Ийгиликке жеткиң келсе, окутууга көңүл бур

Эл аралык эксперттер М.Барбер менен М.Муршед 25 (анын ичинде эң алдыңкы 10) мамлекеттин билим берүү системаларын талдоо менен төмөнкүдөй жыйынтыкка келишет: Абдан эле көп айырмачылыктарына карабастан, алдыга суурулуп чыккан билим берүү системаларындагы жалпы бир окшоштук - алардын баарында мугалимдин ишинин сапатына негизги көңүлдү бурушкан.

Маалыматтарга караганда өлкө боюнча 1 миллиондон ашуун бала мектеп жашында.
Image caption Маалыматтарга караганда өлкө боюнча 1 миллиондон ашуун бала мектеп жашында.

Ийгиликке жетүүдөгү мугалимдин маанилүү ролуна төмөнкүнү мисалга тартууга болот. АКШнын Теннесси штатында өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, өздөштүрүүсү орточо (50 пайыздык пункт) болгон эки окуучунун үч жылдан кийинки жетишкендиктеринин ортосундагы айырма алардын кандай мугалимге туш келгенине жараша 53 пайыздык пунктту (ПП) түзгөн. Адистиги жогорку мугалимге туш келген баланын жетишкендиги 90 ППны көрсөтсө, адистиги начар мугалимге туш келген баланын жетишкендиги 37 ПП болуп, айырма үч жылда 53 ППны түзгөн (Sanders & Rivers Cumulative and Residual Effects on Future Student Academic Achievement, McKinsey. Жогоруда көрсөтүлгөн китептен алынды). Демек, окуучунун жетишкендиги дээрлик мугалимдин ишмердигинен көз каранды болуп жатпайбы.

Мугалимдин ишинин сапатына келсек, мында мугалимдикке татыктууларды тандап алуудан баштап, аларды окуу жайларда даярдоо, баштапкы айлык акыларын жакшы коюу менен мектептерге орноштуруу, кесиптик чеберчилигин үзгүлтүксүз өркүндөтүү, ар тараптуу колдоо, мугалимдик кесиптин аброюн (статусун) көтөрүү, биргелешип иштөө менен мыкты ийгиликтерге жетишүүгө чейин каралат.

Анда эмесе, бул маселелерди ирети менен карайлы.

Дайыма эле сан сапатка алып келе бербейт

мектеп

Ийгиликке жетишкен алдыңкы билим берүү системаларында мугалимдерди жогорку жетишкендиктерге ээ болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн тандап алышат. Мисалы, аларды Түштүк Кореяда 5%, Финляндияда 10%, Сингапур менен Гонконго 30% мыкты бүтүрүүчүлөрдөн тандашат (М.Барбер, М.Муршед. Жогоруда көрсөтүлгөн китепте). Финляндияда жалпы улуттук деңгээлде мугалим болууну каалагандарды тандап алуунун милдеттүү биринчи баскычы киргизилген, анда талапкерлер сабаттуулук, эсеп, көйгөйлөрдү чече алуу боюнча бир катар экзамендерди тапшырышат. Ал эми мугалимдерди даярдаган университеттер биринчи баскычтан өткөндөрдүн гана арасында алардын коммуникациялык көндүмдөрү, окууга даярдыгы, академиялык жөндөмдөрү, мугалимдик ишке кызыгуусу боюнча тесттерди алгандан кийин аларды кабыл алалат. Окууну аяктагандан кийинки үчүнчү тестти жаш мугалимдер иштей турган мектебинде тапшырат.

Сингапурда жалпы улуттук деңгээлдеги бирдиктүү, борборлошкон тандап алуу процесси уюштурулат, аны Билим берүү министрлиги менен Улуттук билим берүү институту биргелешип башкарат. Мында мугалим болууну каалагандарды алдын ала карап, тесттен өткөрүп, андан кийин аларды Билим берүү министрлиги расмий түрдө жалдап, аларга окуп жаткан студент кезинде эле иштеген мугалимдин 60% айлыгына туура келген акы төлөнө баштайт. Натыйжада мугалим боло турган конкреттүү адамдар менен иш алып барылгандыктан, Сингапур даректүү колдоо көрсөткөндүктөн, мугалим болгусу келгендерге көбүрөөк каражат, убакыт, ресурс жумшайт. Ал эми жалпы чыгымдары боюнча Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмдарына кирген мамлекеттердеги (алдыңкы мамлекеттер) 30 мамлекеттин ичинде 28-орунда турат.

