Кышкы Азия оюндарынын сыноосу

спортчулар Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Азия оюндары жалпы журтка Азиада деген ат менен да таанымал, Азия өлкөлөрүнүн комплекстүү спорттук чоң мелдештери. Азия өлкөлөрүнүн спортчулары атасында төрт жылда бир өткөрүлөт.

1949-жылы Индиянын борбору Нью-Дели шаарында Азия өлкөлөрүнүн конфедерациясында Азия оюндарынын Федерациясы (АОФ) түзүлүп, уставы кабыл алынып, биринчи жайкы Азия оюндарын уюштуруу, өткөрүү демилгеси көтөрүлгөн. Бул АОФ 1978-жылга чейин жайкы Азия оюндарын уюштуруу, өткөрүү милдетин аркалап келди. 1982-жылы Азия Олимпиадалык Кеңеши уюшулуп, Азия оюндарын Эл аралык олимпиада комитетин да колдоого алып, олимпиадалык оюндардан кийинки эң чоң спорттук мелдеш, иш-чара катары тааныган.

Алгачкы жайкы Азия оюндарына 9 өлкөнүн спортчулары гана катышса, учурда 46 мамлекеттин желеги көтөрүлүп, бул оюндардын таасири артып, кулачы кеңири жайылып баратат. Соңку жайкы 17-Азия оюндары 2014-жылдын 19-сентябрынан 4-октябрына чейин Түштүк Кореянын Инчхон шаарында зор салтанат менен өттү. Бул жайкы Азия оюндары тууралуу кыскача маалымат.

Ал эми 1986-жылы Жапониянын Саппоро шаарында биринчи кышкы Азия оюндары өткөн. Андан бери ар бир 4 жылда кышкы Азия оюндары үзбөй өтүп, кулачы жайылып баратат. Соңку 7- кышкы Азия оюндары 2011-жылы Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында зор салтанат, курч таймашуулар менен өткөн эле. Быйыл Жапониянын Саппоро шаары кайрадан кышкы Азия оюндарынын отун жандырганы турат. Бул Азия континентиндеги кышкы спорту өнүктүрүү максатын көздөгөн спорттук иш-чаралардын эң ири жана таасирдүүсү болуп саналат.

1982-жылы Жапониянын Олимпиадалык комитети Азия оюндарынын кышкы түрүн, версиясын уюштуруу демилгесин көтөрүп чыккан. Алардын демилгесин Азия Олимпиадалык Кеңеши (АОК) колдоого алып, 1986-жылы Саппоро шаарында Биринчи кышкы Азия оюндарынын тушоосу кесилип, оту жанган.

Ошондон бери жети кышкы Азия оюндары өтүп, Азия континентинде да кышкы спорттун өнүгүшүнө себепкер болуу менен атаандаштык жогорулап, жыл өткөн сайын кышкы спортко болгон кызыгуу күч алып баратат.

БИРИНЧИ КЫШКЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫ

1986-жылы 1-марттан 8-мартка чейин Жапониянын Саппоро шаарында Биринчи Азия оюндары өткөн. 1984-жылы Сеул шаарында өткөн АОКтун Башкы Ассамблеясында жапондордун демилгеси колдоого алынып, 1986-жылы Саппоро шаарында Биринчи кышкы Азия оюндарынын тушоосу кесилип, жаңы тарых барактары башталган.

Бул шаар 1972-жылы февралда 11-кышкы олимпиадалык оюндарды кабыл алып, өткөргөндүктөн алардын тажрыйбасы да жетиштүү болуп, инфраструктурасы, спорт жайлары да даяр болгондуктан ушундай чечим кабыл алынган. Спорттун кышкы 4 түрү боюнча 35 мелдешке 7 өлкөнүн 293 спортчусу катышкан. Командалык эсепте биринчи орунду жапондуктар, экинчи орунду кытайлыктар, үчүнчүнү түштүк кореялык спортчулар ээлеген.

ЭКИНЧИ КЫШКЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫ

1990-жылы 9-марттан 14-мартка чейин Жапониянын Саппоро шаарында кайрадан 2-кышкы Азия оюндары өткөн. Бул оюндарды алгач Индия өткөрүүнү пландап,бирок техникалык жана каржы кыйынчылыктарынан улам алар баш таркан.

