Улуу Жибек жолунун аскердик-стратегиялык, маданий борбору - Ош

Байыркы Ош өзүнүн тарыхый-географиялык ээлеген ордуна жараша тогуз жолдун тоомунда, трансконтиненталдык Улуу Жибек жолунун алкагында жайгашкан.

Ош

Дал ушундай абал Ош шаарын ар кайсы мезгилдерде маанилүү аскердик-стратегиялык, соода-экономикалык жана маданий борбор катары кароого, ар түрдүү цивилизациялардын, маданияттардын, мамлекеттердин жана элдердин баалуулуктары менен кабардар болууга, аларды өзү аркылуу өткөрүүгө жана айкалыштырууга себеп болду.

Ош маанилүү аскердик-стратегиялык, соода-экономикалык жана маданий борбору экендигин төмөнкүлөр далилдейт: Ош тээ байыртадан, коло доорунан баштап эле алгачкы адамдардын жашаган жери болгон. Алардын жашаган жайлары Сулайман Тоосунун күн чыгыш жана түштүк-чыгыш тарабы болгонун окумуштуулар далилдешкен. Тегин жерден Оштогу байыркы эл жашаган Борбордук Азиядагы эң байыркы жайлардын бири деп эсептелбейт. Ошол эле жайларда байыркы аска таш сүрөтчүлөрү да жашаган.

Сулайман-Тоодогу дулдул аттар

Ош шаары алгач байыркы Даван мамлекетинин ири шаарларынын бири, кийинчерээк дал ошо дыйканчылык абдан өнүккөн жана аргымак - дулдул аттарды өстүрүү мамлекеттик манилүү иш катары каралган байыркы Даван мамлекетинин саясий, социалдык-экономикалык жана маданий борбору болуп калган. Акыркы жылдары дал ошол байыркы Даван мамлекетинде аргымак - дулдул аттарга өзгөчө маани берүү менен аларга сыйынып, ыйык тутуп, хан сарайынын алдына дулдул аттардын чыныгы келбетиндеги алтын эстеликтер - статуялар коюлганын, давандыктар аларга сыйынуу менен мамиле кылганан таап чыктык (дүйнөлүк тарыхта жылкыга алтындан эстелик коюлган 2 эле тарыхый факт бар - Даван, Алтын Ордо).

Баса, дал ошол аргымак аттар байыркы Кытай менен Даван мамлекетинин согушуна себеп болгон. Баамыбызда аргымак аттардын алтындан статуясы ушундай болгон:

дулдул аттар

Аргымак - дулдул аттар байыркы Даванда жана Ошто жок эле дегенде 600 жыл ичи кастарлап өстүрүлгөн.

Ош шаары чындап эле тарыхый-географиялык, аскердик-стратегиялык, социалдык-экономикалык жактан алганда ыңгайлуу жана маанилүү орунду ээлеп турат. Оштон ары жагы Кытайга, Ооганстанга андан ары Пакистан Индияга, биягы Фергана өрөөнү, Ташкент, Бухара, Самарканд алардан ары казак талаалары, Россия аркылуу Европа өлкөлөрүнө кетсе болгон. Кыргызстан, Ош шаары аркылуу Улуу Жибек жолунун эки бутагы өткөн: Түштүк соода жолунун биринчи багыты Бухара, Самарканддан башталып Замин - Ахсикент - Куба - Ош - Өзгөн - Ат-Башы (Кошой - Коргон) - Жогорку Барскан аркылуу Чыгыш Түркистанга, андан ары Кытайдын ички аймактарына кеткен. Экинчи багыты Ош, Алай, Эркештам аркылуу Кашгарга андан ары Кытайдын баардык аймактарына кеткен. Түндүк соода жолу, Заминден - Шаш (Ташкент) - Исфиджаб - Тараз - Мерке - Невакет - Суяб - Барскан, Нарын аркылуу аркылуу Кытайга өтүп кеткен. [1]

Өз ээлеген орду Ош кылымдар бою Улуу Жибек жолунун тоомунда байыркы дүйнөдөн азыркы кезге чейин олуттуу аскердик-стратегиялык, соода-экономикалык, саясий жана маданий борбор катары өз вазыйпасын аткарып келет.

карта

Ош жана Ош оазиси кылымдар бою индоевропалыктар, ирандыктар, түрктөр, монголдор, орустар сыяктуу ири этностордун кызыкчылыктары, маданияттары тыгыз байланышкан жана айкалышкан жай.