Түштүк Кореяда башталгыч класстардын мугалими болууну каалагандар (жогорку натыйжага жетишкен 5% бүтүрүүчүлөр гана) жогорку окуу жайда төрт жыл окугандан кийин Улуттук билим берүү университетинде педагогика боюнча даражага ээ болушат.

Мугалим болууну каалагандар АКШда: Бостондо Teacher Residency, Нью-Йоркто жана Чикагодо Teaching Fellows деген программалар аркылуу тандалып алынат да, аларга педагогикалык адистик боюнча окуганга киришкенге чейин эле келечектеги жумуш орду дайындалат.

Натыйжалуу билим берүү системаларында мугалим болууга карата даярдык аудиториядан мектептеги класстарга которулган. Бостондогу бир жылдык Teacher Residency программасында практиканттар бир жуманын төрт күнүн мектепте өткөрүшсө, Англияда бир жылдык мугалимдик курстардын үчтөн экиси түздөн түз мектеп практикасына арналат. Ал эми Японияда мектепте практикадан өтүп жаткан келечектеги мугалим окутуунун биринчи жылында эле жеке насаатчынын катышуусунда жумасына эки күн сабак өтөт.

Ошол эле учурда мугалимдерди даярдоо көзөмөлдүккө алынбай, каалагандардын баары мугалим болуп, алардын саны өсүп кеткенде, сапат да түшүп кеткени боюнча мисал абдан көп. Буга алыс барбай эле өзүбүздө болуп жаткан практиканы алсак болот.

мектеп

Гонконгдо, Англияда жана Түштүк Кореяда мамлекет мугалим болуу сунушун чектөө үчүн каржылоону көзөмөлгө алат. Каржылоонун көлөмү чектелген учурда университеттер мыктыларды алуу максатында тандап алуунун катуураак жол-жоболорун колдонушат. Бул ыкма Англияда жакшы жемишин берүүдө, ал жерде жаңы мугалимдерге карата талаптар абдан так аныкталган, окутуунун сапатын баалоонун катуу талап коюлган системасы иштейт, бүтүргөн мугалимдер начар иштесе же башка бир кемчиликтер болсо, аларды даярдаган окуу жайларга карата санкциялар каралат, ошондуктан алар талапкерлерди тандап алууга жоопкерчилик менен абдан олуттуу мамиле кылышат.

Бирок, мугалим болууну каалоочуларды тандап алуунун эч бир системасы кынтыксыз өркүндөтүлгөн болушу мүмкүн эмес, алардын баарында кандайдыр бир кемчиликтер кетпей койбойт, алсыз жагы жок болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан билим берүү системасы өнүккөн өлкөлөрдө начар мугалимдерден арылуу механизмдери иштейт. Бостондо үч, Чикагодо төрт жыл иштемейинче, жаш мугалимдер мектептин штатына алынбайт. Ал эми Англияда бир, Жаңы Зеландияда эки жыл иштеп, жетекчиликтин оң пикирин алмайынча, жаш мугалимдер лицензия алалышпайт. Лицензия албай мугалимдик ишмердигин улантууга болбойт. Жаңы Зеландияда жетекчилик берген баа жогорку стандарттарга шайкеш келерине ынануу үчүн Мугалимдер кеңеши жаңы мугалимдердин 10%ынын арасында өзүнчө көз карандысыз баалоо өткөрөт.

Сингапурда ар бир мугалим жыл сайын 100 сааттык адистигин өркүндөтүү боюнча курстан өтүүгө укуктуу. Мугалимдер Улуттук билим берүү институтунан курстан өтүп, предмет боюнча педагогикалык билимин жакшыртат же мектептин базасында мектеп көйгөйлөрүн аныктаган адистердин жетекчилиги менен кесиптик чеберчилигин өркүндөтөт. Ар бир мектепте мугалимдердин кесиптик жактан өсүүсүн колдоого алган фонд бар.

Чу дегенде эле жакшы айлык ал

мектеп

Финляндияда, Нидерландияда, Жаңы Зеландияда, Австралияда, Англияда, Сингапурда жаңы келген мугалимдерге жакшы айлык акы коюлат. Бирок, кийин айлык акынын көлөмү башка адистиктерге салыштырмалуу жайыраак өсөт. Ал эми Түштүк Кореяда баштапкы айлык акы да, кийин ала турган айлык акы да абдан жогору. Түштүк Кореядагы мугалимдердин айлык акысы Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмдарына кирген мамлекеттердеги айлык акыдан орточо эки жарым эсе жогору. Түштүк Кореяда, Сингапурда жана Финляндияда мугалимдин статусу жогору экендигин коомчулук арасында өткөрүлгөн изилдөөлөр да көрсөтөт. Финляндияда, Түштүк Кореяда магистрлер гана мугалим болуп иштей алышат.

