БУУ - Кыргызстан: кылмыштардын алдын алууда милиция жалгыз гана жоопкер эмес

Бишкекте чөлкөмдөрдөгү укук тартибин бузуулардын алдын алуу жаатында укук коргоо мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун социалдык өз ара өнөктөштүгүн талкуулашты.

талкуу

Кыргызстанда кылмышкердик жаатында түзүлүп калган кырдаал боюнча ой-пикир алмашуу, ошондой эле укук тартибин бузуу учурларынын алдын алуу жагдайларда натыйжалуу иш-аракеттерди көрүү жаатында тажрыйбадан өз ара бөлүшүү иш-чарасын Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмышкердик боюнча башкармалыгы (БЗКБ) уюштурду.

2014-жылдан бери БУУнун аталган башкармалыгы Кыргыз Республикасында кылмыш-жазык сот адилеттиги боюнча программанын алкагында, ушул чөйрөдө мамлекеттик, муниципалдык жана жарандык түзүмдөрдүн ортосунда социалдык өнөктөштүк менен өз ара иш-аракеттерди күчөтүүнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорду жүзөгө ашырып келе жаткандыгын баса белгилеп кетүү зарыл.

- Адатынча, мыйзамдын тыюу касиетине жана укук бузуучуларды жазалоого негизделген кылмышкердиктин алдын алуу милициянын гана милдети деп саналган. Бирок турмуш көрсөтүп тургандай, ички иштер органдары канчалык тажрыйбалуу жана жетиштүү жабдылган болсо да, милициянын укук бузуулардын алдын алуу, болтурбай коюу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү бир топ эле чектелген. Демек, мындай шартта милициянын, мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн, ошондой эле коомдук уюмдардын өз ара кызматташуусу өзгөчө мааниге ээ. Турмуштан белгилүү болгондой, кылмышкердик жана андан жабырлангандардын катмарынын өсүшү жеке кишилердин гана эмес, бүтүндөй үй-бүлөлөр менен жамааттардын турмушуна түздөн-түз таасир эткен жагдайлардан болуп саналат, - деп белгиледи бул ой-пикир алмашуунун алып баруучусу, Кыргыз Республикасынын «Пикир» аттуу Чөлкөмдүк эксперттер клубунун тең төрагасы, саясат таануучу Игорь Шестаков.

Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмышкердик боюнча башкармалыгынын Коомчулук жана ЖМК менен байланыштар боюнча улуттук тескөөчүсү Василина Бражко маалымдагандай, Кыргызстанда кылмыш-жазык сот адилеттиги боюнча мамлекеттик программа койгон маселелерди чечүү үчүн БУУнун бул мекемеси өлкөдө укук бузуулар менен кылмыштардын алдын алууга багытталган укук коргоо түзүмдөрүнүн, мамлекеттик муниципалдык кызматтардын жана коомчулуктун ортосунда кеп-кеңештерди жана натыйжалуу өз ара иш-аракет жүргүзүү жолдорун иштеп чыгуу жараянына омоктуу колдоо көрсөттү.

БУУ БЗКБ: чөлкөмдөрдө кылмыштардын алдын алып...

Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмышкердик боюнча башкармалыгынын программаларынын эл аралык тескөөчүсү Кун Марквериң билдиргендей, аталган долбоорду жүзөгө ашыруу көрүнүктүү натыйжаларды берди.

Кун Марквериң

- Өлкөнүн ар бир чөлкөмүндө анын өзүнө мүнөздүү жеке көйгөй-түйшүктөрү болгону табигый көрүнүш. Мисалы, бир райондо бул мал уурулук, экинчисинде болсо - үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ал эми үчүнчүсүндө - жол кырсыктарына байланышкан оор кырдаал. Ошондуктан иш-аракеттер божомолу дал ушул өзгөчөлүктөрдү эске алып иштеп чыгарылганы маанилүү. Мындан тышкары, кылмыштардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды даярдоо жараянына ички иштер органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрү жана коомчулук катышканы жалпы эле кылмышкердикке тийиштүү абалга оң таасирин тийгизип келет, - деп билдирди Кун Марквериң.

