Кыргыз элитасынын пассионардуулугу же куш төрөсү буудайык

Акылман акын Молдо Кылычтын «Буудайык» философиялык поэмасы кыргыз элинин фольклорундагы асылдык тууралуу жалгыз чыгарма эмес.

кыз Сүрөттүн автордук укугу Rufat ergeshov

Жаралган доору, сюжети, фабуласы, баяндоо формасы айырмаланганы менен негизги идеясы жана философемасы уӊгулаш «Кожожаш», «Карагул ботом» дастандары буга далил. Куш төрөсү буудайык - сейрек кездешкен алгыр куш. Кездешсе да аны саяпкердин саяпкери колго тийгизе алат. Колго тийген күндө да тапка келбейт. Бир келсе аны кармаган саяпкердин мыктысын курмандыкка чалыш керек. Тапка келсе да көк асмандагы канаттуунун асылы, куш төрөсү буудайык он эки айры ак бугуга - кайберендердин асылы, жер үстүндөгү жан-жаныбардын төрөсүнө күчү жетсе да тийбейт, кол салбайт. Элита элитаны жазбай тааныйт, баалайт, барктайт, сыйлайт. Элита элитаны сактайт жана коргойт. Табигаттын наркы, шертти, эрежеси, мыйзамы ушундай. Тапка келген буудайык адам каалаган нерсенин баарын алат, бир гана өзү теӊдүүгө даабайт. Макул эмес тургай, каршылык көрсөтөт.

Табияттагы мыйзамченемдүүлүктүн мисалында, жаратылыштагы мүнөздүү кубулушка салыштырып, эч ким талашпаган аксиомалуу чындыктын негизинде коомдогу окуя туюнтуу жана ага аныктама берүү кыргыз элдик чыгармачылыгына мүнөздүү көрүнүш. Поэмада жаратылышка жана коомго мамиленин парадигмасы ушундай көркөм каражат аркылуу баяндалат. Уламадан уккан сөз, улуулардан калган сөз - кыргыз коомунда табигатка мамиленин үлгүсү, коомдук турмушта кармана турган эреже, тартип ушундай. Ушул идеянын ээси, ушул эрежени бекем туткан байыркы кыргыз менен бул поэманы окубаган, окуса да жомок сымал кабылдаган азыркы кыргыздын ортосунда айырма абдан чоӊ. Бир эле улут, бирок муундар ар башка, ар бир муун өз бийиктигинен улуттук идеяларга мамиле кылат.

куш Сүрөттүн автордук укугу rufat Ergeshov

Мага азыркы кыргыз элитасынын пассионардуулугу тууралуу макала жазып берүү тууралуу сунуш болгондо куш төрөсү буудайык эске келди, ар кандай ойлор келди. Маалымат булактарында сенсация баяндар жайнап турса, көпчүлүк жаӊылыктан жаӊылыкка камгактай көчүп турган шартта кайсы бир басылманын улагасындагы пассионар мыкты чыкмалар тууралуу супсак макала кимдин көӊүлүн бурат да кимди ойлонтмок эле дейм бир туруп. Канетсе де элдин маанайын, пикирин, оюн илгиртпей баамдаганга аракет кылган журналисттер кызыгып жатса, демек коом пассионардуу элита жөнүндө ой багып, ага муктаж болуп, ошону каалап жатат окшобойбу. Аттуу-баштуу ишмерлерди, бараандуу окумуштууларды, ааламга көз чаптырган аналитиктерди уй мүйүз отургузуп, ортого собол таштап, олуттуу кеӊеш кылса дурус болоорун сунуштадым.

Эл ар дайым элита тууралуу ойлонуп келген, издеп келген, кашкөй мыктылар чыгат, ошондо жакшы жашайбыз деп тилек кылып, үмүт артып келген. Жол баштоо, багыт берүү, караӊгыда көз, капилетте сөз табуу озуйпасын мыктыларга ыйгарып, ошолордун амирине эрктүү же эрксиз баш ийүү универсал көрүнүш. Бул феномен кыргыз кыртышында соӊку мезгилде кандай үрөн берди? Мамлекетти ушулар жакшы башкарат деп шайлап, тандап алган башчыларынан көӊүлү үч көчкөн журттай калган журт өз тагдырына, бараткан жолуна, кечирген турмушуна канааттанбай калганбы деген ой да кетти. Элитага үмүт артуу жана ага ишенбөө же скептицизм абалтадан эле жанаша жашап келген. Бирок эгемендүүлүк мезгилинде мыкты чыкманы эӊсөө, ага үмүт артуу жана Кет Буканын эскертме философиясы бирге боло албай, биротоло антагонисттик чекке жеткенби? Элитага карата коомдук маанайдын төрүн Кет Буканын «Улуктарыӊ сатып кетет, сак болгун» накылы ээлегенби? Агер ишеним босогого сүрүлүп чыкса, неге жол башчы издеп, аны көксөп, ал кайда, барбы, ким ал, качан келет деп бири бирибизден сурап турубуз?

