"Жоогазын революциясы": Ордо кутумун элестеткен окуялар

«Жоогазын революциясы» деген ат менен белгилүү болгон март окуяларына 13 жыл толду. Бул окуяларга түздөн түз күбөсү, ошол учурда Би-Би-Си кыргыз кызматынын продюсери болуп турган белгилүү жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин эскерүүсүн окурмандарга сунуштайбыз.

2005-жыл. 24- март.

2005-жыл. 24- март. Бишкек. Би-Би-Синин кабарчылары чогулуп, бүгүнкү окуяларды кандай чагылдырууну макулдаштык. Эки жерде митинг болот экен, бири -Назаралиевдин медициналык борборунда, экинчиси - Көк-Жар тарапта. Көк-Жардагы митингке Кубат Чекиров бармай болду, Султан Жумагулов экөөбүз Назаралиевдин медициналык борборуна келдик.

Эки-үч миңдей киши чогулуптур. Медициналык борбордун маңдайындагы, жолдун каршысындагы имараттын чатыры трибунага айландырылып, Топчубек Тургуналиев микрофонго кезекке тургандардын улам бирине сөз ыйгарып жатты. Ишенгүл Болжурова, Роза Отунбаева, Оксана Малеваная, Рахат Ачылова, Виктор Черноморец (Топчубек Тургуналиев аны "мой бажа" деп тааныштырды), өкмөт өкүлдөрүнөн ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев (23-мартта дайындалган) жана башкалар сүйлөштү.

Сөз алчулар ойлорун токтотуп, кагаз-кугазын каранып, айтчусун камданып алганча мындайда топ жарып жүргөн Топчубек Тургуналиев микрофонду тыным алдырбай сүйлөп, оппозициянын айтыла элек мүдөөсүнөн кеп салып, Акаев бийлигинин улам жаңы кемчилигин чукуп көрсөтүп, безеленип турду. "Элим! Мен он беш жыл илгери бир күнөө кылгам. Он беш жыл илгери президент Аскар Акаев жаңы шайланганда ушул колдорум менен башына ак калпак кийгизген элем. Эми ошол калпакты жулуп алам!"- деди Т.Тургуналиев. Эл "дуу" этти.

Эсиме 1990-жылдын октябры түштү. Ошондогу окуяга катышып калган жайым бар. Кыргызстандын тунгуч президенти шайланаарда КДК баш болгон бир нече уюмдар, компартиянын башкаруусуна каршы чыккандар компартиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы, ыраматылык Абсамат Масалиевдин бийликтен кетишин талап кылышып, нааразылык акцияларын баштап жиберишти. Ак үйдү айланып студенттер кошо жүрөбүз, жаңылбасам, көбүнчөсү Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин студенттери эле. Жогорку Кеңештин жыйынындагы добуш берүүдө президенттикке талапкерлердин бири да өтпөй калып, Москвадан академик Аскар Акаев чакыртылды деп калышты.

2005-жыл. 24- март.

Аскар Акаев Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагалыгына каралып атыптыр деген каңшаарды мурда деле угуп калчубуз. Анан Аскар Акаев келди. "Тигине, Аскар Акаев келди!"-деди студенттердин бири. Ушул киши турбайбы деп таанып калдык. Чыкыя кийинген, сөөлөт кармаган кишилер (элде аларды жалпысынан чоңдор деп коюшат) алдынан утурлап чыгышып, учурашып жатышты. Карапайым эл, анын ичинде студенттер жардана карап, четте турду. "Ушул киши азыр Акүйгө Академиянын президенти болуп кирип, Кыргызстандын президенти болуп чыгат",- деп тамашалады филология факультетинин студенти Муса Чотуров.