Мындай кырдаалдан кайрадан Жапон өлкөсү чыгарып, башталган демилгени уланткан. 2-кышкы Азия оюндарына жаңы 3 Улуттук олимпиада комитети биринчи жолу кошулуп,Кытай Тайбэйи, Иран жана Филиппиндер өлкөлөрүнөн спортчулары алгач ирет катышкан.

2-кышкы Азия оюндары спорттун алты түрү боюнча өткөрүлдү. 1990-жылкы көркөм муз тебүү боюнча дүйнө чемпионатындагы чыр-чатактан улам бул спорт убактылуу ойнолгон жок. Трамплинден секирүү дагы көрсөтмөлүү оюн катары гана кирген.

2-кышкы Азия оюндарына 9 өлкөнүн үч жүздөн ашуун спортчусу катышып, алар спорттун 6 түрү боюнча атаандашкан. Саппородогу олимпиадалык айылда Достук аянты ачылып, тилектештик актысын өткөрүшкөн. Мында дагы командалык эсепте биринчи орунду жапондуктар колдон чыгарган эмес. Экинчи орунду Кытай, үчүнчү орунду Түштүк Корея ээлеген.

ҮЧҮНЧҮ КЫШКЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫ

1996-жылы 4-февралдан 11-февралга чейин Кытайдын Харбин шаарында 3-кышкы Азия оюндары өткөн. Бул оюндарды алгач Түндүк Корея 1995-жылы өткөрүүнү пландап, бирок каржы кыйынчылыктарынан улам алар баш тарткан.

Эл аралык Олимпиада Комитетинин сунушу менен кышкы Азия оюндары жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндардан кийин эки жыл аралыгында өткөрүү ылайыктуу деп 1996-жылы өткөн. Себеби, 1994-жылы Норвегияда өткөн кышкы олимпиада буга мисал болгон. Бул кышкы Азия оюндарына мурда Советтер Союзунун курамына кирип, эгемендик алган Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрү алгач ирет катышкан. Ошентип, катышкан мамлекеттердин саны 17ге жеткен.

3-кышкы Азия оюндарында спорттун 8 түрүнөн 43 мелдеш болгон. Көркөм муз тебүү программага кайра кабыл алынып, фристайл биринчи жолу кошулган. Командалык биринчи орунду кытайлык спортчулар ээлеп, 15 алтын,10 күмүш, 11 коло медаль утуп алышкан. Түштүк кореялыктар 11 алтын, 10 күмүш жана 14 коло байге утуп, экинчи орунду ээлеген.

Харбинде 17 өлкөнүн 700 өкүлү мөрөй талашты. Кытай эл республикасынан кийинки орундарды Казакстан мамлекети да жеңип алууга талапкер экендигин далилдеп, командалык эсепте үчүнчү орунду камсыз кылып койду. Алар 10 алтын, 8 күмүш, 7 коло байгелүү болушкан. Өзбекстан 1 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль утуп, байге эсебин ачып, бешинчи катарга турган.

Бул Харбиндеги III-кышкы Азия оюндарына Кыргызстандын туусу алгач ирет көтөрүлүп, чакан делегацияны Улуттук Олимпиада Комитетин ошол учурдагы президенти Эшим Кутманалиев баштап барган. Кыргызстандык спортчулар кышкы Азия оюндарына алгач ирет катышып жаткандыктан, чеберчилигин арттырып, тажрыйба топтоп келди.

III-Кышкы Азия оюндарында өнөрүн көрсөтүп келген алгачкы карлыгачтар лыжасыЭ. Усубалиев, А. Абдулин, С.Буйков жана И.Борисов болуп саналат.

ТӨРТҮНЧҮ КЫШКЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫ

1999-жылы 30-январдан 6-февралга чейин Түштүк Кореянын тоолуу аймагындагы Канвондо шаарында 4-кышкы Азия оюндары өткөн. Юонгпеонг, Чхунчхон жана Каннын тоо лыжа базаларында болгон. Тоо лыжа мелдештери кар калың жаагандыктан жакшы маанайда өткөн.