Ош шаары өзүнүн тарыхый-географиялык ээлеген ордуна жараша эки ири тилдик маданияттын индоиран жана түрк тилинин, эки расанын европоиддик жана монголоиддик, байланышкан, айкалышкан ири борборлорунун бири болуп калды. Алардын айкалышып, биригип, туташып (синкретичность) турушу тарыхый мыйзамдуу көрүнүш болуп эсептелет.

Ош жана Ош оазиси көп кылымдар ичи кээде бири бири менен кырчылдашып согушкан, кээде ынтымак-ырашкерликте, тынчтыкта жашаган төрт ири диндин - зороастризмдин, буддизмдин, христиандык жана исламдын айкалышкан жери, мекени болуп калды.

Орто кылымдардын башатында Ош шаары ислам динин кабыл алган мусулмандардын жана исламды дин катары кабыл ала элек, мусулман эмес түрк элдеринин ортосундагы чек ара, алардын алакаларына өбөлгө, ар тараптуу шарт түзгөн шаар болгон.

Ош шаары көчмөндөр менен отурукташкан элдердин аскердик-стратегиялык, социалдык-экономикалык кызыкчылыктары, маданияттары, көчмөн жана отурукташкан элдердин цивилизациялары айкалышкан бирден бир маанилүү жайлардын бири болуп калды.

Улуу Жибек жолунун тоомунда турган Ош шаары манилүү соода борбору эле эмес, Чыгыш менен Батышты бириктирген эл аралык, транзиттик дүң сооданы тейлөөчү, которуштуруп жөнөтүүчү, өткөрүүчү (перевалочный) маанилүү жай да болуп эсептелген.

Асаф ибн Бурхиянын мавзолейи
Image caption Асаф ибн Бурхиянын мавзолейи

Ош шаары өзүнүн географиялык, стратегиялык ыңгайлуу абалына жараша көптөгөн мамлекеттердин - байыркы Даван, Түрк, орто кылымдардагы Саманиддер, Караханиддер, Чингизиддер, Моголистан, Тимур жана тимуриддер мамлекеттеринин, Кокон хандыгынын, Орус империясынын, Кеңеш доорундагы жана эгемендүү Кыргызстандын манилүү саясий, социалдык-экономикалык жана маданий борбору болгону да талашсыз тарыхый чындык.

Ош шаары тээ алмусактан бери кыргыздар ээлигинин курамындагы шаар болгон. Убагында орто кылымдарга тааандык саякатчылар, окумуштуу географтар ибн Хордадбек, аль Хамадани, аль Истахри ж.б. араб-перс тилиндеги эмгектеринде кыргыздардын ээлигинде Некад, Миян-Рудан, Джидгал, Ош, Узген, Хайлам, Хефтдех, Урест сыяктуу ири шаарлар бар экенин баса белгилешкен.

Орто кылымдарга таандык араб, перс, түрк тилдүү авторлордун маалыматтарында Ош шаары Фергана өрөөнүндөгү, Мавераннахрдагы «эң мыкты, кооз шаар» болгону маалымдалат айтылуу султан Бабур Ошту Фергана өрөөнүнүн «ажайып, керемет шаары» катары сыпаттаган.

Биз үчүн дагы бир манилүү маалыматтар «оштуктардын мыкты, чебер жоокерлер» болгону, «согуш өнөрүн мыкты өздөштүргөнү» болуп эсептелет.

Шаарыбыздын дагы бир социалдык-экономикалык артыкчылыгы, орто кылымдарда Оштун өзүнүн акча чыгруучу сарайы (монетный двор) болгон. Дал ошол сапаттуу жез фельстерди, күмүш дирхемдерди жана алтын динарларды чыгарган сарай, Чынгыз хандын кыйраткыч жортуулдарында Ошту жер менен жексен кылып кыйратуудан аман сактап калууга өбөлгө түзгөнү маалым. Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чынгыз ханга да сапаттуу акча керек болгон. Окумуштуулардын тактоосунда Ошто эң алгачкы жез фельстер 997-ж. чыгарылган. Андан кийинки күмүш дирхемдер жана алтын динарлар 1000, 1002-1003, 1009-101-жж. таандык. Бул деген орто кылымдарда Ошто ырааттуу нуктагы акча саясаты жана тиешелүү деңгээлдеги сапаттуу акча чыгаруу жакшы жолго коюлганын кабарлайт.

