Блог: Энеси бөлөк Бөкөй

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Диний ишмер Чубак Жалиловдун экинчи аялы тууралуу ачык билдирүүсү коомду сыноого кабылтты. Социалдык желеде, маалымат каражаттарында кызыл чеке талаш, ал эми тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары негедир көрмөксөн, укмаксан. А балким себеби бар чыгаар.

Адилеттүүлүк үчүн айтсам, премьер-министр Сапар Исаков түшүнсөң түшүн, биле турган кишиге айтам - төрт кызым бар деп адаттагыдай сыпаа позициясын билдирди бир интервьюсунда. Шырп этсе башты шылый кескендер аңдадыбы, аткарабы ким билет.

Эки же андан көп аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси бүгүн коюлуп жаткан жок. Буга чейин да парламентке чейин көтөрүлө калып, бирок коомчулуктун каршылыгынан улам ишке ашпай келген эле. Эми минтип, Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын аалымдар кеңешинин мүчөсү, динаятчылардын кайсыл бир бөлүгүнө таасири арбын, медиамейкиндикте таанымал диний ишмер коомго чакырык таштап отурат. Күнүгө нравалык, ишмердик жана башка турмуштук сыноого тушуккан адам сыяктуу коом да күн сайын сыноодон өтөт. Бул жолку сыноо оор. Күндүзү кыз, түнү аял боло албайсың дейт экен жөөттөр мындай учурларда.

Токолдук чиеленишкен маселе. Токол алган эркек үчүн да, токол болгон аялзаты үчүн да алар бир мезгилде кандай гана мотив менен чечим кабыл албасын, ал чечим эч качан экөө менен эле бүтпөйт. Укумдан-тукумга таасир эте турган, алардын үй-бүлөдөгү, ага-тууган ичиндеги моралдык, социалдык, саясий, укуктук, мүлктүк статусун, коомдогу ордун, кийинки тагдырын аныктаган татаал маселе. Туура, токол маселеси айрым башка элдер сыяктуу эле кыргыз тарыхында боло келген окуя. Бирок кыргыз эли бул маселени салтка айлантып, нарк деңгээлине эч качан чыгарган эмес.

Жоокерчилик заманда же кыйчалыш мезгилде саясий зарылчылыктан чыккан, бирок пайдасынан кедергиси көбүрөөк тийген терс көрүнүш катары бааланып келген. Эпостордо, оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүндө элдин тарыхы, анын мезгил сыноосунан өткөн нравалык, маданий, социалдык баалуулуктары, руханий дөөлөттөрү чагылдырылаары хрестоматиялык чындык. Эпикалык чыгармалар элдик акылдын квинтэссенциясы, философиялык көз караштарынын уңгусу, башаты, уюткусу жана азыгы.

Ошол көркөм образдар аркылуу муундан муунга насаат катары өтөт. Маданияттын көп аныктамасы бар. Ошолордун бири маданият - бул табу, жакшы же жаман, туура же туура эмес, болот же болбойт деген эрежелердин системасы. Мисалы кыргыз эпосторунда жаратылышка аяр мамиле кылуу философиясы "Кожожаш" эпосунда жана Молдо Кылычтын "Буудайык" поэмасында эң сонун чагылдырылган. Дал ошондой эле "Саринжи, Бөкөй" эпикалык поэмасында токол проблемасы кыргыз коомчулугунун позициясы ачык, так жана даана берилген. Жамгырчы хан өлөр алдында энеси бөлөк аталаш бир тууганы Бөкөйгө жалгыз уулу Саринжини бойго жеткенче көз сал, эли-журтума караан бол, кор кылба деп керээз кылып, тапшырат. Албетте, канетсе да энеси бөлөк деп анча ишенбесе да аталаш эмес белек деп айласыздан табыштайт, үмүт кылат.

Поэмада Бөкөйгө энеси бөлөк арам эле деп аныктама берилип, демек кооптуу субъект экени дароо эле айтылат. Окуянын жүрүшүндө бул коркунуч ишенбөөчүлүктөн реалдуулукка айланат. Болгондо да Бөкөй душман кылбай турган ишти кылат. Ал Жамгырчы хандын керээзин аткарбайт, суранган өтүнүчүн теңирден тескери жасайт. Жамгырчы хандын аталаш, бирок токолдон туулган бир тууганы Бөкөйгө караганда нечен жолу жер талашып, эл талашып, кылыч мизинде кыл чайнап кармашып келген эзелки душманы калмак ханы Гүлдүр адамгерчилик кылып, элинен, мал-мүлкүнөн, колуктусунан, кыскасы баарынан ажыраган Саринжиге жардамга келет. , Поэманын кыскача фабуласы ушундай.

Кыргыз элинин тарыхында токол алуу кездешсе да сейрек кездешкен, анын нравалык баалуулуктар системасында улагадан орун алган, социалдык структурасына мүнөздүү эмес көрүнүш болгон. Кыргыздарды изилдеген тышкы көздөр бачабаздыкты, баланы кор тутуу, ага ырайымсыз мамиле жасоону даана байкалган, кеңири жайылган кубулуш катары тааныбайт, билбейт. Бир дагы чет элдик булактарда ушул сыяктуу көрүнүштөр тууралуу маалымат жок. Кыргыз элинин маданиятында аталган терс көрүнүштөргө лоялдуу мамиле жок. Элдик чыгармаларда алар баяндалган сюжет тургай кенедей штрих да кездешпейт. Демек ата-бабанын салтын, руханий дөөлөттөрүн өзү жакшы билбеген, бирок өзү үчүн каалагандай пайдаланган динге шылтап, а чындыгында маңдайы тайкы көрпенде кызыкчылык үчүн Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романында бирине бири карама-каршы чечимдерди дароо шариатка негиздей салган молдоке айткандай "султандардын, чилтендердин жолуна арнап" садага чабууга болбойт.