Ооба, улут изденип жаткан кези. Издеп жатканы дурус, изденип жатканы жакшы. Улам бир үлгүнү өзүнө чактап көрүп, бирде артка кетенчиктеп, кай бирлери тээ эски араб коомуна барып, билип-билбей паранжа чүмкөнсө, башкалары баарын ачып таштап, жайдак төш болгонго ыктады. А да жарабайт, бу да бизге ылайык эмес, алдыӊкы цивилизацияга кошулабыз деп канализацияга түшүп кетиптирбиз, элдик каада-салтты барктайлы, жакшысын алалы, нарк-насилди унутпайлы, алдыӊкы технологиядан артта калбайлы, керек болсо адамзат прогрессине салым кошконго жарабайбызбы деген көз караш акырындап бекемделе баштады. Турмушта болуп жаткан окуялардан жакшы нерсени көрө билүүгө тийишпиз. Эл жанталашып өз көйгөйүн өзү чечип, балдарын окутуп, тыштан оокат кылып, жаштары намыска жарасак деп аламан байгеге атын кошуп, кыскасы эл-журт бөлөк элден калбоо аракетинде.

жаштар Сүрөттүн автордук укугу Rufat ergeshov

Пессимизм эч качан прогресстин зарыл шарты болгон эмес. Бүгүнкү кыргыз коому жол башчы эле тандабай, жол тандап жаткан кези. Жалаӊ караламан баштын түйшүгүн ойлобой, кимбиз, кандай болобуз, келечек муун кантет, ким болот, таалай талашка, марасы белгисиз бак жарышка жарайбы же кушун колдон учуруп, кутун баштан качырып туруп береби, канткенде элден калбай теӊ жүрөбүз, кылып жатканыбыз туурабы же натуурабы деген түмөн суроолор коомду түйшөлтүп жатканы анык.

Бир кезде Жан Жак Руссо «Коомдук келишимди» укуктук мамлекеттин пайдубалы деп атаган. Бизде да ошондой келишим керек. Эмнени колдойбуз, эмнени танабыз, жакшы-жаманга карата мамиле тууралуу макулдашып алмагыбыз эп. Ансыз баалуулуктун баркына жетпейбиз. Тигил же бул окуяга, көрүнүшкө мамилесин билдирип, кабыл алып же жерип, ачууланып же кубанып, кейип же сүйүнүп, кыйратып же жаратып жаткан коом, албетте, энергетикага ээ. Эми ошол энергетиканы эл эӊсеген, журт күткөн нерсени жаратууга жумшай тургандар кимдер, ошондой жаратман күч-кубатка, акыл-эске ээ пассионардык элита кандай шартта аренага чыгат? Мына ушундай суроолор туру алдыбызда. Бир кезде азыркы учурдун тескейин флэшмоб коом деп атаганым бар. Ошондуктан бир чур этип, учкай талкууламыш болуп, Поль Валери айткандай ойго алыбыз жетпей калып, ой айткан кишиге асылбай, аз убакыттан соӊ унут калтырбай, тереӊ акыл калчай турган маселелер.

Пассионардуу, элдин таалайына бүткөн мыктылардын, көйкашка инсандардын пайда болуу формуласын окумуштуулар тынымсыз изилдеп келишет. Тарыхый өнүгүү жолу көрсөткөндөй, элдин жылдызы жанган жана ындыны өчкөн учурлары болот. Ал эми элдин ар бир мууну кайсы бир көлөмдөгү энергетика менен жаралат. Бирок баардык эле учурда ал энергетика элдин бактысына жумшала бербейт. Текке кеткен учурлар баардык элдин тарыхында кездешет. Кай бир учурда уютулган алтындай чулу генийлер жаралса, кээде майда бүркүмдөр сымал мыктылар чыгат. Эч бир убакта эч бир эл кур жалак калбайт. Тарыхый шартка жараша пассионардуу инсандарга суроо-талап пайда болот.

