Залкар окумуштуу, көп кырдуу коомдук ишмер - Тынчтыкбек Чоротегин

Кыргыз тарых коомунун президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор, көрүнүктүү публицист Тынчтык Чоротегин 28-мартта 60 жашка толду.

Тынчтыкбек Чоротегин

Тагдырына жазылган буйрук шыбагасы экен, жыйырманчы кылым - жамы кыргыз элин таанылгыс өзгөрүүлөргө түрткөн тарыхый окуяларга бай болгону, өтө бай болгону жалпыбызга белгилүү. Ың-жыңсыз жоголуп кетчүдөй түрлөнүп баратып, кайра жаралган, өлүп баратып, кайра тирилген элинин ченебеген бактысына - кылымдар тогошоордо акыры эгемен мамлекет куруу бактысына туш келгенине толкуп кубанган улуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков тегин жерден: "мен - миң жыл жашадым" деп айтып жибербесе керек. Бирок да элинин турмушун коштогон бир көрүнүш жүрөгүн такай өйүп, көңүлүн ооруткандан, улуу жазуучу ошол кенемтени толтурууга күч үрөп жүрүп өткөнү да маалым. Ал - кыргыз элинин тарыхы жана улуттук аң-сезими жөнүндөгү эриш-аркак маселе эле. Кайран киши ошол себептен, кыргыз элинин байыркы тарыхын терең изилдеген, ошентип, улуттук өзүн-өзү таануунун маданиятын өөрчүткөн, алкагын кеңейткен окумуштуулардын калың катары жаралса деп, ак эткенден так эте самаган.

Өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын башында орто кылымдык мусулман булактарын изилдөө жаатында адистешкен, чыгыш таануунун дүйнөлүк таанымал борборлорунун бири - Ташкендеги Абу Райхан Беруни атындагы чыгыш таануу институтунда билим алып, Бөрү Ахмедов сындуу алптардын таалимин алган жаш окумуштуунун - Тынчтыкбек Чоротегиндин (Чороев) кыргыз тарых илимине келиши менен тарыхты изилдөө ары жаңы, ары жандуу деңгээлге чыкты.

Маселен, байыркы (Енисей) кыргыздар менен Теңир-Тоолук кыргыздардын ортосундагы этногенетикалык байланыштар тууралуу маселеге кайрылалы. Советтик илимде кызуу талаш жаратып, расмий тарыхнаамада четке кагылып баратканда, Тынчтык Чоротегиндин жана анын сааналаштарынын жаңы дем менен жаңыча жүйө келтирип, аксакал чыгыш таануучу Өмүркул Караев (1930 - 2002) жана башкалар ырааттуу жактап келаткан көз карашты сүрөөнгө алышы ушу күнгө чейин күүсүнөн жанбай келатат.

"Азаттык үналгысынын" туңгуч кызматкери жана мурдагы директору Азамат Алтай (1920-2006) "Азаттыктын" Прагадагы башкеңсесинде Тынчтыкбек Чоротегин (оңдо) менен. Прага шаары, Чехия. 2003-жыл
Image caption "Азаттык үналгысынын" туңгуч кызматкери жана мурдагы директору Азамат Алтай (1920-2006) "Азаттыктын" Прагадагы башкеңсесинде Тынчтыкбек Чоротегин (оңдо) менен. Прага шаары, Чехия. 2003-жыл

Түгөлбай Сыдыкбековдун зээнин кейиткен дагы бир маселе - тарыхый мураска болгон түркөй мамиле. Асыресе, Жусуп Баласагын (XI кылым), Махмуд Кашгари-Барскани (XI кылым) жана башкалардын мурасын кабылдоодогу эртеги көчмөндөргө мүнөздүү түркөйлүктөн арылуу көп күч-аракетти, оңбогондой мээнетти талап этти. Тынчтык Чоротегиндин ушул багытта да салымы зор. Атап айтсак, ал Махмуд Кашгари-Барсканинин мурасын изилдөөгө эле докторлук диссертация арнап, элге жайылтуу максатына эки китеп, ондогон макалаларды тартуулады. Натыйжада, Махмуд Кашгари-Барсканинин өмүр таржымалы менен чыгармачылыгы жаңы маалыматтар менен толукталып, жыйырма биринчи кылымдын окурманы анын мурасы менен жаңыча таанышуунун мүмкүнчүлүгүн алды. Демек, Тынчтыкбек Чоротегиндин тарых илимине жана аны улуттук кайра жаралуу жараянына кошкон салымын баалай турган болсок, ал - улуу жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков учурунда кудайдан тилеген муундун ири өкүлү.

