"Акыл жаштан, асыл таштан": жаштардын акылын качан угабыз?

Жаштар коомдук иштерге активдүү аралашып, алардын үнү, идеясы башкаларга жетүүсүн каалашат.

Бишкекте өткөн "Жаш тынчтык куруучулардын || Улуттук симпозиумунда"
Image caption Бишкекте өткөн "Жаш тынчтык куруучулардын || Улуттук симпозиумунда".

Мындай чакырыктар Бишкекте өткөн "Жаш тынчтык куруучулардын || Улуттук симпозиумунда" айтылды. Симпозиумга өлкөнүн алыскы аймактарынан 200дөн ашык активдүү жаштар катышты. БУУнун Бишкектеги үйүндө, АКШнын элчилигинде жана Жогорку Кеңеште симпозуимдун катышуучулары үчүн жолугушуулар уюштурулду.

Жогорку Кеңешке барган жаштар депутаттарга айылдардагы көйгөйлөрдү, ал эле эмес ал маселелердин чечүү жолдорун да сунушташты.

Жаштар көтөргөн көйгөйлөр ар түрдүү: аймактардагы кыйрап бара жаткан экология, эскирип эффективдүүлүгүн жоготкон окуу программасы, жумуш орундарын түзүү сыяктуу.

Таластан келген катышуучу Айгерим Алманбет кызы эл өкүлдөрүнө жаштар коомдун өнүгүшүнө активдүү катышкысы келет деп билдирди:

"Жаштарда идеялар көп, алар өздөрүн коомдо пайдалуу сезгиси келет. Таанышы жок же пара бербестен ишке кирүүгө мүмкүн эмес деген заман артта калышы керек. Жаштар да өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошкусу келет. Жаштар үчүн долбоорлор көп болуусун каалайт элек. Биз аракеттенебиз, сиздер депутаттар бизди колдойсуздар деген үмүттөбүз",-деди Айгерим.

Жаштар көтөргөн көйгөйлөр ар түрдүү: аймактардагы кыйрап бара жаткан экология, эскирип эффективдүүлүгүн жоготкон окуу программасы, жумуш орундарын түзүү сыяктуу.
Image caption Жаштар көтөргөн көйгөйлөр ар түрдүү: аймактардагы кыйрап бара жаткан экология, эскирип эффективдүүлүгүн жоготкон окуу программасы, жумуш орундарын түзүү сыяктуу.

"Жаштардын активдүүлүгү, билимге умтулган, жаңы көз караштарга бай, ыймандуу муун өсүп келе жатканын көрсөтүүдө. Биз аларды атаандаш көрбөстөн, жол көрсөтүп, керек болсо алардан да көп нерселерди үйрөнүүбүз керек",-дейт Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров.

"Жаш тынчтык куруучулардын || Улуттук симпозиуму" БУУнун Тынчтык куруу фонду тарабынан ишке ашырылган "ЖашСтан" долбоорунун алкагында уюштурулган.

Эгемендик алган жылдардан кийин кыргызстандык жаштар миграцияга бой урду, өлкө ичинде калгандары эптеп жумуш табуу, кара жанды багуу түйшүгүнө малынды. Көп учурда өлкө өнүксө деген үмүтү менен саясий окуяларга аралашып кеткен учурлары болду.

Ошентип жүрүп арышын таштап, аң-сезимин өзгөрткөн муун жаралды. Айталы, эгемендик жылдары төрөлүп, торолгон балдар өз эмгеги менен дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында билим алган саны көбөйдү. Миграцияда жүрүп бутуна туруп, жеке бизнесин түптөп же дүйнөнун алдыңкы компанияларынан иш тапкандар болду. Кыргызстандын өзүндө болсо, тил үйрөнүп, кандайдыр бир жаңы нерселерди жаратууга дилгир, азыркы доордун күрөө тамырын сезген муун жетилип бараткандай. Билим берүү боюнча дүйнөлүк олимпиадаларда намысты коргоп жаткан окуучулардын дымагы күч. Ушундай учурда улуу муун өзүнөн кийинки муунга наалыма акыл айтып, кемчилигин эле көрсөтө бербей, "булардын баалуулугу башка" деп кине койбой, көңүл буруп, жапа тырмак ушундай аракеттерди колдоого алып, коомчулукка жайылтууга мезгил келди окшойт. Жаштардын чакырыгы ушул өңүттөн айтылып жаткандай.

Жаштар

Өткөн айда АКШдагы өспүрүмдөрдүн жүрүштөрү, бадардын таза дүйнөсүнөн чыккан ызаа чоң кишилерди ойлонткон, уялткан, окуя болуп калбадыбы.

"Курал жарактар эркин сатылбашы керек!!!" дал ушундай ураан менен АКШда мектеп окуучулары тарабынан уюштурулган митинг дүйнөнү аралап өткөндөй болду.

Февралдагы Паркленд мектебиндеги (АКШ, Флорида штаты) ок атуу окуясынан 17 окуучу мерт кетип, 50дөйү жаракат алган окуяга өспүрүмдөр кайдыгер карай албады.

Митингдердин активдүү катышуучуларынын бири Эдна Чавес бир тууган агасы да ок атышуудан каза болгонун айтып, "эркин курал сатууга тыюу салынуу үчүн дагы канча бейкүнөө адамдар өлүшү керек",-деп суроо салды.

Эдна Чавес сөзүнүн соңунда: "АКШ бийлигине жаштарды курал кылууну, жаштарда кылмышкерлерди көрүүнү токтоткула! Андан көрө жаштарды иш менен камсыз кылгыла! Ментордук программаларды бергиле!",-деген талаптарын билдирген.

Симпозиумга өлкөнүн алыскы аймактарынан 200дөн ашык активдүү жаштар катышты.
Image caption Симпозиумга өлкөнүн алыскы аймактарынан 200дөн ашык активдүү жаштар катышты.

Ал арада Эднанын Кыргызстандагы курдаштары ал айтып жаткан ментордук программанын жардамы менен өз жашоолорун өзгөрттү. Өлкөнүн алыскы айматкарында, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдөн тандалган 162 улан-кыздар устаттарынан алган тажрыйбаларынын аркасы менен өз бизнестерин баштоого үлгүрүштү. Менторлор жаштарды тынчтыктын идеялары аркылуу дүйнө таанууга үйрөтүшүүдө.

«Жаштарга үч негизги багыт боюнча маалымат жетти деп ойлойм, биринчиси аң-сезимине, жүрөгүнө жана колуна. Менторлор өз билими менен бөлүштү, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Эмне кылса болот? Кантип өз чөйрөсүндө ийгилике жетсе болот, лидерлике жетсе болот? Менторлор ар тараптан келген чыгармачыл адамдар болду, алар катышуучулардын жүрөгүнө сүйлөп аларды шыктандырды»,-дейт менторлордун бири Нуршат Абубакиров.

Бул бир гана чакан долбоор жаштар менен иштөөдө үлгү болсо болчудай.

Жаштар менен мамиледе биздин аракеттерибиз өзүбүз үчүн туура болуп жатканынан күмөн санабайбыз. Ошол эле учурда балдардын, жаштардын пикири менен эсептешпейбиз. Ушуну ойлоно жүрсөк, кантет.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Тектеш темалар