Кыргыздын 7 миң жыл тарыхы жазылган китеп

Белгилүү санжырачы Төлөк Төрөкан уулу аксакалдын "Кыргыз Эл санжырасы" аттуу эмгеги (Кызыл-Cуу кыргыз басмасы менен "Улуу тоолор" басмасы биргелешип 2015-ж. чыгарган, 471 бет, кирилица жазуусунда) кыргыздын тарыхын биздин доордон беш миң жыл мурунку мезгилден баштап биздин доордун 17-кылымындагы окуяларды өзүнө камтыган экен: жалпы 7 миң жыл кыргыз тарыхы далилдүү, так келтирилиптир.

Төлөк Төрөкан уулу аксакалдын "Кыргыз Эл санжырасы" аттуу эмгеги

Эң баалуу жана маанилүүсү - бул тарых биздин доордон бир канча миң жыл мурун "бакабут" жазуу менен жазылып, биздин доордун 631 жылы араб жазуусуна көчүрүлүп, андан кийин миң жыл өткөндө 17-кылымда Чынтемир баатыр башчылык кылган 70 аксакал, 32 казы 6 жыл бою толуктап, акысына 135 миң кой берип "Кыргыз - зар заман" -деген эски аты менен кайра жазылганы болууда. (135 миң кой бүгүнкү нарк менен - бир койдун баасы 100 доллар деп эсептелгенде, 13 миллион 500 миң доллар болот экен)". - Санжыра китебинин 15- бети.

Санжыранын 290 барагы айрым бир себептерге байланыштуу басмаканада алынып, китепке кирбей калыптыр.

"Кыргыз зар заман" деп аталганына ылайык, байыркы тарых негизинен кыргыздын азаптуу, кайгы-муң, көксөө мезгил, доорлорун чагылдырган экен (китепте бир сүйлөм менен 150, 300, 700 жыл тынч, бейпил өттү деп гана көрсөтүлүптүр).

"Кыргыз зар заман" китеби жалаң эле кыргыз элине керектүү маалыматтар менен чектелбей, адамзааттын жалпы тарыхына тиешелүү жана пайдалуу маалыматтарды өзүнө камтыган экен, өзгөчө биздин доордон бир нече жыл мурун өткөн тарыхтын талаштуу барактарына тактоо киргизүү багытында:

"Бул заманда жал куйругу төгүлгөн өтө келишкен айбан кезигиптир...Бул айбанды кармап жешке болобу-болбойбу дешип, кубалап көрсө алар да күлүк айбан экен. Айдап олтуруп муз бар жерге алыпарып, музга тайгылтып, 5-10 ду кармап алган экен. Асылып үйрөтүп, минип бул малды кийин жылкы деп атаптыр. Жылкы адамдан да күлүк экен. Акыры кармап үйрөтүштү, миништи билиптир, андан кийин бул тоодон жүндүү айбанды учуратыптыр. Бул айбанды кармап, көндүрүп мал кылып, жүндөрүн жулуп, жыгач менен ийрип, токуп кийим кылып кийип алышты билишиптир. Бара-бара согуп таар чапан кылышты үйрөнгөн экен." - Санжыра китептин 25-бети.

Демек, жылкыны да, койду да кыргыз бөлөк элдерден албай, өзү колго үйрөтүп, урунган экен.

Бул дүйнө тарыхы үчүн жаңы маалымат.

"Кыргыз келген жер ээн сай экен, ошого бул жерди "Ээнсай" деп айткан экен. Кийин, кыргыз беш миң жыл жерлеген үчүн, жерлеген жерибиз болду деп "Энесай" деген экен". - Санжыра китептин 37 - бети.

"Кыргыз зар заман" биздин доордон мурун жазылганын эске алсак, биздин доордун эки миң жылын кошсок, кыргыздын 7 миң жыл тарыхы жазылып калганы талашсыз болууда. Бул Египет, Шумер, Мохенжо Даро тарыхтарынан, да байыркы болуп жатпайбы!

"Бул адамда "бакабут", араб тилинде жазылган бир нече тарыхый китеп болуп, көчүрүшкө туура келип, журт ичинен 70 000 кой, 7 молдого котортуп, "Кыргыз зар заманга" жаңы бир бутак тарых кылып кошкон экен". - Санжыра китептин 110- бети (70 000 кой бүгүнкү баа менен 7 миллион доллар болууда).