Жолугушуунун жүрүшүндө баса белгиленгендей, Кыргызстанда 2018-жыл Чөлкөмдөрдү өнүктүрүү жылы деп жарыяланган, мына ушуга байланыштуу укук бузуулардын алдын алуу жаатындагы социалдык өнөктөштүк чөлкөмдөрдүн өнүгүшүн турукташтыруунун жакшы каражаты болуп калышы ыктымал. Анын үстүнө долбоорду ишке ашырууда өлкөнүн эң алыскы райондоруна көңүл бурууга басым кылынып жатат.

Алсак, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда үч жылдан бери кылмыштардын алдын алуу аракеттери биргелешкен пландарды ишке ашыруу аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул мезгилдин ичинде мал уурулук сыяктуу терс көрүнүштү жокко чыгарууга мүмкүн болду.

- 2016-жылы милиция органдары жана жергиликтүү бийлик менен бирге биз кырдаалды иликтеп, кылмышкердиктин деңгээлин баалап, азыркы учурда биздин райондун аймагында кылмышкердиктин эң эле кең тараган түрү мал уурулук экен деген тыянакка келдик. Ушул жаатта көрүлгөн чаралардын, тагыраак айтканда, БУУнун Баңги заттар жана кылмышкердик боюнча башкармалыгы бөлүп берген каражаттарга видео байкоо камераларын орнотконубуздун, натыйжасында биз кылмышкердиктин ушул түрүн бир жылдын ичинде жокко чыгара алдык. Былтыр биздин райондо мал уурулуктун бир да учуру катталган жок, - деп баяндап берди Жети Өгүз районундагы «Айыл турмушу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бибигүл Бөпөбаева. Мындан тышкары, ал БУУ мекемесинин каржылоо жардамында милициянын посёлоктук бөлүмчөсүнүн (МПБ) имараты оңдолгондугун жана коомдук профилактика борбору (КПБ) түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Ушул эле теманы улантып, Баткен облусунан келген коомдук активист Рано Турсуналиева Үч-Коргон айылынын мисалында жол коопсуздугу маселелерин чечүү тажрыйбасынан бөлүштү.

- Ушул долбоорду жүзөгө ашыруунун биринчи кезегинде биз биргелешип кеп-кеңештерди уюштурдук да, биздин калктуу пункттагы эң орчундуу көйгөй - бул жол кырсыктары экендигин аныктадык. Экинчи кезекте болсо ушул эле түйшүктүн негизги себептерин ачып көрсөттүк да, ал эми үчүнчү кезегинде иш-чараларды жүзөгө ашырып баштадык. Мектеп окуучулары менен жол кыймылынын эрежелери боюнча зор иш-аракеттер жүргүзүлдү. Мындан тышкары, БУУнун Баңги заттар жана кылмышкердик боюнча башкармалыгынын каржылык колдоосунда биз жол белгилерин жаңылап, жаңы көрнөктөрдү, белги шамдарды орноттук да, эң ири көчөлөрдүн кесилишинде видео байкоо аспаптарын да жайгаштырдык. Ушулардын баары жакшы натыйжаларды берип, жол кырсыктардын азайышына алып келди, - деп баса белгиледи өз сөзүндө Уч-Коргон жамаатынын өкүлү.

Ош облусунун Ноокат районунда БУУ мекемесинин демилгеси үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук деңгээлин төмөндөтүп, жашы жете элек кыздарды турмушка берүү учурлардын санын олуттуу азайтты. Бул жөнүндө «Аялдардын тынчтык банкы» бейөкмөт уюмунун өкүлү Гүлсана Абытова айтып берди:

- Биз үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка, анын ичинде жашы жете элек кыздарды турмушка берүүгө, байланышкан кылмыштардын алдын алуу үстүндө аракеттенип жатабыз. Тогузунчу классты бүтүргөндөн кийин кыздардын дээрлик 60 пайызын мажбурлап эле турмушка чыгарып салышын эсепке алсак, бул биздин аймактагы эң орчундуу көйгөй-түйшүктөрдүн бири. Бул жаатта биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жашы жете электердин турмушка чыгуусуна, анын ичинде диний каада-салт аркылуу никелешүүсүнө, тыюу салган мыйзам жөнүндө, ошондой эле аталган мыйзамды бузгандар үчүн белгиленген жаза чаралары тууралуу айтып берип жатабыз. Мындан тышкары, районубуздун борборунда, зордук-зомбулукка чалдыккан жана зордоп турмушка чыгарылып жаткан кыздар кайрыла ала турган башпанек уюштурулган, - деп маалымдады Гүлсана Абытова.