Ошол күнү Аскар Акаев президентикке шайланды. Ош окуяларына байланыштуу коменданттык саат күчүндө экенине карабастан, студенттер шайлоонун жыйынтыгын билебиз, Аскар Акаевди көрөбуз дешип түн бир оокумга чейин күтүшкөн. Бир маалда депутат Казат Акматов чыга келип, нааразылык акциясынын жетекчилери Т.Тургуналиев, Ж. Жекшеев, Жумагазы Жусуп Чоңаюу жана башкалар менен кеңешип калды. Жашыруун болбогондон кийин биз деле жакындап барып, угуп турдук. "Кыргыздын көөнө салтына салып калпак кийгизели, тезирээк калпак камдагыла»-деген сөзгө келишти.

Түн бир оокумда президент Аскар Акаев режиссер Төлөмүш Океев менен Феликс Куловдун коштоосунда Ак үйдүн сыртында тургандар менен жолугууга чыкканда, Топчубек Тургуналиев сөз баштап: "Урматтуу Аскар Акай уулу! Алты дубан Ала-Тоо элинин ажосу болуп шайланышыңыз менен куттуктайбыз" деп куттук айткан. Ажо болушуңуз менен деп төбөсү бийик ак калпак кийгизген. Он беш жыл ичинде Аскар Акаевдин аеосуз оппонентине айланган Топчубек Тургуналиев ошол аккалпакты эстеп, жулуп алам деп жулунуп турду.

2005-жыл. 24- март.

Аңгычакты туш тараптан эл агылып келип, топтолгондордун саны баштагыдан кыйла көбөйдү. Кочкор, Талас, Аксы деген жарнактарды көтөрүнгөндөр келип жатышты.

Бир маалда трибунада турган Топчубек Тургуналиев элге кайрылып, үчтөн тизилгиле, борбордук аянтты көздөй жүрүш салабыз деди. Ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев аянтка өтүүгө уруксат бергендигин айтты. Эл ордунан козголуп, тизиле баштады. "Акаев кетсин!", "Биз Назаралиев мененбиз!", "Акыйкат шайлоо үчүн!" деген ураандар ташталды да, Кулов жөнүндө унчугушкан жок. Бир эсе, эл ушуну менен Куловду унутуп, аянтка баргандан кийин тарап кетчүдөй туюлуп, экинчиден Кулов тууралуу айтылбаса, митинг өз өтөөлүнө жетпей калчудай көрүнүп, "Куловго боштондук деген талапты деле кыстара кетишсе болмок" дедим жанымдагы кыргыз журналисттерге.

-Туура айтасың-деди кинорежиссер Замир Эралиев,- Келгиле, Куловго боштондук ураанын айткыла деп трибунада тургандарга шыбырап коелу!.

-Кимисине айтабыз, алжакка өткөрбөй жол тосуп турушат, анын үстүнө тараганы калышты,-дедим.

-Азыр эле барып айтып келейин, эл тарай элек, үлгүрөбүз,- деди да Замир Эралиев трибунаны көздөй жөнөп кетти. Аңгычакты аянтка барчу эл тизилип, Рыскулов көчөсү аркылуу жөө жүрүш башталды. Алдыңкы сапка Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Ишенгүл Болжурова, Азимбек Бекназаров, Виктор Черноморец жана башкалар турушту. Кызыл, сары түстөгү транспаранттарды көтөрүнүшкөн жүрүштүн катышуучулары жол боюнда таңыркап карап турган элге кайрылып, "бизге кошулгула!" деп коюшат.

Бир кезде Замир Эралиев жете келип, "Уктуңбу, "Куловго боштондук" деген чакырык айтылды. Сен демилге көтөрдүң, мен аны трибунага жеткирдим, Топчуке жалпыга жарыя айтты"- деди тамаша-чынын аралаштыра.

Жүрүш Жаш Гвардияга бурулуп, кайра Чүй көчөсү аркылуу Илимдер академиясына жеткенче элдин катары баштагыдан да калыңдап, он миңден ашып кетти. Алдыңкы сапка генерал Исмаил Исаков, Оксана Малеваная кошулганын байкадым.

