Блог: 2016-жылы интернет желесинде топ жарган окуялар

«Фейсбук Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Соңку убактарда Кыргызстанда «Фейсбук» социалдык тармагы коомдук пикир жаратууда чоң курал болуп калды. Айрыкча чиновниктер жаза тайып ишинен же болбосо жүрум-турумунан ката кетирсе эле, колдонуучулардын жаадырган сын-пикир, кер-какшыктарынан улам абайлап калды.

«Фейсбукта» талкууга түшкөн окуя, көрүнүштөрдүн дээрлик көпчүлүгү резонанс жаратып, натыйжада жакшы жагына чечилген учурлап көп болду. Жыл ичиндеги «Фейсбукта» топ жарган тогуз окуяны эске сала кетели.

«Мамлекет төлөйт» же семичке жазасы

Январь айында Бишкектин "Ата Түрк" сейил багында семичке чагып, отурган жерин таштандыга толтурган кыздын видеосу интернетке тарады. Анда кыз курбусу менен семичкенин калдыгына толтурган жерди атайын кызматкерлер тазалаарын, ал үчүн мамлекет акча төлөп берерин айткан.

Интернет колдонуучулар бул кызды жети атасына чейин тилдеп, акырында үстүнө жааган уяткаруулардан улам кыз намыстанып асынып алды деген жалган маалымат да тарап кетти. Милициянын сунушу менен ишти Октябрь райондук акимчилиги иликтеп, ал кызга 2000 сом айып пул салды.

Жыйында чылым чеккен вице-мэр

Бишкек шаардык мэриясында жергиликтүү бюджет боюнча маселе каралып жатканда вице-мэр тамеки тартканы интернетте кызуу талкуу жаратты.

Жыйында модераторлук кылып жатып тамеки түтөткөн аткаминердин жоругу сындалып, бийликтегилердин маданиятына төмөн баа берилди. Вице-мэр бул жоругун 15 саатка чейин созулуп жаткан иши менен байланыштырган.

Ишке ашпай калган дайвинг дымагы

Каржы министрлиги өз кызматкерлеринин сууда сүзүп, эс алуулары үчүн дайвинг куруу тууралуу тендер жарыялап, бирок коомчулуктун катуу сынынан соң ал пландан баш тартты. Министр Адылбек Касымалиев бул боюнча кабарсыз экенин айтып, дайвинг үчүн тендер жарыялаган кызматкерлерине катуу сөгүш жарыялады. Министрликтин планында 15 кызматкер үчүн 1 жылга дайвинг үчүн бассейндин узундугу 25 метр, тереңдиги 5 метр деп болжонгон. Ага 230 миң сом коротуу дымагы болгон.

"Түкүрбө!"

Кыргызстандык Куштар Мамыталиев жеке демилгеси жана өз каражатына Бишкекте "Түкүрбө!" деп аталган акциясы өткөрдү. Ал көчөлөргө "Түкүрбө!" деген жазууларды чаптап чыккан. Президент Алмазбек Атамбаев бул акциясын колдоп, ага жардам максатында өзүнүн социалдык коргоо фондунан 50 миң сом бөлүп берген.

Кол чатыр парады

Ысыкта же жамгырда жардамчысына кол чатыр көтөртүп турган бир топ чиновниктердин сүрөттөрү интернетке тарап, катуу сын пикирлердин алдында калышты. Жаш акын Бердибек Жамгырчиев "Кол чатырын көтөрө албаган элдин жүгүн көтөрө алмак беле?!" деп ыр да жазып жиберди.

Жакшылык жарчысы

Бул жылдагы "Фейсбуктун" эң чоң жардамы үч жаштагы Исхактын үйлүү болгону болду. Сентябрь айында интернет колдонуучу Ош облусунун Кара-Суу базарында картондо уктап жаткан баланын сүрөтүн жарыялады.

Интернетке илинген сүрөт коомчулукта катуу талкууну жаратып, бул окуядан улам картон кагазда уктап жаткан баланын аты-жөнүн аныктоону президент Алмазбек Атамбаев тиешелүү тарапка табыштады. Андан соң бала камкордукка алынып, Президент бул бүлөөгө үч бөлмөлүү батир белек кылды.

Өкмөт 20 млн. сомго килем алуудан артка кайтты

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко өкмөт үйүндөгү залга килем жана эмеректерди сатып алуу үчүн 2017-жылкы республикалык бюджеттен 20 млн. сом каралгандыгы тууралуу айрым ЖМКларда маалымат тараганын айтып чыкты. Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы бул маселе социалдык тармакка жеткиче эле 20 млн. сом тууралуу маалымат чындыкка жатпастыгы тууралуу билдирүү таратты.

Алыкулдун акчадагы «чалыр» көзү

Улуттук банк жаңы жылдан баштап жүгүртүүгө чыгара турган 200 сомдуктагы классик акын Алыкул Осмоновдун сүрөтү түшүрүлгөн акча банктонунун жаңы үлгүсү да социалдык тармак колдонуучуларынын катуу сынына кабылды. Анда акындын акчага түшүрүлгөн сүрөтүндө көзү чалыр болуп калгандыгы сынга алынган. Ыр күйөрандары акчадагы сүрөттү алмаштырып, жаңы акча басып чыгарууну талап кылышты. Бирок, улуттук банк жетекчилиги акчадагы сүрөт өзгөртүлбөйт деген билдирүү таратты.

Казак министри кыргыз элинен кечирим сурады

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын кыргыз мигранттары Россияда даараткана жууп жүрөт деген таризде сүйлөгөн сөзү «Фуйсбук» колдонуучуларын кыйгап өткөн жок. Муну уккан колдонуучулар министрди «күрөккө тургусуз» сындап, акырында одоно айтылган сөзү үчүн кыргыз элинен кечирим суроого аргасыз кылды. Билдирүү талкууга алынгандан көп өтпөй министрдин орун басары Галым Ахмедьяров жетекчисинин кыргыз элине болгон сый-урматы күч экендигин белгиленип, анын айткан сөзү кимдир бирөөнү басынтууга багытталбаганы жана министр өкүнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү тараткан.

Айтор, акыркы убактарда социалдык тармакта колдонуучулар арасында активдүүлүк, коомдук пикир жаратуу тенденциясы күчөп баратат. Эң негизгиси кайсы бир чиновник жосунсуз жоругу үчүн эрдин тиштесе, мамлекеттик мекеме иш жасаардан мурда ойлонуп калганы болду. Балким буга чейин да жогоруда саналган жоруктар болгондур. Соцтармактын жашообуздун бир бөлүгү болушу чоңдор үчүн чоң сабак болду .

Назгүл Бостонбаева, журналист