Ош шаары Улуу Жибек жолундагы өз алдынча маданий жана маалымат борбору катары да вазыйпа аткарган. Анткени дал ошол Улуу Жибек жолу аркылуу Ош жана буга окшогон шаарларга дүйнөнүн бурч-бурчунан окумуштуулар, географтар, саякатчылар, ар түрдүү максаттагы чалгынчылар келип, ар кимиси өзүнө тиешелүү маалыматтарды топтошкон. Ал кездерде ММК - телевидение, радио, гезиттер, массалык китеп чыгаруулар болбогондуктан алардан баары керектүү маалыматтарды, илимий ачылыштарды, маданий жетишкендиктерди, Жибек жолун бойлой жайгашкан шаарлар, алардагы кербен сарайлар, базарлар, ал жакка келген соодагерлер аркылуу кабардар болуп турушкан. Дал ошолор аркылуу ааламдагы ачылыштар, илимий жетишкендиктер жана эмгектер, маданий жаңылыктар, башка цивилизациялардын үлгүлөрү, чыгаан окумуштуулар, даанышмандар, чыгаан акындар тууралуу маалыматтар таркап турган.

Бабурдун же Тахти-Сулейман мечит, сүрөтчү М. Мюллердин литографиясы Сүрөттүн автордук укугу Alamy
Image caption Бабурдун же Тахти-Сулейман мечит, сүрөтчү М. Мюллердин литографиясы

Орто кылымдардагы Ош шаары агартуунун жана илимдин да борбору болгон. Оштун чыгаан аалымдарынын, даанышмандарынын, ири теологдорунун катарына Али ибн Осман аль Оши, Муса аль Оши, Мансур аль Оши, анын уулдары Имран жана Масуд, Абдаллах аль Оши, Сулейман эл Оши, Абу-л-Хасан ал Узканди, аль Серахси ж.б. кошууга болот. Булардын ичинен өзгөчө таанымалы, «ишенимдин чырагы» - "светочь веры" деп атак-даңк алган Осман аль Оши. Ал ар тараптуу билимдүү, чыгыштагы ири теоретик, ойчул, чыгармачыл, теолог катары өзгөчө популярдуу адам болуп, дүйнөгө Сиражуддин деген каймана ат менен даңкы чыккан. Бизге "Касыдалар", "Эл Касдатул Ламие" "Фетави Сиражидте" аттуу анын эмгектери жеткен. Акыркы эки эмгеги 1827-ж. Калькуттада, 1915-ж. Англияда жарык көргөн, ал кол жазмалары Багдаддын китепканасында сакталып турат.

Экинчи бир Оштун даңктуу окумуштуусу, чыгаан теологу, Фергана өрөөнүнүн белгилүү имамы Шейх-уль-ислам Насуриддин Абу Мухаммед бин Сулейман эл Оши болгон. Анын 4 томдук "Фетва" аттуу эмгеги мураска калган. Жогорудагылардан кем эмес алым, чыгаан теолог, дин таануучу Абдаллах аль Оши болгон. Ал киши да ислам, түрк дүйнөсүнүн көптөгөн маданий, илимий борборлорунда болуп келген, убагында Багдадда дарс окуган инсан.

Оштун атагын чыгарган табигый маяк Сулайман-Тоосу болот. Алгач отко сыйынуучулардын - зороастрийлердин ыйык жер болсо, кийинчерээк мусулмандардын ыйык жери болуп, Кичи Мекке даңкына жеткен.

Ош орто кылымдардагы классикалык шаар катары үч бөлүктөн - цитадел, шахристан жана рабаддан турган. Шаардын көркүн атайын бекемделип тургузулган мунаралар, собордук жана көптөгөн башка мечиттер, кербен сарайлар, базарлар, чайхана, ашканалар, эс алуучу жайлар, шаардык бийлик эгедерлеринин, байлардын хан сарайлары, шаардык ири соодагерлердин, көпөстөрдүн заңгыраган үйлөрү, шаардык мончо, көптөгөн базарлар, шаар коргогон бийик дубалдар ачып турган. Шаардын көркүн ачып, шаарга кирүүдө өзгөчө салтанат, шаңдыкты тартуулаган Оштун үч дарбазасы - Дарваза-йи-Кух (тоо дарбазасы), Дарваза-йи-Аб (суу дарбазасы) жана Дарваза-йи-Мугкеде (отко сыйынуучулар Храмынын дарбазасы) болгон.

Абдаллах хандын Рават мечити.
Image caption Абдаллах хандын Рават мечити

Биздин Ош шаарыбыз, бир катар колориттүү тарыхый инсандардын, чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмерлердин мекени. Ош шаарынын өнүгүүсүнө салым кошкондордун катарында кадимки Көкүм бий, Кубат бий, Ажы бий, Алым¬бек датка, Курманжан датка, Абдылдабек, Полот хан (Исхак Асан уулу), Камчыбек, А. Орозбеков, И. Раззаков, А.Суйумбаев, С.Ибраимов, А. Масалиев ж.б.