Ак үйдүн тушунда милиция менен армиянын күчтөрү турат. Аларга жанаша кийингени элден айырмаланбаган, карууларына көк тасма байланып, бөрк ал десе баш алчудай көрүнгөн эңгезердей жигиттер аянтка өтчу жолду бойлото тизилген. Алардын бир даары мушташка түшчүдөй колдорун маашыркануу менен укалашып, жол тосуп чыгышты. Бирок кол салууга даашкан жок, кыязы сүр көрсөтөлү дешсе керек.

Кыркалакей тизилген жигиттердин топ башчылары бар экен, жулунуп араң турган дөлөнгүттөрдү тыйып, орус тилинде «ордуңарда тургула, кыймылдабагыла" ("Стоять! Стоять!, Без команды не двигаться!") деген команда берип жатышты. Бир саамга алар менен аралаша түшүп, кимдер экенин, кайдан келишкенин билүүгө аракеттендим. Түрлөрү бузук. Ишиң эмне дегендей кабактарын түйүп, унчугушпайт. Бир элеттик жигиттин көзү көзүмө урунду. Сөзгө тартсам, ийге келди.

- Карууларына көк тасма байланган мынча жигит эмнеге турат?

- Ээ, дос, буйрук ушундай болуп атпайбы!

- Каяктан келдиңер?

- Ар кайсы уюмдардан, мекемелерден.

Өкмөттүн буйругу менен аянтка келгендердин арасында деле ойсанаасы оппозиция менен чогуу кишилер бар экен.

2005-жыл. 24- март.

Толкуган эл күүсү менен келип, аянтка өттү да заматка удургуп туруп калышты. Антиакаевчил чакырыктар улантылып, Абдырахманов (мурдагы Совет) көчөсү аркылуу Алмаз Атамбаев менен Мелис Эшимканов жетектеген миңдеген киши келатканы айтылды. Ал ангычакты Дастан Сарыгулов, Азимбек Бекназаров, Акылбек Жапаров жана башкалар чогула калып, митингди улантуунун кам -чомун кеңешти. "Бозүйлөрдү тиккиле" деген көрсөтмө берилди. "Ии, кыязы, узак мөөнөткө эсептелген митинг болот турбайбы" деген тыянак чыгардык.

-Оппозиция кечке чейин боз үй тиккенче түштөнүп келели,-деди Кубат Чекиров. Күн ысып турган.

-Ош базары туштан бери басып келгенче тердеп-кургап кеттик, сууга түшүп биротоло сергип алалы, андан соң түштөнөлү,- дедим.

Аянттын капталындагы Эмен багын аралап, жаңы эле узап кеткенбиз. Митинг башталгандан бери жаагы тынбаган чөнтөк телефонум дагы шыңгырап калды. Чынара Жакыпова экен.

-Арслан, мушташ чыгып кеттиби?

-Эже, мен аянттан жаңы эле чыгып кеттим эле. Бара калайын, бирдеме болсо билдирем,-дедим оңтойсузданып. Кайра аянтка бет алдык.

Маңдайыбыздан "Слово Кыргызстана" гезитинин редатору Малеваный, "Кутбилим" гезитинин редактор орун басары Майрамбек Токторов чыгышты. Үрөйлөрү учуп үрпөйгөн. "Тополоң башталды, барбасаңарчы" деп бизди эскерткен болушту.

Аянтка жетип келсек кызыл,сары тасмачандар менен көк тасмачандар бир сыйра күч сынашып, жаңы эле токтоптур. Оппозицияны жактагандар жарагы жок болсо да көк тасмачандар менен жалтанбай мушташкан экен, таяктарын тартып алышыптыр, жыгач калкандарын олжолоптур. Таш тийип жарадар болгондору да бар.

Жалал-Абаддагы облустук администрациянын имаратын бошотуу маалында, тагыраак айтканда жыйырманчы марттын таңында милиция күчтөрү тарабынан уюштурулган операцияда милициянын колунан таяк жеп, кийин ошол окуя туурасында Би-Би-Сиге маек берген улан канжалап отурат. Таш чыкыйына тийиптир. Доктурга жүгүр дегенди тоотуп койбойт.