"Кыргыз Искендер Зулкарнайынга (Александр Мокедонский) 40 төөгө зар артып, 40 адам элчи жиберип, Кылыч хан доорунда ... эркек перзент көрүп, атын Урум коёт". - (Санжыра китептин 178-бети).

"Жаңы доордун 401-жылы Атбай кара кыргыз хандыгы болгон. Араптын баатыры Байнас кыргызга кол салмак болуптур, күлүк аттарын тартып алыш үчүн. Араб падышасы билимдүүлөрү менен кеңешип: "Бул эл менен жамандашамбы, жакшылашамбы?" - деп сураптыр. Дүйнө тарыхы деген китепте мындан 4400 жыл мурун жыржыз деген эл болуптур. Булар тюрк элинин айбатту баатыр тайпасы болуп, хансыю (ханзу-кытай) калкы менен бирлешип, алардан кыз алып, уругу көбөйгөн эл экен... эгерим булар менен уруш-жаңжал кылып алам деп турба", - деген кеңешти угуптур. - Санжыра китептин 288-бети.

Демек, биздин доордон 4000 жыл мурун кыргыз ханзу эли менен таяке - жээн болгон экен.

"Жапан ханы (императору) "Жааннама" деген китебин алып караса, эки улуттун (кыргыз менен жапондун) бөлүнүп кеткенине 90-100 гө жакын урук өтүшүп кетиптир..." - Санжыра китептин 393-бети.

Бул окуя 17- кылымда болуп, 100 уруктагы бир муунду 25 жылдан эсептегенде 2500 жыл, же 25 кылым мурун, же биздин доордон 8 кылым мурун кыргыз - жапон бөлүнгөнүн тастыктап турат.

"Жаңы доордон мурун 460 - 377 жылдары Алаш баатыр өткөн экен. Бул Алаштын элине жоо беттешип келбеген, шерине берип, кунан чаап, кыз-келин тээп селкинчек, комузчу чертип комузун, ырчылар ырдап ырларын, оюн-күлкү тамаша, ошондо кыргыз жыргадың!" - Санжыра китептин 31-32-беттери.

Демек, биздин доордон 5 кылым мурун комуз аспабы кеңири тараган экен. Бүгүн комуз аспабы 3000 жыл тарыхка ээ деп айтсак болот!

Санжыра китептин көлөмү 471 бет болсо, жаңы доор 268- беттен башталып, 267 бети - жарымынан ашыгы, биздин доорго чейинки нечен миң жыл тарыхты чагылдырат.

"Кыргыз зар заман" китеби белгилүү Тора, Авеста, Ригведа, Инжил, Махабхарата, Забур ж.б. байыркы китептерден кыйла мурун жаралганы ачык жана талашсыз болгону кыргыз эли үчүн зор сыймык болууда.

Бул тарых китебиндеги маалыматтар илимий тарых булактарындагы маалыматтарга төп келгени менен тастыкталат.

Алар: Александр Македонскийдин атасы Филипп падышанын хансарайында Эфор тарыхчысынын жазгандарына, грек тарыхчысы Тациттин эмгектерине (биздин замандын 1-кылымы), кытай императорлорунун кыргыз каганына жазган каттарына (кийинки 17 кылым аралыгындагы), атактуу тарыхчылар Левшин, Григорьев, Аристов, Зеланд, Чайковский, Радлов, Бартольд, Окладников, Киселев, Бернштам, Кузьмина ж.б. эмгектерине төп келгендигинде.

Бул маалыматтар популяциялык генетика, палеогенетика, палеоастрономия, антропосоциогенез, палеолингвистика илимдери менен да тастыкталат.

"Кыргыз зар заман" тарыхый китеп биротоло, талашсыз, күмөнсүз кийинки 100 жылда, СССР доорунда, КПСС тарабынан жазылган кыргыздын жалган, башы-буту-колу барчаланган майып тарыхыбызды жокко чыгарып, бери дегенде 7 миң жылдык тарыхыбызды ордуна коюп, бүгүнкү кыргыздарга кайра алып келип жатат.

Сарыгулов Дастан,Токтогазиев Темирбек,Чороев Кубан

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Тектеш темалар