Пенсия-пособие: кимге канча кошулат?

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы жылдан тарта өлкөдө пенсиялык система реформаланарын билдирди.  

Жапаровдун катышуусундагы көчмө жыйында Социалдык фонд "Келечек булагы" стратегиясын сунуштады.

Ага ылайык, жарандардан акча алып, азыраак пенсия берген системанын үлгүсүнөн арылуу каралып жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча пенсияга чыгуу жаш курагы да кайра каралышы мүмкүн.

Би-Би-Си жаңы пенсиялык стратегиянын чоо-жайын сурап, Социалдык фонддун адиси Жеңиш Мукамбетовго кайрылды:

“Пенсиялык тарифтерди кайрадан карап чыгуу каралып жатат. Биринчи кадамды жасадык. Мисалы, жеке ишкерлер ачыкка чыгып, иштеген адамдарынын чыныгы санын так көрсөтсө, анда социалдык төлөмдөрдү төмөндөтүүгө барганы жатабыз. Алар, салык менен социалдык фонддун төлөмдөрү жогору деп келишет. Биз аларды ачыкка чыгып, элүү киши иштетсе, элүү киши деп так көрсөтүүсүн талап кылып жатабыз. Мындай шартта алар үчүн социалдык төлөмдөрдү 27,25% дан 14%га чейин төмөндөтүүнү сунуштайбыз”.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Акылбек Жапаров бул стратегия боюнча сунуштарын айтып, аны толуктап, кайра иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

"Келечек булагы" стратегиясы толук даяр эмес болгондуктан Социалдык фонд анын деталдарын толук ачыктай элек. Жаңы документ жаңы жылга чейин кайрадан өкмөттүн кароосуна киргизилери маалым болду.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстанда 715 миң пенсионер бар

Быйыл 1-октябрдан тарта 4 миң 785 сомдон аз алган песионерлерге 200 сом, бул суммадан көбүрөөк пенсия алып келгендерге 500 сомго чейин үстөк акча кошулган.

"Пенсиянын көбөйтүүнүн негизги шарты – өлкөдөгү орточо айлыктын өсүшү. Улуттук статистикалык комитетин билдирүүсүндө былтыр бул көрсөткүч 9,9% көбөйүптүр. Бул себептүү пенсиянын базалык бөлүгүн биз 10% көбөйтүп жатабыз. Пенсионерлердин жашоо минимуму 4 миң 785 сом делет, бул суммага жетпей акча алган пенсионерлердин гана базалык бөлүгү индексацияланат",- деди Соцфонддун адиси Жеңиш Мукамбетов.

Өлкөдө пенсионерлердин жашоо минимуму - 4 миң 785 сомго тете деп эсептелет.

“Эчтеке жетпейт, бирок эмне кыла алабыз? Кыргызда эмне көп? Той көп. Бир барганга 2 миң же 5 миң сом көтөрүп барасың, ошону менен жок. Мамлекеттен суранып эле келе жатканбыз, пенсияң көп болсо жакшы да. Биздин убагында иштеп тапкан акчанын да эсеси пенсияга чыкпады да. Ошого аябай ич күйөт”, - дейт Асан карыя.

Ал жалгыз пенсия менен күн өтпөшүн, балдарынын кароосунда болгону үчүн гана эч нерсеге муктаж болбой жашап келе жатканын айтты.

Пенсия менен катар өлкөдө 2009-жылдан бери биринчи жолу жөлөк пул акылары эки эсе көтөрүлдү.

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Садыр Жапаров Кыргызстанда 200 миң үй-бүлө жакыр жашарын айткан

“Орточо эсеп менен 200 миңдей үй-бүлө жакырчылыкта күн кечирүүдө. Мен алар үчүн жоопкермин. Ошон үчүн алардын жашоо шартын жеңилдетүүнүн жолдорун таптык”, - деди президент Садыр Жапаров.

Президенттин соңку жарлыгына ылайык, майып балдар үчүн берилүүчү жөлөк пулдар 4 миң сомдон 6 миң сомго көтөрүлдү Ал эми жаңы жылдан тарта ушул эле пособие 8 миң сомго жогорулайт.

Бул жаңылыкты жалгыз уулу майып болуп калган Рая эже кубануу менен кабыл алды:

“Кудайдын бергени экен, жалгыз уулум авариядан инвалид болуп калган, коляскада жүрөт. Баспайт, төрт жыл болду. Квартирада турабыз. Дары-дармек, ижарага тыйын керек болуп аткан эле...”

Өлкөдө томолой жетим балдарга берилүүчү пособие үч эсеге, жалпы эле жөлөк пулдар суммасы жаңы жылга чейин 50% андан кийин 100% көтөрүлгөнү жатат.

Пенсияны индексациялоо бул мамлекет тарабынан жасалчу кадыресе процедура, дейт экономист Кубан Чороев Би-Би-Сиге:

Сүрөттүн булагы, Official

"Аны негизги максаты баалардын өсүшүнө карата пенсионерлердин сатып алуу жөндөмдүүлүгүн көтөрүү. Азыр инфляция да өсүп кетти. Албетте, пенсиянын акысын 200дөн – 500 сомго чейин көбөйтүү көп деле маселе чечпейт. Бирок эми жоктон жогору. 2021-жылы дүйнөлүк рынокто күйүүчү май кымбаттады, бул бардык товарлардын кымбатташына таасирин берди. Албетте, пенсионерлерге мындан да жогору пенсия берилсе жакшы болмок. Бирок бул барып эле биздин экономиканын мүмкүнчүлүктөрүнө барып такалчу маселе”.

Пандемиянын айынан соңку бир жарым жыл Кыргызстанда экономика болуп көрбөгөндөй түшүп кетти. Мындый шартта бюджеттен кары-картаң жана калктын аялуу катмарына кошумча кам көрүү, бийлик тараптын саясий эркине байланыштуу болуп жатат деп кубаттагандар бар.

Кыргызстанда ушу тапта 715 миңдин тегерегинде пенсионерлер бар жана алардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Борбор Азия өлкөлөрү ичинен Өзбекстанда-3,5 миллион, ал эми Казакстанда 2,8 миллион пенсионер бар. Тажикстанда 665 миң кары адам пенсия алат.