Менин биринчи саякатым: Анталия - туризм борбору

Саякаттоону бардык эле адам кааласа керек. Дүйнөнү көрүү менин да бала чактан берки кыялым эле. Ошондуктанбы, мектепте окуп жүргөн кезимде география сабагына өтө кызыгып калдым. Дүйнөлүк карталардын түр-түрү бөлмөмдө илинип турчу. Күн сайын карталарды көпкө карап, кыялымда экзотикалуу кооз өлкөлөрдү кыдырып, деңиз-океандарда сүзүп, тарыхый эстеликтерди көрүп, жаңы адамдар менен таанышып, мага белгисиз ажайып жашоону элестетчүмүн.

География сабагын сүйүп, бул предмет боюнча шаардык, республикалык олимпиадаларда биринчи орундарды ээлеп жүрдүм.

Анталия Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Кыялдар орундалат

Бул кыялым 19 жашымда орундала баштады. Кыргыз-Түрк "Манас"университетинин 1- курсунда окуп жатканымда Түркияга ишке жөнөтүүчү фирма аркылуу атактуу Анталия шаарына сапар тарттым. Мен иштей турган "Белек" элиталык курорттук шаарча Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашып, дүйнөлүк туризмде кооздугу гана эмес, эс алуунун жогорку сервиси менен да өтө белгилүү экен.

Түркияга барганга чейин эле мен бул өлкө менен сырттан тааныш элем десем да болот. Анткени, азыр интернет булактарынан толук маалымат алууга мүмкүнчүлүк бар. Туристтер көп барган жана тревел журналдардын топ-листине кирген: Анталия, Каппадокия, Измир, Эфес, Памуккале, Стамбул жана башка тарыхый жана кооз аймактарын көргүм келген. Аларга кандай барууну жана эмнелерди көрүүнү алдын ала пландаштырып, маршруттарды түзө жүргөмүн. Менден мурда иштеп келген студент тааныштарым: "Иштен бошой албайсың. Көп болсо Анталия шаарын жана ага чектеш Сиде, Манавгат, Алания сыяктуу деңиз жээгиндеги курортторду кыдырышың мүмкүн", - дешкен. Бирок, бул сөздөр менин ынтызарлыгымды майтара алган жок.

Ошентип, 2018-жылдын 29-апрелинде бир топ жаштар менен Бишкек-Стамбул, анан Стамбул-Анталия авиакаттамдары менен учуп, ошол эле күнү атактуу "Белек" шаарчасындагы алты жылдыздуу Rixos Premium Belek отелге жеттик. Бул инфраструктурасы жана тейлөө системасы өтө мыкты отелде негизинен туристтердин элиталуу тобу эс алышат экен. Мен эң чоң ресторанда официант болуп иштей баштадым. Күнүгө 8 сааттан иштеп, жумасына бир жолу эс алабыз. Адегенде мен үчүн көнүмүш болбогон: климат, турмуш, жергиликтүү адамдар, тамак-аштан бир аз кыйналдым. Бирок, тез эле жаңы абалыма үйрөнүп, бара-бара өз ишиме канааттана баштадым.

Ишим кызыктуу эле. Баарынан да, күнүгө дүйнөнүн төрт бурчунан келишкен чет өлкөлүктөрдү тейлеп, алардын маданияты, менталитети менен таанышуу мүмкүнчүлүгү жакты. Алардын ичинен мага британдыктар өзгөчө таасир калтырышты: алар таң калаарлык сылык, тамашөкөй жана баарлашууда ачык-айрым эл болот экен. Бош учурумда эс алуучулар менен чоң футбол талаасында көп жолу футбол ойнодук, британдык жана башка улуттун өкүлдөрүнөн көп жакшы досторду күттүм. Ошентип, убакытты текке кетирбей, өзүм үчүн пайдалуу өткөрүүгө аракеттендим.

Биринчи саякат туулган күнүмө белек болду

Анталия Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Өзүмдүн туулган күнүмдө, 20-июнда, Анталия шаарына саякат жасоону чечтим. Албетте, биринчи жолу жалгыз баруудан жүрөксүйт экенсиң. Ошондуктан, бирге иштеген жана жакын бөлмөдө жашаган шеригимди ой-боюна койбой жатып кошулуп барууга зорго көндүрдүм.

Белек шаарчасынан Анталияга чейин автобуста жеттик, жол киреге 2 $ доллар төлөдүк. Автобустун акыркы аялдамасы Мейдандан түшүп калып, андан ары шаардын борбору болгон Калеичи районуна чейин жөө басышка туура келди.

Анталия! Алгачкы мүнөттөрдөн эле бул шаар "туризмдин борбору" деген атагына төп келээрине ынандым: Күндүн жанга жагымдуу жумшак нурлары жаркырап, жол бою катар тизилген пальмалар, көк жана кызгылт сары түстөгү кооз имараттар көздү арбайт, алардын чатырларына орнотулган күн батереясы жана суу толтурулган темир челектерди сонуркап карадым. Бир саат убакыт жөө жол жүргөндөн кийин шаардын борборуна жеттик.

"Марк Анталия" соода борборуна катар жаңы трамвай жолу түшкөн кең-кесири жолдордун кесилишинен башталган Ismetpasa жана Muratpasa райондору шаардын борбору экен. Бул жерде, чындыгында, турмуш быкпырдай кайнап турат: кымбат баалуу кийимдердин ашемдүү дүкөндөрү, белек, сувенир лавкалары, көп сандаган түрк ресторандары, кеминде 6-7 тилде тилин безеп туристтерди баш багууга чакырган чакан ашканалар, көчө ортосунда шапата чачкан оргумалар, эң башкысы - чет элдик туристтердин түгөнбөгөн агымы...

Күндүн ысыгы каарып, таза аба жетишпегендей үп болуп тургандыгына карабай, мага шаардын колорити менен кооздугу өтө жакты. Баарына сонуркап карап жаттым: Эски шаарга алып барчу Шарампол көчөсүндө африкалыктар белгилүү бренд сааттардын жасалма көчүрмөлөрүн жерге эле тизип алып сатып жатышты; хорватиялык чоң үй-бүлө узун столду ээлешип, бака-шака түшө сыра ичип олтурушат; англичандар оргуманын кырына олтурушуп балмуздак жеп жатышат; немец улутундагылар өздөрүнө мүнөздүү тактык менен кызуу соодалашып тери буюмдарына кардар болушууда; арабдар таза шербет ичүүгө кезекте турушса, орус туристтери кымбат кондитердик Tugba дүкөнүндө түрк шириндиктерин кылдаттык менен тандашууда. Кыскасы, бул жер дүйнөдөгү бардык улуттардын өкүлдөрү чогулган жарманке сезилди.

Биз Анталиянын тарыхый бөлүгүнө жеткиче эки жагыбызды куштарлана тиктеп, көзүбүз тойбой, жай басып бараттык. Бардык жерде: ар бир имараттан, а түгүл чачтарачканалардан жана кареталардан улуттук желектерди жана Ата-Түрктүн сүрөттөрүн, цитаталарын көрүүгө болот. Түрк элинин өз тарыхына жана жол башчыларына болгон урмат-сыйы өтө жогору экен. Ресторан, дүкөндөрдүн аянттарына да бийик флагштокто мамлекеттик туу желбиреп, Республиканын урматына монумент орнотулган.

Эски шаар тарых жыттанат

Анталия Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Анталия Жер ортолук деңизинин (түрктөр өздөрү "Ак деңиз" дешет) жээгинде орун алган. Деңиздин шаарга кирип турган булуңунда өзгөчө романтикалуу порт бар. Ал жерге тар көчө менен түшүп бардык. Бул жер "Эски шаар" деп аталат. Көчөнүн эки жагында эскилиги жеткен илгерки үйлөр жыш жайгашкан. Ал имараттардын көбү чыгыш стилинде жасалгаланган кийим-кечек, кездеме, кальян жана шириндиктер сатылуучу дүкөндөргө айланыптыр. Бул жердин абасы бүтүндөй тарыхты өзүнө сиңирип алгансыйт. Өзүңдү да орто кылымдын жашоосуна туш келгениңдей сезесиң. Албетте, убакыт-сааты жана акчасы көптөр үчүн портко оңой жетүүнүн да заманбап жолу бар. Жөө баскысы келбеген туристтер үчүн 10-12 адам бата турган айнек лифт каттайт, анын арткы аянтынан дүрбү менен карасаң бүткүл Анталия, жаңы жана эски шаар, кеме токтоочу жай жана деңиз мейкиндиги алаканга салгандай болуп көрүнөт.

Биз портко жеткенде көздөрүбүзгө эң биринчи эле эски жыгач кемелер урунду. Алардын пираттар жөнүндөгү көркөм тасмалардагы кораблдерге окшогон кызыктай эски аталыштары жана сүрөт жасалгалары, палубалары жана мачталары, кемени жээкке кармоо үчүн түшүрүлгөн якорлору (темир кайырмактары) бар экен. Каалоочулар үчүн бул кемелерде Төмөнкү Дюден шаркыратмасына чейин саякат уюштурулат. Таш төшөлгөн жол булуңдун эң төрүндөгү маякка чейин алып барат. Бул жерде туристтердин акчаларын кагып алуунун бардык амал-айлаларын көрүүгө болот: ресторандар, ар биринин эшигинде турушкан официанттар айнек муздаткычтарда балыктын түрлөрүн, крабдарды, устрицаларды жана башка деңиз жаныбарларын көрсөтүшүп, даам татып кетүүгө чакырышат. Мидия жана симит, суусундуктарды таттууларды, сувенирлерди саткандар да толтурат.

Бул булуң Анталиянын эң романтикалуу жери экен. Туристтерден тышкары студенттер сабактан кийин келишип, гитарада ойношуп, ырдап-бийлешет, сүйүшкөндөр күндүн батышына суктана карап турушат, кары балыкчылар жана балдар таштуу жээктин жанында балык тутушат, батып бараткан күн нурларына кошул-ташыл деңиздин унутулгус шоокуму - адамдын сезимдерин козгоочу унутулгус керемет көрүнүш эле.

Басып жүрүп чарчап-чаалыккандыктан деңиздин суусуна чөмүлүп алгым келди. Бирок бул жердин суусу өтө деле таза болбогондуктан, Коньяалты районундагы шаардык пляжга барууну чечтим.

Ушул убакта менин шеригим чарчаганына шылтоолоп, саякатты улантуудан баш тартты, Ал акырын илкий баса элдин агымына аралашып, көздөн кайым болгончо артынан карап турдум. Албетте, мени жалгызсыроо жана кооптонуу сезимдери ээлеп алды. Баарынан мурда шерикти туура тандай албаган өзүмө ачууландым. Ошентип, саякатка алгач чыкканымда эле чоң турмуштук сабак алдым. Көрсө, өзүңө окшоп саякатка чыгууга өтө ынтызар адам менен гана шерик болуу керек экен.

Күмүш түстүү Ак Деңиз

Жолумду улап, шаар менен андан ары таанышууну жалгыз улантууга туура келди. Эски кароол мунарадан борбордук пляжга көк трамвай жүрөт. Бирок, жол жүрүүчү карточканы сатып алууга үлгүрбөгөндүктөн жөө баруудан башка аргам жок болчу. Трамвай рельсин бойлоп баратканымда дагы бир уникалдуу жайларды көрдүм: түркүн түстүү кичинекей үйлөрдө кароосуз калган мышыктар жашашат экен. Алардын саны жүздөй бар. Баары ынтымактуу, бири-бири менен алышып ойношуп, үйдүн чатырларына чыгып күнөстөшүп, чоочун адамдардан да жатыркашпай, өздөрүн сылагылатып эркелетүүдөн качышпайт. Мышыктар волонтерлордун камкордугуна бөлөнүшкөн, а түгүл волонтердун бейджиги мойнунда тагылган чоң ит да жүрөт.

Коньяалты пляжы - бир нече чакырымга созулган, агыш түстөгү шагылдуу жээк. Асман булуттуу болуп турганда Жер ортолук деңиздин суусу көк түстөн агыш-көгүш түскө өзгөрүп, ак күмүшкө окшошуп калат. Ошон үчүн түрктөр аны «Ак Деңиз» деп атап коюшкандыр.

Бул жерде деңиз тынбай чайпалып, ак көбүк толкундар ойноп турат экен. Сууга кирээриң менен ийниңе чейин көмүлө түшөсүң. Күчтүү толкундар сени артка серпип сүрүүгө аракеттенет.

Шаар тургундары бул пляжга көбүнчө үй-бүлөлөрү менен келишип эс алышат экен. Сууга чөмүлүшүп, түрдүү оюндарды ойношуп, үйлөрүнөн ала келген ланчты жешип, көңүлдөрү чак. Чет элдик туристтер өтө аз. Деңиздин үстүндө парапланда учуп жүрүшкөндөрдү көрүүгө болот. Коньяалта пляжынан алыс эмес жерде «Чоң Аквариум», «Дельфинарий», «Migros» соода борбору жана коркунучтуу атракциондору бар Aktur лунапаркы жайгашыптыр.

«Чоң Аквариум»

Анталия Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Деңизде жашоочу эң чоң балыктарды көрсөм деп көптөн бери самап жүргөндүктөн, кийинки дем алыш күнү атайылап «Чоң Аквариумду» көрүүгө келдим. Бул аквариумдун архитектуралык курулушу жана композициялык жасалгасы таң калтырат. Ага кирүү билетинин толук пакети ал мезгилде 240 лира (60$) турчу. Бирок, кассада олтурган Наргиза аттуу өзбек кызы мага жан тартуу менен жергиликтүү студенттер жана мектеп окуучулары кире турган баага 105 лирага (25$) түшүрүп бергенде аябай ыраазы болдум.

Аквариумда бассейнде сүзүүчү чакан кемелер менен ойноп, андан кийин океан, Антарктида жана деңиз жаныбарлары жөнүндө 5D форматындагы фильм көрдүм. Нымдуу токойдун (жунглинин) жаныбарлары жашоочу Тропикалык бурч да мага аябай жакты: уулуу жыландар, саламандралар, ажыдаар кейиптенген ташбакалар, кескелдириктер, чымчык жечүлөр жана башкалар. Айрыкча, мени дүйнөдөгү эң уулуу бака болгон "древолаз" таң калтырды.

Жунглиден чыккан туристтерге кар өлкөсүндө эс алууга чакырышат. Алар берген жылуу кийимдерди кийип, босогону аттаарың менен кыш мезгилине жолугасың: муздан жасалган үйлөр, эмеректер, пингвиндер. Атайын жасалган муз тоочолордон тарсая үйлөнгөн баллондорго олтуруп сыйгалак тепсең болот. Ал эми үшүп кеткендер үчүн атайын салынган жыгач үйдө каминге ысынып, ысык кофе иче алышат.

Анталияга болгон саякатым «Чоң аквариумдан» суу алдындагы дүйнөнү көрүү менен аяктады. Жарыктандырылган эбегейсиз чоң аквариумда түркүн түстөгү жана чоң-кичине балыктар: калак буттуулар, скаттар, маржан балыктары, мультфильмдеги кызгылт көк Дори балыктары, жырткыч же тогу бар балыктар жана башка мен билбеген деңиз жаныбарларын, анын ичинде акула же осетр балыгына окшогондорун көрүүгө болот. Аквариум туннел сыяктуу курулгандыктан, өзүңдү деңиздин түбүндө жүргөнсүп сезесиң. Жүрөксүү менен катар эле таң калып, суктанып бүтө албай, адам колуна жаралган бул керемет аң-сезимиңе жем таштайт.

Зоопарк

анталия

Туркия боюнча эң мыкты зоопарк Анталияда жайгашыптыр. Fatih районундагы трамвайдын түндүк станциясынын акыркы аялдамасынан түшкөндөн кийин токойлуу, дөңсөлүү кең аянтты ээлеген, эс алуу зонасы жана Yapay шаркыратмасы бар зоопаркка тез эле жеттим. Кирее акысы 5 лира (1$) турат экен. Мында арстан, жолборс, кабылан, носорог, аюу, зебра, жапайы куштар жана башка көп сандаган токой жаныбарлары кароолчунун катуу көзөмөлүндө жашашат. Мага баарынан да адамдардын колунан жем жеген кемчеттер, маймылдар, бугулар, жанаттар жана фламинголор жакты. Бул жерге жергиликтүү эл көп келишет экен.

ЭКСПО-2016

анталия Сүрөттүн автордук укугу азамат бекзоо

Саякаттын акырында "ЭКСПО-2016" уникалдуу жайга барууну чечтим. Эки жыл мурда Анталияда бакчылыктын акыркы жетишкендиктеринин ЭКСПО-2016 көргөзмөсү өткөн экен. Көргөзмө жабылгандан кийин да павильондор, чиркөө, заманбап имараттардын ичиндеги бакчылыктын укмуш технологиялары сакталып калыптыр. Павильондордун арасында оргумасы бар көлмө турат. Көзгө дароо эле космикалык станцияга окшош архитектурасы өзгөчө театр, гүлдү элестеткен бийик ак мунара, жарым шарлар менен курчалган тегерек арал урунат. Көчөдө жунгли жаныбарлары, жомоктордогу айбанаттар, динозавлардын жана сандаган куштар менен аарылардын чоң өлчөмдөгү сөлөкөтттөрү турат.

Мага баарынан да бир имараттын ичиндеги тропикалык токойду элестеткен бак-дарактар, өсүмдүктөр, алардын ичинде орхидеянын, кактустун түрлөрү, папоротниктер, банан дарактары жакты. Аларды көргөнү күнүнө бар болгону 100гө жакын адам келсе да, тейлөөчү кызматкерлер толук түрдө иштешет экен. Павильондо мекенчилдик темадагы ырлар тынымсыз жаңырып, ал эми кызматкерлер сизди кучак жая тосуп алышып, көргөзмөнү жан дили менен көрсөтүүгө ынтызар. ЭКСПО-2016да бийиктиги 100 метр келген кароо аянтынан тышкары бардык көңүл ачуулар акысыз. Бул аянттан ЭКСПОнун аймагы алаканга салгандай кооз көрүнөт.

Ошентип, Анталиянын эң көрүнүктүү жерлерин кыдырып чыгуума эки күн кетти. Биринчи жолу өз алдымча саякатка чыккандыктан, бир топ оор сабак да алдым.

Алардын бири: убакытты туура пайдалана албаганым болду. Анталиянын сулуулугуна жана кереметтерине аябай алаксып калыпмын, жашаган жайыма кетүү да эстен чыгып кетиптир. "Чоң Аквариумдан" чыкканымда кечки саат 8ге чукулдап, күүгүм кире баштаган экен. Мен Белек шаарчасына бара турган автобусту издештире баштадым. Бирок, автобекеттен керектүү автобусту таппай, башка айдоочулардын кеңеши менен Белекке жакын турган Серик шаарчасына жөнөөчү автобуска олтурдум. Ал жерге кечки саат 10:00 дө жеттим. Аялдамада менден башка эч ким жок, автобус да өтпөй, не кылаарымды билбей турсам жергиликтүү эки түрк эркек киши келип, эмнеге турганымды сурашты. Белекте жашаарымды билишкенден кийин алар өздөрүн түнкү кезметке ишке ташуучу кызматтык автоунаа келээрин билдиришип, мага ошого түшүүгө сунуш кылышты. Оюма жаман нерселер да келбей койгон жок, бирок алардын автоунаасына түшүүдөн башка аргам жок эле. Ошол учурда үйгө өз убагында кайтууну жакшылап ойлонбогонум үчүн өзүмдү катуу жемелеп да жаттым. Бирок, кудайга шүгүр, жашаган ложманыма аман-эсен жеткирип коюшту.

Ушундай форс-мажордук жагдай менин андан кийин Түркиянын башка шаарларына саякаттоодо эске алуучу жакшы сабак болуп калды.

Урматтуу окурман! Мени менен кошо Анталия шаарына саякат жасаганыңызга чоң ыраазычылык. Кийинки жолу дүйнөнүн эң кооз жерлеринин бири болгон Памуккале туз тоосуна жана өзгөчө табигый тоо бассейндерине жасаган саякатым жөнүндө баяндап бермекчимин.

Азамат Бекзоо

Тектеш темалар