Тоолор мени кучактагыла: Азаматтын саякаты жана кыялы

Би-Би-Си "Абалың кандай, айылдаш?" түрмөгүндө Кыргызстандын айыл-кыштактарындагы ар кандай турмуштук окуяларды, айылдык таанымал инсандар жөнүндө кат-кабарларды, сүрөт баяндамаларды жарыялай баштады. Айыл турмушу тууралуу айтып бергиңиз келсе, bbckyrgyzservice@gmail.com дарегине кат жазып, байланышка чыгыңыз.

Азамат Бекзоо Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Жыйырма бир жаштагы Оштун тургуну Азамат Маматалы уулу Кыргызстандын кооз табиятын сүрөткө тартып, алыскы аймактарда жашаган кыргызстандыктар менен баарлашып, эл, жерди таанууга жаштарды чакырып келүүдө. Анын максаты - туризмди өнүктүрүү.

Presentational grey line

Саякаттоо мага дем берет

"Саякат - эң күчтүү жана олуттуу илим катары өзүбүздү кайра табууга жардам берет",-деп жазат менин сүйүктүү жазуучум Альберт Камю.

Ош абдан кызыктуу шаар. Тилекке каршы шаарды аралап чыгууга эки эле күн кенен жетет. Муну чет өлкөдөн келген туристтер менен паркта жолугуп калганда айтып калышат. Ош шаарына саякат кылуунун салтка айланган программасы мындай: базарга экскурсия, тарыхый жайларга баруу, Сулайман-Тоо, анан чайканалар.

Тоолор, жылкы оттоп жүрөт Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Өзүмдүн тажрыйбамдан улам туристтердин көпчүлүгү кооз табиятты, өзгөчө тоолорду эңсеп келерин жакшы билем. Алар үчүн кыргыздардын көчмөндүк турмушу, күнүмдүк жашоосу жана узак тарыхы абдан кызык.

Менин атым Азамат. Ош шаарында туулуп, өстүм. 6-класстан тарта география сабагына өтө кызыгып, бир нече ирет республикалык олимпиадага катышкам. Кеп анда эмес. Айтайын дегеним бала кезден биздин планетанын кооз жерлерине куштарланып, жаңы жерлерди көрүү кыялы, бийиктиктерди багындыруу максаты жүрөктө жашады.

көл жээгинде оттоп жүргөн кулундар Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Апамдын кичи мекени Алай. Бала кезде жайкы каникул учурунда көп келет элек. Эсимде, айылдык аңчылардан жапайы жаныбарлар жөнүндө, кызыктуу окуялары тууралуу көп сурап, артынан ээрчип алчумун.

Эс тартканы ошол кыялдын артынан түштүм. Жергиликтүүлөрдүн өздөрү көп маани бербеген ак мөңгүлүү тоолорго чыгып, жер аралап, укмуштуудай таң калтырган кооз көрүнүштөргө тамшандым.

эшекке отун арткан бала Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Ал учурда менин умтуулум - туризм экенине маани деле бербептирмин. Чыныгы саякатчы катары тушоом чет өлкөдө, Түркияда кесилди. Мен бул өлкөдө туризм багытындагы беш айлык тажрыйба алмашуудан өттүм.

Бул 150 күндүн ичинде Түркия саякат үчүн өтө ыңгайлуу, чөнтөккө дагы оорчулук келтирбеген эң ыңгайлуу өлкө экенине ынандым. Жалгыздап жер кыдырган саякатым үчүн акча үнөмдөй баштагам. Жыйынтыгы ушул кыска аралыкта, аз эле акча менен Каппадокия, Памуккале, Стамбул, Измир, Конья, Туз-Гөлү, Эйирдир-Гөлү, Эфес, Сиде, Манавгат, Испартаны көрүүгө мүмкүн болду. Унутулгус бул учурлар өмүр бою эсимде калса керек.

Майдын башынан тарта мал-жандыктарын айдап, айылдын эли жайлоону көздөй көчөт Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо
Image caption Майдын башынан тарта мал-жандыктарын айдап, айылдын эли жайлоону көздөй көчөт

Азыр бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча сергек жашоо образы, экологияны сактоо жана саякат абдан позитивдүү тенденцияга айланууда.