-Ой, баатыр, сага эмне болду?-дедим.

-Жалал-Aбадда тандалма милициянын башынан жулуп алган касканы cизге берип коюп, эми башыма таш тийди,- деп койду. Ал мага чын эле Жалал-Aбадда милициянын каскасын берген эле.

Дегенче болбой эле көк тасмачандардын кыр көрсөткөнүнө жандары кашайып калган уландар аянт бетине төшөлгөн тактай таштарды сыйрып жиберип, кесек- кесек кыла талкалап, таш бараң атышка камданып алышты. Ак үйдү этектей турган көк тасмачандар тигинден-мындан таш ыргытып, союлдарын кезенип аянттагы элди эрөөлгө чакырып жатты. Көк тасмачандардын катары калыңдап бараткансыды.

"Карачы, иттердин кылган ишин! Буларды топ-тобу менен апкелип, бактын тигил бетине түшүрүүдө" деди ошол жактан жай басып келаткан бир киши. Бир маалда калың топ айгай салып, көк тасмачандарды кууду. Кубат экөөбүз беттешүү болгон жердеги кызыктан кур калчудан бетер алдыга ашыктык. Жан алыбыз калганча чуркап, алдыңкы катардагыларга жаңы эле жандаша калсак, эл артты көздөй дыр койсо болобу! Милициянын калкан карманган тандалма күчтөрү сес көрсөтүп, качырып кирди.

2005-жыл. 24- март.

Көк тасмачандар ташты жамгырдай жаадырды. Эл аянт бетин бербей жайыла качты. Же аларга кошулуп кошо качпай же көк тасмачандарга жакындай албай Кубат экөөбүз «кокуй" деп бакты аралай жүгүрүп, баш калка издеп калдык. Таштан жашынайын деп, ыңгайлуу жай издеп жатсам чөнтөк телефонум безеленет. Кайрадан Ташкенттен Моника Витлоктун атынан чалып жаткан жардамчысы экен. Жардамчысы чайканада отургансып жайбаракат сөз баштап, "митинг кандай утяпти, халкниң талабы баштагыдай элеби, хукуматтын вакилдери жолугууга келдима" деп сураганы жүрөт. "Кармаш башталды! Кайра чал!" дедим да телефонду өчүрүп койдум.

Жолунан чыккандын сазайын берчүдөй кейиптенген көк тасмачандардан алыс турдук. Катуу сүр менен келген милициянын бөлүгү болсо аянттын ортосуна чейин элди сүрүп келди эле, бирок бет маңдайдан жааган ташка калкандарын тосуп, бир -бирине ыктап туруп калды. Калкандарын капталдарына кыркалекей тизип, төбөлөрүнө чатыр сымал жамынса алп ташбаканын кебин кийгендей көрүнөт экен. Эки жак чындап эрегишгенсип, бирдеменин ичинен чыкчудай болуп калды. "Ташбараңды токтоткула!" деп аянттагы топтун айрым өкүлдөрү кокуйлап жиберди. Ким экенин билбейм, көк көйнөкчөн бир аял колундагы жоолугун булгалап ортого чуркап чыкты. "Ачууга алдырбагыла! Сабыр кылгыла!" деген ишаара жасап, чебеленди.

Милициянын бөлүгү Ак үйдү карай чегинди. Аңгычакты Атамбаев менен Эшимканов баштаган калың эл келип, аянттагыларга кошулду. Экөө сөз сүйлөп, "Акүйгө кол салбагыла!" деди Атамбаев. Топтун ичинен "Ак үйдү алыш керек!" деген бирөөнүн чакырыгы угулду. Элдин бир бөлүгү Ак үйдү көздөй жүткүндү. Милиция менен жоокерлер темир тосмонун ичине кирип кетишти. Жигиттер темир тосмону секирип өтүп, Ак үйдү тегеректеген жоокерлердин алдыңкы сабына жетип барышты.

