Ош шаарынын борбордук көчөлөрүнүн тарыхы

Ош шаары Борбордук Азиядагы эң байыркы шаар. Ал байыркы Рим менен жашташ. Ош татаал жана даңктуу тарыхка ээ.

Фото Прокудина-Горского Сүрөттүн автордук укугу Library of Congress
Image caption Борбор Азияга саякаты учурунда орусиялык фотограф Сергей Прокудин-Горский тарткан сүрөттөр, 1900-жылдардын башы

Шаар - бул анын көчөлөрү. Алардын аталышы кайдан чыкты, мааниси эмне? Анда кандай тарыхый окуялар болгон? Бул суроолорго жооп табуу, көчөлөрдүн тарыхын жазуу болуп саналат. Ал эми, көчөлөрдүн тарыхы, бул шаардын тарыхы, өлкөнүн тарыхы. Албетте, шаардын бардык көчөлөрүнүн аталыштарынын этимологиясын бир макалага жазып батыруу мүмкүн эмес. Биз бул макалабызда Ош шаарынын эң эски (алгачкы) жана башкы көчөлөрү болгон, азыркы Курманжан датка жана Ленин көчөлөрүнүн жаралуу жана өнүгүү тарыхына кыскача токтолобуз.

Азыркы Курманжан датка жана Ленин көчөлөрү Ош шаарынын борбордук эле көчөлөрү болбостон, эң кооз көчөлөрү. Алардын тарыхы мындан дээрлик бир жарым кылым илгери башталган жана ал шаарга орустардын келиши менен байланыштуу.

Дүйнөлүк практикада шаарлардын тарыхында "эски шаар", "жаңы шаар" же шаардын "эски бөлүгү", "жаңы бөлүгү" деген түшүнүктөр кездешет. Мындай көрүнүш Ош шаарына да мүнөздүү. 1876-жылы орус падышачылыгы Кокон хандыгын талкалап, жоюп, анын ордуна Фергана областын түзгөн. Область 7 уезддерге бөлүнгөн.

Алардын катарында Ош уезди да түзүлүп, анын административдик борбору Ош шаары болуп калган. Ош уездинин биринчи башчысы болуп, Түштүк Кыргызстанды караткан генерал М. Скобелевдин жакын адамы капитан Михаил Ионов (кийин генерал чинин алган) дайындалып, ал Ош шаарынын европалаштырылышына чоң салым кошкон[1. -26.]. Мына ушул мезгилден баштап, Ош шаарына орустар келип жайгаша баштаган. Алардын келиши Ош шаарынын жашоосун, архитектуралык көрүнүшүн, маданиятын өзгөрткөн.

Шаардын "жаңы (орус) бөлүгү" деп аталган бөлүгү пайда болгон. Жаңы шаардын аймагы азыркы ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультети жайгашкан райондон башталып, Ак - Буура дарыясынын агымына каршы жогору, түштүк багытты карап кеткен. Орустар келгенге чейин, бул аймак жергиликтүүлөрдүн эгин аянттары, жайыттары, бакчалары болгон.

Ал жерлерди орус администрациясы "бош" жерлер деп эсептешип, символикалык акчага сатып алышкан да, шаар курулушун баштаган. Жаңы шаар же шаардын "орус бөлүгү" эски (туземдик) шаардан айырмаланып, пландуу курулган. Жаңы шаарда эң алгач аскер лагери, лазарет, орус офицерлери жашаган примитивдүү барактар пайда болгон. Бирок, белгилөөчү жагдай, тарыхый булактар белгилегендей, жаңы шаардын көчөлөрү түз жана кенен болуп, кесилишкен көчөлөр менен шахмат доскасын элестеткен.

Ош шаарындагы автобекет Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив
Image caption Ош шаарындагы автобекет, 1980-жылдардын башы
Ош шаарында жаңы курулуштар көбөйүп, шаар мурдагыдан бир топ өзгөрдү.
Image caption Ош шаары биздин күндөрдө

Жаңы шаардын курулушуна эки орус офицерлери чоң салым кошкон. Алар: Ошко келип жайгашкан 4-Түркстан батальонунун командири Сергей Топорнин жана Ош уездинин биринчи начальниги Михаил Ионов болгон. 1876 - жылы штабс капитан С. Топорнин Оштогу аскер гарнизонунун биринчи начальниги болуп дайындалган [2. -17-19.]. Мына ушул эки адамдын демилгеси менен Оштун "жаңы (орус) бөлүгүнүн" генералдык планы иштелип чыгып, алардын көзөмөлү астында мындагы негизги объекттердин курулушу башталган.