Ош шаарынын өзгөчө тарыхый барактары Кокон хандыгы менен тыгыз байланышкан. Ал кездеги ар түрдүү тарыхый маалыматтарда Ош саркерлик, бектик, вилайет катары баяндалат. Кокон хандыгынын мезгилинде Ош анын ири саясий, социалдык-экономикалык, маданий жана административдик борбору болгон. Шаардын архитектуралык келбети өзгөрүп, шаар куруу иреттелип, бир катар жаңы мечиттер, медреселер, жаңы сода тармактары, базарлар курулуп, ирригациялык системасы жаңыланып, кербен сарайлар жанданып, соода-экономикалык катнаштар күчөгөн. Ош Кокон хандыгынын эле эмес бүткүл Борбордук Азия чөлкөмүнүн соода-экономикалык жана маданий борборуна айланган.

Кокон хандыгынын тушунда вилайеттин саясий борбору Андижандан Ошко көчүрүлгөн, бул кыргыздар үчүн чоң ийгилик болгон. Дал ошол вилайет борбору болгон кезде Ошто, чыгыш шаарларынын үлгүсүндөгү, алгачкы 4 классикалык көчө курулган - Курманжан-датка, Ленин, Гагарин жана Масалиев проспектиси. Шаар калкынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында кала, вилайет башчысы Алымбек датка Ак Буураны бойлото тогуз көпүрө, тогуз арык-канал: Төлөйкөн, Жапалак, Жоош, Баргы, Увам, Анжиян, Сабай, Коңурат, Кыдырша каналын куруп берген. Ошол эле киши Ак Буураны, каналдарды бойлото 9 тегирмен жана 9 ак жуубаз курдурган.

Ош шаарына өзгөчө көрк берген Алымбектин Ак-Медресеси, Абдурахман афтобачинин улуунун Ак мечети да ошол Кокон хандыгынын тушунда курулган.

Алымбек датканын Ак Медресеси
Image caption Алымбек датканын Ак Медресеси

Ош шаары Орус империясынын тушунда да империя үчүн ыңгайлуу болгон Кытайга бара жана келе турган 3 багыттын, эң ыңгайлуусу Ош болуп, өзүнүн манилүү аскердик-стратегиялык, сода-экономикалык, маданий абалын жоготкон жок. 1876-ж.4-мартында Фергана областы түзүлсө, ошол эле жылдын 6-мартында аталган областтын курамында борбору Ош шаары болгон Ош уезди түзүлгөн.

Архивдик материалдарга таянсак, колониалдык Ошто орус бийликтери шаардын көчөлөрүн иреттеп, кеңейтүүгө, коомдук тартипти бекемдөөгө, социалдык-маданий багыттагы имараттарды курууга, коомдук жайларды, эс алуу бактарын жашылдандырууга, почта станциясын кеңейтүүгө, шаардык оорукананы курууга, чиркөө, приходдук, орус-тузем мектептерин, Ош-Кашгар, Ош-Чыгыш Памир соода, почта жолдорун ж.б. салууга өбөлгө түзгөн. Ал кездеги Ош орус, тузем бөлүгү болуп, тузем бөлүгү азыркыча айтканда 14 кичи райондон турган.

ХХ к. башында Ош шаарында 154 мечит, 1 чиркөө, 7 мазар, 1 приходдук училище, 1 орус-тузем мектеби, 20 эркектер, 12 аялдар мектеби, 5 медресе, 8 кархана, 1 шаардык оорукана - 15 орундук, 1 аскердик лазарет болгон. Булардан башка сейсмологиялык жана метеорологиялык станция болгон. Дагы бир манилүү жагдай Ош 1917-ж. чейин Орус гералдикасына киргизилген өзүнүн орус императору тарабынан бекитилген расмий герби бар шаар болгон.

Ош шаарынын герби
Image caption Ош шаарынын герби
Ош шаарынын герби, 1908-ж
Image caption Ош шаарынын герби, 1908-ж

Бул дагы бир жолу Орус империясынын Ошту манилүү чек ара шары катары карагандыгынын белгиси.

Кеңеш доорунда Ош шаары Ош областынын (анын курамына азыркы Ош, Баткен, Жалал-Абад областтары кирчү) саясий, социалдык-экономикалык, маданий борбору болгону талашсыз. Дал ошол жылдары шаарыбыз социалдык-экономикалык, архитектурлык, шаар куруу, маданий жактан дүркүрөп өсүп, Кыргызстандын ири шаары катары калыптанды.