Бир топ жигит автоунаа өтүүчү дарбазаны ачып, эл Ак үйдүн короосуна агылды. Токтоно албай күүсү менен келгендердин алдыңкы катары чуркап баратып таш атып, Ак үйдүн терезелерин талкалап жиберишти. "Каршылык көрсөтүүчү мезгил эми келди окшойт, Ак үйдү коргоочулар элди эсине келтирүүнүн атайын операциясын баштаса эми баштайт" дейм ичимден. Каршылык жок. Ак үйдүн алдыңкы эшиги аңырая ачылып, бир карасам экинчи кабаттын терезесинен желек булгалап жүрүшөт. Анан алар көз ачып жумганча үчүнчү, анан төртүнчү кабаттын терезелеринен көрүнүштү.

-Жоокерлер биз менен! Жол бергиле, эсен-соо чыгып кетүүгө жол берели- деген үн угулду. Эл жарылып, жоокерлердин катары көрүндү. Башына таш тийип, жарадар болгондорду колтуктап, таяп алышкан.

2005-жыл. 24- март.

Алардын арт жагынан Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси, генерал Калык Иманкулов башын шылкыйтып басып келатты. Таң калдым! Жаалы кайнап тургандар жайлап салса не болот деген ой кетти. Толкундоо башчыларынын бири жандап алыптыр. Маңдайынан чыгып, сүрөткө тарттым. Менимче, жарданып карап тургандар алдыларынан өткөн киши - Улуттук Коопсуздук Кызматынын жетекчиси экенин тааныбай калышты. Ак үйдүн бир кагаз ташып жан баккан катардагы чиновниги деп ойлошту көрүнөт "энеңди, атаңды" деп сөгүп, муштум кезеп коюшат. Жанымда турган карапайым бирөө "бул ким" деди. Билмексен болуп, ийин куушурдум.

-Бул СНБнын башчысы эмеспи?- деди дагы бирөө. "Ооба" деп шек берсем, дароо баса калышчудай.

-Жок, ал эмес,- дедим. Дегенче болбой, бирөөлөр кол көтөрүүгө аракеттенди. Ортого тура калып, "Тийбегиле! Кетсин! Бул СНБ эмес! " деп кыйкырып, арача түшүүгө туура келди.

Ак үйдүн батыш эшигинен жүзүн башкалар тааныбасын үчүн башына свитери чулганган катуу жарадар бирөөнү эки колтугунан сүйрөп чыгышты. Кийин билсем Жанузаков экен. Ага удаа баштарына кызыл тасма тагынган балдар сыртка узатып коелу деп чачын ак баскан бир аксакал кишини колтуктап чыгышты эле, башкалары бура бастырбай ургулап жатышты.

Иманкуловго караганда сөөлөттүүрөк көрүнгөндүктөн боз балдар аны Ак үйдүн бир маанилүү кызматкери деп ойлошту окшойт. Аксакал шокко алдырып, үн-сөз жок, көкбөрүгө түшкөн улактай талоонго калды. Ары тартса ары кетет, бери тартса бери кетет. Же бир "балдар жазыгым эмне, каалаганыңар эмне" деп үн катып койсочу. Капкадан чыгарып коелу дегендерге жардам берейин дедим эле, таяктарын кезеген балдардын аксакалды соо кетирчү түрү жок. Капталдап качкандан көрө аксакал Ак үйдү камалаган элди аралап кетсе оңой кутулчудай.

"Элди көздөй алпар! Элди аралатып кет!" дедим баятан бери аксакалды каратаандай каптаган балдардын токмогунан сууруп чыга албай жаткан жигитке. "Туура, элге барсын, эл мененмин деп айтсын!"-деди союлун кезеген бирөө ызырынып.

Алеки заматта жетинчи кабат да алынды. Акаев жок болуп чыкты. Мага жол көрсөтүп жүргөн бир улан мамлекеттик катчыга бетме-бет келбей калганына жаны кашайып,"Осмонакунду көрсөм жейт элем!" деп колундагы резина таягы менен жетинчи кабаттын эшигин бир чаап алды.