Кыргызстанга кайтып келгенден кийин туризм тармагына олуттуу кадам таштайын деп чечтим. Эң маанилүүсү - алгач өлкө түштүгүндөгү кооз жерлерди көрсөтүү эле. Жергиликтүү элдин өзү байкабай жүргөн укмуш кооз жерлерди, аймактарды.

Алайдагы жайлоо Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо
жайлоо Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Эки айдан бери бул жумушту Алайда жүргүзүп жатам. Чөлкөмдүн сыр каткан сүрдүү тоолору, эки бети кызарган чыйрак балдары жана ак көңүл тоолуктары кооз табият менен жуурулушуп турат.

Сары-Таштын бактылуу тургундары Кыргызстандагы экинчи бийик чоку Ленин (7134 м) менен бирге күндүн чыгышын биринчилерден болуп көрөт. Мен бул жердеги "Памир Экстрим" конок үйүндө Австриядан келген студенттер менен чогуу жашадым. Алар лыжа, сноуборд тебишти. Памирдин жалпы көрүнүшүнө күбө болуу үчүн бийиктикке, чокуларга чыктык.

Австриядан келген студенттер Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо
Image caption Австриядан келген студенттер

Австриялык студенттердин бири менен дос болуп калдык. Анын ысымы Йохансен экен. Экөөбүз 3700 метр бийиктикке чыктык. Кийин алар жөнөп кетишти. Мен болсо саякатымды жалгыз уланттым.

Сары-Ташта жылдын кайсыл маалы болбосун аркырап шамал согуп турат экен. Ошондуктан көз айнек жана моюн орогучту дайыма тагып жүрүү керек.

Ит ээрчиткен абышка Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Бир жолу 3900 метр бийиктикке чыгып бардым. Памирдин 360 градус панорамасын көрүү мага кызыктуу болду. Абдан жеңилдеп, айылды көздөй түшүп келе жатсам, балдар мага кол булгалап, "хеллоу" деп кыйкырып калышты. Алар менин кыргыз экенимди элес албай, чет элдик турист деп ойлоп жатышат. Балдардын шагын сындырбашка "хеллоу" деп кол булгап койдум. Чогуу сүрөткө түшкөнүбүз аларды абдан кубантты.

балдар мага кол булгалап, "хеллоу" деп кыйкырып калышты. Алар менин кыргыз экенимди элес албай, чет элдик турист деп ойлоп жатышат Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо
Image caption Балдар мага кол булгалап, "хеллоу" деп кыйкырып калышты. Алар менин кыргыз экенимди элес албай, чет элдик турист деп ойлоп жатышат

Алайда шаркыратма бар деп ойлойсуңарбы? Көрсө, абдан көп экен. Алардын бири Кожокеленде 50 метрдей бийиктиктен ак көбүк болуп суу чачырап түшөт.

Кабак жайлоосунда мени Акмат тагам жайдары тосуп алды. Алар эми эле жайлоого көчүп келишкен экен. Майдын башынан тарта мал-жандыктарын айдап, айылдын эли жайлоону көздөй көчөт.

малчы, Алай Сүрөттүн автордук укугу азамат бекзоо

Кой, жылкы кайтарган малчыларды, мергенчилерди жайлоодон кезиктиресиң. Алар менен аңгемелешүү кызыктуу китеп окугандай.

оттоп жүргөн жылкылар Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Менин жакшы таанышым бир жолу "Кыргызстан агробизнес жана туризмге жакшылап көңүл бурса, өнүгөт белек" деп айткан эле. Азыр мен ушул пикирге кошулам. Алайды кыдырып жүрүп, көрсө, бизде туризмди өнүктүрүүгө толгон токой мүмкүнчүлүктөр бар экенине көзүм жетти. Мен дагы буга салым кошсом деген кыялдын артында жүрөм.

согон үзгөн балдар Сүрөттүн автордук укугу Азамат Бекзоо

Азамат Маматалы уулу, Ош шаары

Тектеш темалар