От кечкен махабат: кыргыздашкан украин кызы

Галина Жунусова жаш кезинде
Image caption Галина Жунусова жаш кезинде

Мен Галина апа менен экинчи жолу жолуктум.

Журналисттик ишимин маңызы ушундай мазмундуу таанышуулар, баарлашуулар деп ойлоп коём.

Өткөн жылы биринчи ирет интервью алганымда тагдырын төкпөй чачпай айтып берген. Быйыл дагы бардым. Интервью берип үйрөнүп калганбы, өмүрүнүн ток этер жерлерин айтты.

Согуш бирөөнү жер которууга аргасыз кылып, бирөөнү күчтүү махабатка кабылтып, бүтүндөй бир муунду ата-тегинен, өз салт-санаасынан ажыратканы нечендеген көркөм чыгармалардын, фильмдердин темасы болду.

Галина апанын да чыгарманын сюжети болчудай өмүр таржымалы бар.

Жалгыз небересин караан кылып...

Галина апа 87 жашка чыгып калды. Өткөн жылдагыдай эле акыл эси тунук, көзү жакшы көрүп, кулагы дурус угат.

Небереси Руслан биз камера менен келерибиздин алдында тай энесинин чачын кыркып, ак көйнөк кийгизип, жасантыптыр. Бул да болсо көңүлүңдү көтөрөт экен.

“Былтыркыдан жашара түшүпсүз” деп кирип келдим.

Келген кишинин көңүлүн үйдүн ичи бурбай койбойт экен. Эки бөлмөлүү батир китептерге, гүлдөргө, сүрөттөргө бай.

Бул апанын мага сүйлөө өзгөчөлүгү да жакты. Жандуу, ар жеринде үнүн көтөрүп, интонациясын өзгөртүп коёт.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Галина апанын чыгарманын сюжети болчудай өмүр таржымалы бар.

Галина апа небересинин колунда. Тагдырдын буйругу, кызы каза болуптур. Украинага сиңдисине, бир туугандарынын балдарына барып турчу экен, азыр бара албайт. Жол алыс.

Бирок бул жактагы жалгыз жөлөгү болгонго жараша небересинин камкордугу ичти жылытат.

“Бабушкам мага эмес, мен ага көбүнчө тигиндей кыл, мындай кыл деп айтам. Кыймылдасын деп, күндө сөзсүз сыртта бастырам. Жылда эки жолу тамчылаткан үкөл берем өзүм. Үч маал тамакты рациону менен жасайм. Бети жакшынакай болуп калыптырбы? Массаж жасап, маскаларды кылып берип атам”, - деди небереси Руслан.

“Мени өлүп калбасын деп атат”, - деп коёт анда тай энеси.

Руслан улгайып калган тай энесин караш үчүн жакында жумушунан чыгып алган экен. Акыркы эки жылдан бери өзү тамак жасай албайт, эртеден кечке бирөө караш керек да дейт.

Ал апасы каза болгондо чет өлкөдө он жыл иштеп жаткан жеринен тай энесине караан болоюн деп Бишкекке көчүп келген.

Үй-бүлөнү сактоо жоопкерчилиги

Баш кошкондон кийин ажырашууга болбойт деп жакшы көргөн жерди, жумушту, ата-эне, дегеле жакындарды таштап өмүрү көрбөгөн тоо арасына барат белеңиз?

Галина Жунусова Украинада нарындык кыргыз жигити менен баш кошкондо, атасы “Борбор Азия кайда экенин билесиңби? Ал жака барсаң жок болосуң” деп күйөө баласы менен Кыргызстанга коё бербей койгон экен.

Украин кыз менен нарындык жигит кантип жолугуп калды? Галина апа Винницк облусунан Острог шаарчасына окуганы барат. Ошол жерде согуштан кийин калган танк участкасында кыргызстандык Саяк Жунусов кызматын улантып жаткан экен. Аскерлер студент кыздар менен киного барып, бий бийлешет, жатаканасына узатышат.

18 жаштагы Галинаны Саяк кызыл тили менен багындырган окшойт. “Тили узун болчу, орусчаны жакшы сүйлөчү” деп калды. Бул 1949-жыл экен. 1951-жылы никеге турушуптур. 1952-жылы кыздуу болушуптур.