Оюндардын талисман, тумары жарым айлык кара аюу мамалагы болгон. 4-кышкы Азия оюндарында спорттун 7 түрүнөн 43 мелдеш курч мүнөздө өткөн. Фристайл мелдеши программадан алынып коюлган. Кышкы оюндарга 22 Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлдөрү катышкан. Айрым өлкөдөн спорт жетекчилери гана барган. Жеңип алган медалдардын жыйынтыгы боюнча бул ирет дагы Кытай Эл республикасы биринчи орунду колдон чыгарган эмес. Түштүк Корея - экинчи, Жапония - үчүнчү, Казакстан - төртүнчү орунду жеңип алышкан.

Бул кышкы Азия оюндарына Кыргызстандан тоо лыжачы Андрей Трелевский гана жалгыз катышкан.

БЕШИНЧИ КЫШКЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫ

2003-жылы 1-февралдан 8-февралга чейин Жапониянын Аомори шаарында кайрадан 5-кышкы Азия оюндарынын оту жанды. Мында 17 өлкөнүн 641 спортчусу спорттун 10 түрүнөн жалпы 51 комплект медаль үчүн күч сынашкан. Фристайл спорту менен трамплинден лыжа менен секирүү кайра программага кошулган. Мурда трамплинден секирүү көрсөтмөлүү оюн болсо, бул ирет жеңүүчүлөргө байгелер берилген. 17 Улуттук Олимпиада комитетинин спортчулары жана 12 УОКтун жетекчилери катышкан.

Командалык эсепте биринчи орунду өз жеринде кайрадан жапондуктар ээлеген. Алар 24 алтын, 23 күмүш, 20 коло медаль утуп алышкан. Экинчи -Түштүк Корея, үчүнчү-Кытай, төртүнчү Казакстан болгон. Кыргызстандан барган он спортчу ийгиликке жеткен эмес.

АЛТЫНЧЫ КЫШКЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫ

2007-жылы 28-январдан 4-февралга чейин Кытай Эл Республикасынын Чанчунь шаарында 6-кышкы Азия оюндары өткөн. Бул кышкы Азия оюндары кышкы олимпиаданын кыскартылган варианты катары Азияда кышкы спорт майрамына айланып калды. Кытай бул кышкы оюндарды экинчи жолу кабыл алды. 1996-жылы Харбин шаарында 3-кышкы Азия оюндары өткөн.

2007-жылкы кышкы Азия оюндарынын талисманы, тумары болуп-Лулу аттуу бугу тандалган. Чанчундун аймагында гана ушундай бугуну кезиктирүүгө болот. Бул жаныбар Чыгыш Азиядагы таанымал. Кытай маданиятында бугу байлыктын жана ийгиликтин символу болуп саналат. Кышкы спорттун 9 түрү боюнча 47 комплект байге ойнотулду. 6-кышкы Азия оюндарына АОКко мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. 25 Улуттук Олимпиада комитеттери баштаган делегация мелдештерге катышса, калган мүчөлөрү күйөрман катары келди. Кувейт , Малайзия, Макао өлкөлөрүнүн 7 көркөм муз тебүүчүсү жана Түркмөнстандан келген коньки спортчусуна мелдештерге расмий катышууга улуксаат берилбеди. Себеби, бул өлкөлөр Эл аралык коньки спорту Кеңешине мүчө болушкан эмес.

Командалык биринчи орунду кытайлык спортчулар ээлеген. Алар 19 алтын,19 күмүш, 23 коло медаль утуп алышкан. Экинчи -Жапония, үчүнчү- Түштүк Корея, төртүнчү- Казакстан, бишинчи-Монголия болгон. Кыргызстандан барган беш спортчу байгелүү орундарга илинбей, жеңшке жеткен эмес.

ЖЕТИНЧИ КЫШКЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫ

2011-жылдын 30-январынан 6-февралына чейин Казакстандын Астана жана Алматы шаарлары 7-кышкы Азия оюндарын өткөрдү. Бул мурдакы Советтер Союзунун курманда жүрүп, эгемендикке жеткен Казакстан биринчи ирет кышкы Азия оюндарды кабыл алды. Мындай чечим 2006-жылы 4-мартта Кувейтте өткөн АОК жыйынында кабыл алынган.

Астанада -Көркөм муз тебүү, эрекектер арасындагы шайба хоккейи, коньки жарыштары жана шорт-трек мелдештери өттү. Алматыда тоо лыжа, лыжа жарыштары, трамплинден секирүү, биатлон, спорттук баамдоо, топ хоккейи( бенди) жана кыз-келиндер арасындагы шайба хоккей мелдештери болду.

