Блог: Ала-кийиз

Шаардын жазы айылдагыдай кайдан болсун? Түтүн, дым анан кургак ысык бүрккөн шаар көчөлөрүндөгү жазга, шаарлык болуп калдым деген менен дале көнө албай келе атам.

Шаардын жазы айылдагыдай кайдан болсун? Түтүн, дым анан кургак ысык бүрккөн шаар көчөлөрүндөгү жазга, шаарлык болуп калдым деген менен дале көнө албай келе жатам.

Биз, айыл балдары баары бир жыртык кепичтин апкытын кыйшайта басып, булактан суу ташыган күндөрдү сагынаарыбыз ырас. Тердеп- кургап топурак менен топурак болуп аралашып калган балалыктын бир ирмемдери өмүр боюу эӊсетип, өмүр боюу жүрөктүн бир бурчунда толбогон, басылбаган өксүк болуп калаары да чын.

Жаз биздин айылга башкача келээр эле, бала кезде. Жазда коӊшулардын короозунун үнү да ачык, даана, шаӊкылдай түшчү. Өмүрү үтүк көрбөгөн бырыш көйнөк кийген айылдык агаларымдын эрмеги кара жумуш экени алардын куудурап кесилген, дурдугуй колдорунан даана көрүнүп турчу.

Эркектер кол жууганды билбейт окшойт, деп ойлочумун анда. Апам таӊ атпай самоор жакчу, тезекке бышкан сүт каӊылжаарды жарганда гана барып биз ойгоноор элек. Анда ойлорубуз, кыялдарыбыз ал гана эмес бүтүн жашообуз айыл пейилиндей таза анан кийинекей жерге сыя тургандай чакан эле.

Түш оой айылга гана тиешелүү бир оркестр башталчу. Ооба, ал айылга гана тиешелүү оркестр эле... Сабалган жүн… Кычуусу кана сабап жаткан кош сабоо… Бүгүн мен кызыма такыр айтып да, тартып да, кылып да бере алгыз айылдык апалардын кийиз жасоо түйшүгү.

Күн жакшы тийип, какшый кургаган жүндү чогулган аялдар тери талпактын үстүнө же жаман керебеттин торуна салып сабашаар эле. Чыпылдаган сабоонун үнү жеӊелердин колунда алмак- салмак урулчу. Мага окшош кийинекей кыздар чакырбаса да чогулуп ошол үйгө барчубуз. Биздин жумушубуз, кийгиз тебүү. Бирок ал бизге жумуш эмес, оюндай туюлчу.

Айылдагы иштүү апалардын катары суюлуп баратат бүгүн. Анда узатасынан жайылган чийдин бетине чоӊ апалар сабалган кара жүндү тегиздеп, анан үстүнө түркүн түскө боёлгон жүндөрдөн оюу же гүл жасашчу. Кызыгы ала кийиздин четине сөзсүз бир баласынын атын же туулган датасын жазып коюшаар эле. Көрсө үйдөн бөлүнгөн уул- кыздарына атайын арнап жасашып, бүлөөсүн бөлгөндө кошуп беришчү тура. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, чындап ал кезде үй- толо бала элек. Ала кийиздер да анда өтө көп жасалчу.

Азыр жашоо өзгөрдү. Тирилик да, тиричилик буюмдары да өзгөрдү. Жеӊелердин жүгү жеӊилдеди. Бир саам сүйүнөсүӊ… Бирок жеӊил оокаттын, даяр оокаттын бир ыптасы аӊгырап бош калып бара жатканына ичиӊ күйөт.

Ала кийизди мүмкүн азыр эч ким жасабастыр. Андагыдай кол жоорутуп сабоо чаап, бут жоорутуп кийиз теппестир. Бирок… Бирок… Атаӊгөрү ай, кыргыздын ажайып жаратылышын, жайылган пейилин, жаркыган жан дүйнөсүн өзүнө батырып турган жупуну, анан ошол жупунулугунда улуулугу катылган ала кийиз баягыдай, баштагыдай урунулбай, сакталбай, баркталбай, эстелбей калбаса экен…

КЫЗЫК… Азыр музейлерден анан туристер көп келчү дүкөндөрдөн гана көрүп калган ала- кийиздерди мен ошол кездин балдарынын тагдырына окшотом.

Баары апаладын колунан чыгаар эле анда. Апалар биздин тагдырыбыз сыяктуу ала- кийиздерди, ала кийиздер сыяктуу биздин тагдырыбызды жасашчу. Башта айтпадымбы, чийдин бетине кара жүндү, анан анын үстүнө кооз боёлгон жүндөрдү оюлап аяр салып, анын үстүнө казанда шакылдап кайнап жаткан сууну себелешчү. Анан суу куюлган тарабынан баштап ороп, аӊып бизге окшош бала- бакыранын колуна карматчу. Биз кийизди тепкилеп, сүйрөп жүрүп бышырчубуз.

Кээде суусунанбы, таӊуусунанбы же тепкисиненби айтор кийиздерибиз үзүлүп, чоюлуп, ала- кийиз болбой да калчу. Андайда баарыбыздын кылганыбыз текке кетээр эле. Анда айылдын пейили азыркыдай эмес. Туугандык, биримдик, ынтымак ар бир үйдүн босогосунан көрүнчү. Биз да жашоодо апалар жасаган ала кийиздей тагдыр күттүк. Бетине салынган түркүн оюлары көркүнө көрк кошуп, төркү үйдө бааланып, баркталып салынып тургандай тагдыр күтүштү кээ бир досторум. Кээси жана айткандай суусунанбы, таӊуусунанбы же тепкисиненби айтор кийиз эмес же жүн эмес түйдөктөшкөн бир деме өӊдүү тагдыр күтүштү. Көрсө баары энелердин колунан чыгат тура. Ишине тыкан, колунан көөрү төгүлгөн апалардын колуна тийген ала кийиздин да, мага окшош балдардын да бактысы тоодой экен.

Ал эми бир этегин жаса, бир этегин үзө баскан кыйшык жоолук аялдын колундагы ала кийиз да, кийиз болбой, бала да, адам болбой ара жолдо калган кездерин көрдүм. Апалар биздин тагдырыбыз сыяктуу ала- кийиздерди, ала кийиздер сыяктуу биздин тагдырыбызды жасашчу анда. Апалар оӊолсо аалам оӊолоор! Анткени ар бир адам өзүнчө бир аалам, деп айтышат го журт жакшылары.

Акылдуу сөз: «Аял- адамзаттын биринчи мугалими».

Жазгүл Жамангулова.

Тема боюнча башка макалалар