйзамда бойдон алдыруу укугун коргоону коддоо максатындагы кысымды күчөттү.

Администрация Техаска каршы өзүнүн доо арызын берди, бирок бойдон алдыруу укугунун жактоочулары Ак үйдүн Конгрессте акция өткөрүшүн каалашат. Бул аракеттер акыры республикачылар тарабынан Сенатта бөгөттөлүшү мүмкүн.

Бирок, бул күрөш демократтарга 2022-жылдагы арадагы шайлоого чейин негизги округдарын тартууга жардам бериши мүмкүн. Техастын мыйзамы көптөгөн аялдар кош бойлуу экенин биле электе жана зордуктоо же инцест боюнча эч кандай өзгөчөлүктөрү жок позициядагы бойдон алдырууга тыюу салат. Аталган мыйзам АКШда колдоого ээ болгон эмес. Маселени көтөрүү ушул жайда президенттен алыстаган кээ бир орто жолду кармангандардын кайра кайтарууга жардам бериши мүмкүн.

Бирок эгер Байден жетиштүү деңгээлде активдүү эмес деп табылса, бойдон алдырууга каршы күрөштө жеңилүү акыры анын демократиялык базасына доо кетириши мүмкүн.

COVID-19

Байдендин администрациясы ийгилик коронавирус пандемиясына эффективдүү туруштук берүүдөн көз каранды экенин көптөн бери түшүнүп келет. Бир убактарда окуялар өз нугунда болуп жаткандай туюлду. Июлда президент америкалыктарга вирустан “көз карандысыздыгын” жарыялоонун алдында тургандыгын айткан. Андан кийин дельта варианты пайда болду да оорукананын тез жардам бөлүмдөрүндө көп сандагы, бекер жана эффективдүү вакцинадан баш тарткан бейтаптарга толду.

Бул абал президентти катуу кайрылууга мажбурлады. Анткени ал эмдөөдөн өтпөгөн калктын 25% өлкөнү тобокелге салганы үчүн күнөөлөп, америкалык 100 миллион жумушчуну камтыган вакцина же тестирлөө талаптарын койду.

Алгач эмделбегендердин кысымга кандай жооп берерине көңүл бөлүнгөн. Себеби республикачылар соттук иштер менен саясий каршылыкты убадалоо менен аларды коргоого киришкен.

Бирок, андан берки сурамжылоолордо калктын басымдуу бөлүгү президентти колдоорун көрсөттү. Morning Consult сурамжылоосуна ылайык, катышкандардын 58% 100дөн ашык кызматкери бар жеке ишканаларда эмдөө же тестирлөө талабын колдошкон. Ушундай эле көрсөткүчтө мамлекеттик кызматкерлерге жана көптөгөн медициналык кызматкерлерге вакциналардын зарылдыгы аныкталган. Ipsos сурамжылоосунун натыйжасында көз карандысыз шайлоочулар тарабынан эки жолду тең колдогондор 60%дан ашканын көрсөткөн.

Солчулдар Калифорниядагы шайлоонун жыйынтыктарын дыкат байкап жүрүшкөн. Анда демократ губернатор коронавирус боюнча каттуу реакциясын жарыялаганын байкашкан, бирок ал алсырай баштаганда колдоосун күчөткөн.

Демократтар анын жеңишин кесепеттерди жумшартуу чаралары учурдагы саясий депрессиядан чыгуунун жагымдуу жолун көрсөткөн белгиси катары кабыл алышы мүмкүн. Бирок Байденге пайдалуу болуу үчүн, катуу чаралар көрүлгөн соң, анын артынан жыйынтыктар да болушу керек.

Афганистан

Мурда белгиленгендей, америкалык аскерлердин Афганистандан чыгарылышы Байдендин саясий позициясына олуттуу таасирин тийгизген. Президент Ак үйдүн акыркы жашоочуларынын ичтерин күйдүрө турган рейтингден, келечектеги шайлоодогу ийгилик менен ийгиликсиздиктин ортосундагы боз зонада турган рейтингге түшкөн.

Ак үй Афганистандан чыгып кетүүдөгү башаламандык убакыттын өтүшү менен саясий күчүн жоготот деп үмүттөнсө да, мындан аркы көйгөйлөрдүн жаралуусу да күтүп турат. Эгерде Афганистан исламист согушкерлеринин баш калкалоочу жайына айланса, ал жакта калган америкалык жарандардын өмүрүнө коркунуч жарала турган болсо же Талибан режими АКШнын региондогу союздаштарын туруксуздаштырса, бул президенттин коомдук абалын ого бетер бузушу мүмкүн.

Ошол эле учурда, республикачылар - Доналд Трамп баш болуп - бул саясий маселени көтөрүүгө чечкиндүү. Алар мамлекеттик катчы Энтони Блинкенди кызматтан кетүүгө чакырып жатышат, (жана кээ бир демократтар менен бирге) тобокелчилик болуп калган чечимдин чоо-жайы жөнүндө көбүрөөк маалымат издеп жатышат.

Аралык шайлоолор учурунда Афганистан жөнүндө көп нерселерди угууну күтүңүз.

Дипломатиялык кыйынчылыктар

Байден ички көйгөйлөрдүн үстүндө иштеп жаткан учурда, калган дүйнө да окуяларга бай экенин эске алуу керек.

Эл аралык иштер сегиз жыл вице-президент жана он жыл Сенаттын тышкы байланыштар комитетинде иштеген Байдендин, президенттин, сүйүктүү жери болмок.

Бирок, тажрыйба дайыма эле ийгиликти оңой жетелеп келерин билдирбейт.

Өткөн жумада эле, АКШ дипломатиялык жактан зыян келтирүүчү күрөш жүргүзүшү керек болчу. Анткени АКШ, Австралия жана Британиянын ортосунда жарыяланган келишим австралиялыктар менен миллиарддаган долларлык суу астында сүзүү келишимин жоготкон француздарды ачуулантты.

Байдендин администрациясы Трамптын “Америка биринчи орунда” деген жылдарынан кескин түрдө айырмаланат деп ойлогон Европа Биримдигинин лидерлери таң калышты. Америка Кошмо Штаттары менен болгон келишим Брекзиттен кийинки Трамп менен мурда дос Британия менен альянсты бекемдеди, ошол эле учурда мурунку администрация дайым сөз кылып жүргөн ири курал келишимин түздү.

Америкалык шайлоочулардын бир тобу АКШ-Франция мамилесинин бекемдигине маани бербегендей көрүнгөнү менен, бул талаш президенттин саясий күн тартибине таасирин тийгизиши мүмкүн. Ал алдыдагы глобалдык климаттык саммит учурунда Европа кызматташтыгын чыдамсыздык менен күтөт. Айлана-чөйрө көптөгөн шайлоочулар үчүн, өзгөчө демократиялык базанын арасында чоң мааниге ээ болгон маселе.

Мунун баары ушул аптада өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Байден оор жүктү алат дегенди билдирет. АКШ ноябрда эмделген европалык саякатчылар үчүн чек араларын кайра ачат деп жарыялоо пайдалуу бонанзанын башталышы гана болушу мүмкүн.