Жарыш сөздүн жүрүшүндө белгиленгендей, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана жашы жете элек кыздарды турмушка берүү көйгөйү өлкөнүн чөлкөмдөрүнүн көпчүлүгү үчүн мүнөздүү, бул түйшүк миграциянын өскөн агымы менен да шартталган. Катышуучулардын оюнча, Кыргызстандан эмгек мигрант катары башка өлкөлөргө кеткен жарандар өз балдарын карыган ата-энелерине же башка туугандарына таштап кетишет. Мунун кесепетинде балдар кароосуз калышат да, кээде тек гана зордук-зомбулуктун курмандыгына да айланышат.

Милициянын иш-аракеттери жана алдыдагы озуйпасы

Милиционер аялдар бирикмесинин төрайымы Каана Айдаркул өз сөзүндө ар кандай чыр-чатактардын алдын алууда милиционер аялдардын аткарган ролу жөнүндө баяндап берди. Ал маалыматка ылайык, БУУнун БЗКБ демилгеси боюнча жана каржы колдоосунда укук коргоо органдарынын аял кыматкерлери үчүн аларды чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алуу, ошондой эле жөнгө салуу ыкмаларына үйрөткөн бир катар семинарлар өткөрүлгөн.

- Ушундай көнүгүүлөрдүн натыйжасында өлкөнүн бардык чөлкөмдөрүнөн келген ондогон милиционер айымдар окуудан өтүшкөн. Эми алар өздөштүрүп алган билимин өзүнүн күнүмдүк кызматын аткарууда, анын ичинде үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселелерин чечүүдө, натыйжалуу пайдаланып жүрүшөт, - деп кошумчалады Каана Айдаркул.

Укук коргоо маселелери жөнүндө жарыш сөзду улантып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин консультанты Егор Скобеев премьер-министр Сапар Исаковдун Кыргызстанда коопсуздук жана кылмышкердиктин алдын алуу саясаты боюнча конференция учурунда милицияны полицияга айлантуу ыктымалдыгы жөнүндөгү сөздөрүнө тийиштүү кошумча түшүндүрмө берди.

- Менимче, милицияны полицияга айлантырууда бүтүндөй укук коргоо системасы кайра түзүлөт. Бул тек гана көрнөктөрдү алмаштыруу дегендикке жатпайт, анын мазмуну биротоло өзгөрүп, ал социалдык багыт алган кызмат көрсөтүү мекемеси катары кайра түзүлөт, - деп белгиледи эксперт.

Кылмыштардын алдын алуу жаатында мамлекет менен жарандардын ортосундагы социалдык өнөктөштүк теманы улантып, ал бул багытта Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй тажрыйба бар экендигин баса белгиледи.

- Республикада ушул багыттагы бардык тиешелүү тараптардын ишмердигин жөнгө салган мыйзам иштеп чыгарылган жана илгерилетилген. Мында эми бирдиктүү чөйрөгө айлантырылып, мыйзамдаштырыла турган, ошондой эле ушул демилгелерди өнүктүрүү үчүн каржылана турган иш-аракеттер бар, - деп кошумчалады Егор Скобеев.

Өз кезегинде, «Реформалар жана натыйжа үчүн» жарандык биримдигинин тең төрагасы Тимур Шайхутдинов белгилегендей, Бириккен Улуттар Уюмунун Баңги заттар жана кылмышкердик боюнча башкармалыгынын колдоосунда жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжасында коомдун укук бузуулардын алдын алуу маселелерине кылып жаткан мамилесин ийгиликтүү өзгөртүүгө мүмкүн болду.

- Бүтүндөй бул иштин негизги натыйжасы катары, тигил же бул долбоор ишке ашырылып бүткөндө дагы калк өз күчү менен укук бузуулардын алдын алууга аракеттенет, деп айтууга болот. Ошондуктан мен, социалдык өнөктөштүк программасын мындан ары да өнүктүрүү керек, ал турсун аны мыйзам акты аркылуу бекитип, бул багытта бирдиктүү мамлекеттик стратегияны иштеп чыгаруу зарыл, деп эсептейм, - деп тастыктады жарандык активист.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Тектеш темалар