Ишти жаңы баштаганда эле жакшы айлык коюу бул кесипке мыктыларды тартуу менен, бир топ мамлекеттерде мыкты мугалимдерди мектепке тартууга олуттуу жардам берген.

Насаатчылык же бири-бирин колдоо

мектеп

Практиканттар гана эмес, көпчүлүк эле мугалимдер мыкты насаатчыга муктаж болушат. Бирок, тажрыйбалуу мугалимдердин баары эле мыкты насаатчы боло алышпайт. Бир топ мамлекеттерде эксперт мугалимдер, атайын окутулган мугалимдер насаатчылыкка тартылышат. Айрым учурларда муниципалитет же Билим берүү министрлиги тарабынан насаатчы мугалимдер толук ставкада насаатчылыкка алынат, башка учурларда насаатчылык менен алектенүү үчүн тажрыйбалуу мугалимдердин окуу жүктөмү азайтылат. Англияда жакшы натыйжаларга жетишкен тажрыйбалуу мугалимдерге толук эмес окуу жүктөмүн беришип, аларды жаш мугалимдер жана кесиптештери менен иштегенге насаатчылыкка тартышат. Чикагодо жана Бостондо жаш мугалимдерди насаатчыларга бекитип беришет.

Насаатчылык аркылуу кыска убакыттын ичинде жакшы натыйжаларга жетишүүгө болоруна Англиянын тажрыйбасы мисал боло алат. Англияда «Тилдик жана математикалык сабаттуулуктун стратегиясы» программасынан алкагында ар бир башталгыч мектепте адабий жана математикалык сабаттуулук боюнча насаатчыларды даярдап, иш жүргүзүшкөн. Натыйжада үч жылдын ичинде олуттуу натыйжаларга жете алышкан. Айрым жакынкы чыгыштагы мамлекеттер насаатчыларды чет мамлекеттерден да чакырышкан (жогоруда көрсөтүлгөн китепте).

Мугалимдердин адистик чеберчилигин өнүктүрүүнүн жакшы жолу - алардын биргелешип чогуу иштеп, бири-биринен окуп-үйрөнүүсү. Мында мугалимдер бири-биринин сабагына такай байкоо жүргүзүшүп, билимдери, усулдук идеялары менен бөлүшүп, бири-бирин дайыма колдоп турушат. Кытайда (Шанхайда), Японияда, Финляндияда мугалимдер биргелешип иштешет, сабактарды чогуу пландаштырышат, бири-биринин сабактарына катышып, талкуулашат. Финляндияда биргелешип пландоо жана программаны иштеп чыгуу үчүн мугалимдерге атайын бош убакыт берилет. Ал жерде бир мектептин ичинде эле эмес, муниципалдык округдун аймагында иштеген мектептердеги мугалимдердин биргелешип иштөө практикасы, материалдарды бөлүшүүсү, алдыңкы тажрыйбаны жайылтуусу колдоого алынат. Бостондо сабак тизмек (расписание) параллель класстарда бир предметти окуткан бардык мугалимдер бирге иштегенге мүмкүнчүлүк болгондой кылып, бош убакыт коюлуу менен түзүлөт. Бул бош убакытта алар жолугушуп, биргелешип пландаштырышат, педагогикалык практикаларды талкуулашат. Мындай жолугушууларды мектеп директору же насаатчы мугалим алып барат. Бостондогу айрым мектептер ачык мейкиндик принциби менен иштешип, аларда эшик, айрым учурда класстарды бөлүп турган дубалдар да болбойт.

Мындай биргелешип иштөө мугалимдердин кесипкөйлүк жактан дайыма өсүп туруусуна жакшы жардам берет.

Ал эми Кыргыз Респуликасында бул багытта кандай иштер аткарылып жатканын өзүнчө талкуулап отурбай эле, аларды жыйынтык корутундулар менен сунуштарга кошуп койгонубуз туура болчудай. Ансыз да бизде булардын бири да жок же баары толугу менен тескерисинче жасалып келди.