Жаңы шаардын башкы эки көчөсү болгон. Алар белгилүү орус аскер адамдарынын ысымынан аталган жана ал аталыштар, падышалык бийлик кулатылып, совет бийлиги орнотулган мезгилге чейин сакталган. Ал башкы көчөлөрдүн бирине орус генералы В. Абрамовдун ысымы берилген (азыркы Курманжан датка көчөсү), ал эми экинчи, азыркы Ленин көчөсү, түштүк Кыргызстанды каратууга жигердүү салым кошкон белгилүү орус генералы Михаил Дмитриевич Скобелевдин[3. - 79-84.] ысымын алган.

Орус генералы М. Скобелевдин ысымы Фергана областынын административдик борбору Фергана шаарына да ыйгарылган. Колониялык доордо (1876 - 1917жж.) Фергана шаары, Скобелев шаары деп аталган. Ал эми, жергиликтүү калк үчүн, анын ичинде түштүк кыргыздар үчүн М. Скобелев каардуу жана ырайымсыз баскынчы катары белгилүү.

Ал 1875 жылдын декабрь айынын акыркы күндөрүндө жана 1876-жылдын январь айынын башында Эки - Суу арасына (Нарын менен Кара - Дарыянын ортосу) кандуу баскынчылык жүрүш уюштурган. Бул аскерий жүрүш жергиликтүү элди ырайымсыз кыруу менен коштолгон[4. - 290-296.].

Ал эми, 1876- жылдын жаз жана жай айларында генерал Скобелев өз эркиндиги үчүн күрөшүп жаткан алай кыргыздарынын каршылыгын жоюу үчүн "Алай аскердик илимий экспедициясын" уюштурган. Бул кандуу жүрүш алай кыргыздарын орус империясына баш ийдирүү менен аяктаган[5. -163-175.]. Ошентип, Оштун эң алгачкы башкы көчөлөрүнүн бири колониялык доордо мына ушул адамдын ысымын алып жүргөн. Бирок, орустар үчүн генерал Скобелев чыныгы мекенчил, атактуу аскер ишмери болгон.

Скобелев 1882- жылы 7-июлда Москвадагы "Англия" мейманканасында Шарлотта Альтенроз деген аялдын номеринде белгисиз кырдаалда көз жумган. Анда, орус генералы 38 жашта болгон[6.]. Анын өлүмүнүн кырдаалы азыркы күнгө чейин белгисиз бойдон калууда.

Черемушки кичи району
Image caption Ош шаарынын Черемушки кичи району, 2017-жылдагы сүрөт

Көчөлөрдү көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселеси ошол колониялык доордо эле башталган. Бул гумандуу жана сыймыктуу иштин башында Ош шаарындагы аскер лазаретинин биринчи башчысы медик - фельдшер Кондратьев Николай Николаевич турган. Ал өзү медик болгону менен багбанчылык ишин өтө мыкты өздөштүргөн адам болгон. Анын демилгеси менен жана жетекчилиги астында азыркы Токтогул паркы, "түбөлүк оттун" айланасындагы сквердеги бак - дарактар тигилген. Ал жерлер азыркы күндө да шаардыктардын эс алуучу жагымдуу жайлары. Абрамов проспектинин (азыркы Курманжан датка көчөсү) эки тарабына акациялар, ал эми Скобелев көчөсүнө (азыркы Ленин) "күмүштөй теректер" тигилген[7. - 23-24.]. Алардын айрымдары биздин күнгө чейин сакталган.

Генерал Абрамов жөнүндө маалымат дээрлик жокко эсе. Совет бийлиги орногондон кийин, "Эскиден эч нерсе калтырбай, жаңы заман курабыз!" деген ураандын, идеологиянын астында шаар көчөлөрүнүн аталыштары да өзгөртүлө баштаган. Ошко совет бийлиги 1917-жылдын акыркы айынын акыркы күндөрүндө келген. Алгачкы жылдары басмачылык кыймылдын күч алгандыгына байланыштуу, Оштогу жаш совет бийлиги көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү маселесин токтоосуз колго ала алган эмес.

Бул иш өткөн кылымдын 20-жылдарынын ортосунан баштап гана ишке ашырыла баштаган. Абрамов көчөсүнө эми, большевиктер партиясынын лидери, Совет мамлекетинин негиздөөчүсү Совет өкмөтүнүн (Эл комиссарлар кеңеши) биринчи башчысы, Владимир Ильич Лениндин ысымы ыйгарылган. Ал эми, Скобелев көчөсүнө большевиктер партиясынын лидерлеринин бири, В. И. Лениндин соратниги, партиялык жана советтик ишмер Яков Свердловдун ысымы берилген. Ошентип, совет мезгилинде шаардын башкы эки көчөсү Ленин жана Свердлов деп аталып калган.