Кыргыз элинин соӊку тарыхындагы накта элитанын үлгүсү Эшенаалы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуулардын мууну. Алар баардык жагынан элита аныктамасына төп келишкен мыктылар. Кыйчалыш мезгилде аларга муктаждык бар кезде жаралдыбы? Ооба. Алардын баары каар замандагы кайран элдин кулагына шам жанган кулундары, оӊой менен кайра тургус болуп кырылган замандын - 1916-жылдын балдары, жеӊилсе да жеӊиштен үмүт үзбөгөн элдин чыныгы уулдары.

Катуу жеӊилген эл азыркынын мыкты сүрөткери Арслан Койчиев жазгандай мисмилдирик аткан каргаша учурда канаты жетилген муун. Кыргыз элинин тарыхында да туусу көкөлөп, зоболосу бийиктеген, бактысы тоодой мезгилдер да, ээлигинен ажырап, эркинен кайтып, мүӊкүрөгөн учурлар да болгон. Азыркы саясат таануу илиминин тил менен айтканда кээде кеӊири аймактагы геополитикалык процесстердин активдүү, чечүүчү субъектиси, бирде башкалар таӊуулаган окуялардын пассивдүү объектиси болуп келген. Бирок ар бир заманда кылымдар түпкүрүнөн бери кыргыз эли үчү мамлекеттүүлүк, эркиндик, азаттык улуттук идеянын, элди эл катары касиетинен ажыратпай сактап келген пассионардуу мотивациянын милдетин аткарган. Ар бир муундун өз озуйпасы болот, ошол озуйпасын түшүнгөн муун гана пассионар муун болмогу анык. Ал эми Абдрахмановдун мууну өз алдындагы тарыхый миссияны бекем түшүнгөн, таза аткарган. Кандай да болбосун мамлекетти калыбына келтирүү оюн ишке ашыруу озуйпасын башын канжыгага байлап аткарышкан.

Ошол муун башынан неченди кечирген кыргыз элинин жакшы сапаттарын эне сүтү, ата сөзү менен кан-жанына бекем сиӊирген. Айтматов жазгандай адамды адам кылган нравалык дөөлөттөрдү Абдрахмановдун мууну тереӊ өздөштүргөн, бекем туткан. Керт башынын кызыкчылыгы үчүн садага чаап кете берген эмес. Далил керекпи? Абдрахманов үзөӊгүлөшү Абдыкерим Сыдыков айыпталып, четке сүрүлүп, башына иш түшүп турган чакта аны чакыртып алат. Жан кишиге айта көрбө деп жашыруун эмес, расмий кат менен жогорку партиялык жетекчиликке кайрылып Кыргызстанга ишке чакыртып алат. Ташкенден Кыргыз өкмөтүнө тиешелүү атайы поезд берип, көчүртүп келет. Эл душманы катары эми камалмакчы болгон саясатчыны сааты тиерин билип туруп ким даап чакыртып, өз унаасы менен көчүрүп келет? Үзөӊгүлөш эмне экенин билген жана үзөӊгүлөшүн сатпай турган инсан. Үзөӊгүлөш деген бул ат мингенде гана белгилүү бир аралыкка чейин чогуу бастырган жолулаш киши эмес, өтөлгөсү өмүр максаты бир, эл алдында милдети бир, санаасы бир, ниети бир, тар жол, тайгак чеүүдө таштап кетпей турган кымбат жанжолдош экенин билген киши гана жасайт мындай кадамды. Алар үчүн бул кийин доолап колко кыла турган иш эмес, ойлонбой жасоого тийиш кадыресе жорук. Айтмакчы мени күнүм бүтүп калганымды, пайдам эмес салакам тийип калаарын билип туруп Абдрахманов чакыртып келген деп Сыдыков камалганда айтып жатат. Абдрахмановду жамандап, тергөөдө актаныш үчүн эмес, качандыр бир кезде окуган кийинки муун сабак алсын деп бизге арнап айтып жатат. А азырчы, кичине кызматтан четтесе далыбызды салып, тескери карап калмай көп кызматкер үчүн адатка айланып, ага таӊ калбаганыбызга да көп болду.

