Ким Чен Ындын стратегиясы кантип ишке ашууда

65 жылдан бери тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүнүн айынан жана ошол учурдагы журт башындагы кай бир саясатчылардын азабынан бир эл экиге бөлүнүп калган эле.

Ким Чен Ын аскердик параддарды кабыл алганды жакшы көрөт.

Тарых сабагы дегенде абстракцияны элестетпей, бири-бирин аеосуз кырып, акыры эки бөлүнүп, өз тагдырын өзү жалгыз эмес, бөлөктөр аралашып чечип, эки башка тагдырга туш болуп, эки башка режимде, эки башка мамлекетте жашап келе жаткан сабакты эсибизге алмагыбыз эп. Ала турчу башка да сабактар бар. Ал - келечек болжоп, алысты мээлеп жүргүзгөн стратегия жана ага жараша ийкемдүү тактика. Бул да абстракция эмес,Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын нечен жылдан бери камдап, эми өтөсүнө ашырып, өтөлгөсүнө жетип жаткан, анын ысымы менен байланыштуу конкретүү саясат.

Эл аралык аналитиктердин, журналисттердин көбү, айрым дипломаттар Түндүк Кореянын лидери кепке келип, Түштүк Корея менен жакындашып, ал тургай өзөктүк куралдан баш тартууга ыктай баштаганын АКШ жана анын союздаштары киргизген ар кандай экономикалык санкциялардын, туш-туштан жасалган басым-кысымдын натыйжасы деп эсептешет. Албетте, кысымдар таасир этсе эткендир, бирок алар эки Кореянын жакындашына негизги фактор, региондогу кырдаалдын өзгөрүшүнө жалгыз себеп деш натуура. Расмий Пхеньян мындай көз карашты чагым деп эсептейт, кай бир шарттарга макулдукту алсыздык катары карабаш керек экенин кыйытты.

Орус президенти Путин жыл башында журналистин Түндүк Кореянын куралы жана ага карата санкциялар тууралуу суроосуна «ядролук куралга ээ болобуз деп жатат, эми аны баарыбыз жектеп, баса калышыбыз керекпи, андан көрө сүйлөшөлү, билгени бардыр» маанисинде жооп берген эле. Жүйөлүү кеп. Түндүк Корея күчкө гана баш ийген «дүйнөлүк тартипти», кубаттуу державалар буйлалаган төөдөй жетелеп ала турган «эл аралык нормаларды», иштеп-иштебеген «эл аралык келишимдерди» көрдү, көрмөк тургай эки муун корей эли жон-териси менен сезди. Демек аларга теңата болгудай күчкө, алардын куралына жооп бергидей жаракка ээ болуш керек эле. Ага - өзөктүк куралга ээ болду. Андан кийин аны сынай баштады. Эми акыркы эки жыл ичинде ошол бомбасын алыска жеткире турган ракетасын коңшу мамлекеттердин аба мейкиндигинен ашыра учуруп, күч-кубаты бар экенин көрсөттү.

Olympic logo Pyeongchang Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Олимпиаданын түп максаты, өзөктүү принциби - тынчтык.

Олимпиаданын түп максаты, өзөктүү принциби - тынчтык. Оо кийин, 20-кылымда ссаясатташып кеткенде гана олимпиаданын тынчтык идеясы четке сүрүлө түшкөндөй болду окшойт. Азыркы окуяларга Ким Чен Ын мындан канча жыл мурда эле болжоп, даярданып келди. Тынчтык идеясын туу кылып, боордош Түштүк Кореяда кышкы олимпиада өтөөр мезгилге туштап, алгачкы кадамды таштады. Бир эл, эки мамлекеттин жакындашуусуна даяр экенин билдирди. Олимпиадага спортсмендерин жиберди. Олимпиаданын түп идеясын, символикасын, олимпиада өтүү бактысы туш келген Түштүк Корея мамлекетиндеги маанайды мыкты пайдаланып ачык кол сунду. Ошентип, Эки Кореянын лидерлери 27-апрелдеги саммитте Корей согушун расмий бүтүрүп, туруктуу тынчтык келишимин түзүш үчүн бирге аракет кылаарын жамы журтка жарыялашты. Ким Чен Ын чек ардан өтүп, Түштүк Корея аймагына аяк таштап, кандашы менен жогорку деңгээлде макулдашты. Дипломатияда кээде кичинекей ишарат чоң роль ойнойт. Дал ошол сыңары Түштүк Корея президентин өз мамлекетинин аймагына жетелеп аттатып, мен сенин жериңе эмес, өз жериме келдим, бул тарап да сениң элиңдин жери, сызыктын эки тарабы биздин жер, корей жери, экөөбүз эле чече турган маселе болчу, ырбатып алган экенбиз, эми да кеч эмес дегендей олуттуу маанини туюнтту. Андан кийин Кытайга расмий сапар кылып, кубаттуу коңшусунун оюн угуп, ага, ал аркылуу башкаларга оюн айтып, теңата сүйлөшүп кайтты.

Эми АКШ президенти Трамп менен Сингапурда июнь айында кездеше турган болду. Ал аңгыча болочок жолугушууну "тарыхый" деп мүнөздөп жиберишти. Пекин, Токио жана Сеул АКШ менен Түндүк Корея саммитин кубаттап, күтүп жатат. Ылайым болгой эле, буюрсун. Американын мамлекеттик катчысы жыйырма күн ичинде эки ирет Пхеньянга барып келди. 3 америкалыктын бошотулушун Америка бийлиги жеңиши катары баалап, чечекейи чеч болуп турган кези. Туура, кубансын. Ага АКШ акылуу жана өз эрки. Бирок Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ын өз эрки бар экенин, ал кызмат кылган мамлекет бөлөк бирөолөр таңуулаган экке баш ийбей коюуга кудурети жетээрин далилдеди. Эң сонун жана жогорку чеберчилик менен айкындады. Бул эгер курмандыкка чалса да болгону корей эли жасап чыгарган бомбасын курмандыкка чалат, асты өз элинин суверенитети - саясий, экономикалык, территориялык суверенитетин садага чаппайт. Бомбаны бир жолу жасаган өлкө кайра жасап алат, анын жарасы жеңил.

Кыскасы, келечектүү максат, чебер дипломатия аркылуу жалгыз туруп калгандарды Түндүк Корея мамлекети менен эсептешкидей шартта, теңата деңгээлде сүйлөшүүгө мажбурлай алды. Бул тарыхый чечимге Ким Чен Ын кокусунан же айрымдар айткандай басым-кысымдын аркасында мажбур болбой, алдын ала болжогон өз жолу, өз эрки менен атайы келди. Окуянын жетегинде калган жок, окуяны жаратты. Тарыхый окуяларды тарыхый инсандар гана аныктай алат.

Алмаз Окин

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.