Апрель окуясынын алдында: генералга боштондук талап кылган жүрүштөр

Ушул аптанын соңунда Кыргызстан 7-апрель окуясын эскерет. Андан бери сегиз жыл өтүптүр. Бул окуя али алдыда саясат таануучулар, тарыхчылар, окуянын күбөлөрү тарабынан дагы далай эскерилип, дагы далай талданаар.

  • Сүрөттө: солдо микрофон кармап турган ошол кездеги оппозициялык активист, 2010-жылы 3-апрелде катуу сабалып, бир өлүмдөн калган Абдыкайым Кангелдиев, анын жанында оппозиционер Төлөгөн Келдибаев, анын артында сары тончон Айтпай Жээналиев. Кангелдиев менен Келдибаев митингге бир нече ирет катышып, Бакиев бийлигин катуу сынга алган билдирүүлөрдү жасашкан эле.Оңдо эң четте турган Исаковдун бир тууган иниси.

Кандуу апрелге чейин кыш чилдесинде тээ Алайдын тоо курчаган чакан айылында болуп жаткан окуялардын жаңырыгы ошол учурда бүтүндөй өлкөгө угулуп жатты беле? Аны айтуу кыйын.

2010-жылдын январь башында Кыргызстандын мурдагы Коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен ажыратып, аскердик чинин алып салуу тууралуу өкүм чыгарды. Исмаил Исаков сот залынан камакка алынган. Бакиев бийлигинин саясатына макул болбой, кызматын тапшырып кетип калгандан кийин генерал Исаковго каршы кылмыш иши козголуп, акыр аягы катаал жазага тартылышы коомчулукту дүрбөтө койду. "Кокуй, буларың аёо дегенди билбеген, бийлик дегенде алдынан чыкканын чөп чапкандай кулаткан жаналгычтар экен" деп Бакиевдерге карата жек көрүү эл арасындагы нааразылыкты эселеп күчөткөндөй болду. Балким мага ошондой туюлса керек. Сүйлөшө келгенде ызырынгандар көп эле.

Исаков камалгандан кийин кичи мекени Алайдын Сопу-Коргон айылынан, башка дагы бир топ жерлерден туугандары жыйылып район борбору Гүлчөгө келген. Бул кабар жетери менен Ош шаарынан дароо Алайга жөнөп кеттим. Гүлчөгө чейин ашып кетсе бир сааттык жол. Сырттан таңыркап карагандарды кошуп эсептегенде, эки жүздөй киши чогулган экен. Аларга баш көз болуп жүргөн Айтбай Жээналиевге жолугуп, "эми эмне кыласыңар, жүрүш канчага уланат?" деп сурап калдым.

"Эгер Исаков акталбаса, андан кийинки кадамдарыбыз өтө чечкиндүү болот. Ушу бийлик менен тирешүүгө чейин, кагылышууга чейин барабыз. Элди чогултуп, Гүлчөгө карай, Ошко карай атчан жүрүштөрдү баштайбыз", - деди ал. Кийин бу киши Алайдагы "Исаковду коргоо" деген комитети башкарып калды. Апрель окуяларынан кийин бир топ убакыт Алайдын акими болуп турган. Исаковдун бир тууганы Эшен акенин да сүйлөтүп, диктафонго жазып алдым. Ошол ошол болду дээрлик бир жарым ай бою күндө күн алыс Алайга барам.

Көөшөрүп, көгөргөн бир ууч киши "Исаковго боштондук!" талабын эки ай тынымсыз кыйкырып туруп алды. Аларды эл жапырт колдоп кетпеген менен жан тартып, дем берип кеткен аксакалдарды көрүп калдым. Бир ууч киши болсо адилеттүүлүктү, акыйкатты талап кылган көк беттиги менен кыш чилдеге карабай акцияларын токтоткон жок. Жол тосушту, жүрүш кылышты, ачкачылык жарыялашты. Бийлик эч нерсе болбогондой мамиле жасаган. Ошондон улам мен да тажабай акцияларына келе бердим. Мына ушул жерде жогоруда айтып өткөн жүрөктө калган окуянын күбөсү болуп калдым.

2010-жылы 3-февраль күнү Сопу-Коргон айылында генерал Исмаил Исаковдун Жаныш деген инисинин үйүнүн короосунда митинг өттү. Бирин экин эле журналист болбосо, бүт эле өздөрү менен өздөрү кайнап, ызаасын, ачуусун өздөрүнө өздөрү айтып, жүздөй киши чогулган. Ошол жерден бир топ киши ачкачылык кармап жатканын, ага генерал Исмаил Исаковдун 85 жаштагы апасы дагы кошулганын айтышты.

Дароо сураштырып эле, алар олтурган үйдү таап бардым. Барсам айылдык дарыгер Анипа Качибекова ачкачылык кармагандарды текшерип жаткан экен. Исаковдун туугандарынан үч-төрт улгайган аялдар дагы "Ак ийилет, сынбайт" деген жазууну илип алып, олтурушуптур.

Кирип барып эле, Би-Би-Си кабарчысымын деп өзүмдү тааныштырып, Исмаил Исаковдун апасынан интервью алайын дедим эле деп кайрылдым. Мештин жанында олтурган экен, жалынып-жалбарып сүйлөгөндө эле кайраттуу аял экен дедим. Эненин аты да Анипа экен.

-Сизди дарыгерлер ачкачылык кармабасын, кан басымы жогору болуп жатат деп жатышат. Ачкачылык кармабай эле башкаларга дем берип турбайсызбы?,-дедим.

Саамга ойлонуп туруп, абакта жаткан уулуна кайрылып жаткандай сүйлөдү:

-Уулумдун алтын башы аман болсун! Алты саны аман болсун! Бул күндөр да өтөөр. Айтаарым, башыңды бийик көтөр, садага болоюн. Тике карагын, душманыңа тике карагын. Улуу тоонун бийигиндей бийик бол. Алтын башың аман болсо, мындан да кутулуп кетесиң. Ачкачылыкты уланта берем. Өлсөм өлүп калам. Артымда аркалаар агам жок, тиренер үкөм жок, кудай берген үчүн мынча кишини ага ордуна ага, ини ордуна ини кылып, уулум менен чогуу уул кылып жүрөм,-деди. Көзүмө жаш келди, кайратына таң калдым. Кийин чакан китеп ыр жыйнак чыгарганда ("Түндөр") ошол кыска маекти кошо тиркеген элем.

Ошол күнү радиодон уккан туугандары ыйлаганы ыйлап, чыйралганы чыйралганын кийин мага көп эстетип жүрүштү.

Оо кийин бийлик кулатылган учурда Алайда мына ушул акцияга чыгып жүргөндөр ыңкылапчы болду. Айлап акыйкат талап кылып жүрүп, курчуп калышкан экен. Кийин 6-апрелде окуя курчуп кеткенде , "Алайга кел, биз райондун бийлигин колго алабыз" деп чалышты. Ошол жакка бара жатканда, жолдон атайын МАИ кызматкерине тостуруп, сабап кетишкен окуя дагы бир удулу келгенде айтылаар...

Кыргыздын кайраты, адилеттүүлүгү, өжөрлүгү чүрүшкөн кемпирдин дарт чалып турган жүрөгүн жарып чыгып, башкаларга дем бергенин көрдүм. Акыры келип, кайсыл жерден адилеттүлүк бузулса, кайра ордуна келерин көрдүм. Ким акыйкаттан тайса, төбөсүнө союл болуп чабыларын көрдүм...