Эки күн мурунку телеберүүдө мамлекеттик катчынын Ош менен Жалал-Абаддагы нааразылыкка чыккан элди каралап сүйлөгөн сөздөрү жанына батып, андыктан издегени Осмонакун Ибраимов болсо керек. Ал эми Тургуналиев айткан ак калпак табылдыбы билбейм, бирок Акаевдин тебетейин таап алышып, ар ким башына ченеп кийип жүрүшкөнүн сүрөттөрдөн, видеокадрлардан көрдүм.

Көз ачып жумганча үч уктасаң түшкө кирбеген окуялар болуп кетти. Бул революциябы же ээнбаштык кылып Акүйгө кол салуубу? Акүйдүн алдыңкы кабатында калың эл менен аралашып, бир топ белгилүү кишилер жүрдү, ошолорду сөзгө тарттым. Колундагы желим бөтөлкөнүн оозунан муздак суу ууртап турган депутат Кубатбек Байболов байкашымда көргөн көзүнө ишенбей, ичинен туталанган түрү бар.

-Окуялардын ушундай өнүгүшүн күттүңүз беле?- дедим.

-Бул деген барып турган жапайычылык, вандализм эмеспи! Ушундай кандай болсун?! - деди Байболов.

- Андай болсо, бийлик менен тынч сүйлөшүүнүн кандай чарасы бар эле?

- Түнкү саат бир - экиге чейин аракеттендик, Акаевди оппозиция менен сүйлөш деп көндүрүүгө болгон күчтү үрөдүк. Бирок, ал киши уккусу келген жок.

Байболовго берген суроону жакын турган экен, Дооронбек Садырбаевге да жолдоп калдым. Тынбай сүйлөй берип, ал кишинин ансыз да араң чыккан үнү таптакыр бүтүп калыптыр. Элдин ызы - чуусунан эмне деп сүйлөгөнүн угалбай койдум, кийин угуп алам деген ой менен микрофонду жакшы эле жакын кармадым эле, жазылбай калыптыр.

Ош базарынын тушунан бери элдин алдыңкы сабында, Курманбек Бакиев, Исмаил Исаков жана башкалар менен катарлаш келген Ишенгүл Болжурова четте турган экен.

Эже, окуялардын ушундай өнүгүшүн күттүңөр беле? - деп микрофонду сунуп калдым. Мени "табалап атат" деп ойлодубу, Ишенгүл Болжурова жактырбаган түр менен "Сиздин эмне даяр рецептиңиз барбы?" - деп жооп кайтарды.

Ак үйдүн алынышынын жандырмагы кийин өзү эле билинди. Адегенде ыраматылык Баяман Эркинбаев кайсы бир чет элдик кабарчы менен маегинде 24-мартка карата Оштон "кунфу" менен машыккан жүз жигитти ала келгенин, так ошолор чечүүчү күч болуп бергенин айтты. Элди баштагандардын бири Акүйдү басып алуу планы болгон, бирок аны бир ууч эле кишилер билген деп кийин мойнуна алды.

Ак үйдүн чоң жыйындар залы бар. Аны Кыргызстандыктардын көпчүлүгү, тагыраак айтканда карапайым эл телеберүүлөрдөн, гезит - журналдардан эле көрүшпөсө, эзели көрүшпөйт. Алдыңкы орундарга жалаң чоңдор, Кыргызстандын кыйындары отурат. Ал жакка баш бактым. Зал элге өтүптүр.

Ош базарынын тушунан бери көздөй чыкканда Кочкордон, Аксыдан, Таластан келдик деген көп элеттик туугандарды көрдүм эле. Ошолор "биздин дагы акыбыз бар" дегендей, жумушчу жана дыйкан Советтеринен келген делегаттардай болуп алдыңкы орундарда кыркалекей тизилип отурушкан экен. Бирок, эмнегедир трибуна бош. "Ушундайда трибунанын бош турганы кайсы жакшылык? Революциячыл ураан, чакырыктар кайда?" дейм ичимден.