Жалпы жонунан кышкы Азия оюндарын өткөрүү үчүн 1,65 миллиард АКШ доллары чыгымдалган. Анын 1,4 миллиард доллары спорт имараттарын курууга, инфраструктураны оңдоого кеткен. 250 миллион доллар оюндарды уюштурууга жумшалган.

Астана жана Алматы шаарларында өткөн 7-кышкы Азия оюндарынын талисманы, тумары бала жолборс- Ирбис болду. Кышкы Азия оюндарынын алдында тарыхта биринчи ирет олимпиада отунун эстафетасы толук кандуу өттү. 20 күн олимп оту Казакстандын бүт аймагын кыдырып, миңден ашуун факелчи эстафеталык жүрүшкө катышты.

Олимп отунун эстафетасынын атайын гимни Ерулан Канапьянов тарабынан жазылып, сөзүнүн автору акын Шомишбай Сариев болду. Гимнди Казакстандын эл артисттери Роза Рымбаева менен Алибек Днишев аткарды. Кышкы Азия оюндарынын тарыхында биринчи жолу топ хоккей жана лыжа менен спорттук баамдоо мелдештери программага кирди. Бул ирет кёрлинг жана сноубординг оюндары ойнолгон жок. Лыжа менен трамплинден секирүү мелдеши кайра кошулду.

7-кышкы Азия оюндарына 26 өлкөнүн спортчулары катышты. Казакстан коңшу жакын болгондуктан Кыргызстандын кышкы спорт тарыхында алгач ирет элүүдөн ашуун спортчу кышкы Азия оюндарына катышкан. Кыргызстандын шайба хоккей командасы алгач ирет кышкы Азия оюндарына катышып, экинчи дивизондо бардык атаандаштарын жеңип, кичи алтын медалга татыктуу болгон.

Бирок бул алтын байге үчүн упай берилбей, командалык зачетко кошулган эмес. Ал эми топ менен хоккей оюноодо Кыргызстандын командасы үчүнчү орунду ээлеп, кыргыз спортунун тарыхында командалык эсепте алгачкы коло байгелүү болгон. Казактар өз жеринде артыкчылык кылышып, 32 алтын, 21 күмүш, 17 коло байге утуп, командалык биринчи орунду ээлеп, жапон, корей, кытай спортчуларын артка калтырган.

СЕГИЗИНЧИ КЫШКЫ АЗИЯ ОЮНДАРЫ

2017-жылы 8-кышкы Азия оюндары Жапония өлкөсүнүн Саппоро шаарында 18-февралдан 26-февралга чейин өтөт. Мурда бул оюндар 2015-жылы өткөрүү пландалган. 2009-жылдын 3-июлунда Сингапурда өткөн АОКтун олимпиадалык кеңешинин жыйынында кышкы олимпиадалык оюндарга бир жыл калганда кышкы Азия оюндарын өткөрүү чечими кабыл алынган.

2011-жылдын 31-январында Астана шаарындагы АОКтун аткаруу комитетинин жыйында Саппоро шаары үчүнчү ирет кышкы Азия оюндарын өткөрмөк болуп, 8-кышкы Азия оюндарынын эстафетасын кайрадан кабыл алган. Жапон өлкөсү ушуну менен төртүнчү жолу кышкы Азия оюндарынын отун жандырганы турат. 1986-1990-жылдары Саппоро шаарында, 2003-жылы Аомори шаарында кышкы Азия оюндары болгон. Бул ирет 33 өлкөнүн спортчулары катышмакчы.

Австралия менен Жаңы Зеландия өлкөлөрү дагы чакырылып, алардын спортчуларына байгелүү орундар берилбей, упайлары эсептелбей зачеттон сырткары катышмак болуп жатышат. Бул жолу спорттун 11 кышкы түрү боюнча 64 комплект медаль үчүн атаандаштык болмокчу.

Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 33 спортчу даярдык көрүп жатышат. Алар спорттун 4 түрү: шайба хоккейи, көркөм муз тебүү,биатлон жана тоо лыжасы боюнча мелдештерге катышмакчы. Кышы сонун Кыргызстанда дагы кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө бул оюндар да өбөлгө болсун, спортчулар да ийгиликтерге жетсин деп тилек кылалы.

Атайын Би-Би-Си үчүн Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Тектеш темалар