Экинчи аял, салынды бала, никесиз тукум - мына ушунун баары элге-журтка кесепети тие турган терс көрүнүш экени поэмада мыкты сүрөттөлгөн. Бир пендени койдук, кыйраган империялар, чачылган эл, кулаган мамлекеттер, аласалган нарк-насил, көчө качкан журтта ээсиз калган баалуулуктар - мына ушунун дээрлик бардыгы бир ата, көп энеден туулган тукумдардын тымызын жана ачык кармашынын натыйжасы экенин дүйнөлүк тарых тажабай далилдеп келет. Дээрлик баардык элдин тарыхынан көрүүгө болот бул кесепетти. Төрөлгөн тукумда эмне айып, ал өз жашоосу үчүн күрөшөт, албетте. Ошого жеткирбөө керек, ага барбаш зарыл, утурумдук кызыкчылыктан улам укумдан-тукумга араздашкан көйгөй жаратпаш керек, акыры жакшылык менен бүтпөйт деп эскертип жатат бизди элдин кан-жанынан жаралган акылман поэма. Эми минтип какшап турса кулак салбай, Бөкөй сымал тескери жолго баштанып туру айрымдар.

Чубак Жалиловдундун токол алуу боюнча билдирүүсүнө карата мамиле - бул саясий сыноо. Билем силерди. Жасайм, демек силер жасаганды мен да билем деп сөөмөй кезеди. Ошону менен ооз жабылды айрымдардын. Кечээки кеменгерлермин дегендердин. Сыноосу ушул - токолдукту мыйзамдаштырууга белсенип жаткандар мыйзам алдында жооп береби же жокпу деген суроо туру алдыбызда. Мыйзам катаал, бирок мыйзам. Мыйзам алдында баары бирдей деген түп принциптердин тагдыры не болот. Принциптер принцип бойдон калабы же мыйзам буйлаланган төөбү, укуктук мамлекет куруу ниетибиз ушул жолку окуяда бекемделеби, аныкталабы же жокпу деген сыноо туру. Себеби көп аял алуу жазалана турган кылмыш деген норма биздин мамлекеттин кылмыш-жаза кодексинде так жазылган. Чубак Жалиловдун биринчи жубайы мени кысымга алып жатат, кор болдум, запкы жедим, тиешелүү органдар аркылуу коргоо зарыл деп "Сезим" кризистик борборуна расмий кайрылыптыр.

Экинчи аял алганын Жалилов өзү да ачык айтып, чочулабай-этпей эле, керек болсо айрым саясатчылардын, ишкерлердин токолдору менен никесин мен кыйгам деп жарыялап жатат. Эмне кыла аласыңар, артымда жамаат бар деп эскертип жат. Системалуу түрдө мамлекетти жарышка чакырып, аламанга күлүк кошуп тим болбой, байге коюп келет. Далил керекпи?

Мынакей. Диний ишмерлерге шайлоолордо үгүт иштерине катышууга тыюу салынганына карабастан Чубак Жалилов бул мыйзамды өткөн президенттик шайлоодо да бузуп, бирок жазасыз калган. Борбордук шайлоо комиссиясы анын жоопкерчилигин кароону дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга жүктөп тим болгон. А укук коргоо органдары лам деп ооз ачкан эмес.

2015-жылы да ушундай болгон. Мыйзамды сыйлабай же ага баш ийбей, бирок жазасыз калуу прецедентин түзүп алганбыз. Эми ошону бекемдеп жатат окшойбуз. Тиешелүү укук коргоо органдары адекваттуу баа береби же башка бир бүйүр кызыткан окуя пайда болуп, коомчулуктун көңүлү ошого бурулуп, алаксып кетсе тымызын жаап коюшабы? Балким ошого баратабыз, анткени токол алууга кызыккандар арбын. Чубак ажыдай ачык жарыялабаса да никесиз экинчи аялы бар, аны Шырдакбектин эркесиндей үлпүлдөтүп багууга көмүскө каражаты жетиштүү байлар, расмий кирешеси жана тапкан башка кирешеси асман менен жердей аткаминерлер, саясатчылар жетиштүү, көксөгөндөр толура.

Кимдир бирөөнүн бөөдө жазаланышын эч ким талап кылбайт. Кусаматчылык кылуу деле оюбузда жок. Болгону акыйкаттык. Мага карата мыйзам токолдон башка кырдаалда жетеленип кетпөөгө тийиш. Мыйзам бирде иштеп, бирде иштебесе анда мыйзам болуудан калат. Ишеним кетет. Ишеним - бул улуу нерсе. Акчанын көп касиети, сапаты жана функциясы бар. Бирок акча - бул ири алдыда ошол кагазды, металлды чыгаргандарга болгон ишеним деп аныктама берген атактуу Рокфеллер. Демек коомдо мамлекетке болгон ишенимге доо кетет. Анан эл ишене турган күч издей баштайт, дал ошол учурда биз кыйратабыз деген насили экстремисттик, радикалдык күчтөр алдыңкы планга чыгат, элди өзүнө популисттик ураандар менен бат эле имерет. Ушундай болуп келген, тилекке каршы. Кеп оролу ушул сыноодон абийир менен менен чыгып кетүүдө жатат.

Сыргак Эсенбеков, Бишкек шаары.