Жаӊы доордо кыргыз мамлекетин кайра калыбына келтирүүгө башын сайган, өмүрүн арнаган ошол муундун да бир артыкчылыгы - алардын билимдүүлүгү. Алардын бири да университеттен билим албаганы менен орус империясынын тушунда Европадан окуган интеллигенциядан билими төмөн болгон эмес. Классикалык билим алуу бактысы маӊдайына жазбаган Уинстон Черчилль Англиянын атактуу окуу жайларынан билим алган замандаштарынан алда канча билимдүү болгон сыяктуу алар да өз алдынча билим алышкан. Орус-тузем мектебинен аз убакыт гана окуган Абдрахманов эгер билимсиз болсо оӊой менен кишини теӊине албаган, ошол замандын прогрессивдүү, эки доордо теӊ билимдүү элита эсептелинген интеллигенциясы менен кантип теӊ ата сүйлөшмөк эле. Маяковский сыяктуу акын-жазуучуларды бийиктен караган орус тилдүү европалыктардын арасында эгер алардай билимдүү, маданияттуу болбосо азиат жаш жигит менен ким эсептешмек эле. Бүтүндөй бир министрлик, илимдер академиясынын тиешелүү институту чогулуп келип белен акчага жасаганга чамасы келбеген жумушту - кылым чукул убакыт мурда кыргыз тилинин грамматикасын Касым Тыныстанов жалгыз түзгөнү жалганбы. Алар Фридрих Энгельс айткандай титандарга муктаж доордо жаралып, акылы, эси, билими, эрки, духу, келбети, кыскасы эсилим эгер кайра жаралсаӊ, биздин жерде, биздин элде туула көр деп тилегидей асылдар десек ашыкча эмес.

СССР империясы кыйрап, анын ичинде Кыргыз Республикасы суверенитетке ээ мамлекет катары жарыяланган алгачкы мезгилде элдин духу абданкөтөрүлүп, жаратман пассионардуу энергетика пайда болгон. Ошондо жакшы багыт алганыбызда далай белди ашып, ийгиликтерге жетишип калмакпыз. Бирок, тилекке каршы, күч-кубаттын далайы текке кетти. Өнүгүүнү шарттабай, өксүктөр комплексин жараткан жагдайлар басымдуулук кылып, бир муунду жоготуп алдык.

Соӊку 27 жыл ичинде далай инсандар суурулуп чыкты, кыйын жетекчилер пайда болду. Уучубуз кур эмес. Бирок аларды тандоо критерийлери башкача болгондуктан саясый аренада мамлекеттин жүгүн көтөрүп кетүүгө жүндөмдүү инсандарга караганда жеке кызыкчылыгын көбүрөөк ойлогон кыйындар басымдуулук кылууда. Мамлекеттин ичинде бийлик жана байлыкка конкуренцияга жөндөмдүү, бирок өз өлкөсү үчүн тышкы кармашта конкуренцияга жараксыз кыйындар бизде жетиштүү.

Пассионардуу элитага тарыхый муктаждык керек, чоӊ курмандыктар талап кылынат, кыйчалыш мезгилде пайда болот деген пикирлер да арбын окумуштуулар арасында. Бизде муктаждык да, курмандык да жетиштүү, мындан татаал, кыйчалыш мезгил болмокпу. Техниканын тили менен айтканда азыркы элитанын энергиясын коомго жумшоо механизми иштебей калган окшобойбу. Өлкө ичинде так талашта, бак талашта ушундай акылга ээ, энергиясы ашып-ташыган пассионардуу инсандар арбын. Ошолорду мыкты чыкма дейбиз, алар өзүн элита эсептешет. Бирок алар энергиясын алдында турган тарыхый миссияны аткарууга, улуттук жөктө көтөрүүгө жумшабастантан, утурумдук жана жеке кызыкчылыктарына арнагандыктан ушинтип кайсалап жатат окшобойбузбу. А жарактуулары жогоруда айткандай аларды тандоо, селекция программасы натуура болгондуктан тарыхый аренага жакын арада чыгышы кыйын көрүнөт. Мыкты болгон күндө деле өзү теӊдүү мыкты чыкмалар туу туткан баалуулуктарга, эрежелерге, а чындыгында эч бир эреже сактабай максатка жетүү наркына баш ийет. Ошентип мыкты чыкмалардын кайран акылы, кайран энергиясы элге келгенде текке кетип жатат.

Ар бир муундун тарыхый миссиясы болот. Ошону түшүнгөн муун гана прогрессти камсыздайт. А тарыхый миссиясын түшүнбөгөн же аны аткарууга моюну жар бербеген муун дезертир сымал деп испан ойчулу Хосе Ортега-и-Гассеттин айтканы бар. Кантип эки-үч муун катары менен дезертир болсун. Мындан алда канча жакшы жашоого тарыхый акысы бал эл дагы далай асылдарды жаратаары анык. Биок кербендин эӊ артында илкип бараткан төө кербен артка кайрылса гана биринчи болот. Тарых антпейт экен, арттагылар алдыга чыксын деп токтобойт. Улам азайып бараткан шансты кетирбей кармап калууга азыркы муундун дарамети жетеби, маселе ушунда турат.

Алмаз Окин

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Тектеш темалар