1877-жылы Абдурахман Афтобачынын уулу салдырган Тахти-Сулейман мечити
Image caption 1877-жылы Абдурахман Афтобачынын уулу салдырган Тахти-Сулейман мечити

Автор тууралуу

Байболот Абытов тарых илимдеринин доктору, профессор, Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, ОшМЮИнин проректору

  • 1962-ж. 4-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айылында туулган.
  • 1979-ж. орто мектепти аяктап, 1980-82-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • 1983-88-жж. Казан мамлекеттик университетинин тарых факультетинин аяктаган.
  • 1988-2009-жж. ОшМУда окутуучу, ага окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы болуп эмгектенген.
  • 2009-ж азыркы күнгө чейин ОшМЮИнин проректору.
  • 1994-ж. 4-мартта кандидаттык, 2002-ж. 17-октябрда «Оштун миң жылдык тарыхы: тарыхый-булактык иликтөө» (IX-XIX кк.) аттуу темада доктордук диссертацияны ийгиликтүү коргогон.
Байболот Абытов,
Image caption Байболот Абытов

30 жылдык илимий-педагогикалык эмгек жолунда мыкты педагог, чыгаан окумуштуу, иш билги уюштуруучу, жетекчи катары ар тараптуу иштерди алып барууда. Кыргыз тарыхында «Шаар таануу», «Инсан таануу», «Кыргызстандын саясий партиялары» багыттарын негиздеген. Жалпысынан кыргыз, орус, англис, поляк, перс, түркмөн, кытай тилдеринде жарык көргөн 300 ашык илимий эмгектердин автору, а. и.: «Ош шаарынын чыгаан инсандары», «Ош: фактылар, окуялар жана инсандар»; «Кыргызстан тарыхынын кээ бир проблемалары»; «Тоо ханышасы Курманжан жана анын мезгили» (орус, ангилис жана кытай тилинде); «Кыргыздардын мамлекеттүүлүгү: көйгөлөрү, белгилери жана этаптары». Ав-тордук лекциялар курсу; «Өзгөн жазма булактарда»; «Өзгөн шаары соңку жаңы тарыхта»; «Датка эне», «Тысячелетняя история города Ош. Источниковедческий анализ» (Германия, 2012, 19 б.т.) ж.б. бар.

Акыркы 20 жыл ичинде Ош шаарынын саясий тарыхы; аны чагылдырган көптөгөн тарыхый булактары; Улуу Жибек жолундагы Оштун тарыхый-географиялык, стратегиялык жактан ээлеген маанилүү орду жана ролу; Ош шаарынын жана чөлкөмүнүн чыгаан инсандары: Кубат бий, Ажы бий, Алымбек датка, Курманжан датка, Полот хан, Абдылдабек, А.Орозбеков, Т.Кулатов, И. Раззаков, С. Ибраимов, А. Масалиев, С.Ш. Жээнбеков ж.б. мамлекеттик, коомдук ишмерлери; тарыхый архитектуралык эстеликтери; мечит-медреселери; базарлары, кербен сарайлары; Оштун алгачкы классикалык көчөлөрү; биринчи метеостанциясы, биринчи классикалык паркы, ресторандары, алгачкы завод, фабрикалары; Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы, өнүгүүсү; Оштун эли, алардын кесиптери; шаар калкынын статистикалык маалыматтары, этникалык курамы, кыргыздардын Ош шаарындагы орду жана ролу ж.б. тууралуу 200 ашык эмгек жазган. Илимий жетекчи катары 7 аспирантты даярдап, алар диссертацияларын ийгиликтүү жакташты.

Колдонулган адабияттар:

  • Омуркул Кара уулу Көөнө түрктөр тарыхы. -Бишкек, 1994. -14-б.
  • Атаходжаева А.Х. Саманидский чекан Оша и Узгенда // Древний Ош... -С.47.
  • Зимин Л. Мусульманское сказание о городе Оше // Протоколы ...-С.12; МИКК... -С.31.
  • ЦГА КР. Ф.И. 75. Оп. 1. Д.53. Л.34-54, 68-711, 75-85, 90; ЦГА КР. Путеводитель. -Фрунзе, 1987. -С.12.; Кауфман К.П. Проект всеподданнейшего отчета генерал-адъютанта К.П. фон Кауфмана 1-го по гражданскому управлению и устройству в областях Туркестанского генерал-губернаторства 7 ноября 1867 г. - 25 марта 1885 г. -СПб., 1885. -С. 12-13.

*

Тектеш темалар