Жыйынтык корутундулар жана сунуштар же бул маселе бизде кандай:

Дүйнөдөгү алдыңкы билим берүү системаларынын баарында мугалимдин ишинин сапатына негизги көңүлдү бурушкан. Чындыгында да мыкты программасы, башкаруу механизмдери, инфраструктурасы болуп, бирок жакшы мугалим болбосо, окуучулар кантип мыкты ийгиликтерге жетишмек эле? Анткени бардык билим, билгичтиктер, көндүмдөр, компетенциялар окуучуларга мугалим аркылуу берилип жатпайбы. Эгерде алар мугалимдин өзүндө жок болсо, өзүндө жок нерселерди кантип башкаларга бермек эле?!.

мектеп

Алдыңкы системаларда болочок мугалимдерди тандап алууга өзгөчө маани берилсе, бизде бюджеттик орундар да толбой калууда жана жашырганда эмне, эч жакка өтө албай калгандар, мугалимдикке келүүдө. Начар мугалимдерди иштен кетирүү же мугалим болууга карата кошумча талаптар тууралуу эч нерсе айта албайбыз. Мына ушундай абалда билим берүүнүн сапатын кантип көтөрө алмакпыз?!.

Практикага көңүл бурбай туруп, мугалимдин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү деги эле мүмкүн эмес. Көпчүлүк учурда жаш мугалимдер мектепке жаңы келгенде сабакты пландаштыра албай, өтө албай кыйналышат. Бул маселелердин баарын практиканы күчөтүү менен чечүү керек.

Жаңы баштаганда да, кийин да биздин мугалимдер жакшы айлык алышпайт. Буга мугалимдердин категориясын алып салуу да кошумча болуп, мугалимдердин ишинин төмөндөшүнө зор салым кошууда. Анткени, жакшы иштесең да, эптеп эле иштесең да, тажрыйбалуу мугалим болсоң да, жаш болсоң да, бирдей эле айлык акы алуу кантип чыгармачылыкка жана жигердүү иштөөгө шыктандырмак эле?!.

Алдыңкы билим берүү системаларында кеңири колдонулуп, ийгиликке жетишүүнүн бир куралы катары каралган насаатчылыкка Кыргыз Республикасында анча көңүл бурулбай калууда. Айрым долбоорлор бул багытта иш алып барууда. Бирок, алар ишмердигин токтоткондон кийин бул иштердин уланар-уланбасы белгисиз.

Мугалимдердин биргелешип иштөөсүнө: биргелешип сабактарды пландаштыруусуна, бири-биринин сабактарына кирип, талдоого, керек болсо, биргелешип көрсөтмө сабактарды өтүүгө шарт түзүү жана алдыңкы технологияларды, тажрыйбаларды колдонуп көрсөтмөлүү сабактарды өткөн жана насаатчы мугалимдерге материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүү керек. Алдыңкы мугалимдердин алдыңкы иш-аракет, практика, көрсөтмөлүү сабактар аркылуу адистикти өркүндөтүү курстарын өтүүсүнө уруксат берүүгө жетишүү зарыл.

Мугалимдердин адистигин өркүндөтүү формасын түп тамырынан өзгөртүү жана алдыңкы технологияларды, ыкмаларды киргизүү.

Жаңы келген мугалимдердин баарын июль-август айында Ысык-Көлдө эс алдырып, андан кийин ишин баштатуу. Кудайга шүгүр, КР Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү пансионат болуп калды. Деги эле акырындык менен атайын программа түзүп, мугалимдердин баарына Ысык-Көлдү көрсөтүп чыгуу керек. Мында бүтүрүү кечелеринин каражаттарын да колдонууга болот.

Албетте, Кыргызстанда да билим берүүнү реформалоо жаатында бир топ иштер жасалууда. Бирок, алар жалпы мугалимдердин кесипкөйлүгүн өркүндөтүүгө, күндөлүк практикасына жетпей калууда. М.Барбер менен М.Муршед бул тууралуу изилдөө учурундагы Кубалык билим берүү кызматкеринин айтканын келтиришет: «Мектеп реформасынын мугалимдердин практикасына тийгизген таасирин буркан-шаркан түшкөн толкундун океанга болгон таасири менен салыштырууга болот. Жогору жакта толкун, ал эми океандын тереңинде тынчтык өкүм сүрүүдө. Реформа чоң өзгөрүүлөр жүрүп жаткансып суунун үстүн көбүктөнтүп жатканы менен, суунун алдында турмуш мурдагыдай эле жай өтүүдө».

Абдан таамай айтылган, бизде да көпчүлүк мугалимдердин өлкөдө кандай масштабдуу реформалар болуп жатканы тууралуу маалыматы жок эмеспи.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.