Кыргыздын ушундай улуу тилектен жаралган патриот уулу жалпы журтка таланттуу илимпоз эле эмес, чыгаан журналист, көрүнүктүү публицист, абройлуу коомдук ишмер катары таанылды.

Чоротегин

90-жылдардын башында Кыргызстан Демократиялык Кыймылын биринчи уюштурган демократтардын ичинде болду, коммунисттик бийликке каршы саясий акциялардын алдыңкы сабында жүрдү, демократиялык түзүлүштү орнотууга, коммунисттер өгөйлөгөн улуттук нарк-дөөлөттөрдү кайтарып келүүгө эң биринчилерден болуп жигердүү киришип, орчундуу салым кошту.

Айтматов жана Чоротегин

"Азаттык" жана Би-Би-Сидеги ишмердиги учурунда анын бийик интеллектуалдык жана чыгармачылык ишмердиги дагы бир кырынан ачылды. 1998-жылы Дүйнөлүк журналистиканын эталону болгон Би-Би-Синин Лондондогу кеңсесине конкурстук жол менен тандоодон өтүп, эң биринчилерден болуп барып, эң натыйжалуу иштеди. Би-Би-Сиде топтогон кесиптик тажрыйбасы кийин Прагада ЭЕ/АҮ Кыргыз кызматын жетектөөдө эң сонун кереги тийди. "Азаттыктын" жамаатынын журналисттик кесиптик потенциалын чыңдап, эл аралык стандартка шайкеш болгон редакциялык саясатты иштеп чыгып, Кыргызстандагы эң таасирлүү медиа уюмдун деңгээлине жеткирди. Кыргызстандын мурдакы премьер-министри Н. Танаев "өкмөт маалымат согушун "Азаттыкка" уттуруп койдук" деп өкүнүп жер чапчыган тарыхый мезгил "Азаттыкты" так ушул Тынчтыкбек Чоротегин жетектеп жаткан учурда болду.

Чоротегиндин башка окумуштуулардын өзгөчөлөнтүп турган артыкчылыгы анын көп тил билгенинде десек болот. Кыргыздын көп окумуштууларынын күчү бир эле тилден көрүнөт эмеспи, же кыргызча, же орусча кыйын билишет. Тынчтыкбек агайдын бул эки тилде кандай эркин сүйлөсө, англис тилинде да эркин сүйлөп, сабаттуу жаза билет. Андан башка араб тилин өз алдынча өздөштүрдү. Ошондой эле бир топ түрк тилдерин кыйналбай түшүнүп, керектүү деңгээлде чечмелеп бергенге кудурети жетет.

чоротегин жубайы менен

Кыргыз өкмөтү ушуга чейин Тынчтыкбек Чоротегинге анын кесиптик интеллектуалдык деңгээлине татыктуу кызматты ыраа көргөн жок. Бирок патриот окумуштуу ага карабай, бардык ал күчүн, акыл мээнетин аябай, мамлекет менен элдин кызыкчылыгына күйүп жанып иштеп келатат. Демократиялык өнүгүү, адам укуктары, жарандык коом, парламентаризм, улуттук стратегия сыяктуу кандай гана ургалдуу маселе болбосун, бардык жерде Чоротегиндин интеллектуалдык бийик чабыттан караган парасаттуу акыл кеңеши, таамай сөздөрү өз убагында угулуп, кыргыз элибиздин эгемен өнүгүү жолуна өзүнчө бир руханий шам чырак сыяктуу жарык берип келатат.

Сүйүктүү устат агайыбыз Тынчтыкбек Чоротегинди алтымыш жаш мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Илимий-педагогикалык, коомдук-саясий жана журналисттик өрнөктүү ишмердигиңиздин чабыты дагы бийиктеп, зоболоңуз арта беришине тилектешпиз!

Арслан Капай уулу Койчиев, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу

Кубатбек Чекиров, журналист

*

Тектеш темалар