Аталган көчөлөр совет доорунда бир топ кеңейтилип, асфальтталып, көп кабаттуу турак жайлар, мамлекеттик имараттар түшүп, кооз көчөлөргө айланган. Ленин көчөсүнө (азыркы Курманжан датка) Бакыт үйү, ОшМУнун чет тилдер факультетинин окуу имараты, шаардык оорукана ж. б. курулуштар курулган. Ал эми, Свердлов көчөсүнө (азыркы Ленин) ОшМУнун башкы корпусу, Пионерлер үйү, телеграфтын имараты, азыркы обладминистрациянын жана мэриянын (мурдагы обком партиянын) имараты ж. б. объекттер түшкөн, шаардын борбордук аянты курулган жана анда Лениндин эстелиги тургузулган. Мына ушул аракеттердин баары шаарыбыздын көркүнө көрк кошуп, анын архитектуралык көрүнүшүн заман талабына ылайык өзгөрткөн.

1960-жылдардагы Оштун көчөлөрү Сүрөттүн автордук укугу Мамлекеттик архив
Image caption 1960-жылдардагы Оштун көчөлөрү
Ош шаары
Image caption Ош шаары, 2017-жыл

1991-жылы Союз кулап, компартиянын жеке бийлиги жоюлуп, Кыргызстан эгемендигине ээ болуп, демократиялык өнүгүү жолун тандап алды. Саясий, экономикалык, маданий чөйрөлөрдө реформалар башталды. Алар менен катар эле, шаар көчөлөрүнө совет доорунда берилген коммунисттик партиянын лидерлеринин, революциянын каармандарынын ысымдары эми, улуттук тарыхый инсандардын ысымдарына өзгөртүлө баштады. Мына ушундай саясатка ылайык, 1991-жылы 10-февралда Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын № 292-токтому менен Ленин көчөсү Курманжан датка көчөсү деп өзгөртүлүп, ал эми, Свердлов көчөсү Ленин көчөсү деп аталып калды. Көңүл бурчу жагдай, башка постсоветтик республикалардан айырмаланып, шаардын башкы көчөсүндө совет коомунун негиздөөчүсү В. И. Лениндин ысымынын, ошол эле көчөдө орун алган шаардын борбордук аянтында, анын эстелигинин сакталып калышын кыргыз элинин кечээги тарыхына туура баа берип, тарыхты калыс баалай алгандыгынын көрсөткүчү катары баалоого болот.

Жыйынтыктап айтканда, шаарыбыздын башкы көчөлөрүнөн болгон эки көчөнүн аталыштарынан үч доордун идеологиясын көрүүгө болот. Ошол эле учурда, үч доордун, үч саясий системанын идеологиясында бир окшоштук көрүнүп турат. Ал башка критерийлерди эске албай, көчөлөргө өз саясий системасынын лидерлеринин ысымдарын ыйгаруу салты. Ал эми, ошол көчөлөрдөгү ар бир доорго таандык имараттар, тарыхый - архитектуралык эстеликтер ошол доордун философиясын, маданий табитин, дүйнө таанымын чагылдырып турат жана шаар тарыхын изилдөөчүлөр үчүн баалу тарыхый булак болуп саналат. Ошондуктан ар бир доордун материалдык мурастарын, анын ичинде ар түрдүү имараттарды, тарыхый - архитектуралык эстеликтерди сактап калуу кечээги тарыхыбызга болгон мамилебизди билдирет жана маданиятыбыздын деңгээлинен кабар берет. Үстүбүздөгү жылы Ош шаарынын ТүркСОЙ эл аралык уюму тарабынан "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыяланышы бул багытта көп максат - милдеттерди ишке ашырат деген тилектебиз.

Presentational white space

Автор тууралуу

Сыдык Самдияров

Сыдык Смадияров тарых илимдеринин кандидаты, доцент

1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин (азыркы Санкт - Петербург) тарых факультетин бүтүргөн.

Кыргызстандын жана Борбор Азиянын саясий тарыхы боюнча эмгектердин автору.

Учурда ОшМУнун Тарых факультетинин деканы.

Presentational white space

Сыдык Смадияров т.и.к., доцент, ОшМУнун тарых факультетинин деканы

Акмаанай Кадырбекова, тарых факультетинин магистранты

Presentational white space

Колдонулган булактар жана адабияттар:

  • Ош глазами русских исследователей (вторая половина XIX - начало XX вв.). Документы, материалы, фотографии, комментарии. - Б.: 2003;
  • Нурматова С. Русские в Оше (конец XIX- середина XXвв.): по материалам архивов. - Ош, 2007;
  • Захарова А. Историко- архитектурное наследие города Ош (конец XIX - начало XX вв.). - Б., 1997;
  • Кененсариев Т. Кыргызстандын XIX кылымдын 50 - 70 - жылдарындагы саясый өнүгүүсү. - Б., 2009;
  • Өмүрзакова Т. Курманжан датка. Доор. Инсан. Ишмердүүлүк. - Экинчи жолу толукталып чыгарылышы. - Б., 2015;
  • https://news.rambler.ru/other/39623276-mihail-skobelev-tayna-smerti-belogo-generala/;
  • Нурматова С. Русские в Оше (конец XIX- середина XXвв.): по материалам архивов. - Ош, 2007.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Тектеш темалар