Нарындын кооздугу чет өлкөлүктүн көзү менен

Нарын Сүрөттүн автордук укугу Sehar Naz Janani

Коомдук транспорттун анчалык чоң эмес терезесинен ак кар, көк муз баскан тоолордун сулуулугуна суктанып бараттым.

Ушул кичинекей Нарын шаарында топтогон тажрыйбам жөнүндө ойлонуп жатып, маршруттук таксинин ичинде секирип ойногон жаш бала көзүмө урунду. Анын үстүндө өзүнүн салмагынан эки эсе оор болгон көк түстөгү кышкы пальтосу бар эле. Жүзү анардай кызыл болгон баланын жонунда сумкасы бар. Унаанын жарымы бош болгонуна карабай, ал айдоочунун жанына туруп алып, алдыңкы терезеден жолду карап баратты.

Баланын өз алдынчалыгы, өзү жалгыз бара жатканы мага Пакистандын кайгылуу чындыгын эске салды. Менин өлкөмдө кичинекей эмес, чоңдор дагы өз үйлөрүнөн тышкары чыккандан коркушат.

Унаанын ичи бат эле кишиге толуп кетти. Калың, үлпүлдөгөн кышкы пальтолордун арасында баланы жоготуп алдым. Бирок анын бараткан жерине жеткенине ишенем.

Сүрөттүн автордук укугу Sehar Naz Janani
Image caption Сехар Наз Жанани нарындык балдар менен

Мен Борбордук Азия университетинен бакалавр даражасын алуу үчүн 2017-жылы Нарынга көчүп келгем. Мына ушул тоолорду, аны байырлаган элин биринчи жолу көргөндө бир сөз айта алган жокмун. Бул жердин кооздугу тим эле жүрөгүңдү алып учат. Нарынга тийген күндү бейиштин көрүнүшү менен салыштырса болот. Тоонун башы коюу туманды тиреп турса дагы, туман аркылуу нурлары өтүп, жаркырап турган күндүн кайсы жерде экенин так көрө аласың. Нарында кафе, ресторандар дээрлик жокко эсе. Бирок андагы бейпилдик жана жаратылыш сулуулугу көргөндүн көз жоосун алат.

Унаа токтоп, жүргүнчүлөрдүн баары биринин үстүнө бири чыгып алгандай болуп, бир эле киши бата турган кичинекей эшиктен чыгууга шашылышты. Мен унаадан чыгып, жанагы кичинекей баланын паркты көздөй чуркап баратканын көрдүм. Ал кар үстүндө баратып, ушундай бактылуу жана таптаза көрүндү.

Ошентип, Нарын базарына келдим. Айланамдагы адамдарга көз салып, өңгүл-дөңгүл жол менен ылдый басып бараттым. Соодагерлердин жүзү анчалык меймандос жана жагымдуу көрүнгөн жок. Бир бурчта туруп, шаардын түсү менен адамдардын жүзү ортосунда бир байланышты байкадым. Экөө тең бирине-бири окшошуп, бир калыпта. Ак кар, көк музга оролуп, бир калыпта жаткан Нарын сыяктуу андагы адамдар дагы кубарыңкы тартып, эмоциясы жок болуп, бир калыпта.

Сүрөттүн автордук укугу Sehar Naz Janani
Image caption Нарын базары

Бул көрүнүш мени капалантты. Базарга мөмө-жемиш алуу үчүн келген элем. Жашылча-жемиштердин бактылуу, түстүү "жүздөрү" менин жүзүмө жылмаюу тартуулады. Бирок канчалык аракет кылсам дагы жылмая албадым.

Ой-толгоо убактысы... Эмне үчүн мен жылмая албайм? -30 градус суук жылмаюуга жол берген жок. Мен бул жерде болгону жарым саат турдум, абдан үшүп калдым. Ошондо сатуучуларды меймандос эмес жана жагымсыз деп айыптаганым үчүн өзүмдү күнөөлүү сезип кеттим.

Аңгыча, көңүлүм мөмө-жемиш саткан улгайган апага бурулду. Анын кубарыңкы жана кайгылуу жүзүндөгү бырыштар сууктан кысылып турду. Анын жанында 1 килограмм алмасын күтүп, бир кардар турду. Апа 1 килону баштыкка салып, кардарга берип, акчасын алганга чейин бери дегенде эле 5 мүнөт өттү. Анын араң эле кыймылдап жатканы байкалып жатты.

Анын жагдайы тууралуу сураганымда, ал: "Нарында чындыгында суук. Күнү бою кардарларды күтүп, соода кылуу өтө оор", - деди. Мен айланамдагы сатуучуларды карап, апанын сөзүн эстеп турдум.

Сүрөттүн автордук укугу Sehar Naz Janani
Image caption Шаардын борбордук аянты

Университетке кайттым, келе жатканда жөө басайын дедим. Дээрлик отуз мүнөттүк жолдо Нарындын жашоосун көрдүм. Шаардын борбордук аянтында киши көп басат. Анткени бардык банктар, кеңселер, музейлер, базарлар, кафелер жана башкалар ушул жерде жайгашкан. Нооруз, Эгемендик күнү сыяктуу чоң майрамдар дагы ушул жерде өтөт. Ошондуктан жергиликтүү эл үчүн дагы бул жер маанилүү жай.

Жолдо мен бир нерсени түшүндүм. Көрсө, ийгиликке жетүү үчүн же болбосо бир нерсени үйрөнүү үчүн Канада сыяктуу өнүккөн өлкөлөргө баруунун кереги жок тура. Мен ушундай обочолонгон аймактагы адамдардын жашоосуна байкоо салып жүрүп, көп нерсени үйрөндүм, керектүү тажрыйба алдым. Бул кичинекей шаардын ичинде укмуштуудай окуялар жаралат.

Сехар Наз Жанани, Борбордук Азия университетинин студенти

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Тектеш темалар