Апта каарманы: Миллионду ээсине кайтарган Нурсултан

Орусияда айдоочу болуп иштеген 27 жаштагы кыргызстандык мигрант Нурсултан Кайназаровдун апасына ыраазычылык билдирген дагестандык аялдын кайрылуусу коомдук сайттарда топ жарууда. Кыргызстандык мигрант Нурсултан жүргүнчү унутуп кеткен 1 млн. рубль акчаны ээсине кайтарып берген эле.

Кийин акчанын ээси: "Ушундай уулду багып чоңойтконуңузга, туура тарбия бергениңизге ыракмат",-деген кайрылуусун интернетке жайгаштырган. Окуянын чоо-жайын Нурсултандын өзүнөн сурадык.

Нурсултан Кайназаров: «Домодедово» аэропортуна кардар жеткирип баргам. Ал жактан кайра шаарга чыгайын деп турсам, дагестандык жигит шаарга жеткирүүнү суранды. Аларды шаарга дарегине жеткирип, андан ары ишимди улантып кеттим. Түнү менен кардар ташып иштедим. Анан эртеӊ менен саат 10дордо үйгө келдим. Жумуш бүткөндөн кийин унаамдын ичин тазалап жатсам алдыңкы олтургучтун алдында баштык жатыптыр. Эмне болгон баштык деп ичин ача койсом, көп акча экен. Чындыгында 1 млн. рубль бар экенин билген деле эмесмин. Эмне кыларымды билбей унаамда 5-10 минутадай олтуруп үйгө кирдим. Үйгө киргенден кийин полициядан чалышты.

Калыйнур Калмурза уулу: Полициялар сизди кантип байкап калыптыр?

Нурсултан Кайназаров: Алар унаасы менин унаамдын артына сүзүп алган сыяктуу кылып токтотуп коюптур. Мен үйгө киргенден кийин улам-улам унааны карап турдум. Анткени алардын келерин билдим, күттүм. Анткени унаада навигатор бар, баарын табат деп ойлогом.

Калыйнур Калмурза уулу: Акчанын ээси ким экенин билдиӊиз беле?

Нурсултан Кайназаров: Мен дагестандыктардыкы экенин билген да эмесмин. Акча кимдики, акча кандай түштү эч нерсе билген эмесмин.

Калыйнур Калмурза уулу: Акчаны көргөндө алгач кимге кабарладыӊыз?

Нурсултан Кайназаров: Эч кимге айткан жокмун. Анткени чындыгында корктум, ал жерде чоң суммадагы акча эле. Бир ачканда эле көрүнүп турган, 5 миӊдик купюралар көп эле.

Калыйнур Калмурза уулу: Акчаны ээсине өткөрүп берүү жолу кандай жагдайда өттү?

Сүрөттүн автордук укугу SERGEI ILNITSKY/TASS
Image caption Москва

Нурсултан Кайназаров: Полициядан чалып, "сыртка чыга аласызбы" деди. Сыртка чыгып келдим. "Эмнеге келгенибизди түшүндүӊбү" дешти. Ооба түшүндүм, акча менде мына дедим. Полициялар мени сурак бөлүмүнө алып барышты. Ал жактан түшүнүк кат алышты. Акчасын бердим, акчанын ээлери соода борборунда иштейт экен. Сурактан чыгып акчанын ээлерин базарга чейин жеткирдим. Андан кийин эртеси Дагестанга кетишти, анда дагы аэропортко чейин узаттым.

Калыйнур Калмурза уулу: Акчаны өзүнүз колдонуп кетейин деген ойлор келген жокпу башында?

Нурсултан Кайназаров: Мындай чоӊ суммадагы акчаны анткенден коркот экенсиӊ.

Калыйнур Калмурза уулу: Акчаны жаныңызда канча саат алып жүрдүңүз?

Нурсултан Кайназаров: Түнкү саат 12де жеткирип баргам аларды. Ошону менен эрте мененки саат 10 го чейин жанымда алып жүргөм, бирок билген эмесмин.

Калыйнур Калмурза уулу: Ошол убакыттын арасында акчасын жоготкондор сизге чалган жокпу?

Нурсултан Кайназаров: Жок, анткени мен аларды жолдо бара жатып эле унаага салгамын да. Мындайча айтканда, жолдон кол көтөрүп эле тосуп чыккан. Бир бирибизде телефон номерлер калган эмес.

Калыйнур Калмурза уулу: Бул тууралуу сиз иштеген компания билдиби?

Нурсултан Кайназаров: Чынын айтканда анысын билбейм.

Калыйнур Калмурза уулу: Акчанын ээлери апаңызга видео кайрылуу жөнөтүшкөн экен Сиздерди коноко да чакырыптыр эми коноко барасыздарбы?

Нурсултан Кайназаров: Чынын айтканда, ал жакка барыш кайдан. Бул жакта иштеш керек дегендей.

Калыйнур Калмурза уулу: Кыргызстан тууралуу жакшы ойдо калышса керек?

Нурсултан Кайназаров: Ооба, жакшы ойдо калышты. Анткени буга чейин да кыргызстандык таксист жигит 8 саат күтүп акчасын кайтарып берген окуя болгон да. Ошону дагы эске салып, «жакшы», «ыракмат» деп жакшы сөздөрдү айтышты.