Бир маалда Дастан Сарыгулов кирип келди. Сөздү таап айткан уста эмеспи, трибунага чыкты да кыраатын келтирип туруп, "Кыргызстанда элдик револоция ишке ашты!" деп жар салды. Жыйындар залында революциячыл маанай жаралды. Сарыгуловдун ураанын удаа сөз алып сүйлөгөндөр улап кетишти.

Сыртка чыктым. Сырттагылар ичте эмне болуп атат дегендей, Ак үйдү жарданып карап турушат.

Ал аңгыча баш-аламандык башталып, калаанын дүкөн, базарлары талоонго түштү. Би-Би-Синин программасы обого чыккан cоң, шаарды аралап көрөлү дегиче болбой, бир таанышым телефон чалып, Жогорку Кеңешке тез келе калышымды өтүндү. Жетип бардым. Жогорку Кеңеште ремонт жүрүп, ичи караңгы. Бир мезгилде Бакиев менен Кулов депутаттардын биринин бөлмөсүнө (Арсланбек Малиевдин иш бөлмөсү болсо керек эле) кирип кетишти.

Эшик бек жабылып, башка эч ким киргизилген жок. Каалгасын канча каккылаганы менен Малиевдин өзү да кире албай калды окшойт. Үсөн Сыдыковго гана эшик ачышты. Ал киши биз аз кечигип келди да, "Ачкыла! Мен Үсөн Сыдыковмун!" деп эшикти койгулаганда, эшик агалары эшикти ачып беришти. Сүйлөшүүлөрдү бүтүрүп, бат эле чыга калышты. Тегеректеп турабыз. Экөө маңдай-тескей тура калышып, бир- эки ооз сөз алмашты.

Бакиев Куловго күч органдарын тескөөнү өз колуңа ал деп айтты. Кулов баш ийкеди. "Феликс Шаршенбаевич! Тез чара көрүңүз!" деди аны жандагандардын бири. "Мен … жаңы эле чыкпадымбы, эчтемени билбейм да" деди Кулов өз милдетин өтөөгө баратып.

Бир убакта "Жол! Жол бергиле!" деген бирөөнүн бийик доошу чыкты. Үсөн Сыдыков экен. Курманбек Бакиевди оң колтугунан таяп, жетелеп алган. Эми эмне болуп кетти дегендей, жарданып тургандар экиге жарылып, жол бошото берди. "Жол! Жол ачкыла!" деп Болот Шамшиев сол каруудан алды. Булар бирдеме уюштурганы баратат дедим ичимде. Алар алган багытты баамдай калып, "Жол! Жол! Жол бергиле!" деп, доошту бийик таштаган бойдон мен дагы алдыга түштүм.

Ремонту бүтө элек Жогорку Кеңеш имаратынын эл топураган, караңгы коридорлорунда жол сурап кыйкырып келатабыз. Алдыда мен кыйкырып келатам, артымда Болот Шамшиев. Ага удаа келаткан Үсөн Сыдыков Курманбек Бакиевди колтугунан кармаган бойдон колунан чыгарбайт. Сыдыков менен Шамшиев үндөрүнүн жетишинче кыйкырып коюушат, мен алардан ашыра кыйкырып койом.

Tөлөгөн Касымбеков жазган Кокон хандыгындагы сарай төңкөрүштөрү элестейт. Так ээси качып, мамлекет башсыз, калаадагы талоон - канталамай, талашкандары - так. "Кимдин-кимдин заманы, Болот-хандын заманы!" дегенсип, Жогорку Кеңештин ичинде "Жол! Жол!" деп кыйкырып келе жатабыз. Аргасыздан "Атаңгөрү-ү! Кутумдун эбин тапсаң, так алмаштыруу кеп эмес окшойт" деген ой келет. Арам ойду алыс кууйм, "бул революция, кыргыздын революциясы!" деп койом.

.

Тектеш темалар