Image caption Жунусовдор кызы Тамара, небереси Руслан менен

Атасы ошентип жибербей койгондо, Галина апа кызы менен Украинада калат. Жолдошу сага чакыруу жөнөтөм деп Кыргызстанга кете бериптир. Андан чакыруу келгенде токтобой, үйүнө бир ооз айтпай поезд менен Нарынды көздөй жөнөптүр.

Фрунзеден түшүп калып, алты айлык кызын, чемоданын көтөрүп Нарынга жолун уланткан. Андан ары күйөөсүн кантип таап барышты деле билген эмес. Бир жагынан Галина тоо жүрөк экен, бүтүндөй Ак-Талаа районунан “согушка барып келген Саяк Жунусов дегенди” издеп... Учурда жаштар ошнете алмак беле деп ойлойп коём. Катаал заманды көргөндөр балким башкача болуп калаар.

Азыр бала менен шаардын бир жеринен, экинчисине баруудан эринесиң.

Райондун военкоматы Жунусовду таап бере албай, кеч киргенде жатчу жайы бар деп райондун түрмөсүнө жөнөтүптүр. Аны угуп мен таң калдым. Меймандос кыргыз жаш кызды үйүнө эле алып барса болмок.

Ымыркайы менен орус тектүү бир кыздын камерасында кошо түнөшүптүр.

Айтор эки күн дегенде жолдошу менен кезигет.

Ыйладым дейт.

Жолдошунун айылына, үйүнө жеткенде Галина апа бир өкүнгөн болуш керек. Ал “үйү үй эмес эле... Терезеси дагы жок экен” деп башын чайкады.

Астын, үстүн бүтөп, терезе алып келип коюшуптур. “Өзүм жылаңач калып, аларды кийинтпедимби. Кайын энемди көрсөңөр бир эле таң каласыңар да. Жалгыз чапанды эле жамынып алган” деп кебин улады Галина Жунусова.

Бир кайын иниси, эки кайын сиңдиси бар экен.

Галина апа барганда эле тиричиликке киришиптир.

Кантип калып калдыңыз деп сурадым. “Ыйладым, бирок, кайра кеткенге акчам да жок болчу” деди.

Кыргызстандагы жашоосу

Image caption Галина жана Саяк Жунусовдор Ак-Кыя айылында

Сентябрда Кыргызстанга келсе, октябрда районго барып жумуш сураптыр. Дароо эле айылдык мектепке орус тилчи кылып киргизишиптир.

“Саяк дагы иштейин деген да. Документи жок болуп, иштебей калды”, -деди Галина апа.

Кырк жылдан ашык мугалим болуп иштептир, кыргызчаны балдардан бат эле үйрөнүп алган экен.

Кыскасы кыргыз келиндерден кем эмес оокат кылган экен. Украиналык кыз дегенибиз менен, Галина Жунусованы кыргыз апаларындай эле кабыл алат экенсиң.

Огородун толтура жер-жемиш өстүргөндө элдин баары таң калып, эшигинен киши үзүлчү эмес деди кайын сиңдисинин кызы.

Галина апа 2000-жылдарга чейин Ак-Кыяда жолдошу менен турган.

“Бирге жашаганыбыздын 50 жылдыгына кашка атты соём деп Саяк семиртип багып жаткан да. Анан өзү өлүп калып жатпайбы, өзүнө сойдук”, -деди Галина апа.

“Тамара Ак-Кыяда жалгыз эмне кылат элең деп, Фрунзеге алып келди”, - деп кошумчалады ал.

Баса, Галина апа ошо боюнча үйүнө кат жазбаптыр. Атасы Москва аркылуу “Казакстан, Өзбекстан же Кыргызстанга кеткен болушу мүмкүн” деп издөө салып, беш жылдан кийин таап келген экен.

Украинаны Кыргызстанга, ата-эне, бир туугандарын жодошуна алмаштырып келген Галина Жунусова бардыгына топук кылганы көрүнүп турат. “Кызым жок да” деп койгон менен кейип кепчип же өкүнгөнү жок.

“Кыргызстан өзүмдүн эле мекеним болуп калды да” деген сөзүн укканда тынч алып калдым.

"Махабатыңыз үчүн ошол жактан ушул жакка келдиңиз да?" десем, "Кызымы атасыз калтырбайын дедим, атасыз болбойт эле да, келгенден кийин баарына чыдайм деп чечкем", - деп жыйынтыктады Галина Жунусова.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар