Эксперттердин жарыгы жана көлөкөсү

Эл алдында сүйлөгөндөн коркуу сезими Сүрөттүн автордук укугу iStock

Жору тууралуу уламыш бар. Тапка келээр бекен деген үмүт менен мүнүшкөр жоруну билишинче таптап, бир байга тартуулаган экен. Тартулап жатып, ой мунуң жору го, эмне алат десе, кыйдыраак мүнүшкөр баарын алат, баары колунан келет, кишиче да сүйлөйт деп абдан мактайт. Жорудан эмнени сураса "билем" деген жооп угуп, ыраазы болгон бай "ырас болду, бул калдайган кушка ууру-кески, ит-куш жологус кылып жылкы кайтартайын, акы доолаган жылкычылардан кутулайын" деп чечет. Жоруну жылкыга коет. Тарптан башканы билбеген жорунун кылаар иши турулуу да. Бир топ мезгилден кийин мал көздөп келген бай жылкысынын дайнын таппайт. Тарпы да калбаган. "Ой, жору, жылкы кайда?". "Билем". Кыскасы баардык суроого "Билем" деген жооп угат, бирок жылкыдан дайын жок, малынан ажырайт.

Кыргызстанда айрым "эксперттердин" ишине абай салсак ушул уламыш аргасыздан эске келет. А чындыгында эксперт (латынча expertus - тажрыйбалуу) бул илимдин, техниканын жана искусствонун белгилүү бир тармагы боюнча атайы билимге жана тажрыйбага ээ жана тигил же бул маселе тууралуу бүтүм, тыянак чыгарууга тартылган, проблеманы, процессти, долбоорду аныктоо же баалоо же акыга чегерилген кесипкөй адис. Эксперт институнун кыскача, жалпыга белгилүү илимий аныктамасы ушундай. Эгер азыр ушул жерде болсо кайран Бенедикт Спиноза асмандагы Алтын казык жылдызы менен жердеги темир казыктын атынан башка не окшоштугу бар деп сурап турмак экен.

Элге-журтка аттын кашкасындай таанымал "эксперттердин" жигердүү тобу аралашпаган иш, алар билбеген маселе жоктой сезилет. Албетте, чыныгы, жоопкерчиликтүү эксперттер жок эмес, бирок алар цыгандын атындай койкоңдогон "эксперттер" менен атаандаш боло албайт. Аларга анын кереги да жок. Кыргызстандагы ушул кездин кыйын "эксперттеринин" портретин тартып көрөлү.

Биринчи штрих. Алардын басымдуу бөлүгү белгилүү бир тармакта же чөйрөдө жарытылуу ишмердүүлүк кылган эмес. Кылса да тийди-качты, чөп башы аралашкан. Дипломатияда бир күн кызмат кылбай же тышкы саясат боюнча олуттуу бир илимий эмгек жазбай туруп, эл аралык саясатта өзүн Талейран же Бзежинский сезген эксперт сөрөйлөр бар. Айрым "эксперттер" кесиби гляциолог эмес болсо да, булак көзүн ачкансып, мөңгү менен тең жаралып, ак кар, көк музду өзү жараткансып саймедирейт. Кадыракун Базарбаев деген атактуу секретарь кезинде алты айлык бухгалтердик курстан билим алган, бирок кай тармак болсо да жетекчиликти самаган кызматкерге "Баланча, сен ушул главный болсом эле деп оозуңан көк түтүн чыга көксөйт экенсиң, главный гинеколог бошоду, болосуңбу"- деп тамашаласа, тигил "Ооба, аксакал, болбой анан, колдон келет" дептир. Анын сыңары биздеги дүжүр эксперт, серепчи аттулардын айрымдары ааламдагы баардык маселе боюнча тартынбай билермандык кылып келет.

Сүйлөп жаткан кишинин сөзү кызыксыз болсо аудитория телефонго алаксып баштайт. Ошондуктан оратор аудиториянын көңүлүн көзөмөлдө кармашы керек. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Экинчи сүртүм. Өзүн эксперт эсептеген жана элге ошентип тааныштырган коомдук пикирдин генералдары жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык желеде өтө активдүү. Буга бир четинен журналисттер мыкты шарт түзүп беришет. Маалыматты такташ, бекемдеш үчүн же пикир жаратуу максатында адегенде тиешелүү мекемеге тап берет. Жооп бере турган, билүүгө жана түшүндүрүүгө милдеттүү мамлекеттик мекемелердеги адистер мажүрөө, сөзгө чоркок же дээрлик баардыгында прессадан чочулоо өксүк комплекси болгондуктан, алардын ордуна журналист эл-журтка таанымал, дайын-дареги белгилүү, оголе элпек "экспертке" кайрылат А тигил талдоочу эргул эч тартынбастан, окумуштуу түр менен, оңбогондой сүр менен гемодиализден тартып Гвинея-Бисаудагы этникалык жана диний топтордун айырмачылыктарына чейин талдап берет. Ал ошого көнгөн, телерадиодон кооз, ишенимдүү сүйлөө техникасын мыкты өздөштүргөн. Бул ага абдан керек, анткени анын эксперт катары позициясын бекемдейт, таанымалдуулугу артат. Ошентип пресса менен белен талдоочулардын кызыкчылыктары дал келип, бийликке же оппозицияга, кайсыл бир топко же тапка, партияга же ишкерге керектүү, бирок коомдун өзүнө пайдасы азыраак коомдук пикир жаралат. Демек, кээ бир учурларда жасалма эксперттер коомдук пикирди манипуляцилоонун ыңгайлуу каражаты катары кызмат кылышат. Албетте, тигил же бул маселеге, окуяга же процесске карата өз позициясын билдирүү ар жарандын укугу жана эрки деңизчи. Бирок жогорудагыдай эксперттердин айынан жоопкерчиликтүү, квалификациялуу жана зарыл экспертиза институтунун баркы кетип бараткансыйт.

Үчүнчү сүртүм. Эксперт катары таанылган ишмерлер баардык талкууларга, тегерек үстөлдөргө, форумдарга жигердүү катышат жана компетенттүүлүктүн чыныгы акробаттары. Жедеп ошого дасыккан. Баарына даяр белен эксперттердин бир ууч тобу коомдук пикирди калыптандырган аянтты, ар кандай форумдарды гана эмес, мамлекеттик стратегияларды жана концепцияларды иштеп чыгуу тармагына да жеке басаар ээлик кылгандай. Ошондон уламбы же башка жагдайлары барбы, айтор, ошол эле "эксперттер" мамлекеттик стратегиялык документтердин, ар кайсы министрликтердин концепцияларынын, мыйзам долбоорлорунун авторлору. Маалымат жетиштүү, бардыгы ачык-айкын бу интернет-заманда бул жагдайды ар ким оңой эле текшере алат. Ювеналдык юстиция боюнча документти иштеп чыкан эксперттер ошол эле учурда Баткен аймагында ирригациялык тутумду өнүктүрүү же Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кошумча нарк салыгын жөнгө салуу чаралары боюнча документтин, а керек болсо өлкөдөгү баардык маселелер боюнча болгон долбоорлордун автору.

Балким ошондуктан биздин өлкөдө жомок сымал стратегиялар, кыялкеч долбоорлор, чийки мыйзамдар, алешем чечимдер кабыл алынып жатса керек.

Чубак Эсенбек уулу

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Тектеш темалар